СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Адам болгум келет" повести

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Т.Касымбековдун 90 жылдыгына арналган конференция.Доклад.

Просмотр содержимого документа
«"Адам болгум келет" повести»

«Адам болгум келет» повести

Жазуучунун автобиографиялык негиздеги «Адам болгум келет» повести 1965-жылы жарык корот.Чыгарманы жаратууга жазуучунун башынан откон оор сыноолор туртку болгон.Повесть жаралуусуна себепчи болгон айрым окуяларга коз чаптырсак.1946-жылы жазуучунун атасы катуу жер титироодон каза таап,жетим бала,жесир аял абдан кордукту коруп,азаптын каарына калып кун кечиришет.Ачкалыктын айынан апасы колхоздун эгин талаасынан эки баш жугору уурдап,суракка тартылат.Ошондо эс тартып,чоноюп калган жазуучу айылдык кенеште ыйлап сурак берип отурган апасын сооротуп, “апа,эмне ыйлап жатасын,ачка калганда эки баш жугору уурдаптырбыз,андан эмне болуп кетиптир,адам олгон жок да!Тургунун апа,ушулардын алдында бурушуп,озунду байкуш сезбегин!”-деп,апасын топтон алып чыгып кеткен дешет.

Сезимде баккан арзуу ойлорун турмушка ашырып,окуп адам болом деп,Оштон Фрунзеге окууга тапшырганы жыл сайын келип,отпой кете берет,байдын балдары окууга келсе,токтоосуз отуп турушканын коруп,тенсиз заманды тилдеп,бир туруп колунда жоктугуна мукактана ызаланып алат да,кайрадан келечеги жонундо туркун кыялдарга батып,кантип окууну гана ойлонот.Поездге тологонго акчасы жок,эптеп шымынын куру менен поезддин тутун чыккан жерине белин танып,шаарга жонойт.Жаштайынан зирек,дилгир,сезимтал оскон жазуучу билим алып,чыныгы адам болууга бел байлайт.

Повесть жазуучунун студент кезинде жаралган.Чыгармада жаш адамдын оз жолун табуудагы женилуу женилиштерин реалдуу корсотууну жазуучу башкы максат кылып алган.Мындан элуу жыл мурда жазылган повесттеги окуяларды окуп,ушул кундордо да ошондогу корунуштордун кайталанып жаткандыгын коруп,жазуучунун баамчылдыгына,даанышмандыгына,корогочтугуно тан бербей кое албайсын.

Повестте турмуштан оз ордун таппаган,жекече ой-пикири,коз карашы али калыптана элек,озунун карманып,тутунган жолу жок,ээрчиме жаш адамдын башынан откоргон ар кандай окуялары корсотулот.Адегенде башкы каарманыбыз Асылбек,адам болуунун жападан жалгыз жолу,башкалардан озгочолонуп бай жашап,оокаттуу журуп,кошоматчыларды кутуу деп эсептеген атасынын созунон чыкпай,анын корсотконун аткарууга аракеттенип журду.Жаш жигит ошол бойдон журо берет беле,ким билет,анын омур жолу ар кыл муноз тагдырлар менен тогошуп,алар Асылбектин омур жолуна бурулуш жасап,турмушта адам болуунун не бир изги жолдору бар экенин,дуйнодо адамдарга жакшылык кылуу зор иш экенин корсотту.

Башкы каарман адегенде кобунчо окуяга озу активдуу катышпай,байкоочу катары гана коз салып турат да,анан озу атуулдук жактан туптолуп алгандан кийин гана адам болуш учун жол издоого отот.Апталар,айлар отуп,чыныгы адам болуу кандай экенин Асылбек боолголоп тушуно баштады.Бирок атасынын “алдым-жуттум” тарбиясы жедеп кан-жанына синген жаш жигиттин чындыкты издеп табышы кыйынга турду.Анткени ал жакшылык менен жамандыктын,тазалык менен арамдыктын,майда мудоолуулук менен чон ишке умтулуунун ортосунда арабок турат.Бир жагында “алдым-жуттум” деп, “табыштуу жумушка орноштурсам,андан ары жыргабай жаны жокпу”деген атасы турат,бир жагында майыптыгына карабай,дыйканчылык кылган Базыл турат.Дагы бир тарабында “кундук омурун болсо,туштугуно жорго мин” деп чардап,жыргаганды баарынан жогору койгон-Мыкты.Ошондой кымгуут турмуштук ар кыл адамдардын арасында жургон Асылбектин дээринде аруулук,ыймандуулук коктоп,адамдыктын чыныгы туболуктуу адил жолун тандап алууга кудурет-кучу жетип,атасы менен кадыресе курошко чыкты! Бул курош ыман-жанын тазартып,аны эски тушунуктон,коз караштан арылтты.

Чыгарманын акыр жагында ал айлана-чойрого сын коз менен карап,ак-караны,жакшылык-жамандыкты иргеп тушунууго жетишет.Оз ою жок жетелетме жаш жигит повесттин сонунда: “Токто корушобуз али!Мен оз ордумду табам!Мен оз ордумду тируулуктун ак озогу-адилеттиктен,адал эмгектен табам!”- деп курошко чыккан максаттуу адамга чейин осуп жеткен.

Ал эми каармандын атасы-Чангыл эски коз караш менен жашаган, “чон кызмат” учун жадагалса кошомат кылуудан кайра тартпаган,чыныгы адам болуу “бай болуп жашап,чон кызматка отуруп,сомке которуп,кошомат кутуу” деп тушунгон адам.Аны уулунун ою,шык-жондому кызыктырбайт.Баласынын оз оюна,оз кучуно ишенуусуно тоскоолдук кылып,эптеп чон иштерге илиндирууну максат кылган Чангыл аталардан азыр да заманыбыз куру калбагандыгы зээнинди кейитет.

Базыл-согушта эки бутунан ажырап келген бир мунжу.Бирок ал мунусуна кайгырып,мункуробойт,айрым колу-буту соолордон айырмаланып,дыйканчылык кылып,адал эмгеги менен жан багат.

Ушул сыяктуу карама-каршы коз караштардын,журум-турумдардын негизинде каарман адамдык мыкты сапаттарды калыптандырат.

Чыгармада бир символ-буюм бар.Ал сомке.Бир кезде ал атасы Чангылдыкы болгон. “Жээктери кырылып,бети майланышып кирдеп,эскилиги жеткен ошол сомке Чангылдын боор этинен кесилип жасалгансып козуно ысык,журогуно кубат.О оомал-токмол дунуйо,бул сомке так он жыл жатса-турса жанында,аттанса ээрдин кашында,машинага тушсо жамбашында журбоду беле!”.Кийин повесттин сонку беттеринде аны Асылбек сууга ыргытып жиберет: “Сомке аласалып агып жоноду.Ал агым менен айыгыша кармашкансып,жандалбас кылып,жээкке тырмышкансып,шардын ак кобугуно аралаш тегеренип,аккысы келбей калкып,ачылып бараткан оозунан кандайдыр бир ачуу чанырык чыгаргандай сезилди.Шар агым комолотуп,уюлгуй тушуп,зарын укпай аны тубуно тарткан бойдон тумчуктуруп,туболук кайткыс кылып агызып кетти...”.