СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

5-11-класста өтүлгөн материалдарды эске салуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

                        Кабус-наама

    "Кабус-наама" персия элинин XI кылымга таандык адабий мурасы. Мында адамдын рухий дүйнөсүн байыткан акыл-насааттар айтылат. Буга китептин 1432-жылы 1705- жылдарда түрк, 1786-87-жылдарда уйгур, 1811-жылы немис, 1860-жылы өзбек, 1886-жылдарда француз жана орус тилдеринде, ал эми 1953-жылдары болсо орус жана өзбек тилдерине экинчи ирет жарык коргон. Ал эми 1983-жылы Таалайбек Ташмаматов тарабынан өзбек тилиндеги нускасынан кыргыз тилине которулган.

       .....Унсурал Маолий Кайковус бинни Искендер бинни Кабус бинни Бушмагир өзүнүн бул "Насыйкат" китебин перзенти Гулан шахка атады. Ал перзентине мындайча деп нускоо айтты:

         -Уулум! Мен карыдым. Күүдөн-күчтөн тайдым. Өлүм сапары жакын калды. Тирүүлүктөн жаздым болуш тууралу жарлык бир китеп болоор. Бул китепти жок кылууга кыяматтык кас душмандын да дили барбас....    

          Ошондуктан уулум, карылыкка моюн сунуп, бир бутум төрдө, бир бутум көрдө турганда айткан нукоо-кенешимди ук. "Жыртык бүтөлөт, ийри түзөлөт. Аракет кылсан,берекет болот. Кедерги жоюлат, кемтик толот. Ат оонаган жерде түк калат"-дешет,-уулум!.... Жамандын артынан чуулгандуу из калат, жакшынын артында даназалуу сөз калат"- дегендей, ушулар тууралу эки ооз баянымдыэшит. Таалим алгын, тарбия алгын. Менин аталык мээрим менен сага жасаган кызматым ушул болсун.

        Уулум! Сага заман кысымчылыгы үлгүрө электе он кулагын менен да, сол кулагын менен да, сөзүмдү кабыл алгын жана бул акыл-насаат менен эки дүйнөдө жакшы аттуу болуп өткүн. Насаатымды угуудан качпагын. Эгерде сен насаатымды кабыл кылып, андан таалим-тарбия алсан, өзгөлөр дагы менин сөзүмдү кабыл кылышаар. Менин акыл-насаатыма таянып иш кылууну зор олжо катары сезишээр.....

          Жигиттер илимге жеткиликтүү түшүнө бербей мангүдүк болушса дагы өздөрүн илимдүү-билимдүү сезишет. Өз билгендерин карылардыкынан жогору коюшат. Бирөк мен муну билсем дагы, ата мээрими мага тынчтык бербей ушул акыл-насаатты жазууга бел байлап, бой сундум. Бир нечесин өзүм жараттым.

            Алардын кырк төрткө бөлүп кынаптадым. Ар биринде бир катар өз ойлорумду баян эттим.....

           Уулум! Үмүтүм ушул- акыл-насааттарымды дилинде тут. Муну менен мен аталык вазифамды аткарган боломун. Түшүнгүн, калын букаранын расми ушундай: адам турмуштун суугуна тонуп, ысыгына күйүп, артуу-артуу бел басып, эл кыдырып, жер кезип, жарыкчылык дүйнөдөн арзыбаган мурас топтойт. Ошол топтогон мурасын акырет көздөй сапар жөнөгөндө жакшы көргөн адамына мурас-осуят катары калтырып кетет.

          Мен бул жарыкчылык дүйнөдөн ушул акыл-насаат сөздөрдү топтодум. Бул жалганда жакшы көргөн адамым өзүнсүн. Күүдөн тайдым, сапар карыды. Бул дүйнөдө эмне тапкан болсом алдына тарттым. Өзүндү манчыркатпа, натуура жолго жүрбө.

    Уулум! Баамчыл,зирек болгун, менин акырет көздөй кетишиме аз калды, насибин түгөнсө сен дагы артымдан жакында жөнөөрсүн...

           Бул дүйнө бир аманат жай эмеспи. Эмнени эксен, ошону оросун. Кандай сөз сүйлөсөн, ошонун жообун угасын......