СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Абийринди жашындан сактагын

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Абийринди жашындан сактагын»

АБИЙИРИҢДИ ЖАШЫҢДАН САКТАГЫН, АДАШЫП ЖАМАН ЖОЛГО БАСПАГЫН

Сабактын максаты:

Абийирдин тазалыгы, адамдык сапаттын аруулугу ачылып, окуучуларга коомдогу терс көрүнүштөргө кайдыгер карабоону, алар үчүн күрөшүүнү үйрөнүшөт.

Сабактын жүрүшү:

Музжаргыч

Окуучулар баракка төмөндөгү суроолорго жооп жазышат. Ар бир жооптон кийин кагазды бүктөп бири-бири менен алмаштырып турушат. Аягында күлкүлүү текст келип чыгат.

  1. Ким?

  2. Ким менен?

  3. Качан? Каерде?

  4. Эмне болушту?

б) көркөм тасма көрсөтүлөт.

Анда коомдогу терс көрүнүштөр –уурулук, тилемчилик, жаш кыздардын өз абийирлерин акчага алмаштыруусу, алдамчылык, дегеле адамдын жүрөгүн өйүткөн, ойго салган жагымсыз көрүнүштөр жөнүндө тартылган.в) мугалимдин кириш сөзү.

Урматтуу окуучулар, коомдун, замандын өзгөрүшү адамдын пейилине, жүрүштурушуна, адеп-ахлагына, аруу ыйманына жараша болот эмеспи. Мына ушул бир нукта өтүп жаткан тагдырдын закымындагы көрүнүштөрдү азыркы көркөм тасмадан көрдүңөр. Көкөйкескен бул көрүнүштү акыл таразаңарда калчап, ой жүгүртүп, өз пикириңерди айтып, сөз кошуп көргүлө.г) Концептуалдык суроо.

  1. Жаман жол менен акча таап, жан багууга турмуштук жетишпестик себеп десек болобу?

  2. Уурулук, алдамчылык, тилемчилик, абийирин акчага алмаштыруунун себеби эмне?

д) «Үч бурчтук» методу.

  1. Проблемалуу тема:

Жаман жол менен акча таап, жан багууга турмуштагы жетишпестик себеп десек болобу?

а) Окуучулар жеке пикирин кагазга түшүрүшөт;

б) Окуучулар жуп-жубу менен пикирлешипойлорун толукташат;

  1. Жоопторго жараша үч топко бөлүнүшөт (болот, болбойт, экөөнө тең кошулам).

  2. Пикирлештер топко бөлүнүшүп талкуу жүргүзүшөт.

  3. Үчтоптогу окуучулар өз ойлорун үч түрдүү сыя менен кагазга(ватманга) түшүрүшүп, үч бурчтук формасында жайгашкан столдун үстүнө жабыштырышат.

  4. Окуучулар өз тобу менен башка эки топтун жазгандарын аралап окуп чыгышат. Өз сунуштарын берип, толукташып, суроо коюшуп өздөрүнүн түстүү сыясы менен жазып чыгышат.

  5. Кайрадан өздөрүнүн жазууларын карап чыгышып, толуктоолорду окушуп, түшүнүксүз депкоюлган белги болсо жооп беришет.

  6. Магнитофондон «Нуска сөз» уктурулат.

  7. Өтүлгөнтема боюнча өздөрүнүн ойлорун, сезимин козгогон туйгууларын кагаз бетине түшүрүшөт.

  8. Окуучулар бааланып, мугалимдин жыйынтык сөзү айтылат.