Тема: Эч ким эч нерсе эч качан унутулбайт.
9-май – ыйык майрам! Ааламды дүр дегизе силкиндирген экинчи дүйнөлүк согуштун касырети менен Улуу Жеништин касиетин, баатыр аталарыбыз менен апаларыбыздын эрдиктерин эч ким, эч качан унутпайт. Жеңиш жеңил эле келе калган жок. Дал ушул күнү да канчалаган азаматтар каза таап, кайгы менен кубанычтын катар келген күнү болгон. Бул маареке ааламды тынчтыкка бөлөгөн бейпилдик менен ынтымак ар дайым бийик турарын, баары бир жеңишке жете тургандыгын далилдеди.
Жетимиш бешинчи ирет Жеңиш туусун желбиреткен күнгө карата салтка айланган саамалык №55 «Достук» мектебибизде салтанаттуу түрдө белгиленди. Элибиздин бейпилдиги үчүн, Мекендин тынчтыгы үчүн курман болгон эр-азаматтарга урмат көрсөтүү, ата-бабаларыбыздын эрдиктерин эске салуу, өсүп келаткан муунду патриоттук сезимге, сыймыктуу өмүр салтына тарбиялоо, адамгерчиликтин баалуулугун сездирүү бул иш-чаранын негизги максаттарынан болду. Кан майданда эрдик менен каза тапкан жоокерлерге, ооруктагы оор жүктү моюндаган ошондогу кары-жаштарга кандай урмат көрсөтсөк да жарашат. Анткени мекенди коргоого аттанган ар бир азамат бүгүнкү жаркын келечек менен ачык асман үчүн өмүрүн арнады.
Иш-чараны уюштурган мектеп администрациясына жана профсоюзуюмунун торайымына ардактуу ардагерлерибиздин кайратман эрдиктеринин натыйжасында гана жеңишке жеткендигибизди эскерип, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Менда коптун катарында мекенди суйуу журогумдун67 торундо жаткандыгын айгинелеп берейин.
“Урматтуу ардагерлерибиз, сиздер менен ар дайым сыймыктанып, сиздердин бекем эркиңиздерге баш ийип таазим кылабыз. Бүгүнкү майрамыңыздар куттуу болсун! Жеңиш жылына 75 жыл толуп, бул бир адамдын тагдырына тете өмүр болуп отурат. Бул мезгил аралыгында бүтүндөй биздин ата-энелерибиз чеккен азап-кайгы арбын эле болду. Мейли согушта, мейли тылда болсун Улуу Жеңишке салым кошкон аталарыбыз, апаларыбызга ыраазычылыгыбызды айтабыз.
Улуу женишти алып келген биздин эр азамат аталарыбызга таазим бекем ден соолук, дөөлөттүү узун өмүр каалайбыз, башыбызды ийип,терең таазим этебиз! -
“Урматтуу согуш жылдарындагы тылдын эмгекчилери, бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Бул деген ушул күнү гана эстеп коюу эмес, ушул тынчтык заманга алып келген тыным билбес түйшүктүү жылдарыңыздардын аркасында биздин муун бүгүнкүдөй бейпил турмуш менен камсыз болуп отурганынын эч качан унутпай, жаштарга жеткирүү негизги милдетибиз болуп саналат!
Кан майдандагы ок менен оттун арасынан аман калып, туулган жерге таманы тийген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары жыл санап азайып баратат..
Анда мен “Жеңиш күнү”, “Катюша” деген ырларды жаңырта ырдап берейин . Ким билет, балким ардагерлердин жан-дүйнөсүн бул ыр бурганактуу дүрбөлөңгө салгандыр, а балким эң жакын адамдарын эске салып, сагынычтын ысык жашына муунткандыр, а балким Жеңишти алып келген сыймыктуу күндөрүнө шүгүр кылып отурушкандыр...
Биз турмушка аталардан кеч келип,
Тээ батышта согуш отун кечпедик.
А аталар, төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди танка алдында тепселип…
Ооба, ушул күнү дилибизде жаңырып турган бул ыр кимдерди ыйлатпады дейсиз?! Денени дүркүрөткөн, жүрөктөн өзөккө өткөн бул саптар - кыйылган өмүрлөргө түбөлүк коюлган гүлдесте-ырдай сезилет.
Урпактарга ураан болчу Улуу Жеңиш улам жыл арылаган сайын жаш муундардын жадында унутулбай түбөлүк сакталууга тийиш!
9-май Улуу Жениш күнү. Мындан 79-жыл мурда СССР элдеринин жалпы биримдиги менен фашисттик Германияны жеңип, Улуу Ата Мекендик согуштун улуу жеңиши орногон.
Бул жеңишти чоң аталарыбыз миңдеген чакырымдар алыста, беш жыл бою фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу согушта, чексиз азаптарды, көптөгөн жоготууларды алтын баштарынан кечирүү менен бизге тартуулашкан. Кыргызстандык жоокерлер жана ооруктун эмгекчилери жалпы совет эли менен бирдикте майданда кан кечип, фронтту ок-дары, жарак-жабдык жана азык-түлүк менен камсыз кылып, согуш азабын чогуу көтөрүштү. Советтик Армиянын катарында 360 миңден ашуун жердешибиз баатырларча салгылашкан. Алардын ысымдары ыйык согуштун даңктуу таржымалында түбөлүккө жазылып калды. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн каармандыгы, баатырдыгы жана эрдиги үчүн 150 миңден ашуун жоокерлер жана командирлер орден, медалдар менен сыйланган. 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери болуп, 73 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наам ыйгарылган.
Бул майрам биз үчүн түбөлүккө даңктуу майрам болуп кала берет. Урпактар үчүн жанын аяшпай, согушта эрдик көрсөтүп келген бардык аталарыбызга түбөлүк даңк! Жалпы Мекендештерди ушул Улуу майрам менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!
Эскергиле
Төрт жыл бою тынчтык шаңы тыйылып
Түрүүлүккө согуш дарты жабышкан
Жапжаш бойдон далай жоокер кыйылып,
Жер астынан түбөлүк жай табышкан
Кара кийип кимдер жашын төкпөдү
Канкор ажал кол салганда өмүргө
Калааларды, талааларды өрттөдү,
Каргашалар колтук ачып өлүмгө.
Баш көтөрбөй, жер кучактап калышты
Бала көрүп, бала көрбөй өлгөндөр.
Элди коргоп эрлер отко жанышты,
Эскергиле ошолорду көргөндөр.