Өтүлгөн темалар боюнча кайталоо
1. Сыдык Карачев ким? 2. Качан, кайсы жерде төрөлгөн? 3. Кимдер менен аскердик машыгуудан өткөн? 4. Кластер түзүү. 5. Кайсы чыгармасын билесиңер? 6. “Эрксиз күндөрдө” чыгармасынын каармандары кимдер? 7. Чыгарма эмне себептен “Эрксиз күндөрдө” деп аталып калаган? 8. Повесть дегенде эмнени түшүнөбүз?
С. Карачевдин чыгармалары
Сыдык Карачев ЭРКСИЗ КҮНДӨРДӨ Ачык аяз, күзгү түн... I Учу-кыйыры билинбеген, жайылган жазык теңизинин кучагында жаркырап-жайнап ай мелтирейт. Табиятты күмүш нурга чомдуруп, акырын, салмак менен кулачын жайып, жалтырап кетип бара жатат. Ай нурунун жерге себилген жанга жагымдуу, көзгө көрүктүү сүттөй аппак шооласы менен жымжырттык ичине көмүлгөн жер жүзү жашырын, терең бир сыр ичинде термелип, көргөн бир жандын көңүлүн кытыгы-лап, боюн балжытып, черин таркатып, өчпөс-түгөнбөс шаттык, кубаныч туудурат. Суулар, талаалар, токойлор айдын ажаардуу нуру астында тынччылык, сырдуу, шыйкырдуу муңга оролуп шир-ин, таттуу уйкуга берилген. Күз мезгилинин көңүлсүз боштугу, ич күйдүргөн кө- рүнүштөрү түнкү айылдын жарыгы менен аралашып, жер жүзүн башка бир түс, башка бир ыраңга киргизген. Тегеректин баары жымжырт... «шырп» эткен добуш жок. Ыраакта баштары көк тиреген типтик зоолуу бийик капчыгайлуу тоолор элес-булас көрүнүп, туманданып калкып турушат. Тептегиз жайылып, кулачын керип мемиреп, мелтире-ген күзгү көл көйкөлүп, кара көк тартып жатат. Кечеки конур салкын сыдырымдын эркелеген зпкини менен ча-чылРан берметтей болуп кооздолуп, айдын күмүштөй аппак нурлары астында жоош жумшак термелип жатат. Сыдырым менен теңселип, көйкөлгөн көлдүн тентек толкуңдары жар четине келип кагылып, кечки саламын
Сабактын темасы: “ Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга!” (Касым Тыныстановдун өмүрү, чыгармачылыгы).
Сабактын максаты:
А) билим берүүчүлүк
Б) өнүктүрүүчүлүк
Окуучулар Касым Тыныстановдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча маалымат алышат. Тема боюнча билгендерин эркин айтып беришет. Таратмаларга, суроолорго жооп беришет. Теманын үстүнөн чыгармачылык менен иштешет.
В) тарбия берүүчүлүк
Түшүнүгүн айтып берүү менен сөз байлыгы, сүйлөө маданияттуулугу, элестетүүсү, ой жүгүртүүсү, эске сактоосу жана кыргыз адабиятына болгон кызыгуусу калыптанат.
Патриоттуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө, кыргыз адабиятын сыйлоого, адептүүлүккө жана ынтымактуулукка тарбияланышат.
Күтүлүүчү натыйжа:
Сабак максатына жетет, эгерде:
Сабак максатына жетет, эгерде:
Окуучулар Касым Тыныстановдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча маалымат алышса. Тема боюнча билгендерин эркин айтып беришсе. Таратмаларга, суроолорго жооп беришсе. Теманын үстүнөн чыгармачылык менен иштешсе.
Сабак максатына жетет, эгерде:
Түшүнүгүн айтып берүү менен сөз байлыгы, сүйлөө маданияттуулугу, элестетүүсү, ой жүгүртүүсү, эске сактоосу жана кыргыз адабиятына болгон кызыгуусу калыптанас.
Патриоттуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө, кыргыз адабиятын сыйлоого, адептүүлүккө жана ынтымактуулукка тарбияланышса.
Сабактын тиби: Интерактивдүү усул Сабактын жабдылышы: слайд шоу, карточкалар, сүроттөр. Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу (жагымдуу жагдай) Тапшырма суроо,жаңы тема.
Тыныстанов Касым Ал, Кыргызстандын Ысык-Көл өрөөнүндөгү Чырпыкты кыштагында туулган. Ата-энеси жонундо маалымат жок. ал (1909-1916) мусулман жана орус-жергиликтүү калк мектебинде окуган. 1916-жылы улуттук көтөрүлүштөн кийинки Улуу Үркүн маалында Кытайга качып кеткен. Ал жакта кандай жашаандыгы тууралуу так маалыматтар жок,3 жылдан кийин кайра оз мекенине кайтып келген. 1919-1924-жылдары Ташкенде Казак-кыргыз агартуу институтунда таалим алган. Студент кезинде эле кыргыз тилинде "Окуу китеп" (1924) жазган. 1925-жылы "Эркин-Тоо" гезитинин редактору болгон. 1926-1937-жылдардагы эмгектери менен кыргыз тил илиминин илимий пайдубалын курган. 1936-жылы кыргыздын ичинен алгачкы болуп профессор наамын алган. Тыныстанов 1937-жылы жазыксыз жерден камакка алынып, 1938-жылы атылган. 1958- жана 1988-жылдары эки жолу акталган, бирок Советтер Биримдиги кулаганга чейин анын чыгармалары кайра жарыяланган эмес. Тыныстанов дун ысымы Каракол шаарында 1992-жылы педагогикалык институттан кайра университет болуп түзүлгөн Ысык-Көл мамлекеттик университети не ыйгарылган.
Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып,кыргыз тилинде тунгуч окуу китептерин(“Окуу китеби”,1924;”Чоңдор үчүн алиппе”,1926),кыргыз тилинин тунгуч грамматика сын(“Биздин тил”,1927;1927-жылы латын графика сында”Эне тилибиз” деген окуу китебин жазган. ”Кыргыз тилинин [[]]морфологиясы”,1934;”Кыргыз тилинин синтаксис и”,1936) тил илими боюнча кыргызча терминология ны түзгөн. 1925-жылы Москвадан “Касымдын ырлары” деген ат менен ырлар жыйнагы жарык көрөт. Ал “Интернационалды”, И.Крыловдун тамсилдерин которгон. Анын “Академиялык кечелер” пьесасына, айрым эмгектерине курулай доомат коюлуп, бай-манапчыл, буржуазиячыл, улутчул деп ак жеринен күнөөлөнгөн.
Бышыктоо: Кластер түзүү Окуучулар бири-бирин баалашат. Үйгө тапшырма: “Күйөмүн” деген ырын жаттоо. Баалоо: Топтогон таркатмаларына карап, топ боюнча бааланышат.
Касым Тыныстанов