Просмотр содержимого документа
«Адабий-музыкалык кеченин сценарийи»
«Ыйманга жол издеген адабият» аттуу адабий-музыкалык кеченин сценарийи
Видео-ролик «Адабият ааламын аралайбыз...»
«Менин жүрөгүмө таасир берген чыгарма...» эссе конкурсу (бир барактан турган, кыска, нуска, маанилүү, көркөмдүгү мыкты эссе жазып кеченин аягына чейин тапшыруу зарыл)
Көркөм окуу. Ийрим мүчөлөрү
Адабий сценка «Атанын тагдыры» Б.Жакиев
«Кыргыз акындарын ырларынан, сүрөтүнөн тааныйбыз» конкурс
Обондуу ыр. Попури
Адабий сценка «Эрте келген турналар»
Адабий викторина «Дүйнөлүк адабият алптары»
Обондуу ыр. Досмир
Жыйынтык
Попури – «Мөлмөлүм», «Гөзал кыз», «Алымкан», «Аккан суу»
«Ыйманга жол баштаган адабият...»
И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин адабий-чыгармачылык багытындагы
«Башат» жана «Манас таануу» ийримдеринин жыйынтыгы
Литература — это руководство человеческого разума человеческим родом.
Виктор Мари Гюго
Литература рождается из глубины народной души.
Адам Мицкевич
Литература - это искусство самовыражения с помощью слов.
..Литература... обязана быть верной народу, обязана страстно и ревностно ратовать за его прогресс, благоденствие и счастье.
Көркөм чыгармалар окуучулардын дилинде...
11-Б класс
Алыкул Осмонов «Ата Журт»
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Байдылда Сарногоев
Ал мени итсиң деди.
— Итмин — дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып
Мен анын ит экенин билип туруп.
Ал мени эшек деди,
— Ооба — дедим.
Болбосо шылдыңдоого жетет тилим...
Не кылам ажылдашып, кажылдашып
Мен анын билип туруп эшектигин.
СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ. АЛАКАН
Балам мына төшөгүнөн турду бат,
Моюнумдан кучактады булдурап.
Алаканын өптүм дагы баламдын,
Те согушту эстеп турдум тунжурап.
...Самак эле ынак досум сырдашкан,
Укмуш болчу күлкү менен ыр жактан.
Ызылдаган октор тына калганда
Ыр, күлкүгө бизди бөлөп жыргаткан.
Адилет Замирбек уулу
Сүйүнбай Эралиев
ЖҮЗ ЖЫЛДАР МЫНДАН КИЙИН ДА
Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.
Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай.
Үшүнтүп жерге жаз келип,
Үшүнтүп чыгат ушул ай.
Жүз жылдар мындан кийин да
Дарактар желге ыргала
Шуудурап турат үшүнтүп…
Биз жокпуз аттиң бир гана.