СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

6-класстын биологиясы боюнча окутуунун каражаттар системасын колдонуу методикасы

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«6-класстын биологиясы боюнча окутуунун каражаттар системасын колдонуу методикасы»

6-КЛАССТЫН БИОЛОГИЯСЫ БОЮНЧА ОКУТУУНУН

КАРАЖАТТАР СИСТЕМАСЫН КОЛДОНУУ МЕТОДИКАСЫ

Өсүмдүктөрдүн морфологиялык түзүлүшүн окутууда

каражаттар системасын пайдалануу методикасы

Изилдөөнүн объектиси негизги мектепте биологияны окутуу процесси.

Мында окуучулар өсүмдүктөр, бактериялар, козу карындар, эңилчектер,

алардын органдарынын морфологиялык, анатомиялык түзүлүшү жана аткарган

функциялары, аталган тирүү организмдерде жүрүүчү физиологиялык

процесстер жөнүндө окуп-үйрөнүшөт.

Изилдөөнүн предмети 6-класста биологиянын каражаттар системасын

пайдаланып окутуу процесси. Кыргыз Республикасында иштелип чыккан

биологиялык билим берүүнүн жаңыланган мазмунунун системалык

структурасына ылайык курстун ар бир бөлүмүнүн өз алдынча максаты, милдети

болгондуктан, 6-класстагы биологиялык билим берүүнүн жүрүшү бир бүтүн

процесс катары эсептелди. Демек, биологиялык түшүнүктөрдүн өнүгүшүнө

карата каражаттар системасын түзүү жана пайдалануу аркылуу 6-класста

окутуу процессин жүргүзүү биздин изилдөөнүн предмети болуп саналды.

Кандайдыр бир предметти окутуунун методикасынын курамдык

бөлүктөрү болуп, окуучулардын окуу, таанып-билүү иш-аракетин уюштурууга

багытталган мугалимдин иш-аракетин билдирген билим берүүнүн максаты,

мазмуну, методдору, формалары жана окутуунун каражаттары эсептелээри

белгилүү. Бул структуралык компоненттердин ар бири окуучуларга билим

берүү милдеттерин чечүүдө бир жагынан, өзүнө гана таандык функцияны

аткарса, экинчи жагынан – алар бири-бири менен өз ара байланыштуу, өз ара

аракетте болуп, кандайдыр бир бүтүндүктү пайда кылат.

Методикага болгон мындай көз караш, аны компоненттердин жөн гана

жыйындысы катары карабастан, бири-бири менен тыгыз байланышкан

методикалык система катары кароого мүмкүндүк берет.

Түшүнүк – таанып-билүүчү процесстердин же кубулуштардын негизги

белгилерин, касиеттерин, мамилелерин аныктап, алардын ички маңызындагы өз

ара байланыштардын тереңдигин чагылдыра турган ой жүгүртүүнүн

универсалдуу бирдиги. Анын жардамы менен ар түрдүү нерселер, касиеттер,

катнаштар, алардын маңыздуу белгилери аркылуу гана окуучулардын аң-

сезиминде чагылдырылат [82].

Н.А. Менчинская [89] түшүнүктү калыптандыруу процесси өтө татаал

жана абдан көп убакытты талап кылуучу процесс экендигин белгилеген. Ал эми

“окуучулар түшүнүк менен биринчи таанышканда эле анын бардык жагын

өздөштүрө алышпайт, буга ал ар кандай көрсөтмөлүү каражаттардын,

теориялык жалпылоолордун, практикалык аракеттердин негизинде гана

жетишишет” – деп баса көрсөткөн Д.А. Эмилбекова [170, 17-18-б.]. Адам

түшүнүнүккө ээ болуш үчүн таанып-билүүнүн бир канча этаптарын басып

өтүшү зарыл. Мында илимий түшүнүктү өздөштүрүү жана аны кайра айтып

берүү төмөнкү схема аркылуу жүргүзүлөт: нерсени түздөн-түз сезүү →кабыл

алуу →элестин пайда болушу →түшүнүктүн келип чыгышы.

Билим алууда элес өзгөчө мааниге ээ болот. Кандайдыр бир объектини

таанып-билүү элестен башталары чындык. Бул учурда нерсенин бардык

белгилери окуучуларга дайын болот да, аң-сезимде ал белгилердин ортосунда

байланыш түзүлөт [146].

Буга байланыштуу Конфуцийдин айтканы бар: “уксам унутам, көрсөм

эстейм, кармасам үйрөнөм”. Мисалы, жандуу сезүүдө нерсени көрүү гана

жетишсиз, аны кол менен кармап, мүмкүн болсо формасын, көлөмүн, өңү-түсүн

ж.б. кабыл алганда гана, ал нерсе элеске өтө баштайт. Демек, мындай учурда

окутуунун каражатынын жардамы чоң экендиги талашсыз.

6-класстын биологиясын окутууда түшүнүктөрдүн структуралык

элементтери өсүмдүктөрдүн морфологиялык, анатомиялык түзүлүштөрүн жана

физиологиялык процесстерди окутууда калыптандырылуучу түшүнүктөрүнөн

жана өз кезегинде аларды түзүп турган дагы майда түшүнүктөрдөн турат.

Биологияны окутуунун каражаттарын сабактын түрүнө жараша тандоо

Жана алардын шайкештикте пайдалануу маселелери И.Д. Зверевдин [56] жана

Д.И. Трайтактын [152] эмгектеринде каралган. Мындан тышкары мектеп

Биологиясынын ар кандай бөлүмдөрү боюнча окутуу каражаттарынын

Комплексин түзүү жана пайдаланууну Л.В. Нироева, Н.А. Пугал жана

Т.М. Ярославцева ж.б. өз изилдөөлөрүндө беришкен [98,116,172].

Ушул эле маселеге жакын болгон компьютердик техниканын

Окуучулардын өз алдынча таанып-билүү иш-аракетин уюштуруудагы

Окутуунун башка каражаттары менен шайкештиги жөнүндө В.В. Пасечниктин

Эмгегинен таанышууга болот [104].

Комплекс белгилүү структура менен мүнөздөлөт, б.а. окуу процессине өз

Ара байланышта жана бири-бири менен шайкеш болгон каражаттарды ырааттуу киргизүү керек [90].

Көпчүлүк дидакттар В.В. Давыдов, Л.В. Занков, И.Д. Зверев, [39, 54, 56]

Жана методисттер “окутуу каражаттарынын бир мезгилде айкалышып

Колдонулушу баш мээнин эки жарым шарындагы процесстердин (логикалык ой Жүгүртүү жана конкреттүү кабыл алуу) бирдиктүүлүк мыйзамченемдүүлүгүнө

Туура келет” дешет [56, С.12-16].

Окутуунун каражаттарын комплекстүү пайдалануу үч негизги

Шайкештик менен ишке ашырылат: бир учурда (параллелдүү), удаалаш,

Аралаш, б.а. окутуу процессинин белгилүү бир этабында ар түрдүү каражаттар

Же параллелдүү, же удаалаш алмаштырылып колдонулат.

Өсүмдүктөрдүн морфологиялык түзүлүшүн окутууда каражаттар

Системасын колдонуу методикасын карап көрөлү. Сабакта таратып берилген

Материалдар менен иштегенде таанып-билүү аракетинин структурасын

Аныктоого болот да, анын негизинде окутуу каражаттарын айкалыштыруунун

Гармониясын табууга болот. Мисалы, өсүмдүктүн мөмөсүн таратып бердик

Дейли. Мында таанып-билүү максаты окуу китебиндеги текстти окуучулар

Өздөрү окуганда айкын болот: мөмөнүн формасына, ошондой эле ал кандай

Жана канча типке бөлүнөт. Ага карап туруп окуучу таратылган материалды бөлүштүрөт жана анын негизинде дептерлерине төмөнкүдөй схема түзүү сунуш кылынат.

Ыкмалары:

а) анализ жана синтез;

б) салыштыруу.

Ушул сыяктуу ыкмаларды пайдалануу менен биздин изилдөө ишибизде

өсүмдүктөрдүн

морфологиялык түзүлүшүн окутууда

окутуунун

каражаттарынын системасын түзүүнүн жана аларды эффективдүү

пайдалануунун методикасы иштелип чыкты. Өсүмдүктөрдүн же алардын

органдарынын сырткы түзүлүшү (морфологиялык түшүнүктөр) окулуп

жатканда жетектөөчү көргөзмө курал болуп, тирүү объектилер жана

натуралдык гербарийлер эсептелет, бирок көрсөтмөлүүлүктүн башка

каражаттары, өзгөчө таблицалар четте калбайт [119, С. 87].

Тиричилик шарттарынын өсүмдүктөрдө жүрүүчү процесстерге жана

сырткы көрүнүшүнө таасир этүү мүнөзүн, организм менен чөйрөнүн өз ара

байланышын ачып көрсөтүү максатында экологиялык түшүнүктөрдү окуп- үйрөнүшөт. Экологиялык билимдер табигый чөйрөдө – жаратылышта тирүү

өсүмдүктөргө байкоо жүргүзүүдө калыптанат. Айрым учурларда гана

кинофильмдер, географиялык картиналар, гербарийлик материалдар, бөлмө

өсүмдүктөрүнө байкоо жүргүзүү жардамга келет. Бир типтеги сабактарда

негизинен окутуунун окшош милдеттери чечилет, бирдей методдор жана

методикалык ыкмалар колдонулат. Мисалы, морфологиялык баяндоо ыктары.

Мына ушундан, сабактын ар бир тибине белгилүү гана окутуу каражаты туура

келет деп жыйынтык чыгарсак болот.

Морфологиялык-экологиялык

түшүнүктөрдү калыптандыруучу

сабактарда төмөнкүдөй милдеттер коюлат:

- окуучуларды өсүмдүктөрдүн сырткы түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен

тааныштыруу;

- өсүмдүктөрдүн түзүлүшүнүн тиричилик чөйрөсүнө ыңгайланууларын

көрсөтүү;

-төмөнкү түзүлүштүү өсүмдүктөргө салыштырмалуу жогорку түзүлүштүү

өсүмдүктөрдүн сырткы түзүлүшүндөгү татаалдыктарды түшүндүрүү.

Мындай типтеги сабактын жаңы материалын окуп-үйрөнүүнү

мугалимдин кириш сөзүнөн жана ар кандай экологиялык шартта өскөн тирүү

өсүмдүктөрдү же гербарийлерди, таблицаларды демонстрациялоодон баштаган

максатка ылайыктуу. Андан кийин өсүмдүктөрдүн табигый өскөн чөйрөсү

менен кошо тартылган видеофильм көрсөтүүгө болот.

Акырында окуучуларга өсүмдүктөрдүн морфологиялык түзүлүшү боюнча

өз алдынча лабораториялык-практикалык ишти аткаруу сунуш кылынат. Андан

соң өтүлгөн тема боюнча аңгемелешүү өткөрүлөт. Мисалы, 10-15 мин.

созулган, “жалбырак” жана “сабак” деген темаларды аяктаганда, бөлмө

өсүмдүктөрү менен төмөнкүчө ишти класс үчүн жалпы уюштурууга болот.

Ар бир окуучуга ага бөлүнгөн өсүмдүктүн түзүлүшү менен таанышуу

тапшырмасы берилет жана төмөндөгүдөй таблица толтуруу сунушталат (2.1.1-

таблица).

Иштөө процессинде мугалим, ар бир окуучу ушул эле ишти аткаруу үчүн улам жаңы өсүмдүк менен камсыз болуп турушу үчүн столдогу өсүмдүктөрдү

алмаштырып жайгаштырат. Ошентип, окуучулар 2-3төн өсүмдүктү карап

чыгышат да, таблицаны толтурушат.

Морфологиялык түшүнүктөрдү калыптандырууда жана өнүктүрүүдө

төмөнкүдөй удаалаштыктагы иш-аракеттер аткарылат: жасалма окутуу

каражаттарын (сүрөттөр, таблицалар ж.б.) пайдаланып, андан кийин аны

натуралдык объектилерде аныктоо жана аларды салыштырып анализдөө;

биологиялык объектилердин олуттуу белгилерин айтуу аркылуу, алардын

түзүлүшү жана формасы, аткарган функциясы менен өз ара байланыштуу

экендигин аныктоо; суроолорго жооп берүүдө, тапшырмаларды аткарууда,

схемаларды жана таблицаларды түзүүдө түшүнүктөрдү системалаштырууда

каражаттарга негизделүү.

Мында окутуу каражаттарынын аткарган кызматына ылайык, алардын

окуу программасынын белгилүү бир темасын өздөштүрүүгө керек болгон

болжолдуу номенклатурасын түзүү талапка ылайык. Мугалимдин окуу

куралдарынын номенклатурасын, алардын курамын, кызматын, сабакта

пайдалануудагы өзгөчөлүгүн билүүсү сабактын жана бүтүндөй окуу-тарбиялык процесстин педагогикалык эффективдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Тиркемеде биз талапка ылайык деп эсептелген, 6-класстын биологиясы

үчүн окутуу каражаттарынын тизмесин бергенге аракет жасадык (1-тиркеме).

Анын ичинде азыркы учурда мектептерде колдонулуп жатканы да бар, оңдоп-

түзөөнү талап кылгандары да бар.

Жаңы программага жана жаңы мазмунга ылайык 6-класстын

биологиясына жалпысынан 68саат бөлүнгөн. Анын ичинен “Өсүмдүктөр

дүйнөсү менен жалпы таанышуу” деп аталган темага 6 саат берилген. Бул

темада каралуучу 6 сабактын темасы бар:

- жаратылыш, адам жана өсүмдүктөр дүйнөсү;

- өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү;

- гүлдүү өсүмдүктөрдүн түзүлүшү, органдары жана алардын кызматы;

- гүлдүү өсүмдүктөрдүн репродуктивдүү органдары;

- мөмөлөр, уруктар жана алардын таралышы;

- мезгилдик кубулуштар. Өсүмдүктөрдүн тиричилигинде жүрүүчү күзгү

өзгөрүүлөр.

Биз өзүбүздүн илимий изилдөөбүздө жогорудагы темаларга ылайык деп

эсептелген

өсүмдүктөрдүн

морфологиялык түзүлүшүн

окутууда

пайдаланылуучу каражаттардын системасын түзүп чыктык (2.1.2-таблица).

Төмөндө белгиленгендей, мөмөлөр менен уруктардын коллекциясы

окуучуларды мөмөлөрдүн ар кандай типтери жана мөмөлөр менен уруктардын

таралууга карата ыңгайлануулары менен тааныштыруу үчүн арналган.

Коллекция эки бөлүктөн турат [119].

Биринчи бөлүгүндө кургак бир уруктуу мөмөлөр (жаңгак, урукча, данча);

кургак көп уруктуу мөмөлөр (чанак, саадак, кутуча); ширелүү бир уруктуу

мөмөлөр (сөөкчө); ширелүү көп уруктуу мөмөлөр (жемиш) демонстрацияланат.

Кургак мөмөлөр натуралдык объектилер түрүндө, ал эми ширелүү

мөмөлөр муляждар түрүндө көрсөтүлөт. Ошондой эле ширелүү мөмөлөрдүн

нымдуу препараттарын да даярдап алып көрсөтүүгө болот.

Коллекциянын экинчи бөлүгүндө шамалдын жана жаныбарлардын жарда- мы менен таралууга ыңгайланган ар түрдүү мөмөлөр жана уруктар жыйналган.

Алардын арасында желүүчү жана ширелүү мөмөлөр, түк сымал, канат сымал, илмек сымал өсүндүлөрү бар кургак мөмөлөр, аз салмактуу жана көлөмдүү

мөмөлөр бар.

Аталган коллекцияларды жана аны жайгаштыра турган идишти мугалим

окуучулардын жардамы менен колго эле жасап алууга болот. Мисалы,

ширеңкенин кутусунан, медициналык түссүз айнек идиштерден же болбосо

момпосуйдун кутусунан деле жасоого мүмкүн. Бул чыгармачылыкка

байланыштуу. Эч кандай жазуу түшүрүлбөгөн коллекцияларды

демонстрациялоо үчүн эле эмес, сабакты бышыктоодо, окуучулардын билимин

текшерүүдө да колдонсо жакшы натыйжа берет.

Ал эми гүлдүн моделин

колдонгондо, алардын артыкчылыгы кадимки гүлдүн өлчөмүнөн бир топко чоң

болушунда жана ар бир бөлүгүнүн ажырай тургандыгында. Ушундай болгондо

окуучулардын аларды таанып-билүүсүнө жеңил болот.

Биздин мамлекетибиз өз алдынча эгемендүү болгондон бери мурдагы

союздук камсыздоо болбой калгандыгына байланыштуу мектептердеги

көптөгөн окутуу каражаттары жок болуп кеткен. Эгерде бар болсо да, алардын

бөлүктөрү толук сакталган эмес болушу мүмкүн.

Ошол себептен, азыркы

учурдун талабына ылайык жөнөкөй гана предметтерден, мисалы пластик

бутылдардын ар түркүн түстүүсүнөн же керектүү түстөргө кадимки эле боѐк

менен боѐп алып, гүлдүн бөлүктөрүн жасап алууга болот (4-тиркеме).

Андан тышкары, басма окутуу каражатынын бир түрү катары схемалык

таблицалардын стандарттык эмес формасын биз өздүк практикабызда көп

колдонуп жүрөбүз (2.1.4-сүрөт). Мында “чечиндирүүчү” таблицадан окуучулар

адегенде өсүмдүктөрдүн сабагынын морфологиялык түзүлүшү менен

таанышып, өсүмдүктөрдүн анын ичинде дарак жана бадал өсүмдүктөрүнүн

сөңгөгү, кабыгы, жалбырагы жана андагы тарамыштануунун түрлөрүн тааныша

алат.

Андан соң таблицанын бетиндеги кошумча бетти ачканда, дарактын

сабагынын жана жалбырагынын ички анатомиялык түзүлүшү көрүнөт, мында

сабак менен жалбырактын заттарды өткөрүүчү түтүкчөлөрү айырмаланган.

Андан тышкары өсүмдүктүн сабагы менен жалбырагында жүрүүчү физиологиялык процесстер б.а. сабак жана жалбырак аркылуу заттардын

жылышы жебелер менен көрсөтүлгөн сүрөт көрүнөт. Жебелер жогору жана

төмөн багытта тартылган, демек жогорудан төмөн карай органикалык заттар, ал

эми төмөндөн жогору карай органикалык эмес заттардын жыла тургандыгын

окуучулар үйрөнө алышат.

Ал эми таблица - “диафильмди” болсо, бири-бирине удаалаш өтүүчү

процесстерди көрсөтүүдө мисалы, көбөйүү процессинин этаптарын (жыныссыз

жана жыныстык ж.б.) түшүндүрүүдө, ошондой эле споралуу өсүмдүктөрдүн

мамык чөптөр, плаун, кырк муундар, папоротник сымалдуулардын

көбөйүшүндөгү муун алмашууну көрсөтүүгө болот.

Демек, мындай таблицалар окуучулардын биологиядан билим алуусун

системалуу, логикалык удаалаштыкта ишке ашырууга жардам берет да

өсүмдүктөрдүн морфологиялык, анатомиялык түзүлүштөрүн жана

физиологиялык процесстерди комплекстүү түшүндүрүүдө пайдаланылат.

Ошондой эле мындай таблицалар компакттуу болгондуктан, аларды сактоо

дагы ыңгайлуу.