Ч Айтматовдун 90 жылдыгына карата арналган 8-
класстар арасында өткөрүүгө даярдалган иш чара. Тема: “ Аалам алпы Айтматов”
Максаты: 1. Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуу жана даңазалоо.
2. Окуучулар кыргыз тилин,дилин сүйүүгө жана бири-бирин сыйлоого,
логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүшөт.
3. Ар дайым коомдук иштерге активдүү катышууга,жаратылышты коргоо
жана аяр мамиле жасоого тарбияланышат.
КВН дин программасы:
Саламдашуу жана декломация (Ч.Айтматовду даңазалоо)
Хор
Ч.Айтматовдун чыгармаларына саякат ( чыгармаларынан үзүндүү көрсөтүү)
Викториналык суоолор
Ыр
Тамашоу
Эмблема жана дубал газетаны коргоо
Хор жалпы
Иш чаранын жүрүшү:
“ Аалам алпы Айтматов”аттуу иш чарага 8-класстар арасында команданын атын коюшту 8-А каласс “Ак кеме”деп аташты.
Жасалгаланышы: Команданын атына ылайык дубал газета менен элблема жана каарымандардын кийимдери.
1.Алып баруучу Темирлан: Саламдашууу салтыбыз адатыбыз,
Бакыт менен көкөлөп канатыбыз.
Алик алып коюңуз бул саламды,
Кыргызымдын салты ушул адатыбыз.
Алып баруучу Аймончок:
Салам айтам аска зоонун мөңгүсү болуп,
Салам айтам Ысык-көлдүн буусу болуп.
Салам айтам жамгырдын суусу болуп,
Саламайтам кыргыздын уул кызы болуп.
Аймончок: Саламатсыздарбы урматуу агай-эжэйлер жана окуучулар 8-А класстын окуучулары сиздерге таазим этүү менен Чыңгыз атабыздын 90 жылдык
маарекеси менен куттуктап “ Аалам алпы Айтматов” аттуу тарбиялык кечебизге көңлунүздөрдү бурабыз:
Темирлан: Бүгүнкү кечебиздин максаты Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын даңктоо менен баарыңыздарды жаратылыншка аяр мамиле жасоого чакырабыз.
Кырк миң жыл өтсө дагы
Кыгыздын жазуучусу
Чыңгыз Айтматовду
Ыр менен даңктайбыз
Мая: Кыял жетпес кең ааламдын чегинде,
Ким тең келет айткыла бул генийге.
Не болсо да Айтматовдун таланттын,
Ыраазымын бизге берген теңирге.
Маликадина : Өтүп жатат сизди эскерүү күнүбүз,
Чексиз эле өзүңүзгө сүйүүбүз.
Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып,
Аттиң арман жетпейт сизге үнүбүз.
Асилкан: Ушул жылы 90 жашка толмоксуз,
Жакындардын сый урматында болмоксуз.
Аткарам деп көздөп койгон иштердин,
Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз.
Айдана: Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз,
Дүнгүрүгөн жазуучулук даңкыңыз.
Окуганда сиз жаратккан китепти,
Жүрөк эргип жазылчы эле черибиз.
Тургуналы: Туу чокуну багындырып алдыңыз,
Кыргыз туусун желбиретип салдыңыз.
Кыргыз үчүн абиир атак жаратып,
Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз.
Минайим: Чыңгыз жазган фудзиямада кадыр түн,
Көп кылымды каарытар дейм бул бир түн.
Сары өзөндүн ысык чөлүн кыдырып,
Эне келет ойлору көп миң түркүн.
Нурболот: Ый кошулган Акбаранын көз жашын,
Карап туруп Гүлсараттай сызамын,
Дүйнө жүзүн кыдырып Ак кемеде.
Эрте келген турна болуп учамын.
Бурулкан: Улуу дайра Енесайга кетерде,
Оо дүйнөнүн босогосун кечээрде.
Эң боорукер Бугу-Эненин колунан,
Кыргызымдын тукуму калды өчөрдө.
2.Хор Таласым
Токоюн бойлоп баратсам,
Суктантып көздү караткан.
Алыстан келген адамдар,
Кеткиси да келбейт таластан.
Береке нурун сепкен жер,
Каныкей жанын төккөн жер.
Кан бакай,Кошой баш болуп,
Кабылан Манас өткөн жер.
Ак шумкар сызып учкан жер,
Атагын дүйнө уккан жер.
Чокусу бийик Таластан,
Чолпонбай,Чыңгыз чыккан жер.
3.Ч.Айтматовдун чыгармаларына саякат ( чыгармаларынан үзүндүү көрсөтүү)
Маликадина: Чыңгыз десе эске түшөт,
Тизмектешкен турналардын
Катарлашкан саптары,
Саты кыздын тыпылдаган доошун тыңшап.
Жер эненин керилип бир жатканы.
Тургыналы: Чыңгыз десе эске түшөт,
Каранарды жетелеген,
Эдигейдин элеси.
Зор үмүттүн уюткусу,
Баланын Ак кемеси.
Минайим: Чыңгыз десе эске түшөт,
Долондо калган Ильияздын,
Талкаланган сүйүүсү.
Маңкурт уулун көрүп күйгөн,
Найман эне күйүтү.
Жолборсбек: Чыңгыз десе эске түшөт,
Кишенеген Гүлсарат,
Эң бир сырдуу келбети,
Иңкамал апа айтып берген,
Түбөлүк жай жерлери.
Айдана: Чыңгыз десе эске түшөт,
Дүйшөн агай бала окуткан,
Мектеп турган дөбөсү.
Акбарага уурдалган,
Бостондун жалгыз бөбөгү.
Асылкан: Чыңгыз десе эске түшөт,
Мүйүзүнө бешик илген,
Бугу эненин чуркашы.
Ниети кара Ысмайылдын,
Өз абийирин булгашы.
1. Ак кеме повестинен үзүндү
2. Биринчи мугалим повестинен үзүндү
3. Жамийла повестинен үзүндү
4. Кылым каарытар бир күн повестинен үзүндү
4.Викториналык суроолор
5.Ыр
Аймончок: Ырда жигит ырда кыз,ырдап көнүл ачалы демекчи ыр тартуулайбыз
Ильияздын ыры
Мен көлгө жалгыз келдим байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пай дубалын.
Тагдырым татал жолдо жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Кумдан көп биздин күндөр өткөн –өткөн,
Келермин аман болсом да бир көксөп.
Азыр мен жалгыз учкан ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Сен эзсең кусалыкка сезимимди,
Жаздыгы жалгыз жнлден кабар улай.
Мен жокто сылай жүр деп саамайыңдан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
6.Тамашоу
1.Саманчынын жолу повестинен бир көрунүш.
2.Биринчи мугалим повестинен бир көрунүш.
3.Делбирим повестинен бир көрунүш.
7.Эмблема жана дубал газетаны коргоо
8.Хор жалпы
Аймончок:
Созолонгон керемет үн менен Чыңгыз Айтматов жазган ырын сиздерге тартуулайбыз.
Ысык-Көлдү сагынуу
Кыялымда ак куу болуп ,
\ Учуп жүрөм кө үстүнөн.
Көк асмандын мейкининде,
Балык сымал эркин сүзөм.
Алыс кетсем куса болуп,
Сагынам салкын төрүн.
Алтын көлүм Ысык-Көлүм,
Сагындым мен толкун төрүн.
Бабалардын байыркынын,
Сөзү калдыкөл бетинде.
Балалыгым эстен чыкпайт
Изим калды көл четинде.
Жыйынтыктоо: Урматтуу эжей-агайлар жана окуучулар Чыңгыз Айтматовдун
90 жылдыгына арналган кечебиз аяктады.Баарыңыздарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз КВН ге убактыңыздарды бөлүп көрүп олтурганыңыздар үчүн.