Просмотр содержимого документа
«А. Осмонов. Ачык Сабак»
Сабактын темасы:
Алыкул Осмоновдун ырларынын көркөм дүйнөсү
Сабактын максаты:
- Окуучулар А.Осмоновдун ырларын көркөм окуп, негизги идеясын түшүнүшөт.
- Акындын поэзиясындагы көркөм чеберчиликти далилдүү мисалдар менен түшүнүүгө үйрөнүшөт.
- Алыкулдун ырлары да, өмүрү да жаштар үчүн үлгү экенине ынанышат. Тирүүлүктөн үмүт үзбөгөн оптимисттигинен таасирленишет.
Биринчи жоготуусу
Эң жаш калып, эсте калбай ата-эне, Кайнап бышып, далай кыйын кездерге… Далай таттуу даам жедим колуңдан, Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан. “Начар экен бат оңолсун, бала”- деп, Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан… …Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың, Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин…
Силер менен бирге бүтөт элем го, Кубанычта бирге жүрөт элем го, Педагогдун бири болуп калдым деп Мен ташкындап дагы күлөт элем го Бат эле мен чоң окууга барбасам Жанды берип абдан окуп салбасам. Өмүрүмдүн баары кетсе мейличи, Билимдүүнүн бири болуп калбасам .
Экинчи жоготуусу
Мен сүрдөнбөйм сүрдүү жолборс сүрүнөн,
Мен күймөнбөйм анын күчтүү күүнөн. Мен сүрдөнөм, жаш балача жалтанам Сүйгөн кыздын сүзүлүңкү сүрүнөн… …Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту! Ансыз анан алтын өмүр толукпу? Ошондуктан эң биринчи ак сүйүү Бермет, жакут, каухар кийип жолукту… Кучактадым, өптүм, кыстым боорума, Бул турмушта өлгөнчө бир болууга. Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен Кош деди да, от карматты колума.
Үчүнчү жоготуусу
Экинчиси: андан сулуу, андан жаш, Жалынына жана турган жансыз таш. Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш Мен андыктан: кайра кумар, карма мас… Сүйүү кызык, сүйүү таттуу бир башка Кимдер сүйбөйт дени таза жаш чакта, —
Торуй басып тосуп, чыгып жолумдан, Бурай кармап, майыштырып оңумдан, Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөөрдө Таш боор өлүм тартып кетти колумдан… Күндөр болду ырас, аздым жүдөдүм Эртесинде кайра унутуп күлгөмүн, Бирок чиркин, бөбөк деми күч экен, Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм… Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон, Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон… …Энесиндей эссиз эмес болуучу Атасындай кекчил эмес болуучу…
Төртүнчү жоготуусу
Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам, Курс, курс эткен оор жөтөл үн чыгат… Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан… Деп жалооруп, көңүлүм шондо бир
Түн жарымда мени уйкумдан чочутуп — К – и – м ой бул? Тереземди тырс, тырс урган, Тырс урган? — Учук оору, сен белемсиң? Болду эми жетет, ары кет!
Мен өзүмдү бир кылымдан карасам Тээ алыста чаң ызгыткан шаң чыгат Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан Эрдигине нечен тирүү жан чыгат – дейт оптимист акын.