СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

8 класс календардык план

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«8 класс календардык план»

Бекитем:___________ классы:8 мөөнөтү: предмет: тарых

Сабактын темасы: АКШ

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү

Колдонулган методдор:Интерактивдүү

Сабактын жабдылышы:Слайд, жумушчу дептер, китеп, карта, суроттор ж.б

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: АКШда жарандык согуш, кулчулукту жоюу жана анын тарыхый мааниси тууралуу окуучуларга маалымат берүү. А.Линкольнго жетекчи, мамлекеттик саясий ишмер катары баа берүү.

Өнүктүрүүчүлүк: Теманы анализдөө, сынчыл ойлонуу, чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

МКТ боюнча окуучулар көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

Тарбиялык: АКШ элинин эркиндик үчүн болгон күрөшү.А.Линкольндун саясий ишмердиги аркылуу окуучуларды патриоттуулукка шыктандыруу. Группада иштөөдө бири-бирин угууга, сыйлоого тарбиялоо.

Сабактын жүрүшү:

Этап

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Компетент-

түүлүк


Негизги

(НК)

Предмет. (ПК)

Баалоо

Уюшту-руу

  • .Саламдашуу

  • Класска жагымдуу маанай түзүү

  • Окуучуларды жоктоо

  • Окуу куралдарын толуктоо

  • Саламдашат. Сабакка даяр экендигин көрсөтүшөт

  • Сабакты жакшы кабыл алууга өбөлгө түзүлөт

  • Сабакка даярданып, дептер, китептерин алып чыгышат

НК


ПК

диогностикалык

Шыктан-дыруу

Окуучуларга жакшы дем берүүчү , жагымдуу сөздөрдөн айтылат. Маанайларынын ар түрдүүлүгүн байкоо менен шыктандыруучу мисалдарды келтирүү

Мугалим өтүлгөн теманы кайталоо жана үй тапшырмасын суроо максатында суроолорду берет.


Окуучулар мугалим тарабынан айтылган шыктандыруучу сөздөрдөн кийин, сабакка болгон көӊүл буруусу жакшырат.

НК

ПК

Үй

тапшыр.

Суроо

Окуучулар аткарып келген үй тапшырмаларын көрсөтүшөт.

Окуучулар берилген суроолорго жооп берүү менен ѳздѳрү билгендерин ортого салышат

НК1


ПК

Жаӊы теманы түшүндүрүү

  • Жаңы теманы түшүндүрүү:

АКШ улуттук көз карандысыздыкка ээ болуп, буржуазиялык жол менен тез өнүгүп, өлкөнүнү калкы көбөйүп, иммигранттар фабрикаларда иштешкен. 1815-жылы АКШнын текстилдик фабрикаларында 130миң чарык болсо, 1860-жылдары алардын саны 5236 миңге чейин көбөйүп, 1810-жылдан баштап, өлкөдө суу кемеси өнүгүп, 1807-жылы ирландиялык инженер Роберт Фултон АКШга Клермонт кемесин курган. 1833-жылы АКШ-Европа каттамындары туруктуу ишке кирип, 1830-жылы АКШда узундугу 64 км болгон Чарлстон-Огаста темир жол линиясы ачылып, 1840-жылы темир жол курулушу бүткүл өлкөгө тараган жана бул нерсе ички рыноктун чыңдап, келгиндердин батышка карай отурукташуусуна чоң ролду ойногон. Айыл чарбасы да абдан тез темпте өнүгө баштаган.Негизги жумуштарды фермерлер, фермер ижарачылар жана жалчы жумушчулар аткарышкан.

1-кадам: Окуучулар бирден алтыга чейин санап, группага бөлүнөт. Ар бир группага экөөнө бирден текст таратылат.

2-кадам: Тексттерди окуп А.Линкольндун өмүр жолу менен таанышып, саясий ишмердигине байланыштуу өз ойлорун айтып, баа беришет.

а) Саясий ишмердигин кандайча баштаган жана уланткан?

б) Кулчулуктун жоюлушу жана анын тарыхый мааниси?

в) А.Линкольндун өмүр жолунун силер үчүн тарбиялык мааниси? ж.б.

3-кадам: Убакыт бүткөндө ар бир группада бирден окуучу жазган иштерин окуп айтып беришет. Калгандары кошумчалап жана суроо беришип, талкуу жүрөт.

Суроолор:

1. АКШдагы жарандык согуштун өзгөчөлүктөрү эмнеде?

2. Кул ээлөөчүлүк түзүлүш качан, ким тарабынан жоюлду жана анын тарыхый мааниси?



Ойлорун эркин айтышат.

Окуучулар карточкаларга жубу, тобу менен талкуулап, мугалимдин жардамында жооп беришет..

Талкууларды уюштурушат


НК1

НК2

НК3



ПК1

ПК2

ПК3

калптандыруучу

Бышыктоо


Жаӊы тема боюнча

билимдерин бышыктоо учун карточкадагы тапшырмаларды аткарышат

Окуучулар берилген суроолорго мугалимдин жардамында жооп беришет.

Талкууларды уюштурушат


НК1

НК2

НК3

ПК1

ПК2

жыйынтыктоочуу

Жыйын-тыктоо

- Сабакта кайсы маалымат жаны болду?

- Бүгүнкү сабак жактыбы?

- Сабакка активдүү катышкан окуучулар тууралуу окуучулардын ойлорун угуу

Сабакка активдүү катышкан окуучуларды баалоо



§ ты окуп келүү жумушчу дептер менен иштөө


Өтугөн тема боюнча кундолуктогу тапшырмаларды аткаруу.

Мен бүгүнкү сабакта: (ойлорун айтышат)

НК

ПК1



жакты.


кызыктуу болду.


дагы билгим келе өздөштүрүүгө оор болду ж.б.


Баалоо

Ойлорун айтышат


Үй

тапш.


НК

ПК



1-тиркеме:

Авраам Линкольн (1809-1865) кедей фермер токой кыйгычтын баласы болгон. Кентукки штатынан чыккан. Жаш кезинде ал атасына көп жардамдашкан. Мыкты токой кыйгыч жана сал агызуучу болгон. Ал өз алдынча тынбай окуу менен 1836-жылы экзамен тапшырып, адвокаттык ишке аралаша баштаган.

1834-1841-жылдары аны Иллинойс штатынын мыйзам чыгаруу жыйынына мүчө, ал эми 1847-1849-жылдары Конгресстин өкүлдөр палатасына мүчө кылып шайлашты. Ал ак ниеттиги жана сатылбастыгы менен элди өзүнө тарткан. Кулчулукка каршы Линкольндун чыгуулары жумушчулардын, фермердин, буржуазиянын колдоосуна ээ болгон. Ал республикалык партиянын элге кеңири белгилүү ишмери болуп калды. Ошондуктан, бул партия А.Линкольнду президенттикке кандидаттыгын көрсөтүшкөн. Ал 1860-жылы шайлоодо жеңишке ээ болгон. Ошону менен кул ээлөөчүлөрдүн үстөмдүгүнүн күнү бүткөн.

1861-жылы 4-февралда АКШнын түштүгү бөлүнүп, кул ээлөөчүлүк мамлекет конфедерацияны түзүшкөндүгүн жарыялашкан жана граждандык согуш башталган. А.Линкольн 1862-жылы гомстеддер б.а. батыштын жерлерин таратып берүү жөнүндө мыйзам кабыл алган. Президент А.Линкольн 1863-жылдын 1-январынан баштап негр кулдарды бошотуу жөнүндө өзүнүн чечимин жарыялаган. Ал мындай чечкиндүү кадамы менен АКШнын тарыхында калды.

















1-тиркеме:

Түндүк жана Түштүк штаттардын абалы.

Түндүктө XIX- кылымдын башында эле кулчулук жоюлган. 1850-жылга карата 31 штаттардан турган союзда 23 млн. адам жашаган. XVIII- кылымдын аягында Англияга каршы Американын көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөштө биринчи буржуазиялык революция жеңип чыккан. Бул АКШда капитализмдин өнүгөшүнө шарт түзгөн. Экономиканын өнүгүшүнө жаратылыш шарттары – ыңгайлуу климаты, түшүмдүү жерлери, токойлору, кен байлыктын арбындыгы жардам берген.

Түштүк штаттарда 9 миллион адам жашап, алардын 4 миллиону негр кулдар болгон. Кул ээлөөчүлүк түзүлүш өлкөнүн капиталисттик жол менен өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. Плантациялык чарба үстөмдүк кылып пахта, кант камышы, тамеки, күрүч өстүрүлгөн. 1850-жылга карата Түштүктө дүйнө жүзүндөгү пахтанын 80 пайызы өстүрүлгөн жана эгин өндүрүү да көбөйгөн. Кул ээлөөчүлүк Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы региондук жана экономикалык айырмачылыктарды курчуткан. Түштүктөгүлөр өз региондорунун артта калышын Түндүктөгүлөрдүн өсүп-өнүгүшү менен байланыштырышкан. Ал эми Түндүктөгүлөр алардын артта калыш себебин кул ээлөөчүлөрдөн көрүшкөн.

1861-жылы 4-февралда кул ээлөөчүлүк мамлекеттердин конфедерациясын түзүшкөн. Анын борбору Ричмонд (Виргиния) болуп, президенти эң ири плантатор Джефферсон Денис дайындалды.

Конфедерация жоокерлери 1861-жылы 12-апрелде Форт Сантериде федералдык аскерлерге ок атышып, жарандык согуш башталды.

1861-жылы 15-апрелде А.Линкольн армияга 75 миң ыктыярдуулар керек деп жарыялаган, бирок 300 миң адам келген. Киреше булагы боюнча Түндүк чоң артыкчылыкка ээ болгон. Түндүктүн 22 млн. эли бар 23 индустриялуу штаттары, армияны курал-жарак, кийим-кече ж.б. менен камсыз кылып турган. Ошондой эле Түндүктүн темир жол түйүндөрү артыкчылык кылган. Америкалык 1108 генерал менен офицерлердин 795и түндүктө калса, 313ү түштүк тарапта салгылашкан. Ошондой эле 6-мартта эле Конфедерацияда 100 миң ыктыярдууларды чогултушкан.

9 млн. калкы бар (4 миллиону негр) Түштүк да бир топ артыкчылыкка ээ болгон. Алардын эң маанилүүсү географиялык шарты болуп эсептелген. Анткени, алар өз жеринде салгылашкан жана алар согушчан эл болуп тажрыйбалуу согуш жетекчилери менен даңкталышкан. Ошондо й болсо да 1865 – жылы 9 – апрелде союздун аскердиги тарабынан Роберт Ли курчого алынып Умсс Грантка багынып берген жарандык согуш аяктады




2-тиркеме: Түндүк штаттары

Түштүк штаттары










































2-тиркеме: Түндүк штаттары

Түштүк штаттары