СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабият теориясынан. Адабий жомок жөнүндө түшүнүк.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Автордук сабак.

Просмотр содержимого документа
«Адабият теориясынан. Адабий жомок жөнүндө түшүнүк.»

Б ишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы

68 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими,

Билим берүүнүн мыктысы-Абдиназаров Жеңишбек


Кыргыз адабияты 5-класс

Текшерилди: __________________________________________

Өтүү мөөнөтү: 10.12.2019. 3-сабак (1510-15-55) II чейрек, 5-жума.

Өтүлүүчү орду: Ч.Айтматов атындагы №17 кыргыз тили каанасы

Классы:4-класс


ТЕМА: Адабият теориясынан. Адабий жомок жөнүндө түшүнүк.


Жомоктор-элдик педагогиканын эң алгачкы саамалыктары. Мындай алганда элдин педагогикалык генийлиги менен эч ким теңдеше албайт”.

К.Д.Ушинский


Негизги компетенттүүлүктөр:

Маалыматтык

Адабий жомоктор жөнүндө кенен түшүнүк алышат.

Социо-катнаштык

Адабий жомокторду маанисин диалог аркылуу берет.

Өзүн-өзү уюштуруучулук жана көйгөйлөрдү чечүү

Адабий жомокторду турмуштук көз караштар менен салыштырып, чечим кабыл алат.


Предметтик компетенттүүлүктөр:

Окурмандык

-теориялык-адабий түшүнүктөрдү билет.

Баалуулук-дүйнө таанымдык

-гумандуулуктун негизинде дүйнө таанымы калыптанат.

Адабий-чыгармачылык

-оозеки кеби өнүгөт.


Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбиялоочулук

-жомоктор жана адабий жомоктор жөнүндө кенен түшүнүк алышат

-окуучулар адабий жомокторду жомоктордон айырмалайт жана сынчыл ой жүгүртүүгө машыгат.

-жупта, топто ынтымакта иштөө менен бири-биринин оюн угуп, адабий-теориялык билимин калыптандырат, сый-урматка ээ болушат.

Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу ...

-жомоктор жана адабий жомоктор жөнүндө кенен түшүнүк алышса

-окуучулар адабий жомокторду жомоктордон айырмаласа, сынчыл ой жүгүртүүгө машыкса

-жупта, топто ынтымакта иштөө менен бири-биринин оюн угуп, адабий-теориялык билимин калыптандырап, сый-урматка ээ болушса


Милдеттери:

-адабий жомоктун турмуштук маанисин аныктоо;

-окуучулардын эстетикалык табитин ачуу;

-социо-маданий чөйрөсүн кеңейтүү.

Тематикалык линиялар:

Тарых, адеп, адам жана коом, орус адабияты, география.


Мазмундук тилкелер

Автор

-адабий жомоктор менен жөө жомокторду салыштырат

Каарман

-көркөм адабиятта жомоктордун турмуштук ролун билет

Көркөм форма

-жомокторду түрлөргө ажыратат

Көркөм сөз/

көркөм ыкмалар

-жомоктордун жаралуу табиятын, тилин айырмалайт


Деңгээлдер

Сюжеттүү окуялуу:

Адабий жомоктордун максатын, милдетин билет.

Образдуу-аналитикалык:

Жомоктордун тилин талдайт.

Идеялык-эстетикалык:

Адабий жомоктордон корутунду чыгарат.


Колдонулган адабияттар:

  • А.Муратов, Р.Асакеева, Б.Кыдырбаева жалпы билим берүүчү мектептер үчүн 5-класстын “Кыргыз адабияты” окуу китеби. Бишкек-2018 (113-бет);

  • А.Муратов, Р.Асакеева, Б.Кыдырбаева Кыргыз адабияты. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо. Бишкек-2018 (30-99-бет);

  • Г.Орозова Балдар фольклору “Эл адабияты” сериясынын 20-тому. Бишкек “Шам” басмасы, 1998 (28-34-бет);

  • Г.Таджиева, А.Курманбекова “Накыл сөз казынасы” кыргыз элинин макал-лакап жана учкул сөз түрмөктөрү (274-338-бет). Бишкек “Бийиктик”-2011;

  • Ж.Шериев, А.Муратов Кыргыз адабияты терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Бишкек-1994 (бет);

  • Кыргыз Ремпубликасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын Кыргыз адабияты сабагы боюнча окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 5-9-класстардын предметтик стандарты, Бишкек-2018;

  • М.Музулманов “Окуучунун сөздүгү”. Бишкек-2019;

  • Т.Турусбекова Кыргыз адабияты боюнча сабактардын методикалык иштелмелери. Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн усулдук колдонмо (5-30-бет). Бишкек-2019;

  • Интернет булактары.


Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы (В.А.Онищук).

Сабактын усулу: интерактивдүү, инсанга багытталган окутуу (жупта, топто иштөө)

Баалоо: формативдик, суммативдик, диагностикалык.

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, таркатмалар, окуу-усулдук колдонмолор, жомок китептер, проектор жана слайддар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары


Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Компетент-к

Баалоо

Негиз

ги

Пред

меттик

1.Уюштуруу учуру-2 мүнөт.

Саламдашуу. Жагымдуу маанай түзүү. Сыйкыр дуу микрофон. «Жомок» акро алтын эрежеси:

Жакшы сөз жан эргитет.

Отуз өлчөп, бир кес.

Максатың бийик болсо,

Ой-чабытың күлүк болот.

Көп окуган көп билет.

Окуучулардын

сабакка даярдыгын текшерүү жана суроо.

Саламдашат.

Класска жагымдуу маанай тартуулашат.


Сабакка даяр келишет.

Үй тапшырмага жооп беришет.


НК1




НК2




ПК3

Формативдик


Окуучу

ларды шыктан

дыруу


Үй тапшырма -8 мүнөт.

Жуптарда иштөө. Фронталдык иштөө.

Жуптар үй тапшырмага биргелешип жооп беришет.

НК2

ПК2


ПК3

Суммативдик, формативдик

Үй тапшырма ны бышыктоо -2 мүнөт.

А.Өмүркановдун сөзүнө жазылган Асанкалый Керимбаевдин “Энекем” аттуу ырын ырдоо.

Окуучулар ырды тыңшап угушат.

НК1


Формативдик

Окуучулар

дын билимде

рин актуал

даш тыруу-3 мүнөт.

Сабактын максатын жарыялоо. Адабий жомоктор деген темада түш көрүүгө багыттоо.

Окуучулар сабактын максатын кошумчалашат. Адабий жомоктор жөнүндө түш көрүшүп, ал жөнүндө айтып беришет.

НК1



НК2

ПК1



ПК3

Диагнос

Тикалык жана формативдик

Жаңы материалды түшүндүрүү, топтоштуруу-10 мүнөт



Үн чыгарып окуу.

Окуу китебиндеги теманы купуя, үн чыгарып окутуу. (Окуу китебинде113-бет)

Адабий жомок деп элдик жомоктордун негизинде акын-жазуучулар кайра иштеп чыгып, жазышкан чыгармалар. Анда окуялар, каармандар кошулат, элдик жомоктун тили азыркы акындардын, жазуучулардын тили менен байытылат. Кыргыз эл жомокторун, уламыштарын Тоголок Молдо, А.Үсөнбаев, А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Т.Үмөталиев, К.Маликов, Р.Шүкүрбеков, Ч.Айтматов, Ж.Садыков, С.Рысбаев ж.б. акын-жазуучулар кайра иштеп чыгып, элдик жомокту адабий жомокко айландырышкан.

Бул авторлордон сырткары С.Рысбаев, А.Муратов, А.Кармышаков, Б.Абдухамидова,Ж.Таштемиров ж.б. адабий жомоктордун өздүк варианттарынын мыкты үлгүлөрүн кыргыз адабиятына жана кыргыз балдар адабиятына жаңылык катары киргизип, үлкөн салым кошо алды.

Балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рысбаевдин жаңы чыккан “Баланын канаты”, «Шамбала», “Сүйлөөчү китеп” аттуу үч көлөмдүү китептери прозадан жана жомоктордон турат.

Музыкалык дене көнүгүүсү-Балаты

Окуучуларды түндүк, туштүк, батыш, чыгыш деген таркатмалар аркылуу 4 топко бөлүү. Топторго жомоктордун түрлөрүнө карап ат коюу.

1-топ: Кереметтүү жомоктор.

2-топ: Айбанаттар жөнүндө жомоктор.

3-топ: Турмуштук жомоктор.

4-топ. Адабий жомок тор.

Окуу китебиндеги теманы купуя, үн чыгарып окушат.


Окуучулар мугалимдин окуганын талкуулашат.


Окуучуларды түндүк, туштүк, батыш, чыгыш деген таркатмалар аркылуу 4 топко бөлүнөт. Топтор жомок тордун түрлөрүнө карап ат коюшат.

1-топ: Кереметтүү жомоктор.


2-топ: Айбанаттар жөнүндө жомоктор.


3-топ: Турмуштук жомоктор.


4-топ. Адабий жомок Ар бир топ өзүнө топ башчы тандашат.

НК1












НК2














ПК1








ПК3





Диагнос

тикалык жана формативдик






Суммативдик


Жаңы теманын үстүндө иштөө бышыктоо-11 мүнөт.

Топтор менен иштөө.


1-топ


2-топ


3-топ


4-топ

1-топ: Кереметтүү жомоктор. Терминдер ге жооп берет.


2-топ: Айбанаттар жөнүндө жомоктор.

“Галерея” усулуна жооп берет.


3-топ: Турмуштук жомоктор. “Галерея” усулуна жооп берет.


4-топ. Адабий жомок тор. “Сандар сүйлөйт” усулуна жооп берет.

НК2






НК3

ПК1






ПК3




Формативдик жана суммативдик

Бышыктоо-3 мүнөт. Жыйынтык.

Рефлексия: Кайтарым байланыш-3 мүнөт.

Казан” көнүгүүсү.

3 М” рефлексиясы:

  1. Маалыматты окудум.

  2. Маалыматты көрө алдым.

  3. Маалыматты уктум.

Окуучулар слайддан көрүп, өз ойлорун бөлүшөт.

НК3

ПК2

Формативдик, диагностикалык

Үй тапшырма-1 мүнөт.


Буга чейинки өткөн жомоктордун мазмуну боюнча сүрөт тартып келүү. Кластер түзүү.

Буга чейинки жомоктордун музмуну боюнча сүрөт тартып келет. Кластер түзөт.

НК3

ПК3

Мыкты сүрөттөр мектеп көргөзмө

сүнө коюлат.

Окуучулар

дын билимин баалоо-2 мүнөт.

Топтор бири-бирин баалашат.

Сабакка активдүү катышкан окуучуларды топ башчылар баалашат.

НК3


ПК2

Мугалим туура баалоого багыт берет. Формативдик, сумма тивдик.