СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9- класс. Орус класс .кыргыз тили

Нажмите, чтобы узнать подробности

Суйломго мучо оло албаган создор. Киринди создор

Просмотр содержимого документа
«9- класс. Орус класс .кыргыз тили»

Күнү: 06.02.2020

Класс: 9-в Предмет: кыргыз тили

Сабактын темасы:

Киринди сөздөрдүн маанилери

Сабактын максаттары:а)билим берүүчү

Киринди сөздөрдун маанилерин ажырата билишет;

Б)өнүктүрүүчү

Кыргыз тилиндеги сүйлөө кеби, ой жүгуртүүсү, тыянак чыгара билүүсү өнүгөт;

В)тарбиялоочу

Кыргыз тилин сыйлоого, бири-бирин уга билүүгө, сөз өнөрүн баалай билүүгө тарбияланышат;

Сабакта колдонулуучу усулдар:

Топтордо иштөө

Сабактын тиби:

Стандарттык сабак

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар:

Сүрөттөр, карточкалар, компьютер,скотч,маркер жана башка

Предмет аралык байланыштар:

Орус тили

Негизги компетенттүүлүктөр

Предметтик компетенттүүлүктөр

1.Маалыматтык

2.Социалдык -коммуникативдик

3.Өзүн –өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү

1.Тилдик

Киринди сөздөрдүн маанилерин , тилдик бирдиктерди , жазуудагы тилдик эрежелерди билишет


Киринди создөрдүн маанилери боюнча кеңири маалымат алышат

Кыргыз тилинин адабий нормасында сүйлөйт, сабаттуу жазат

Башкаларды уга билет жана өз оюн так билдире алат

2.Кептик

Сүйлөө коммуникативдик көндүмдөрү өнүгөт;

3.Социо -маданий

Жүрүм-турум нормаларына ылайык сүйлөө көндүмдөрү калыптанат, кеп маданиятынын эрежелерине ээ болот

Сабактын жүрүшү

Сабактын этабы

Убакыт(мин)

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Окуучуларда катыптануучу компетенттүүлүктө

баалоо

НК

ПК

1

Уюштуруу

Мотивация (шыктандыруу)

2-3

1.Окуучуларды толуктоо

2.Жагымдуу маанай түзүү

3.Топторго бөлүү

Макалдар аркылуу топторго бөлүнүшөт.

4.Мен киммин оюну

Ар улуттун улуттугун тастыктаар

Паспорту да,метрикасымын улуттун, ошондо мен киммин?

Мен айтылганда ойдун кимге багытталып жатканын билесинер, анда мен киммин?

Бирдей суроого жооп берип, сүйлөмдө бирдей милдет аткарам, мен киммин?

Суйлөмдү уюштуруучу, тузуучу негизги каражатмын менин атымда айткылачы?

Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым, мени билесиңерби?

Менин чыгармаларым дүйнөнүн 176 тилине которулган. Мен киммин?


1. Сабакка келбеген окуучуларды тактоога жардам беришет.

2. Жагымдуу маанай тузүугө өз салымдарын кошуп, сунуш киргизишет;

НК-З



2

Өтүлгөн теманы кайталоо

(үй тапшырмасын бышыктоо)

5-

8

1.Үй тапшырмасын текшерүү

2.Өтүлгөн теманы эске түшүрүү(тест аркылуу)

АР БИР ОКУУЧУДА

А,Б,В,Г ТАМГАЛАРЫ ЖАЗЫЛГАН БАРАКЧАЛАР БОЛОТ.

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОРДУН ВАРИАНТТАРЫ ОКУЛГАНДА ,КЕРЕКТҮҮ ВАРИАНТТЫН ТАМГАСЫ ЖАЗЫЛГАН БАРАКЧАНЫ КӨТӨРҮШӨТ .

Баш мүчөлөр кайсылар?

А) аныктооч, ээ

Б) бышыктооч,баяндооч

В) ээ, баяндооч

Г)толуктооч, ээ

Каратма сөз катышкан сүйлөмдү тап

А)Алия менен Ажар кобурашып баратышты.

Б)Алия,Ажар, тамак бышты.

В) Алия Ажарды чакырды

Г)Эң сулуулары Алия,Ажар эле

Куноолорун мойнуна алып жатышат,көрдүңузбү,жолдош Асылбеков.

Киринди сөздү тапкыла

А)жолдош

Б)Жолдош Асылбеков

В) көрдүңузбү

Г) кордуңүзбу жолдош Асылбеков


Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр канчага бөлүнөт

А)4

Б)3

В)2

Г)5

Сүйлөм ичинде сүйлөм менен байланышпаган сөз кайсы

А)ээ

Б)киринди сөз

В) тууранды сөз

Г) кызматчы сөздөр



1.Үйтапшырмаларын көрсөтүшөт;

2.Берилген суроолорго жооп беришет;

НК-2

ПК-3

Оозеки баалоо

3

Теманы жана күтүлүүчү окуу натыйжаларын жарыялоо

5

1.Теманы жарыялоо

2. Киринди сөздүн маанилери.

3.Сабактын максаттары жана предметтик компетенттүүлүктөрдү жарыялоо

1.Мугалимге көңүл бурушат;





4

Жаңы тема боюнча маалыматтарды берүү

5

1.Ойду ишенимдүү кылып, далилдөө, бекемдөө маанисин берет

Сөзсүз-безусловно

Албетте-конечно

Арийне-конечно

Ооба-да

Кантсе да-как бы там не было

Соз жок-несомненно

2.Сүйлөмдөгү ойго божомол маанисин берет.

Болжолу-по видимому

Балким-возможно

Ким билет-кто знает

Жаңылбасам-если не ошибаюсь мүмкүн-возможно


3.Сүйлөмдөгү ойду жалпылоо, тыянак чыгаруу, тактоо

Демек-следовательно

Акыры-в конце концов

Кыскасы-короче говоря

көрсө-оказывается

негизинен- в основном

чындыгында- в действительности

4.Карама-каршы маани

Тилекке каршы- к сожалению

Тескерисинче-наоборот

Көрдүңүзбү- видите ли

Деги-в общем

Ойлоп көрүңүзчү-подумайте


5. Ойдун ким тарабынан айтылып жатканын билдирет

Менимче- по-моему

Унутпасам- если я не забыл

Байкашымча –мне кажется

Айтканыңа караганда- как ты сказал



6. Ойдун ырааттуулугун билдирет

Биринчиден-во первых

Алды менен-прежде всего

Бир жактан-с одной стороны

Экинчи жактан- с другой стороны

Экинчиден- во-вторых



7.Киринди сөздөр ойго угуучунун көңүлүн буруу маанисинде да айтылат.

Айтмакчы-кстати

Мына-ну вот

Баса-вот что

Баарыга белгилүү-всем известно






  1. Окутуучуга көңүл бурушат;

  2. Өз оюн айта билишет;

НК-1

ПК-1











5

Интерактивдүү көнгүүлөр, сабактын борбордук бөлүгү

15-

20

1-тапшырма

Китеп менен иштөө

110-көнүгүү.

Сүйлөмдөрдү жазып,киринди сөздөрдү бөлүп көрсөткүлө

Алардын маанисин айтып бергиле.

Ар бир топ үчтөн сүйлөмдү доскага иштешет

2-тапшырма

1-топ

Адашкан сөздөр парады

Адашкан создөрдүн ордун таап,киринди сөздөрдун тыныш белгисин койгула.


АДАШКАН СӨЗДӨР ПАРАДЫ

БУЛ АДАМДАР, КӨРСӨ,ЖАРДАМДАШПАДЫ

БАЛКИМ ,БУЛ ОЮҢ,КЕЧИГЕМ ГО

ЭМНЕ ҮЧҮН,ТЕСКЕРИСИНЧЕ,УУРУЛАР ЭКЕН

ЭҢ ОБОЛУ ,БУЛ ЖОЛУ,УЯЛСАҢ БОЛМОК

МЕНИМЧЕ,УШУЛ КЫЛЫГЫҢ ҮЧҮН,ТУУРА ЭМЕС

2-топ

ТУУРА, ТУУРА ЭМЕС ЖООПТОР

Төмөндөгү суроолорго кошуласыңарбы?


Киринди сөз сүйлөм башына келсе ,өзүнөн кийин үтүр коюлат. Туура

Булар балким каршы болушат.Суйлөмдө киринди сөз жок.Туура

Киринди сөздөр сүйлөм мүчөсү болот.Туура эмес.

Киринди сөз сүйлөм менен байланышат.Туура эмес.

Киринди сөздүн бир нече мааниси бар.Туура

Киринди сөз ойду бекемдейт,далилдейт.Туура

Киринди сөз суйлөм ортосуна да келип калат.Туура

3-топ

ЖООПТОРДУН ШАЙКЕШТИГИ

Жоопторду шайкеш келтиргиле.

Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөз-Каратма сөз

Каратма сөз бар-Келе берет

Тыныш белгиде ката бар-Сырдык сөз

Киринди сөз сүйлөм аягына келет-Бүгүн сыягы, жаан жаачудай.

Сүйлөмдөгү ой багытталган сөз –Сөзсүз,албетте,арийне

Сүйлөмгө тактоо маанисин берет-Мен келдим ,эжеке.






1.Берилген тапшырманы топ менен бирдикте аткарышат,презентациялашат.

2.Кептик мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт;

3.Көнүгүүнү доскага иштешет, дептерге да иштешет


НК-2


НК-3


ПК-2

ПК-1

ПК-3










1.Өзүн-өзү баалоо

2.Топто баалоо

3.Авторитардык баалоо

4.Бири-бирин баалоо

6

Сабакты жыйынтыктоо, баалоо

4

1.Теманы Айрен тест аркылуу бышыктоо


  1. Ар бир топ компьютердин жардамы менен айрен тестти беришет

  2. Суроолорго жооп беришет

НК-2

ПК-1

1.Окуучуну эмгегине жараша журналга баалоо

7

Үй-тапшырмасы

1

113-көнүгүү

1.Берилген тапшырманы күндөлүккө белгилейт