КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ СҮлҮктҮ шаардык билим берҮҮ бӨлҮмҮ | | МИНИСТЕРСТВО ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ Сулюктинский городской отдел образования |
индекс 720500 Сүлүктү ш. И. Раззаковкөчөсү – 2 тел: 0(3653) 50434, 50134 Факс: 50084 e-mail: [email protected] э/с 12905031410076 РСК Банкынын Сүлүктүдөгү филиалы ИСН 01008193310012 БИК коду 129050 ИУЖК коду 02169631 | индекс 720500 г. Сулюкта. ул. И.Раззакова – 2 тел: 0(3653) 50434, 50134 Факс: 50084 e-mail: [email protected] р/с 12905031410076 Сулюктинский филиал РСК Банк ИНН 01008193310012 Код МФО 129050 Код по ОКПО 02169631 |
______________№__________
№____________ __________
Сүлүктү шаардык мэриясына
Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 13-майындагы №555/1 сандуу катынын,“Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын адам сатууга каршы күрөшүү боюнча прогаммасынын алкагында шаардык мэриянын 2019-жылдын 16-майдын №152 буйругунун негизинде төмөнкүдөй маалыматты билдирет.
Шаардык билим берүү бөлүмүнө буйрук чыгарылып, анын негизинде билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелеринде “Адам сатууга каршы күрөшүүнүн” иш-пландар иштелип чыгып, иш алынып барылды. 2019-жыл 7-8-ноябрь күндөрү “Адамдарды сатуу боюнча жана “Кулчулукка каршыбыз” урааны астында 7-8-9-10-11- класстардын окуучуларынын арасында тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго мектеп жетекчилери, мектептин балдары менен иштөө инспектору Алимбаев Мурат жана класс жетекчилер катышып талкуу болуп окуучуларга өздөрүнүн ойлорун бөлүшүп талкуу болуп өткөрүлдү. “Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” аттуу темада 2019-жылдын 5-ноябрындан баштап 5-декабрына чейин окуучулар арасында дилбаяндар жазылып сынагын өткөрулдү.
Билим берүү уюмдарында, мектептерде адам сатууга каршы боюнча маалымат базасын кеңейтүү менен окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мектептерде адам сатуу боюнча түзүлгөн иш чаралардын негизинде, 2019-жылдын 13-10-декабрга чейин “Адам сатууга каршы күрөшүүгө” карата кул болбоо үчүн “Адепсиздиктин акыры кылмышпы”, “Уул жакшысы - Мекен тиреги” жана башка темалардын астында эссе жана , рефераттар жазылып, тарбиялык сабактар өткөрүлдү. 2019-жылдын 20-ноябрь күнү кыздар жана балдар кеңештеринде адам сатууга каршы күрөшүү боюнча докладдар окулду. 2019-жылдын 25-ноябрь күнү “Миграция”, “Сен өз укугуңду билесиңби”, “Адамдагы асыл сапаттар-ыйманында” деген темаларда жолугушуулар өткөрүлдү жана жогорку класстардын арасында спорттук оюндар, таймаштар уюштурулду. Ар бир билим берүү мекемелеринде укуктук окутуунун жана тарбиялоону системалаштыруу жана кеңейтүү максатында окуучуларга руханий-нравалык жана жарандык-укуктук тарбиялоо боюнча сабактар өтүлүп, тарбиялык багыттарды алышты. Үй-бүлөдө жана мектепте балдарды адептүүлүккө тарбиялоонун милдети инсандагы идеялык өзөктү, жарандык көз карашты, ишенимди, сезимди, жүрүм-турумду сөз менен иштеги биримдикти калыптандыруу иштери жүргүзүлдү.
Башчы А. Исманов
В.И. Ленин атындагы №1 орто мектепби. “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу” деген темада 9-10-11 класстардын окуучуларына семинар уюштурулду.Семинарда көтөрүлгөн маселе боюнча катышуучулар өз ойлорун айтышып, кызуу талкуу жургүзүштү. 11-класстардын класс жетекчилери Эгембердиева У Салиев Т “Адам сатууга каршы күрөшүүгө” деген темада тарбиялык саат өтүштү, мектептин өзүн-өзү башкаруу түзүмү “Адам сатууга каршыбыз!”-деген ураандын астында флеш-моб уюштурушту 7-8-класстар арасында кул болбоо үчүн “Мен кайсы жолду тандоом керек?”- аттуу темада окуучулар арасында дил баяндар жазылууда.
Токтогул атындагы №2 техникалык лицейи. кыздар жана балдар кеңештеринде адам сатууга каршы күрөшүү боюнча “Миграция”, “Сен өз укугуңду билесиңби” деген темаларда докладдар окулуп, жолугушуулар өткөрүлдү жана жогорку класстардын арасында спорттук оюндар, таймаштар уюштурулууда.
Ар бир билим берүү мекемелеринде укуктук окутуунун жана тарбиялоону системалаштыруу жана кеңейтүү максатында окуучуларга руханий-нравалык жана жарандык-укуктук тарбиялоо боюнча сабактар өтүлүп, тарбиялык багыттарды алышты
М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектеби. 1-11-класстар арасында ар бир класс жетекчилер тарбиялык сааттарда окуучуларга бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүгө, бейтааныш автоунааларга чыкпого түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү. Ата-энелер чогулушу өткөрүлдү “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” деген темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир ата-эне өз баласынын коопсуздугуна көзөмөлдөө жагы эскертилди. “Адам сатууга каршы күрөшүү” деген темада рефараттар жазылды.
Р. Жолбаев атындагы №4 орто мектеби. Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектеби класс жетекчилер тарабынан окуучуларга ар кандай интернет булактарынан, газета журналдардан алынган фактылар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, “Лейлек инсан” коомчулук фонду менен биргеликте иш алып барылып, фонддун өкүлү Карчыгабекова Каныкей келип, окуучуларга театр форум уюштуруп, андан миграцияда жүрүп, кулчулукка кабылган жана сатылып кеткен жарандар жөнүндө кеңири түшүнүктөрдү берип кетишти.
Т.Рустамов атындагы №5 орто мектеби. буруктун негизинде иш-чара түзүлүп, мугалимдер жамаатына, ата-энелерге,1-11-класстарынын класс жетекчилерине тааныштырылып, ”Адам сатуу бул кылмыш” аттуу темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Класс жетекчилер тарабынан окуучуларга авто бекеттерге, эл көп топтолуучу коомдук жайларга, адам сатуу коркунучуна кабылып калбоо боюнча маалыматтар берилди.
И.Раззаков атындагы №7 орто мектеби. Класс жетекчилер окуучуларга жана ата-энелерге адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөөсүндө мамлекеттик саясатты, чет өлкөгө чыгуунун коркунучтарын жана эрежелерин , адамдарды сатуунун келип чыгуу факторлорун жана кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү..Адам сатуунун курч абалын чагылдырган башкача айтканда кулчулукка, дене мүчөлөрүнүн алмаштырууда алдануудан алыс болуу максатында түшүндүрүү иштерин ар бир класс жетекчи окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Лидер окуучулар тарабынан “Спорт адам сатууга каршы” деген теманын алкагында спорттук оюндар уюштурулду. “Мен кайсы жолду тандоом керек ”деген темада окуучуларга эссе, дил баян жаздырылды.
И.Бектемиров атындагы №8 орто мектеби. “Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөөсүндө мамлекеттик саясатты, чет өлкөгө чыгуунун коркунучтарын жана эрежелерин, адам сатуунун келип чыгуу факторлору жана кесепеттери жөнүндө мектепте үзгүлтүксүз иштер алып барууда. Чет мамлекеттерге чыкканда, жумуш издеп иштегени барып алданып калган адамдар жөнүндө жана адам сатуу боюнча видео роликтер көрсөтүлдү. Жалпы ата – энелер чогулушунда балдарын иштеп келүүгө жөнөткөн мезгилде этият болуу маалыматтар берилди. Айылдын мечитинин дин кызматкерлеринен Пардабаев Абдухалил Эргешович менен жолугушуу өткөрүлүп, бул маселе боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү.
Н.Кушматов атындагы №9 гимназиясы. “Адамдарды сатуу боюнча жана “Кулчулукка каршыбыз” урааны астында 7-8-9-10-11- класстардын окуучуларынын арасында тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго мектеп директору Б.Р.Рустамова, соц педагогу Б.К. Досов, уюштуруучу Б.М.Абдурахманова, мектептин балдары менен иштөө инспектору Алимбаев Мурат жана класс жетекчилер катышып талкуу болуп окуучуларга өздөрүнүн ойлорун бөлүшүп талкуу болду. “Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” аттуу темада окуучулар арасында дилбаяндар сынагын өткөрүү жагы келерки 2-чейректин башына планга коюлган.
.
Башчы А.Ж.Исманов
Адам сатуу