СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак. Китеп окуу жумалыгына карата откорулгон иш -чара.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Интернет заманында балдарды китеп окууга чакыруу.

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак. Китеп окуу жумалыгына карата откорулгон иш -чара.»

Бекитемин Окуу бөлүм башчысы__________________Оруналиева Зейрегул

Китеп окуу жумалыгына иш чара

Темасы: Интернет заманында китеп окууга убакыт табабыз.

Катышуучулар: мугалимдер, окуучулар, ата-энелер.

Иш чаранын жүрүшү: Арыбаныздар урматтуу эже агайлар, окуучулар жана ата-энелер сиздерди дал ушул куну көрүп жатканыма абдан кубанычтамын. Кыргыз Республикасынын маданият министри тарабынан 5-12-декабрьга чейин «Китепкөй Кыргызстан» деген аталышта китеп жумалыгы жарыяланган.

Ушул жарыяланган жумалыктын натыйжасында сиз жана биздин башыбыз биригип ,баарыбыз бир максатты көздөгөн жакшы бир жышаан болуп жатат деп ойлойм. Урматтуу замандаштар балдарды илим жолуна таптайлы, карангылыкты качыралы жакшы ойлор жакшы пикирлер жана жаны идеялар менен ачылалы жан дүйнөбүздү азыктандырып чон чон максаттарды коелу жана ошолорго жеткенге араке кылып, талпыналы.

Башка нерсеге убакыт тапкан жаштар негедир китеп окууга убакыт таппай жатат. Айрымдар ачык эле «китеп окуунун эмне пайдасы бар?» деши мумкун. Психологдордун айтымында интернеттеги керектүү да керексиз да маалыматтар биздин алтындай убактыбызда алып, китеп суйуучулордун санын азайтууда. Көркөм сөз өнөрү кыргызда өзгөчө өнүккөн муну албетте «Манас» эпосу далилдейт же болбосо Чынгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыз деген элдин бар экенин тандырбайт.

Азыркы учурда ар кыл муундун адамдары смартфондоруна үнүлүп карап өзүнүн кичинекей дүйнөлөрү менен алек. Китеп колтуктап же китепке үнүлгөндөр азайуда.

Китеп окуунун пайдалуу жактары

Тан калычтуу, бирок факт

Изилдөөлөргө таянсак, китепкөйлүк көп оруунун алдын алууга жардам берет.

Эн негизгиси, мээ орууларынан коргойт. Мээнин активдүүлүгү өсүп, ооруларга туруштук бере алат. Ошондой эле китепкөй адам өзүнө ишенген шар адам болот.







Стресстен арылтат

Китеп окуу стресстен арылтаарына ишенип коюнуз. 2016-жылы Кембридж университетинин лимпоздору кыжалат болуп жаткан 6 адамга 6 мүнөт китеп окутуп, тажрыйба жасап көрүшкөн. Китеп адамды кыжаалат ойдон кутултуп, эс алдыртат.

Түйнө таанымды өзгөртөт

Китептеги окуялар ак караны ажыратып, турмуштагы акыйкаттыкты, сүйүүнү баалоого, кыянаттыкка жана башка турмушубузда кезиге турган терс факторлордун баарына туруштук берүүгө, күчтүү болууга жардам берет. Ички дүйнөнүн, руханий байлыктын өнүгүшүнө түрткү болот.

Китеп окуу көрүүнү начарлатпайт

Офтальмологдордун айтуусу боюнча көп окуган эмес туура эмес жагдайда окуу көрүүнү начарлатат. Мисалы карангы бөлмөдө жатып алып же шам чырак менен окуу.

Креатив ойлордун жаралышына жардам берет

Идеяга бай адамдар көп ойлорду китептен алышат. Мисалы атактуу Стив Жобс бош убактысынын көбүн көркөм чыгарма окууга бөлчү экен. Балким, китеп окусаныз сиз дагы дүйнөдө ийгилик жаратасыз.

Сөз байлыгын кенейтет

Китепти көп окуган адам менен окубаган адамдын сүйлөө речин байкасаныз болот. Китеп окуу ораторлукка алып келбесе дагы керек жерден оюнузду кенен, түшүнүктүү терен чагылдырганга жардам берет. Албетте жана дагы эс тутумду жакшыртат, китептеги миндеген персонаждардын кыймыл-аракети, кийиминин майдалап сүрөттөлүшү эс тутумунуздун жакшы болушуна шарт түзөт.

Урматтуу эже агайлар, окуучулар жана ата энелер сиздерге «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» деген китеп окууга берилди келиниздер талкуулайлы.

Бул китеп сиздерге кандай сезимдерди калтырды?

Эмнеси менен көнүлүнүздөрдү бурду?

Суроо-жооп, талкуу, окуучуларга китептин негизинде «Акыл таймаш» уюштурулмакчы.

Иш чаранын жүрүшүндө Финляндия тууралуу кызыктуу видеороликтер көрсөтүлөт.Женүүчүлөр белектер менен сыйланат жана баардык катышуучулардан Online Test Алынат.



Китеп жөнүндө кыскача маалымат.

«Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» -орус коомдук ишмери жана диний кызматкер Григорий Спиридинович Петровдун жазган китеби(1866-1925) Финляндия жөнүндө жазылган китеп. Китеп Финляндия өлкөсүн идеалдуу өлкө катары сүрөттөп, аны Орусия жана башка өлкөлөргө үлгү болоорун сунуштагандай жазылган. Китеп 2013-жылы кыргыз тилине которулган.