ТЕКШЕРИЛДИ
ОРГ С.Сурапбаева
----- ---------2025-ж.
9-май Улуу Ата-Мекендик согуштун 80 жылдык маарекесин эскерүү максатында
өткөрүлгөн салтанаттуу аземдин сценарийи.
Саламатсыздарбы ардактуу биздин аталар, кымбаттуу биздин апалар, урматтуу эжелер жана агайлар! Арбаныздар сыймыктуу биздин меймандар. «9-май –Улуу жеништин 80 жылдыгына» карата салтанаттуу эскерүү кечесин ачык деп жарыялайм.
-----Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мектеп президенти Талипова Айбийке
1. КР Гимни жаныртылсын.
Чогулдук сиздер менен эскеруу кечесине
Эске салып өткөндөрдү бөлүшүүгө,
Эч качан кайталанбай ошол , алааматтар
Тынчтык болсун дүйнө жүзү , жерибизде!
Доклад окулат. Музыка жанырып турат (скрипка менен Священная война )музыкасы коюлат.
---Мына быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгына туура 80 жыл болгонун белгилеп отурабыз. Мындан 80 жыл мурда элибиздин көз жашы,көкүрөгүнө уюган тилеги, күжүрмөн эмгеги, үзүлбөгөн үмүттүн аркасында 9-май Жениш күнү келген. Бул майра жалпыбыздын майрамыбыз. Патриоттулук духтун, бекем ишеничтин майрамы.
9-май Кыргыз элинин улуу жана ыйык майрамы. 1945-жылы 8-май күнү саат 2️3 дөн 4️3 мүнөт өткөндө Германиянын баш калаасы Берлиндин жанындагы Карлхорст шаарында генерал-фельдмаршал Кейтель вермахтын атынан Советтер Союузунун маршалы Георгий Жуковдун жана союздаштардын атынан Англиянын авиация маршалы Артур Теддердин катышуусунда толук жана биротоло багынып берүү жөнүндөгү келишимге кол койгон. Ошентип, 4️жылга созулган 1941-1945 -ж.ж.) эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Бул согушта совет эли 2️7 миллион адамынан ажыраган. Ошол эле замат Иосиф Сталиндин жарлыгы менен 9️-Май - Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6️:0️0 до бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган. Эң биринчи Жеңиш майрамы 1️945--жылы 9️-Майы күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Элдин баары майрамдаган. Көчөлөрдө адамдар бирин бири куттуктап, ыйлап жүрүшкөн. Бул кубанычтын ыйы болгон. Кечинде СССРдин борбору Москва шаарында 1️ миң замбиректен 3️0️ залп менен СССРдин тарыхындагы эң масштабдуу Жеңиш Салюту берилген. 1️9️6️5️- жылы Жеңиштин 2️0️ жылдыгында 9-май жумуш эмес күн деп жарыяланып, бардык атрибуттары менен (аскер парады, согуш ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту) майрамдала баштаган.
Кан куйгон согуштун отун кечип, жеништин туусун урпагына өткөрүп берген баатырларыбызга жардам берген биздин урматтуу аталар, тылда жан аябастан эмгектенип, солк этпес бекемдиги, күндөй мээрими менен жоокерлердин демине дем кошуп, алга сүрөп шыктандырган энелер! Сиздердин көргөн күнүнөр, алааматка аралашып кылган эрдигинер жана мээнетинер биз үчүн чон сабак. Сиздердин элибиз, жерибиз үчүн кылган кызматынар эч качан унутулбайт! Сиздер келечек муундун эсинде, жүрөгүндө ар дайым өз туулуп өскөн Мекенин Коргоочулары болуп кала бересиздер!
Бардыгыныздарды Улуу Жениш майрамыныздар менен куттуктайбыз!
Каректе жанып турган нурум барда,
Көөдөндө ,көмөкөйдө ырым барда,
Аңтарып сыр жашырган алыскыны,
Кайрылам кайрымы жок кылымдарга
5-классынын окуучулары Жеңиш күнү ырын аткарыш беришмекчи (С.Каримова Жеңиш күну)
Жеңиш!жеңиш! жер дүңгүрөп чыгат үн,
Жеңиш! Жеңиш! Төрт жыл бою күткөн күн.
Жеңиш туусун тиккен кезде Берлинге ,
Фашизимдин ичер суусу бүткөн күн-демекчи бүгүнкү аземде апаларыбыздын көз жашы,аталарыбыздын эсепсиз төгүлгөн каны,сансыз өлүмү менен келген Улуу Жеңишти ыр саптарында эскеребиз!(Көркөм окуу)
Тарых билет тарых айтат өткөндү,
Жер быркырап элдин каны төккөндү.
Ошол согуш ,ошол төрт жыл кайгылуу,
Кырчын жанды кыяматтан өткөрдү. - Бул күн –кандуу согуштун жамандыгын ,ата-бабаларыбыздын эрдигин ,мекенге болгон чексиз сүйүүнү даңазалаган күн ,сиздер үчүн
8-классынын окуучусу Акылбек кызы Жумаида “Катюша” ырын ырдап берет.
Согуш кайгы,тынчтык эли жек көрөт,
Согуш тажаал соо адамдар кан төгөт.
Көнүл толгон көртүү шаар заводду,
Күлгө айлантат кастык менен бүлдүрөт.
Анда кезекти 5-классынын балдары тарабынан даярдалган жоокер бийине беребиз.
(ДОБР “Алга кыргыз”) ырына бийлешет.
Кегин алып, конулдорун жай кылып
Канча баатыр кете берди, эл-журтунан айрылып,
Баатырлардын канчалары кайрадан
Корбой калды Ала-тоосун кайрылып.
Согушта курман АК-Таш айылынын ардагерлеринин тизмеси окулат.
Чегиров Өскөнбай Чегиров Дооронбай Чегиров Шадибек Акыев Сапарбай Чыналиев Ибраим Кайкиев Жоробек Каипов Исмат Каипов Рахмат Алымкулов Кайнар Алымкулов Канай Исабеков Муратбек Исабеков Шамурат Эшкараев Кудайберди |
Ооба ушу аты аталган баатырларыбыз биз үчүн ар дайым тирүү, ар дайым ыйык. Алардын эч кимиси, эч качан унутулбайт. Балдар алардын оюн улап ойлоодо, алардын жолун улап басууда, алардын өмүрүн улап жашоодо!
Ак калпактуу Ала-тоосун, сары май каткан энесин, ак сакалы жайкалган атасын, саргара күткөн жарларын көрбөй кандуу согуштан дагы канча баатырларыбыз кайтпай калды.
Бизге жеңиш алып келген баатырлардын каармандыгы жана туруктуулугу ,алардын эрдиктерине баш ийип курман болгон баатырларга ыраазычылык менен ураан чакырып баш ийип таазим этебиз!
Алып баруучу: Биздин тууга бир гана сөз жазылган
Окуучулар: Жениш! Жениш! Жеңиш!
Алып баруучу: Ата журттун урматы үчүн
Окуучулар: Жениш! Жениш!Жеңиш!
Алып баруучу: Тирүүлордун урматы үчүн
Окуучулар: Жениш! Жениш!Жеңиш!
Алып баруучу: Женишти алып келген баатырларга
Окуучулар: Данк! Данк! Данк!
Каректе жанып турган нурум барда,
Көөдөндө ,көмөкөйдө ырым барда,
Аңтарып сыр жашырган алыскыны,
Кайрылам кайрымы жок кылымдарга
Куттуктоо үчүн сөз : Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мектеп директору Көчкөнбаев Н.А
ОББ Курманалиева А.
Куруп шаңдуу салтанат,
Жеңиш күнүн майрамдап.
Өтсүн бул күн көнүлдүү,
Тандан кечке сайраңдап.-хордун аткаруусунда ыр “Тынчтык керек” 5-класстын аткаруусунда (Кыз-Бурак тобу Тынчтык керек)
Бул күнү согуш талаасында курман болгон ата-бабаларыбызды,тылда эмгектенген энелерибизди,жеңишти алып келген баатырларыбызды эскерип,өчпөс отко гүлчамбарды коёбуз.
Мектеп президенти Талипова Айбийкеге сөз берилет.
Бактылуу жашоонун доорун сүрүп жатабыз,
Мурас кылган бул күндү,эр жүрөк биздин аталарыбыз!-демекчи бүгүн салтанатуу аземди жабык деп жарыялайм.