Предметтин аты: Адабий окуу.
Өтүлгөн күнү:_______________
Классы: 4-а класс
Сабактын темасы: Баарынан эмне таттуу ?
Бөлүмү: Менин дуйном
| Сабактын максаты: | Көрсөткүчтөр: |
| 1.Билим берүүчүлүк: «Мээнетиң катуу болсо,тапканың таттуу болот» деген макал бекеринен айтылбаганын,ошондуктан дүйнөдөгү эң таттуу нерсени эмгек гана жаратарын, эмгек менен тапканың дайым таттуу болору тууралуу түшүнүшөт. | • чыгарманын мазмунун түшүнсө; чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса;эмгек менен тапканыңдын баалуулугун түшүнсө; чыгарманы талдай алса; өзоюн далилдүү айта алса; |
| 2.Онуктуруучулук:өз оюн далилдүү айта билүүгө машыгат. Сынчыл ой жүгүртө алат. Алган билимин чыгармачылык менен практикада колдоно алат. | • текст менен иштөөдө чыгармадан Арстанга айткан абышканын сөзүн таап,көркөм окуп, маанисин түшүнүп, чечмелеп берсе; топтук ишти аткарууда бирин-бири сыйлап, уга билсе; |
| 3.Тарбия берүүчүлүк:Окуучулар акылдуу, намыскөй, эр жүрөк болууга тарбияланышат. | чыгарманын мазмунуна жараша мээнеткечтикке,’мгекчилдикке тарбияланышса; • бөлүктөргө тема коё алса. |
Сабактын тиби:Интерактивдуу
Колдонулган ыкма: тыным жасап окуу, топто иштөө, чаташкан логикалык чынжырлар.
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, сүрөттөр ,маркер,аудио уктуруу,слайд,маркер ,ватман,баалоочу каражаттар ж.б.
Сабактын жүрүшү:
| Сабактын этабы | Убакыт | Мугалимдин иш-аракети | Окуучунун иш-аракети | |
| 1-этап Шыктан- дыруу | 3 | Окуучулардын сабакка даярдыгына көз салат. Жагымдуу маанай түзөт. | Сабакка даярданышат. Балдар К.Урманбетовдун «Жылмаюу»-ырын ырдашат. | К3 |
| 2-этап Үй тапшырма-сын суроо | | Өтүлгөн сабакта эмнелерди үйрөндүңөр? Үйгө тапшырма эмне берилди? «Кашка»ангемеси. Тушунукторун кезектеше суроо. 1.Бышыктоо. Күчүктөрдү уурдаган адамдар менен Кашкага мүноздөмө бер. | Каармандар | Мүнөздөмө | | Күчүктөрдү уурдаган адамдар | | | Кашка | | | Суроого жооп беришет. Чыгарманын картасын жазып келгендерин окуп беришет. Окуучулар айтып беришет | К3 |
| Жаны темага оболго тузуу Жаны тема Эс алуу муноту Сабакты бышыктоо Уй тапшырма | | Уй тапшырманы баалайт. Топторго болуу Адамдагы он сапаттарды атап бергиле? Божомолдоо аркылуу бугунку теманы табабыз. Балдар силер кандай таттууларды билесинер? Силер билген таттуулардын дагы таттуусу эмне экенин билгинер келеби? Баарынан эмне таттуу?-ангемеси. Сабактын максаты жана көрксөткүчтөр менен тааныштыруу. Бугун дуйнодо баарынан эмне таттуу экени жонундо тушунук алабыз. Текстти 2 болукко болуп алалы. 1-болукту «Аюунун келиши» Мугалим суроо берүү менен талкууну улантат. 1. Арстанды аарылардын чагышынын себеби эмнеде деп ойлойсуңар? 2. Арстанга айткан абышканын сөзүн чечмелегиле. 3. «Эмгек менен тапканың таттуу» дегенди силер кандай түшүндүңөр? - Балдар, силер эмгекчил адам эч убакта ачка калбасын билет экенсиңер. Эми бүгүн биз ойлонуп, изденип көрөлү. Бардыгынан эмне таттуу экендиги тууралуу жомокту окуйбуз. Көңүл бөлүп уккула. (Жомокту улам тыным жасап, талкуу уюш-туруу менен улантып окуп отурушат Суроолор жана тапшырмалар: 1. Арстан жаныбарларды эмнеге чогултту? 2. Эмне үчүн жаныбарлардын алып келгендеринин бири да жакпады? 3. Окуя мындан ары кандай уланар экен? 2-болук «Эмгек менен тапканын баарынан таттуу» Мугалим суроо берүү менен талкууну улантат. 1. Арстанды аарылардын чагышынын себеби эмнеде деп ойлойсуңар? 2. Арстанга айткан абышканын сөзүн чечмелегиле. 3. «Эмгек менен тапканың таттуу» дегенди силер кандай түшүндүңөр? Ролдоштуруп окутуу «Окуу керемет»-ыры. Арстан-деген созго синвейн тузуу. 1.Зат атооч.Эмне? 2.Сын атооч.Кандай? 2соз 3.Этиш.Эмне кылат?Эмне болду?Эмне кылды? 4.Суйлом.4 создон турат. 5.Синоним.Айтылышы ар башка,мааниси бирдей соз.1 соз. Жанылмачта калтырылган сөздөрдү туура жаз жана жанылбай айтканга машыккыла. Биздин үйдө аары бар, Барбагыла ______________ Барсанар эгер_______________ Чагып алат _____________ Чагып алса аарылар, Бакыргыла ____________. 1. Чыгарманы окуп түшүнгөнүңөрдү айтып берүүгө машыккыла. 2. Макалдардын маанисин текстке карата чечмелегиле. • Эмгек - ар кандай дарттын дабаасы. • Эмгектен өткөн ырыс жок. Адамга пайда келтирген учурда гана жумуш көңүлдүү болот. | .Таблицаны толтурушат. 1 топ Акылдуу 2-топ Ыймандуу 3-топ Адептуу 4-топ Боорукер Балдар жооп беришет | К4 |
| .Купуя окуу кондуму. Жооп беришет. Купуя окуу кондуму Экинчи болукту окушат. Ролдоштуруп окушат. Ырды ырдашат. 1.Арстан 2.Айбаттуу,каардуу. 3.Курулдоду,жеди,чогултту. 4.Арстан токойдогу кучтуу жаныбар. 5.Токой падышасы. Аарылар,баарынар,аарылар Уй тапшырманы белгилешет. |
| Баалоо | | Топторду баалоо. Жекече баалоо. | | |
1-бөлүк. Аюунун келиши
Арстан падыша болуп турганда жан-жаныбарларлардын баары чогулду.
- Таттуудан таттуу не таттуу? Мына ушуну билип келгиле. Таппасаңар
башыңарды алам! - деп буйрук кылат.
Жан-жаныбарлар туш-тушка чабагандап жөнөшөт. Арадан алты күн өтүп,
кайрадан чогулушат. Ар ким ар нерсени таттуу деп чыгат. Арстанга бири да жак-
пай коёт.
- Бу дүйнөдө тооктун этинен таттуу эч нерсе жок. Мына, сизге атайын арнап
алып келдим, - деп түлкү жойпуланып, баштыгынан үч-төрт балапанды алып чы-
гат. Арстан ооз тийип, аны да жактырбайт.
- Коңуздан таттуу эч нерсе жок, - дейт кашкулак.
- Коңуз-поңузуң менен көзүмө көрүнбөй жоголгун! - деп Арстан кашкулакты
кууп жиберет.
-Таттуудан таттуу таба албай эмне кылып жүрөсүңөр!? Баарыңардын
башыңарды аламын! - деп жер-сууну бузуп бакырып-өкүрөт.
Жан-жаныбарлардын айласы куруп турганда андан-мындан бир аттап, жону-
на бирдеме көтөргөн аюу келип калат. Айласы кетип турган жаныбарлар «эми
ылаажы табылаар бекен» дешип, жарыла жол беришет.
Суроолор жана тапшырмалар:
1. Арстан жан-жаныбарларды эмнеге чогултту?
2. Эмне үчүн жаныбарлардын алып келгендеринин бири да жакпады?
3. Окуя мындан ары кандай уланар экен?
2-бөлүк. Эмгек менен тапканың баарынан таттуу
- Мына ушунун баары толтура таттуу, - деп аюу көтөрүп келген челегин Ар-
стандын алдына таштайт.
- Мунуң эмне? - дейт Арстан күрүлдөп. - Же сен да мени алдагың келип жа-
табы?
- Бул челектин ичиндеги нерсе «бал» деген болот. Балды жеген да арманда,
жебеген да арманда, - деп аюунун шилекейи агып, челектин капкагын ачып жи-
берди.
Арстан балдан бир сугунуп алып, тамшанып туруп калат.
- Опей, мунуң аябай таттуу экен. Бул дүйнөдө балдан ширин эч нерсе жок тур-
байбы, - деп карс-карс күлүп, балдан дагы алып жейин деп эңкейгенде, челектин
ичинен аарылар ызылдашып келип, Арстандын башы-көзүнөн тамтык калтырбай
чагып киришет. Анан ары жакта турган аюу, карышкыр, түлкүнү куушат. Жаныбар-
лар качып-житип, араң кутулушат.
Арстандын башы-көзүнөн тамтык жок, ордунан туралбай онтоп жатса, жаны-
нан атчан бир абышка өтүп бараткан экен. Арстан абышкага болгон окуяны айтып
берет. Абышка тигинин сөзүн калтырбай угуп олтуруп:
- Аарынын балы таттуу болуп, уусунун ачуу болушу - ошол балды чогултууда
көргөн мээнетинен. Мээнет менен табылган нерсени ач көздөрдөн коргогондо ар
ким жан-алы калбай күрөшөт. Ошондуктан, дүйнөдөгү эң таттуу нерсе - эмгек. «Эм-
гек менен тапканың дайым таттуу болот» деген акылман кеп ошондон калган, - дейт.