СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

4-Практикалык сабак Сабактын темасы: Жусуп Баласагын, Адиб Акмат Жүгнаки, Ахмад Яссави, Махмуд Кашкари

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«4-Практикалык сабак Сабактын темасы: Жусуп Баласагын, Адиб Акмат Жүгнаки, Ахмад Яссави, Махмуд Кашкари»

4-Практикалык сабак

Сабактын темасы: Жусуп Баласагын, Адиб Акмат Жүгнаки, Ахмад Яссави, Махмуд Кашкари

Сабактын максаты:

А)Билим берүүчүлүк: Кыргыздын орток түркий адабий мурасы болгон инсандар жөнүндө маалымат алып, алардын чыгармаларындагы кандай тарбиялык мааниси бар экендиги, кыргыздын дүйнөлүк руханий маданияты жөнүндө маалымат алышат.

Б)Өнүктүрүүчүлүк: Улуу инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгындагы өзгөчөлүктөрдү анализдеп, кыргыздын рухий байлыктарын сактап, аны колдон - колго өткөрүп айтып берүүгө көнүгүшөт.

В)Тарбия берүүчүлүк: Топтор менен иштөодө бирин-бири угууга, сыйлоого калыптанышат жана чыгармачылык активдүүлүгү артып, логикалык ой жүгүртүүгө аракеттенишет.

Сабактын тиби:

  • Жаңы теманы окуп үйрөнүү ( лекция-сабагы, аңгеме-сабак, кино-сабагы, аралаш сабак, теориялык сабак, практикалык сабак)

  • Билгендерин,билгичтиктерин жалпылоо сабагы( өз алдынча иш, лабораториялык иш, практикалык иш, экскурсия-сабагы, семинар-сабагы)

  • Билимдерди системалаштыруу жана жалпылоо сабагы( лекция, аңгеме, өз алдынча иш, экскурсия сабагы, семинар)

  • Комбинацияланган сабак(сабактын бардык түрү)

  • Текшерүү сабагы(оозеки суроо, зачет,жазуу түрүндө суроо,текшерүү иши, программалаштырган суроо)

Сабактын усулу:Интерактивдүү

Сабактын жабдылышы:Слайд,ватман,ноутбук,сүрөттөр,окуу куралдары жана китептер ж.б.

Сабактын этаптары:

А)Уюштуруу:Саламдашуу. Студенттерге жагымдуу маанай тартуулоо,(логикалык суроолорду берүү,оюн ойнотуу,макал-лакап айттыруу,поэзия мүнөттөрүн уюштуруу),катышуусун текшерүү.

Б)Үй тапшырмасын суроо:жекече

В)Өтүлгөн материалдарды бышыктоо:бышыктоо үчүн суроолуу карточкалар берилет

Г)Жаңы теманы түшүндүрүү:

Д)Практикалык тапшырма: кыргыздын адабий мурастарын окуп чыгып, чыгармачылык менен ой жүгуртүү аркылуу презентация жасап беришет.

Е)Бышыктоо:суроолорду берүү

Ң)Баалоо:

Ж)Үй тапшырмасы: М. Кашкаринин өмүрү жана чыгармачылыгын графика аркылуу түшүндүруп берүү

Жусуп Баласагын — дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатынын Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.Жусуптун өмүр баяны жөнүндө азырынча толук маалыматтар жокко эсе. Бирок, автор өзү жөнүндө жазып кеткен кээ бир фактыларды анын "Кутадгу Билиг" ("Кут алчу билим") поэмасынан кездештирүүгө болот. Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча поэманы жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Ал поэманы Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жж. Кашкарда аяктап, баш аягы 18 айда бүтүргөн, хандын ханы деп аталган Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылган. Ал поэманын терең мазмунун түшүнүп, алкыш иретинде акынга "Улуг-Хасс-Хажиб" деген наам берген. Мунун мааниси "Хасс" арабча хан сарайдагы урматтуу адамдардын бири, ал эми "Улуг-Хасс-Хажиб" хан ордосунда кызмат өтөгөн өтө кадырман адамдын наамы.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган. Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Чыгарма чыгыш маданиятында кеңири тараган санат-насыят маанисиндеги этикалык-дидактикалык эмгек. Дастан карахандар мамлекетин башкаруучу хандарга, бектерге, кол башчыларга арналып жазылгандыктан, алардын элге талыкпай кызмат кылышын, ошону менен эле катар бийлигинин чыңдалышын жана анын бекем болушун көздөгөн гуманитардык идея да жүзөгө ашкан.

Бул чыгарма – дүйнөлүк руханий мурастын, түрк адабиятынын, маданиятынын жана илиминин залкар эстелиги. Кыргыздар жана башка түрк эли "Кутадгу билиг" эмгегин өздөрүнүн жазма адабиятынын алгачкы түрк-мусулмандык шедеври деп эсептейт.

"Кутадгу билиг" Карахандар мамлекетиндеги адамдардын турмуш-тиричилиги жана социалдык түзүлүшү жөнүндө бай маалыматтарды камтыгандыктан, башкарууну түрк элинин жана мусулман маданиятынын бийик руханий-адеп-ахлактык принциптери менен шайкеш келтирген, мамлекетти башкаруунун теориясы жана практикасы тууралуу энциклопедиялык трактат катары өзгөчө бааланат. Жусуп Баласагын мындан миң жыл мурда эле ар бир адамды өзүнүн диний ишенимдерин жеке тагдыры үчүн гана эмес, коомдун биримдиги жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн болгон жоопкерчиликке да шайкеш кылууга чакырган. Анын идеялары кыргыз мамлекеттүүлүгү чоң сыноодон өтүп, кайра жаралуу мезгилин башынан кечирип жаткан азыркы мезгилде да актуалдуу болууда.

"Куттуу билим" чыгармасы ыр жана кара сөз менен жазылган. Кириш сөзүндө Байыркы Чыгыш акындарынын чыгармаларына өтө эле мүнөздүү болгон асман менен жерди, тоо менен түздү, суу менен деңизди, жылдыз менен күндү жана башкаларды даңазалаган салттуу мотив бар. Поэма жазылган мезгилдин саясий, социалдык-тарыхый өзгөчөлүгүн эске алуу керек. Карахандар мамлекети өз ичине Мавераннахр менен Чыгыш Түркстанды камтып, бир нече уруулардын тобунан, алсак, уйгурлар, карлуктар, аргу менен түргөштөр, ягма жана башкалардан турган. Мына ушул уруулардын баарын бириктиргенде түрктөр деп аталышып, жашап келишкен. 

Булардан тышкары огуздар менен кыпчактар батышты көздөй сүрүлүп, Сыр-Дарыянын жээктерине чейин кирип келип, чоң аймакты ээлешип, тарыхта "Дашти кыпчак" түзүлгөн. Карахан мамлекетине баш ийген уруулар өз бетинче акимдиктерге бөлүнүп жашашкан. Ал жерди басып алуу менен Карахандар мамлекети Батыш жана Чыгыш хандыктарга бөлүнүп кетет, ошентип эки кандык пайда болгон. Жети-Суу өрөөнү менен Чыгыш Түркстан чыгыш кандыгын түзүп, анын борбору Баласагын шаары болуп калган. Кийин борбор Кашкар шаарына ооп кетет. Ал эми Мавреннахр батыш кандыгын түзүп, өз алдынча жашоого өткөн. Бул абал мамлекеттин тарап кетишине коркунуч туудурган баш аламандыкты, башкаруудагы баш аламандыкты алып келет. Уруу башчылары, бектер бийлик үчүн бири-бири менен тирешкен. Жогорудагы тарыхый кырдаал баласагындык Жусуптун "Кут алчу билим" поэмасынын жазылышын шарттаган.

Улуу ойчулдун чыгармасынан көрүнүп тургандай, орто кылымдардын эң билимдүү, энциклопедиялык масштабда ойлонгон инсандарынан болгон. Ал илимдин ар тармагын өздөштүрө алган. Мисалы, астрономия, математика, медицина. Ошондой эле адабият, тарых, философия, эстетика. Этика маселелерин, араб жана иран-тажик поэзиясын, түрк, фарси фольклорун эң мыкты билген. Анын чыгармасынын "Манас" эпосу менен үндөшкөн жерлери жана кыргыздын макал-лакаптары, учкул сөздөрү арбын пайдаланылат.

Бул жанрдын тарыхы байыркы Египет, Индия, Иран адабияттарынан башталып, кийин жалпы чыгыш элинин жазуу, оозеки адабиятында салттуу формасына айланган. "Кут алчу билимди" изилдөөчүлөрдүн бири А.Н. Кононов поэманы эпостук деңгээлдеги чыгарма катары баалап, анда адам өмүрүнүн маанисин жана маңызын, адамдын коомдогу жүрүш-турушун, карым-катыш мамилелерин, даанышман ойчулдун коомуна карата философиялык көз карашын баса белгилеп көрсөтөт. Анда эпикалык мазмунду көрсөткөн негизги төрт түшүнүктү түзөт .Адилеттик, акыл-эс, бакыт, каниеттик — бул түшүнүктөр конкреттүү каармандардын образдары аркылуу берилген. Өкүмдар Күнтууду — адилеттик, вазир Айтолду – бакыт, вазирдин уулу Акдилмиш — акыл-эс, вазирдин иниси Өткүрмүш — каниеттик. Көрүнүп тургандай, поэманын персонаждарынын ысымдары аллегориялык-символикалуу мааниге ээ. Алар адам өмүрүндөгү эң бир өзөктүү да, өнөрлүү да рухий дөөлөттөрдүн этикалык-философиялык көркөм образдуу символу. Ойчул окууну, билимдүүлүктү дүйнө таанып билүүнүн эң негизги жолу катары баалайт. Окуу менен гана адам баласы акылын арттыра алат дейт акын. Демек, Жусуп Баласагын табияттан берилген касиетти адам өз өмүрүндө аны окуу, үйрөнүү, үлгү алуу сыяктуу жолдору менен гана байыта алаарын айткан. Албетте, ойчул акын акылды адептүүлүк жолун тутуунун бирден-бир зарыл шарты деп эсептеген. Билимдүүлүк, билгичтик урмат-сыйдын да белгиси, билимдүү адам деп жолун сактаса, анда ал жогорку сыйга татыктуу. Билимдин деңиз сымал түбү да жок, чеги да жок, аны канча сүзсөң да бөксөрбөйт, тескерисинче толо берет.

Билимсиз жүрөк, тилдин пайдасы жок,
Билим, өнөр өмүргө суудай керек.
Билимдүү түйшүктөнүп ойлоп жүрөт,
Билимсиз ой жүгүртпөй ойноп-күлөт.

Жогорудагы саптар ойдун ээсинин терең билимдүүлүгүнө, даанышмандыгына күмөн санаттырбайт. Поэмада автордун философиялык терең ой-жүгүрткөн маселесинин бири — адамзатынын бактысы жөнүндө болгон. Поэмада адам бактысын нравалык идеал катары баалаганын көрсөк каршылыктуу диалектикасына кеңири токтолуп, ар бир инсан өз өмүрүн адептүү касиеттерге ээ болгондо гана ошол нравалык идеалга жете алат деген тыянакка келет.

Мындан сырткары аталган чыгармада жалпы адамзаттык ой-пикирди камтыган дүйнөдөгү ар кандай мамлекет жана элге жаккан нар алып өзүн гүлдөндүрүүнүн жолун таба ала турган идеялар көпчүлүк орунду ээлейт. Ар түрдүү кесиптеги адамдарды, илим, билимди, ыймандуулукту, адилеттүүлүктү, акылды, абийирдүүлүктү, чынчылдыкты, ынсаптуулукту, эмгекчилдикти даңазалайт да, ал аркылуу адамдарды мыкты сапаттарга ээ болууга үндөйт.

Мисалы:

Ким китепти окуй билсе күтүнө,
Эки дүйнө жарык берер ишине.
Илим менен — кырсык, кемтик түзөлөт,
Билим менен — эл кыйыры бүтөлөт.
Билим болсо — жан кыйышпас дос саган,
Илим болсо — кесиптешиң, кошунаң.
Тагдыр катаал болбойт десең өзүңө,
Тилиң тиштеп, сак болгунуң өзүңө.
Адамдын адаштырар көп душманы,
Аларга жакындаса бузат аны.
Бир душман — тили болот айтаар ушак,
Да бири — кур убада тарткан тузак.
Үчүнчү — ичимдикке берилгендик,
Белгилүү анын арты тирүүлүк,
Дагы бир жаман сапат — оройлугуң,
Бүтүндөй жүргөн жери — чатак мунун.
Да бири — заар сөзүң көңүл калат,
Жаныңдан адамдарды кууп салат.
Болсо эгер пендесинде мунун баары,
Анда анын өмүр бою куураганы.
Жаштык өтөт, өмүр өтөт элирген
Бу дүйнө — түш, сен да өтөсүң өмүрдөн.
Өмүрүңдү ата журтка арнасаң,
Жыргап-куунап кор болбойсуң эч качан.
Бактылуум, дөөлөтүңө чиренбегин,
Балаадан алыс болуп жүрсөм дегин.
Аккан суу, жүргөн желдей бакыт турбайт,
Эч качан айланпасы анын тынбайт.
Бакыт — кут өзгөрүлмө, бапаа болбойт,
Жылмышып жерге түшүп, учса — конбойт.
Кут бир келет — бакпасаң кетип калат,
Бак бир конот — үйлөсөң өчүп калат.
Бакытка колуң жетсе карма бекем,
Бошотсоң сага экинчи келбейт ишен.
Ажал — бул тирүүлөргө ачык эшик,
Тирүүлөр кутулган жок качып өтүп.
Оюңда ишти жашырбай — элге салгын,
Ар ишти жүрөк менен тандап алгын.
Ишенгин жалгыз гана өзүңө өзүң,
Чыкпасын башкаларга ашык сөзүң.

Буга окшогон гуманитардык ар катмардагы ар бир элге жаккан акыл-ой түрмөктөрү "Кутадгу билигде" өтө эле көп кездешет.

Ошондой эле, ал чыгармасында саясат, илим, билим менен гана чектелбестен жаштарга, бойдокторго дагы бир катар насааттарын калтырган.

Аял алуу кааласаң эгер өзүң,
Жакшы танда, өтө өткүр болсун көзүң.
Теги дурус,абийирдүү, болсун ак кыз,
Уяттуу,таза,эстүү жана айыпсыз.
Ата-теги өзүңдөн болсун төмөн!
Атактууга куч күйөө болосун сен!
Жүзү эмес, көңүлү сулуу болсун,
Сени дагы тазартат пейли кенен!
Аласыңбы аялды, билгин анда,
Төрт түрүн эске тутуп, анан карма.
Бири жүрөт бай кызга үйлөнсөм деп,
Да биринин — сулуудан көзү өтөт!
Үчүнчүсү тектүүнү самап келет,
Кекирейме адаты болуп себеп!
Төртүнчүсү эстүүнү издеп жүрөт,
Таптыбы — түбөлүккө кошот тилек.
Булардын кимиси артык — кеңеш берем,
Аласыңбы аялды — уккунуң сен.
Кулак сал, бай аялды көксөгөнүм,
Кул болуп байлык-мүлккө калба өзүң!
Андайлар ач көз болот, алкымы ачык,
Тойгузуу кыйын болор байлык ташып!
А силер, азгырылган сулууларга,
Элге күлкү, шакаба болуп калба!
Сулууларга түшөт да көптүн көзү,
Кудай колдоп напсисин тыйса дечи!
Тектүү кызды самаган кекиреймем,
Тек астына тепселип калбагын сен!
Тектүү жердин кызынын тили узун,
Катыныңа кул болуп калба өзүң.
Акылдуу кызды тапсаң карап турба,
Төрт сапаттын бардыгы болот анда!
Таптыңбы акылдууну — шашыл дароо,
Үйлөнүп ал, табылгыс бакыт ошо.
Тилегиң байлык болсо, аял жыят,
Байлык артып, бакытка үйүң тунат.
Абийирдүүбү аялың — сулуу ошо,
Аял сулуу көңүлү изги болсо.
Акылдуу, таза бекен — демек асыл,
Үч сапатты чогултуп баккан ушул.
Аялдын акылдуусун тапсаң эгер,
Төрт тарабы сапаттын болот түгөл!
А эгер акылдуунун тапсаң бирин,
Эч токтолбой, кутманым, үйлөнгүнүң.

Жусуп Баласагын айткан сөзү менен аткарган ишинин, тактап айтканда адамдын сырткы жана ички дүйнөсүнүн дал келишине да атайын токтолгон. Анын ою боюнча адамдын нарктуулугунун бир белгиси сөзү менен ишинин төп келгендиги. Андай адамга башкалар эки дүйнөдө ыраазы дейт ал. Ал эми сөзү суу кечпеген тантыкты, кадыры жок калпычыны автор нарксыз, адепсиз жандар деп баалайт. "Сөзүм өлгүчө өзүм өлөйүн" деген кыргыз ылакабы да буга күбө. Адамдардын адеп-ахлактык касиеттеринен болсо жөнөкөйлүктү жана кичипейилдикти ашкере баалаган. "Кут алчу билимдин" башынан аягына чейин автордун жөнөкөйлүк жана кичипейилдик, мээрмандык тууралуу омоктуу ойлору көп ирет кайталанып айтылат.

Ошондой эле, ал адамдын адамгерчилик сапатына дүйнөсүнө мүнөздүү болгон көтөрүмдүүлүк, сабырдуулук сыяктуу сансыз көп нарктуу касиеттердин артыкчылыгын айтуу менен, мактанчаактык, шашмалык, сараңдык сымал сапаттарды кара мүртөз жандарга мүнөздүү деп жектейт. Гуманист ойчул улууларды урматтап сыйлоо сыяктуу изгилүү касиеттер алды менен үй-бүлөдө, ата-эненин тарбия таалими менен калыптана тургандыгын айрыкча бөлүп айткан. Үй-бүлө куруу, балалуу болуу адам өмүрүндөгү эң чон бакыт. Балалуу болгон соң ата-эненин өздөрү үлгүлүү жүрүш-турушту тутушу жөн. Анткени "уядан эмне көрсө, учканда ошону алат" дегендей, атаны көрүп уул, энени көрүп кыз өсөт. Ушул салттуу адеп жолун сап туткан тубаса философ ойчул ата-энеден тарбия көргөн балдар бактылуу болорун, балдары акыл-эстүү болсун деген ата-эне аларга жаштайынан билим берүүсү зарыл экендигин чыгармасында баса белгилеген.

Жусуп Баласагын 55 жаш курагында 1075-жылы дүйнөдөн кайткан.


Ахмет Ясавинин түрк дүйнөсү, айрыкча Борбор Азиянын калкы үчүн мааниси аябагандай зор.

Мындан миң жыл баштагы Дешти-Кыпчак… Ак мөңгүлүү тоолор жана учу-кыйырсыз талаалар. Ислам дини менен шаманизмдин, отурукташкан турмуш менен көчмөндүктүн ортосунда каалгыган Борбор Азия.

Жер кезген дубаналар, биринен бири өтүп жер үстүндөгү ар кыл жаңылыктар, кереметтер жана укмуштар тууралуу кабарларды тараткан дербиштер. Ошолордун арасында токтогон жеринде жонундагы куржундан ыйык китептерди алып чыгып, андан үзүндү окуп, элди динге жыккан, ар кыл маданияттар менен диндерди бири-бирине жакындаштырган инсандар…

Ошолордун бири, болгондо да эң эле улуусу жана ыйыгы биз үчүн, түрк калктары үчүн өтө жакыны, кереметтүү өмүрү жана жанда жок пакизалыгы, адалдыкка жана тазалыкка чакырган ырлары менен «ыйык», «касиеттүү», «кереметтүү» деген атка конгон Ахмет Ясави эле. Баса белгилей кетейин: Ясавинин эл арасында бир эмес, бир нече аты болгон. Кээ бирлер аны Кожо Ахмет Ясеви дешсе, кээ бирлер Кул Кожахмет Ясави, дагы бир Шайык Ахмет Ясави, кээде кыска эле Азирети Султан дешчү экен. Кыргызда аны Кул Кожо Акмат деп жазып жүрүшөт.

Ахмет Ясавинин түрк дүйнөсү, айрыкча Борбор Азиянын калкы үчүн мааниси аябагандай зор. Эң негизгиси бизге ислам динин, анын ичиндеги эң жакшы тарикатты - суфизмди же сопулукту, такыбалыкты араб же фарси тилинде эмес, өзүбүздүн эне тилибизде, түрк тилинде түшүндүргөнү жана таратканы болгон.

Ясави 1105-жылы азыркы Казакстандын Сайрам деген жеринде туулган, бирок түпкү теги кайсы улуттан экенин так айтуу кыйын. Кээ бир уламыштарга караганда, Ясавинин түпкү аталары Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы, дагы тагыраак айтсак, азирети Аалинин тукумдарынан экен.

Ясавинин пайгамбар менен байланышы бар экенинин дагы бир далили төмөндөгүчө. Мухаммед пайгамбар шакирттери менен даам сызып отурганда колунан жеп отурган курманын данеги жерге түшүп кеткен дешет. Ошондо пайгамбарга көкө теңирден аян болуп, бул курманын данеги пайгамбардын 400 жылдан кийин келчү бир шакиртине буюрат деген экен. Айткандай эле ошол данек 400 жылдан кийин Азирети Ясавинин колуна тийип, пайгамбар даам сызган курманын данеги дал ошол Ахмет Ясавинин шыбагасына буюрган деген аңыз кеп бар.

Ясави жаштайынан илимге, билимге, деле руханий дөөлөттөргө абдан кызыккан киши экен. Ислам негиздерин Бухарадагы медреседе окуп, ал жерде жан дили менен диндин сырларын ачып, маанисин аңдап, тереңине сүңгүп, акыры аң-сезимдүү түрдө суфизм тарабына оогону белгилүү. Бухарадан кайра кайрылып келген соң ал Кул Кожо Ахмет Ясави атыгып, шайык деген атка конуп, казактын кең талаасындагы Яссы деген жерге медресе ачкан. Ошол жерде ислам динин жайылтып, аты алыска угулуп, шакирттери көбөйүп, кийин анын жолун жолдогон 90 миңге жакын мюриддери же мураттары пайда болгон. Анын мураттары тоолор менен талааларды кыдырып, Ясави негиздеген тарикатты, башкача айтканда, сопулуктун, такыбалыктын маани-мазмунун Сибирден баштап Анатолия жарым аралына чейин, Волга же Эдил боюнан тартып Улуу Кытай дубалына чейин жеткирген экен.

Ошону менен бирге касиеттүү Кул Кожо Ахмет Ясави жеке өзү мусулманчылыктын чыныгы үлгүсүн көрсөткөн инсан болгон. Маселен, өмүр бою момундук менен тазалыктын, дин кереметине терең ишенген сопулуктун жолунда жашаган. Ал эми суфизм же сопулук деген - бул дин кереметин таанып-билүүнүн өзгөчө жолу болуп эсептелет. Ал үчүн сопулар ыйык Куранды кайра-кайра окуйт, түшүнүүгө аракетин жасайт, тереңине сүңгүйт, кудай менен, жараткан менен ой-пикиринде, санаасы менен кыялында жанашуу аракетин жасайт. Ар нерсеге сабырдуу кароо, руханий тазалануу, кудай таала кудуреттин эркине толугу менен баш ийүү - бул суфизмдин­, анын ичинде азирети Ахмет Ясавинин тарикатынын негизги догмасы болуп саналат. Ошон үчүн жалгыз уулу Ибрагим күтүлбөгөн жерден каза болгонун укканда да Ясави «бул да болсо кудайдын буйругу, кудайым өзү берди эле, кайра өзү алып кетти, жараткандын ушунусуна тобо» деп дубасын кайра-кайра окуп, кудайга миң мертебе жалынып, ал гана эмес кабар айткан пендеге минген атын берген экен. Мага жамандык жасаганды ар дайым кечирем, керек болсо ага кызымды күйөөгө берем деп айткан да ушул Кул Кожо Акмат болгон. Ушундан улам «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген кыргыз-казак макалы да ушул диний көз караштан келип чыккан го деген ой кетет.

63 жашка келгенде Кул Кожо Акмат атабыз Мухаммед пайгамбар жеткен жашка жеттим, пайгамбардан узак жашаганга эч бир акым жок деп санап, өзү негиздеген медресинин ичине жертөлө каздырып, анда он жылдан ашуун тынбай зикир чалып, Курандын сүрөөлөрүн миң кайталап окуп, чилтен болуп жүрүп өмүр өткөргөн экен.

Ахмет Ясавинин эски түрк тилинде мындан тогуз жүз жылдай башта жазган ырлары «хикметтер», бизче экметтер деген ат менен белгилүү. Деле Жусуп Баласагуни менен Ахмет Ясави - эң биринчилерден болуп түрк тилинде адабий чыгарма жазган, философиялык ой жүгүрткөн, жашоодогу бийик материялар тууралуу тексттерди жазган алгачкылар. Баса, «ата» жана «баба» деген түрк сөздөрүнө кошумча «олуя», «ыйык» же «пир» деген маанини кошкон ошо Кожо Ахмет атабыз болгон. Ошондон кийин Коркут-Ата, Олуя-Ата, Чолпон-Ата, Алма-Ата, Кочкор-Ата, Падыша-Ата, Ысык-Ата сыяктуу жер аттары, адам аттары пайда болгон. Деле касиеттүү Ясавини илгертен эле жалпы түрк калктарынын пири деп аталып келгенин баса белгилей кетели.

Ахмет Ясави тирүү кезинде эле ыйык инсан деп саналган. Ага себеп анын тазалыгы, сопулугу, кылга кара санабаган такыбалыгы болгон. Ясави 85 жашка чыгып каза тапкан. Бирок ал негиздеген медресе анын көзү тирүү кезинде эле Орто Азиялык түрктөрдүн, сопулардын зыярат жасаган, конуп-түнөп сыйынган мусулмандардын ыйык мазарына айланган. «Мединада Мухаммед, Түркестанда Кожо Ахмет» деген лакап ошондон калган го.

Касиеттүү Кул Кожо Ахметтин медресесин Чыңгызхандын аскерлери 12-кылымда талкалап кеткени тарыхтан белгилүү. Бирок ал медресе кийин, 14-кылымда, башкача айтканда, Ясави каза болгондон 230 жылдан кийин император Тимурдун же Темирландын буйругу менен кайрадан курулган. Уламышка карганда, Исфахан менен Тебризден, Шираз менен Хорасандан келген чеберлер топуракты элгек менен элеп, жылкынын сүтүнө ылай жууруп, Ясавинин мавзолейин жаңыдан тургузушкан экен. Казакстандын Түркестан шаарында жайгашкан бул мавзолей ушул тапта ЮНЕСКОнун өзгөчө коругу деп саналат жана дүйнө маданиятынын эң бир ыйык табериктеринин тизмесине кирген.

Акырында айта кете турган дагы бир нерсе мындай: Ясавинин устаты жана окутуучусу Арлан - Баба же Арслан-бап деген шайык болгон экен. Ал эми Ясевинин туулган жери Яссы деген жер экенин жогоруда айтып өттүк. Ошондон улам Өзгөн районундагы Яссы жергеси жана Жалал-Абаддагы кереметтүү Арстанбап (Арсланбаб) ошол Кожо Ахмет атабыздын ысымы менен кандайдыр бир байланыштуу жерлерби деген ой кетет.

2016-2017-жылдар ЮНЕСКО тарабынан «Ахмет Ясави» жылы деп жарыяланды. Буга байланыштуу маданий жана илимий иш-чаралар бүт дүйнөдө, анын ичинде Түркияда, Казакстанда, Кыргызстанда көп өткөрүлдү жана дагы өткөрүлөт.

Анткени касиеттүү Ахмет Ясави же Азирети Султан жалпы түрк дүйнөсүнүн, анын ичинде кыргыз элинин да руханий табериктеринин бири болуп саналат.


Махмуд ибн ал-Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари

Толук аты-жөнү Махмуд ибн ал-Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари. Окумуштуулар анын “Түрк тилдеринин сөздүгү” аттуу эмгегине жана Караханийлер мамлекетине тиешелүү маалыматтарга таянып, 1029-жылы Ысык-Көл кылаасындагы байыркы Барскан шаарында (азыркы Барскан кыштагы жайгашкан жер) туулган деп эсептешет. Анын балалык чагы Ысык-Көл боюнда өткөн. X кылымдын 90-жылдарында Чыгыш-Түркстан жана Жети-Суу аймагында Караханийлер мамлекети түзүлүп, анын 1-ханы Абдулкерим Мухаммед Сатук Каракан болгон. Махмуд мына ушул Караханийлердин тукумунан чыккан. Атасы Барскан шаарынын эмири болгон. Көптөгөн окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча Махмуддун атасы мураскор жарыялангандан кийин Караханийлер династиясында ич ара бийлик талашуу жүрүп, ордодо көңтөрүш болгон. Махмуддун чоң атасы Мухаммедди (Буура хан) аялы ууландырып өлтүргөн.

Атасы Хусейн (ал Мухаммеддин башка аялынан төрөлгөн) жана анын бир катар туугандары да каза болгон. Бийликке ошол өгөй эненин баласы Ибрахим ибн Хусейн келген. Окумуштуулардын (О.Прицак, Ө.Караев, Т.Чороев ж. б.) болжолу боюнча Мухаммеддин жабыр тарткан тукумдарынын ичинен аман калганынын бири Махмуд болуп, ал коңшу түрк өлкөлөрүнө өтүп, саясый качкын катары орто кылымдагы маданий очоктордон болгон Кашкар (адегенде Кашкар шаарынан билим алгандыктан Махмуд Кашгари – Кашкарлык Махмуд аталган), кийин Бухара, Самаркан, Нишапур, Багдад  ж. б. шаарларда кыйла жылдар дервиштик турмушта жан сактаган. Ушул учурларда ал илим-билим алууга баш-оту менен киришип, түрк элдеринин тилдерин жана диалектилерин, фольклорун, салт-санаасын ж. б. изилдей баштаган. Алардын турмушундагы, көркөм маданиятындагы тарыхый-географиялык, этнографиялык, тилдик өзгөчөлүктөрдү ырастаган бай материал топтогон жана алардын негизинде 1072-77-жылдары араб тилинде “Диван лугат ат-түрк” (“Түрк тилдеринин сөздүгү”) деген эмгегин жазган. Ага 7500дөй түрк сөзү камтылган. Махмуд бул эмгегинде ошол кездеги түрк тилдеринин фонетикалык жана грамматикалык, диалектикалык өзгөчөлүктөрү боюнча тилдик кубулуштар менен фактыларды талдоо үчүн түркология илиминин тарыхында салыштырма-тарыхый методду биринчи колдонуп, түрк тилдеринин диалектологиясына негиз салган.

Эмгек 8 бөлүмдөн туруп, негизги бөлүгү сөздүк тартибинде түзүлгөн. Эмгекте түрк элдеринин негизги уруулары жана алар жайгашкан аймактар, алардын көркөм кол өнөрчүлүгү, оозеки көркөм чыгармаларынан үлгүлөр, тилдеринин классификациясы жөнүндө көптөгөн маалыматтар камтылган. Сөздүктө огуздардын алгач 24, кийин 22 уруудан куралган, монгол дооруна (XI кылым – XIII кылымдын 1-жарымы) чейинки куман же кыпчак тили жөнүндөгү маалымат, ал түгүл азербайжан тилинин элдик оозеки поэтикалык чыгармаларынын үлгүлөрү, ал эле эмес Африкадагы элдер, алардын үрп-адаттары, кесипчилиги жана табигый байлыгы жөнүндөгү маалыматтар да учурайт.

Эмгекте 290 макал-лакап, 100дөй ыр, 100дөй шаар-кыштак аттары, астрономиялык жана географиялык аталыштар, адам аттары ж. б. кездешет. Дагы бир кызыктуусу Махмуд бул чыгармасына жарым шар түрүндө дүйнөнүн өзү түзгөн тегерек түстүү картасын тиркеген. Орто кылымдагы араб карталарына Жердин борбору катары Мекке жана Мединаны көрсөтүү мүнөздүү (салттуу) болсо, Кашгари өз картасына дүйнөнүн борбору катары Ысык-Көлдү, тагыраак айтканда Ысык-Көл менен Баласагундун аралыгын көрсөткөн. Орто Азия элдеринин дүйнө жөнүндөгү көз караштарына таянып, Чыгышты картанын жогорку бөлүгүнө жайгаштырган. Тоолор, дарыялар, мамлекеттердин ортосундагы аралыктын пропорциясы негизинен так сакталып, көпчүлүгү чындыкка туура келет. Айтор Махмуд Кашгари орто кылымдагы бүтүндөй түрк элинин өкүлү катары өз чыгармасын жазып, “түрк” сөзүн этностук жалпы аталыш катары колдонгон. Он кылым мурунку түрк элдеринин тарыхын, маданиятын изилдөөдө урпактарына баасы ченемсиз мурас калтырган. Бул эмгек огуз тилиндеги жазма эстеликтердин соңкуларынын бири болуп эсептелет. Махмуд Кашгаринин атын илим дүйнөсүнө, деги эле жалпы журтка кеңири таанытып, өз заманынын чыгаан филологу, тарыхчысы, этнографы, географы катары белгилүү кылган да ушул эмгек болду.

Эмгектин түп нускадан көчүрүлгөнү 1914-жылы табылып, ошол нуска боюнча анын автору Махмуд Кашгари экендиги аныкталган. Бул эмгекти 1914-жылы Стамбулдун эски китеп базарынан чыгыш китепкөй аалымдарынын бири Али Эмири сатып алган. Аны Махмуд Кашгари өзү жазган түп нускадан 1266-жылы Абу Бакр ас-Сави ад-Димашкы деген адам көчүрүптүр. Көчүрмө нуска Стамбул шаарындагы Улуттук китепканада сакталууда. Муну белгилүү аалым, мугалим Рифат Билге иретке келтирип, 1915-жылы 1 жана 2-томдорун, 1917-жылы 3-томун Стамбулдан басып чыгарган (Китеп чыга электе эле өтө кызыгууну пайда кылгандыктан аны 3 томго бөлүп жиберген). 1928-жылы чыгыш таануучу Карл Броккельман анын кыскартылган вариантын немис тилине которгон. 1939-43-жылдары Бесим Аталай түрк тилине, 1960-63-жылдары С.Муталлибов өзбек тилине которгон. 1981-84-жылдары анын уйгурча котормосу жарык көргөн. Сөздүктү филология илимдеринин доктору, профессор Таалайбек Токоев, арабист Кубатбек Кошмоков кыргыз тилине которуп (баш сөзүн жазган академик Абдылдажан Акматалиев) 2011-12-жылдары 3 томдук кылып кыргыз окурмандарына тартуулашкан.

Окумуштуулар Махмуд Кашгари “Жавохирун-н-нахв фи лугати-түрк” (“Түрк тилдер синтаксисинин негиздери”) деген дагы эмгек жазган деп эсептешет. Бирок ал эмгеги азырынча табыла элек. Махмуд Кашгаринин эмгектери – орто кылымдагы илимдердин тарыхын изилдөөгө негиз болуучу эң бир маанилүү илимий даректерден.

Мына ушул орто кылымдагы адабий эстеликтерибизди изилдөөдө Жусуп Баласагын боюнча К.Артыкбаев, Ү.Асаналиев, Р.Ашыралиев, С.Е.Малов жана башкалардын мыкты илимий эмгектери бар. Айрыкча акын Төлөгөн Козубеков “Куттуу билимдин” өзүн бир катар кемчиликтери болсо да кыргыз тилинде сүйлөтүп, зор иш аткарган. Ал эми Махмуд Кашгари боюнча П.К.Жузе, С.Муталлибов, А.Н.Кононов, А.Б.Халидов, О.Прицак, Б.Ө.Орузбаева, Б.Осмоналиева, В.В.Бартольд, С.Г.Кляшторный, Ө.Караев, Т.К.Чороев ж. б. изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Айрыкча Тынчтыкбек Чороев Махмуд Кашгаринин өмүр жолун жана илимий мурасын иликтеп-изилдөөдө, аны кыргыз окурмандарына тааныштырууда өзгөчө кызмат өтөп, зор жигердүүлүк менен эмгектенген. Ал көптөгөн илимий дагы, илимий-популярдуу дагы макалаларды, китептерди жазып, Жусуптун мекендештерине тартуулаган.

Айрым маалыматтар боюнча Махмуд 1126-жылы 97 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Бул эки даанышмандын өмүр жолун, чыгармачылык жана илимий мурастарын изилдөө, ачыла элек жактарын ачуу, бизге белгисиз сырларын табуу ж.б. али алдыда. “Куттуу билим” дастаны жана “Түрк тилдеринин сөздүгү” чалкыган мухит, учу-кыйырына көз жетпеген мейкиндик, соолбос булак жана алар жөнүндөгү ар бир табылга ааламдагы болуп өткөн бир чоң жаңылыкка тете.

Кайтарым көндүм жасоо

Аткарылуучу иш аракеттер:

  1. Тиркеме берилет (Ж. Баласагын). Таркатмадагы текст боюнча кластер түзгүлө

  2. Тиркеме берилет (Ахмед Яссави). Тиркемедеги текстти окуп чыгып, Блок система стратегиясын колдонуу аркылуу презентациялап беришет.

  3. Тиркеме бериет (М. Кашкари). Тиркемедеги текст боюнча плакатка Блумдун ромашкасын жасап беришет.