Просмотр содержимого документа
«Ачуу -душман, акыл-дос»
Сабактын темасы: Ачуу душман-акыл дос
Сабактын максаты:
1. Адамдардын ортосундагы айырмачылыктарга сабырдуулук менен мамиле жасоого уйронушот. Озун-озу тарбиялоого багыт алышат.
2. Толеранттуулук дегенге тушунук алышат Толеранттуу болууга умтулуусуна оболго тузулот.
3. Озунун кулк мунозу жонундо ой жугуртууго багыт алып, ачууга алдырбоого уйронуусуно оболго тузулот
Сабактын жабдылышы: Тематикалык плакаттар, суроттор.
Сабактын журушу:
Таанышуу. Конугуу иштоо.
Мугалим: Азыр силер менен конугуу иштейбиз. Ар биринер бирден барак алып «Мен киммин?» деп жазгыла. Андан кийин озунордун турмуштук ролунарды-ким экенинерди жазып чыккыла. Мисалы , окуучу,уул ,кыз, небере. Кандай экенинерди (элпек, жалкоо, боорукер ж.б.), тааныштарга кандай, ал эми бейтааныштарга(улууга,кичууго) кандай мамиле жасаганынарды ж.б.ларды жазсанар болот. Эми класс 4 топко болунуп, ар бир топ ичинде талкуулагандан кийин, иргелип, тастыкталган ролдорду 4окуучу доскага жазышат.
Ролдордун тизмесине кошумчалар киргизилиши мумкун. Мисалы, «кошуна», «тааныш», «жургунчу», «бейтааныш»ж.б. айрым ролдор турмуштун агымы менен озунон озу жоюлуп кетет, айрымдары омур бою сакталып калат.
Тыянак: Эгерде биз бири-бирибизге чыдамдуулук, сабырдуулук,урматточулук, тушунуучулук менен мамиле кылсак, анда бизге турмуштук ролубузду аткаруу алда канча женил болмок.
II. Талкуу учун суроолор:
Эгер бироого ачуулансан эмне кыласын?
Ачуу менен бироону капа кылып, ачуун таркаган сон окунгон учурларынар болгонбу?
“Он колундун ачуусун сол колун менен бас” – деген создун маанисин кандай тушуносунор?.
III. Толеранттуулук деген эмне?
Толеранттуулук деген создун келип чыгыш тарыхына кайрылып королу.
XVIII-XIX кылымдарда Францияда Беневенттик князь Талейран Перигор деген адам жашаптыр. Ал Франциянын бир нече окмотунун тушунда катары менен эч алмаштырылбастан , тышкы иштер министри болуп иштеп туруптур. Талейран ар тараптуу таланттуу адам болгон экен, арийне, баарынан мурда айлана –тегерегиндеги кызматкер адамдардын оюн, маанайын туя билуу менен, урматтап мамиле жасай билген, проблеманы башкалардын таламдарына залалын тийгизбгендей чечуунун жолун таба билген адам болгон экен.Ошол эле учурда оз принцибине бекем туруу менен кырдаалды башкара билчу экен.
Биз кеп кылып жаткан «толеранттуулук» деген тушунуктун мааниси дал мына ошол жон билги саясий ишмер , тарыхый инсан Талейран Перигордун ысмына байланыштуу чечмеленип калыптыр. Ал бизче сабырдуулук деген маанини билдирет.
Эми бул тушунуктун маанисин чечмелеп королу. Адам озунун жашоо турмушунда ар кыл улуттардын, маданияттардын, социалдык катмарлардын окулдору менен баарлашат, алака тузот, ошондуктан ал оз элинин да,башка элдин да маданий баалуулуктарынкадырлап урматтай билууго уйронушу, алакалашуунун жолун таба билиши ото маанилуу болуп саналат. Андан тышкары, инсандык сапат катары толеранттуулук(сабырдуулук) кутулбогон жагдайлардан ийгиликтуу чыгып кетиш учун да зарыл болуп саналат. Сабырдуулук кыла албаган адамдар турмуш тушуктурган озгоруулорго туруштук бере алышпай, чапчандык кылып жиберишет да , башкалар менен алакаларын бузуп алышат же мамиле тузо алышпайт.
1995-жылдын 16-ноябрында ЮНЕСКОнун Парижде откон башкы конференциясында «Толеранттуулук принциптеринин декларациясы» бекитилген. Ошондуктан 16-ноябрь – Эл аралык толеранттуулук куну деп жарыяланган.
Толеранттуулук-башка улуттагы, маданияттагы, диний ишенимдеги жана социалдык чойродогу адамдардын этностордун, социалдык топтордун ортосундагы оз ара чыдамдуулук жана сабырдуулук менен ынтымактуу ымалада болуу учун психологиялык жактан даяр болуучулук жана жигердуу адеп-ахлактык мамиледе болууга умтулуучулук.
Интолеранттуулук – мазмуну боюнча толеранттуулукка карама каршы келген абал.
IV. Кластер тузуу.
Толеранттуулук термининин мазмуну коп кырдуу жана коломдуу экендигин, мааниси терен болоорун томонку кластер тузуу менен корсотолу. «Толеранттуу болуш- бул…» (жооптор доскага илинет).
Тыянак: Демек толеранттуу мамиле- сый урмат менен мамиле кылуу, тушунуучулук, чыдамдуулук менен мамиле кылуу. Интолеранттуу (толеранттуу эмес) мамиле-чыдамсыздык, урматтабагандык, сыйлабагандык, душмандык мамиле.
V. Мугалимдин жыйынтыктоочу созу:
Анткени мен- мен боломун,
А сен болсо-сен болосун.
Жолукканда тушунсок бирибизди бирибиз,
Кандай сонун шай келгени дилибиз!
Элибизде айткандай “Ачуу-душман, акыл-дос”. Ачуулануу менен эч бир ишти туура бутурууго болбойт. Канчалык ачуун келсе да, озунду токтотконго аракет кылуу керек. Ачууга алдыруу менен аткарылган иш кобунчо озунорго да, башкаларга да зыян келтирет.