Просмотр содержимого документа
«Адам организминин ткандары»
Лекция Адам организминдеги ткандар.
Ткань-бул түзүлүшү,келип чыгышы,аткапган кызматы окшош клеткалврдын жана клетка аралык заттардын жыйындысы.Адамда ткандын төрт түрү бар.
А).Эпителий тканы.Бул ткань денени сыртынан жаап турат.Ички көндөй органдарды ич жагынан каптап турат жана бездерди пайда кылат.
Өзгөчөлүгү: клетка аралык заттары аз,кан тамырлары аз.
Эпителий тканынын үч түрү бар.
1.Бир катмарлуу эпителий.Бөйрөктүн каналдарында, ичегинин эпителийинде жана аба жолдорунда болот.
2.Көп катмарлуу эпитклий.Териде,көздүн кабактарында жана табарсыкта болот.
3.Бездүү эпителий.Бездерди пайда кылат:ашказан асты без,боор бези,шилекей бези жана тер бези.
Кызматы: коргоо,секретордук,бөлүп чыгаруу,организм менен сырткы чөйрөнүн ортосундагы зат алмашуу.
Б)Тутумлаштыргыч ткань.
Өзгөчөлүгү:клетка аралык заттар жакшы өөрчүгөн.
Төмөндөгүдөй түрлөрү бар.
1.Борпон талчалуу бириктиргич ткань:кан тамырда,нервде болот.
2.Тыгыз талчалуу бириктиргич ткань:булчундун тарамыштарында,байламталарда,тарсылдактарда,үн байламталврда жана кан тамырлардын мембранасында болот.
3.Май тканы:бул бөйрөктүн жана ичегинин майында,теринин астындагы майда болот.
4.Кемирчек жана сөөк тканы:омурткага дана скелетке бекемдикти берет.
5.Кан жана лимфа.
Тутумдаштыргыч ткандын кызматы:зат алмашуу,коргоо,механикалык,пластикалык,гомеостаздын туруктуулугун камсыщ кылат.
В)Булчун тканы.Козголуу жана жыйрылуу касиетине ээ болуп,организмдин кыймылын камсыз кылат.Булчун ткандын үч түрү бар.
1.Скелет жана таргыл булчун тканы.Бул бардык сөөк булчунунда,тилде,жумшак тандайда,кулкунда,кызыл өнгөчтүн жогорку бөлүгүндө,кокодо болот.Булчун клеткасы-булчун талчасы деп аталып,узундугу 10-12см болуп,ядросу көп болот.Миофибрил майда бөлүккө -миофиломентке бөлүнөт.Ничке миофиломенттер-актин белогунан,жоону-миозинден турат.Актин белогунан турган жипче жыйпылганда миозиндин арасына кирет да,талча кыскарат.
2.Жылма булчун тканы.Бул ички органдарда,кан тамырда болот.Бир ядролуу ,кичинекей.
3.Жүрөктүн булчуну.Жүрөктө болот.Мында булчун талчалары жанаша тургандары менен цитоплазмалык көпүрөчөлөр аркылуу байланышта болот.Жылма булчуну жай жыйрылып,аз чарчайт,таргыл булчун тез жыйрылып,тез чарчайт.
Г)Нерв тканы.Бул нерв клеткаларынан жана жандоочу глия клеткаларынан турат.Нерв клеткасы-нейрон деп аталат.Нейрондун үч түрү бар:сездиргич,кыймылдаткыч жана аралык.