СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык саатка иштелме

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ачык саат 9-класс.

Просмотр содержимого документа
«Ачык саатка иштелме»

Өзгөн шаарындагы Курманжан датка атындагы №8 орто мектеби





Ачык саат.

Тема: Мейкиндиктеги телолордун беттеринин аянттары.



9-класс





Мугалим: Кыдырбекова Гулай.





Сабактын темасы:Мейкиндиктеги телолордун беттеринин аянттары.

Сабактын максаттары:

Сабактын максаттары:

Күтүлүүчү натыйжалар.Көрсөткүчтөрү:

1.Мейкиндиктеги телолордун беттеринин аянттарын таба алышат жана формуласын билишет. Өтүлгөндөрдү кайталап, алган билимдерин бекемдейт.


2. Формулаларды билүү менен турмушунда колдоно алат.Фигураларды элестетип ,ой жүгүртүүсү өсөт.


3. Өз ойлорун эркин айта билүүгө көнүгөт.Ошону менен бирге өз алдынча жупта ,топто ынтымак менен ыкчам иштей алат.



1.Мейкиндиктеги телолордун беттеринин аянттарын таба алышса.жана формуласын билишсе.Өтүлгөндөрдү кайталап айтып бере алса.


2.Формулаларды билип турмушунда колдоно алса.Фигураларды элестетип,ой жүгүртө алса.



3.Өз ойлорун эркин айта билүүгө конүксө.Ошону менен бирге өз алдынча , жупта топто ынтымак менен ыкчам иштей алса.


Негизги компетенттүүлук: Предметтик компетенттүүлүктөр:


1.Маалыматтык комп(НК1) 1.________(ПК 1)


2.Социалдык коммуникативдик комп (НК 2) 2.________(ПК 2)


3. “Өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү(НК3) 3.________ (ПК3)


4.________ (ПК 4)

Сабактын тиби:Аралаш.

Сабактын усулу:Интерактивдуу,проблемалык изденүү.

Сабактын жабдылышы:ватман, маркер,көрсөтмө куралдар,проектор,карточкалар ж.б

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу

2.Логикалык суроо

3.Теманы табуу учун окуучуларга суроолор.

4.Сабактын максаты окулат.

5.Топторго бөлүп,топтордун атын чүчүкүлак аркылуу аныктоо.(конус,цилиндр,призма,пирамида,шар.)

6.Ар бир топ өзүнүн атын коргоосу.Аныктамасы чиймеси жана башкаларын баяндап беришет.

7.Телолордун аянттарынын формуласын аныктоо.

8.Мисал иштөө

9.Физминутка

10.Бышыктоо

11.Үй тапшырма

12. Баалоо.

Мугалимдин иш аракети:

Окуучунун иш аракети

Комп.к


1.Саламдашат

2.Жагымдуу маанай тартуулайт.

3.Анда эмесе силердин оюнарды бир жерге буруу максатында бир логикалык суроо берейин.

  • Асел бир күндө 10 алма же 2 мандарин жейт.Асел бул жумада 4 мандарин жесе .Канча алма жеш керек.

  • Азаматсынар балдар!

  • Анда биз турмушта колдонуп жургөн каробкалар,ак калпак,шөкүлө,челек өзүнор жакшы көрүп ойноп жүргөн топ ушуларды математикалык фигураларга окшоштурсак болобу.Кайсы фигураларга окшойт.Алар мейкиндикте жатабы же тегиздиктеби?Мына ошол каробканы алып карасак ага канча картон кагазы кеткендигин кантип билебиз?Анда бугун биз эмнени уйронот экенбиз?

  • Туура айтасынар балдар .Анда биз бүгүнкү өтө турган темабыз эмне экен.

  • Мейкиндиктеги телолордун аянттары.



1.Саламдашат

2.Жагымдуу маанайда сабакка коңүл бурушат.





-20алма,30,...



50алма жеш керек себеби...



Окуучулардын ойлору:каробканы призмага ,шокүлонү конуска ,челекти кесилген конуска,ал эми трубаларды цилиндрга окшоштурсак болот.Топ болсо сфера же шарды элестетүүгө болот.

Алар мейкиндикте жатышат.Аларга канча материал кеткендигин билүү үчүн алардын бардык беттеринин аянттарын табуу керек.


Цилиндр,Конустардын аянттарын табуу.Окуучулар оздорү теманы табышат.

Мугалим жыйынтыктайт.





4. Максаттар жана корсоткүчтөр окулат да мейкиндиктеги телолордун баарын атап өтүшөт.

  • 1.Тик призма(куб,параллелепипед)

  • 2.Пирамида

  • 3.Цилиндр

  • 4.Конус.

  • 5.Шар(сфера)

5.Классты ушул фигуралар бча 5 топко бөлүп алабыз.Ар бир топко ватман ,маркерлер берилет .Топтор өздөрүнүн фигуралары бча бардык маалыматтарды атап айтып өтүшөт.Аныктамасынан баштап турмушта эмнелерге колдоноорун жана башка.Кошумча үчүн топтордун атындай фигуралар берилет.

Эгерде кандайдыр жалпак фигураны анын тегиздикте жаткан Л огунун айланасында айландырсак,анда мейкиндикте айлануу телосу пайда болот.Айлануу телолоруна Цилиндр,конус, шар кирет.Ал эми тик призма,Пирамида ,кубтар мейкиндиктеги көп грандыктар болуп эсептелет.

6.Топтор атын коргошот.

1 .Тик призма





Негиздери деп аталуучу эки граны барабар коп бурчтуктар жана алардын тиешелуу жактары паралелль,ал эми калган грандары тик бурчтуктар болушкан коп грандык тик призма деп аталат.Каптал кырлары анын негиздери болуп эсептелет.

2.Пирамида

Бир граны кандайдыр коп бурчтук ,ал эми калган грандары жалпы чокулуу үч бурчтуктар болгон коп грандык пирамида деп аталат.Көп бурчтук пирамиданын негизи деп аталат.Негиздери туура уч бурчтук ,туура төрт бурчтук болот.Каптал гранына түшүрүлгөн бийиктиги апофемасы деп аталат.

3.Цилиндр

Тик бурчтукту анын бир жагыны айланасында айландыруудан пайда болгон тело тик цилиндр деп аталат. Цилиндрдин түзүүчүсү,бийиктиги бар жана пареллель тегеректери негиздери деп аталат.

4.Конус

Тик бурчтуу уч бурчтукту анын бир катетинин айланасында айландыруудан пайда болгон тело конус деп аталат.

Тик бурчтуу трапецияны анын бир жагынын айланасында айландыруудан пайда болгон тело кесилген конус деп аталат.

5.Шар.

Жарым тегеректи анын диаметринин айланасында айландыруудан пайда болгон тело шар деп аталат.Шарды чектеп турган бет сфера деп аталат.

7.Аянттарды табууну үйрөнүү.

Ар бир фигурага бирден токтолуп өтөбүз.

1.Тик призманын бетинин аянты. Sк.б=P*h Каптал бетинин аянты.

P- Негизинин периметри. h-бийиктиги. Sт.б= Sк.б+2Sн Толук бетинин аянты.

2.Пирамиданын бетинин аянты.

Каптал бетинин аянты Sк.б=1/2*P*l P-негизинин периметри. l-апофемасы.(Чокусунан негизине түшүрүлгөн бийиктик.)

Толук бетинин аянты Sт.б= Sк.б+Sн .

Кесилген пирамиданын аянтын табуу учун :кесилген пирамиданын каптал грандары тең капталдуу трапеция болушат.Анда трапециянын аянты a+b/2*l

Sк.б= ( P1+ P2)/2 *l P-периметрлери. l-апофемасы. Каптал бетинин аянты.

Ал эми толук бетинин аянты . Sт.б= Sк.б+ S+S

3.Цилиндрдин бетинин аянты.Каптал бетинин аянты. Sц.к.б. =2 *R*h

Ал эми толук бетинин аянты.Sц.т.б.=2 *R(h+R)

4.Конустун бетинин аянты. Каптал бетинин аянты. Sк.б.= R*l

Толук бетинин аянты .SТ.б.= *R*l+πR2

Кесилген конустун каптал бетинин аянты. Sк.к.к.б.= π(R+r)l

Кесилген конустун толук бетинин аянты. Sк.к.т.б.= π(R+r)l + πR2+πr2

5.Шардын бетинин аянты. Sб.а=4πR2 формуласы аркылуу табылат.

8.Мисал иштөө.

1.Кубдун кыры 5дм болсо,бетинин аянтын тапкыла.

2.Туура төрт бурчтуу пирамиданын негизинин жагы 12см,каптал кыры10см.Пирамиданын бетинин аянтын тапкыла.

3.Цилиндрдин радиусу 12дм,бийиктиги 25дм,бетинин аянтын эсептегиле.

4.Конустун түзүүчүсү 16см, негизинин радиусу 4см болсо конустун бетинин аянтын тапкыла.

5.Топтун радиусу 8см болсо бетинин аянтын эсептегиле.

9.Физминутка

Окуучулар ордуларынан туруп физарядка жасашат.Ал графиктер бча аткарылат.Мисалы парабола,гипербола,түз сызык жана башка .Мугалим тарабынан көрсөтүлүп берилет.

10.Бышыктоо. Карточкаларда жазылган сөздөр, формулалар кайсы фигурага тиешелүү болсо ошого салышат.Фигуралар доскада атайын чөнтөгү менен кошо илинип турат.

1.Тик бурчтуу үч бурчтукту айландыруудан пайда болгон фигура.

2. Sб.а=4πR2 кайсы телого тиешелүү.

3.Көп грандык.

4.Айлануу телосу.

5.Апофема

6. Sк.б.= R*l кайсыл фигурага тиешелүү.

7. 6а2

8. Sк.б=P*h эмненин формуласы.

9.Каптал грандары үч бурчтуктар.

10.Эки негизи бири-бирине барабар эмес.

11.Үй тапшырма. №10,№13,№15 мисал иштөө.

12.Баалоо.Окуучулардын билимине карап салыштырып баалоо.