Үй тапшырма:
Жагымдуу маанай каалап топтор менен иштейсиңер,3топко бөлүнөсүңөр:
1-топ Ынтымак
2-топ Достук
3-топ Тынчтык
1-топко Дал келтирүү
УКУК
Сөзсүз түрдө аткара турган иш-аракеттердин жыйындысы
Конвенция
Мамлекет тарабынан бекитилген,бардык адамдар милдеттүү түрдө аткара турган жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы.
Милдет
Ар кандай маанилүү маселе боюнча түзүлгөн эл аралык келишим.
2-топко Текст менен иштөө:
XIX кылымдын башында кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү агартуучулардын бири,Кочкор аймагындагы Күнбатыш айылында туулган.Башталгыч билимди молдодон алган.Кийин мугалим болуп иштеген.Көп китептерди орусчадан кыргызчага которгон.Мектеп окуучулары үчүн эсеп,жазуу,география китептерин жазган.Анын атында Бишкекте Кыргыз мамлекеттик университетине аты ыйгарылган жана эң биринчи чыгарган китеби кайсы болгон?
Ким жөнүндө сөз болуп жатат?
жообу:____________________
3-топко.Сүйлөмдү толуктоо
Азыркы учурда _____ ______ ____ ____ коомдо жашоосу оор. Ар бир окуучу өзүнүн _____ билүү менен катар ________ да жакшы билип так аткаруу керек.
Окуучулардын укуктары_____________.
Окуучунун милдеттери_____ ______ ______ ______.
Сабак учурунда___________колдонууга тыюу салынат.
Силер билимди _________өтүлгөн сабактардан гана алуу менен чектелбейсиңер.
1. Жоопторду дал келтир. Туура жоопко 1 балл
“ Коом-бул күзгү, ал ар кимге анын өзүнүн сүрөтүн чагылдырып берет”
Манастын осуяты 1
Ч.Айтматов 2
“ Адамдын жашоосундагы эң кыйын нерсе-бул өзүн-өзү таануу”
О
“ Адамга эң кыйыны өзүн-өзү таануу,эң жеңили-бирөөгө кеңеш берүү”
О
У.Теккерей 3
О
О
О
Сократ 4
О
“ Табият менен таттуу мамиледе болгула”
О
А
О
О
О
Ф.Милетский 5
“ Адамга эң кыйыны күн сайын-адам болуу”
Б
О
О
О
И.Раззаков 6
В
О
О
«Мен таза болсом, сен таза болсоң- коом таза болот»
О
О
О
О
О
О
О
О
О
О
Д
О
О
О
О
Г
О
О
О
О
Г
О
О
О
16-январь Сабактын темасы: Коомдун социалдык түзүлүшү.
Сабактын максаты:
1.Адамдардын табигый жана социалдык өзгөчөлүктөрү
2.Страттар жана страфикация жөнүндө окуп үйрөнүшөт.
Адамдардын табигый өзгөчөлүктөрү.
Эгерде биз айланабыздагы адамдарга көз жүгүртсөк алардын бири-биринен айырмасын дароо эле байкайбыз.
Адамдар жынысы,жаш курагы,дене түзүлүшү өңдүү белгилери менен бири-бирине окшобойт. Жаратылыш бир адамды ар ишке жөндөмдүү кылып жаратса,экинчисине күч,үчүнчүсүнө сулуулук берет. Ооруудан жапа чеккендер да бар.
Адамдардын физиологиялык жана психологиялык айырмачылыктары табигый өзгөчөлүктөр деп аталат.
Социалдык өзгөчөлүк деген эмне?
Адам коомундагы социалдык факторлордун таасири менен адам ар кандай социалдык катмарларга бөлүнөт. Илимде адам коомунун катмарларга бөлүнүшү страфикация деп аталат.
Страфикация латын тилинен катмар дегенди түшүндүрөт.
Страфикация деген түшүнүк жер кыртышын изилдеген геология илиминен келген.
Эгерде жерди казса,
анын үстүнкү катмары
топурактан,экинчи катмары
ылайдан,андан кийин
шагылдан турат.
Ушул сыяктуу эле адам коому
ар кандай социалдык катмар-
страттардан турат.
Азыркы коомдо адамдар страттарга билими, кирешеси,адистиги,кадыр-баркы боюнча бөлүнөт.
Страттарды аныктоодо адамдардын жынысы, жашы,этникалык өзгөчөлүгү ж.б.табигый факторлору да эске алынат.
Адамдар коомдо билими боюнча жогорку билимдүүлөр бир стратка,орто билимдүүлөр өзүнчө страттын өкүлү болот.Ошондой эле бийлиги боюнча (башкаруучулар жана баш ийип иштегендер) да страттарга бөлүнөт.
Билими Кирешеси Адистиги
Страфикациянын тарыхый түрлөрү.
Адамдардын табигый жана социалдык теңсиздиги адам коому жаралганда эле пайда болгон.Тарыхта страфикациянын төрт негизги түрү кездешет.
1.Кулчулук
2.Касталарга бөлүнүү
3.Сословиелер
4.Таптар
Социалдык страфикациянын биринчи түрү-кулчулук.
Кулчулук байыркы заманда Египетте,Вавилондо, Кытайда, Грецияда,Римде пайда болгон.
Кулдар эч кандай укуктарга ээ болгон эмес.Алар кожоюнунун жеке менчиги,адамдардын эң төмөнкү катмары катары эсептелген.
Страфикациянын кулчулуктан кийинки тарыхый түрү катары касталарга бөлүү эсептелет. Касталык түзүлүш Индияда өнүккөн. Индия коомунун касталык түзүлүшү индуизм дининин эрежелери менен бекемделген.
Индияда адамдар төрт кастага (стратка) бөлүнгөн:
- Кшатирлер- жоокерлер
-Брахмандар- дин кызматкерлери
-Вайшилер- соодагерлер
-Шудралар- жумушчу-дыйкандар
- Бул диндин окуусу боюнча адам өлгөн соң дүйнөгө бир нече жолу кайра жаралат.Адам ага берилген өмүрүндө кандай жашаса,өлүп кайра төрөлгөндө мурдагы жашоосуна ылайык тигил же бул кастанын мүчөсү болот.Туура эмес жашаса төмөнкү кастанын мүчөсү катары төрөлөт деген ишеним бекем орногон.
Феодалдык коомдо адамдар жогорку жана төмөнкү сословиелерге бөлүнгөн.
Жогорку сословиеге дворяндар,дин кызматкерлери кирген.
Төмөнкү катмарга соодагерлерден,кол өнөрчүлөрдөн жана дыйкандардан турган.
Ошентип,коомдо буржуазия менен жалданма жумушчулардын таптары-жаңы социалдык страттар пайда болгон.
Азыркы мезгилде « тап »деген түшүнүк кең жана тар мааниде түшүндүрүлөт.
Кең мааниде тап-өзүнчө ыкма менен киреше тапкан адамдардын социалдык чоң тобу.
Тар мааниде тап-башкалардан кирешеси, билими, байлыгы,кадыр-баркы менен айырмаланган адамдардын социалдык тобу.
Өнүккөн өлкөлөрдө коом негизинен 4 негизги тапка (страттарга) бөлүнөт:
Жогорку тап
Президенттер,премьер-министрлер жана саясий лидерлер; ири бизнесмендер; чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү
Ортоңку тап
Окумуштуулар,жазуучулар,сүрөтчүлөр,врачтар,юристтер,мугалимдер,орто жана майда бизнесмендер,жогорку квалификациялуу жумушчулар
Жумушчу тап
Фабриканын,заводдун,курулуш фирмаларынын,айыл чарба ишканаларынын ж.б.квалификациялуу жумушчулар
Төмөнкү тап
Квалификациясы жок жумушчулар,ишсиздер,жакыр адамдар ж.б.
Бышыктоо:
Акыл таймаш суроо-жооп иретинде болот.
Окуучулар топ менен иштешет.
1-топ Ынтымак
2-топ Достук
3-топ Тынчтык
1. Адамдар жынысы,жаш курагы, дене түзүлүшү өңдүү белгилери менен бири-бирине окшобогон айырмасы эмне деп аталат?
жообу:
Табигый өзгөчөлүк
2 . Касталык түзүлүш кайсы жерде өнүккөн?
жообу:
Индияда
3 Тарыхта страфикациянын канча түрү
кездешет?
Жообу
1.Кулчулук
2.Касталарга бөлүнүү
3.Сословиелер
4.Таптар
4.Страфикация эмне дегенди түшүндүрөт.?
Жообу:
Катмар
5. Страфикация деген түшүнүк кайсы илимден келген?
Жообу
Жер кыртышын изилдеген геология илиминен келген.
6.Азыркы коомдо адамдар страттарга эмнеси боюнча бөлүнөт?
Жообу:
Билими, кирешеси,адистиги,
кадыр-баркы боюнча бөлүнөт.
7. Страттарды аныктоодо адамдардын кандай факторлору да эске алынат.
жообу:
Жынысы, жашы,этникалык өзгөчөлүгү ж.б.табигый факторлору да эске алынат
8. Социалдык страфикациянын биринчи
түрү-кулчулук каерде пайда болгон?
Жообу:
Кулчулук байыркы заманда Египетте,Вавилондо, Кытайда, Грецияда,Римде пайда болгон.
9. Индия коомунун касталык түзүлүшү кайсы дининин эрежелери менен бекемделген?
Жообу:
Индуизм дининин эрежелери менен бекемделген.
10. Индияда адамдар канча кастага (стратка) бөлүнгөн ,кайсылар?
Жообу:
4 кастага
-Кшатирлер- жоокерлер
-Брахмандар- дин кызматкерлери
-Вайшилер- соодагерлер
-Шудралар- жумушчу-дыйкандар
11. -Кшатирлер- кимдер болгон?
Жообу:
Жоокерлер
12. -Брахмандар- кимдер болгон?
Жообу:
Дин кызматкерлери
13. -Вайшилер- кимдер болгон?
Жообу:
Соодагерлер
14. -Шудралар- кимдер болгон?
Жообу:
Жумушчу-дыйкандар
- Кайсы диндин окуусу боюнча адам өлгөн соң дүйнөгө бир нече жолу кайра жаралат.
Адам ага берилген өмүрүндө кандай жашаса,өлүп кайра төрөлгөндө мурдагы жашоосуна ылайык тигил же бул кастанын мүчөсү болот.
Туура эмес жашаса төмөнкү кастанын мүчөсү катары төрөлөт деген ишеним бекем орногон.
Жообу:
Индуизм дининде
16. Феодалдык коомдо адамдар бөлүнгөн?
Жообу:
Жогорку жана төмөнкү сословиелерге бөлүнгөн.
17. Жогорку сословиеге кимдер кирген?
Жообу:
Жогорку сословиеге дворяндар,дин кызматкерлери кирген.
18. Төмөнкү сословиеге кимдер кирген?
Жообу:
Кол өнөрчүлөр жана дыйкандар
19. Өнүккөн өлкөлөрдө коом негизинен канча тапка (страттарга) бөлүнөт,кандай болуп?
Жообу:
4 негизги тапка (страттарга) бөлүнөт:
1.Жогорку
2.Ортоңку
3. Жумушчу
4. Төмөнкү
20. Тап –деген тар мааниде эмнени түшүндүрөт?
Жообу:
тап тар мааниде -башкалардан кирешеси, билими, байлыгы,кадыр-баркы менен айырмаланган адамдардын социалдык тобу.
21. Тап-деген кең мааниде эмнени түшүндүрөт?
Жообу:
Кең мааниде тап-өзүнчө ыкма менен киреше тапкан адамдардын социалдык чоң тобу.
Жыйынтыктоо:
Билимдерин баалоо:
Үйтапшырма: Коомдун социалдык түзүлүшү.