СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адептуулук адам корку

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адептуулук адам корку

Просмотр содержимого документа
«Адептуулук адам корку»

Тема: Адептуулук- адам корку

Сабактын максаты:

Саламдашуу, тамактануу, кочодо журуу адептерин уйронуп, аларды оз турмушунда пайдалана алышат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, тарткатмалар

Сабактын журушу:

1-кадам: окуучулар 3 топко болунушот. Ар бир топко тарткатмалар таркатылат.

1-топко: Саламдашуу адеби

Тааныш же бейтааныш адамга кезигип калсан созсуз турдо салам берип коруш.Бул сенин адептуулугундун белгиси.Тааныш адам менен саламдашып туруп калбай ал-акыбалын сура.

Бироо сага салам берсе, дароо алик алып, саламына жооп бер. Саламды толук турдо «Ассалоому алейкум», деп айт. Саламдын жообу «Ваа алейкум ассалам»- болот.

«Ассалоому алейкум»- араб создору. Кыргызча мааниси «Сизге тынчтык болсун». «Ваа алейкум ассалам»-дегени «Сизге да тынчтык болсун».

Башынды ийкеп койбой, колдорунду кокурокко коюп салам бер. Копчулук менен учурашып жатканда бардыгына, жалпы бир гана салам айтсан жетиштуу болот.Озундон жашы улууга, басып бара жатсан олтурган кишиге, атчан болсон жоо адамга биринчи салам беришин шарт. Кемсинтип , шылдындагансып ыржайып салам беруу адепсиздик. Саламды шыбырап койбой угуза айт. Кол берип учурашкан чакта колундун учун берип саламдашпа. Бул-адепсиздик, адамды тоготпогондук.

2-топко: Тамактануу адеби

Эн биринчи колду таза жууп анан тамакка олтуруу керек. Тамакты оз убагы менен, керектуу олчомдо жешке конуккун. Ашыкча эле жей берсен, синире албай кыйналасын.

Ачуу, кычкыл нерселерди, этти сут менен жебегин. Жыттанып калган жана ачып калган тамактан да этият болгун. Кыргыз элинин озгочо салттарынын бири, кичуулор улуулардан мурун тамакка кол салган эмес, ата-энен дасторконго кол узатмайынча,сен кол узатпагын. Тамакты оз алдындан гана алып жегин. Нанды дайыма кош колдоп сындыргын. Оозундагы тамакты шашпай, акырын чайнап жуткун. Тамак жеп жаткан учурда суйлоп, башкаларга жолтоо болбой, эгер суюк тамак болсо аны шорулдатпай ичуу керек. Оозго тамак салып алып суйлоо же кулуу адепсиздик.

Оозуна тийгизген тамакты кайра табакка салбагын. Тазалыкты сактап этият тамактан. Суюк же коюк тамактар дасторконго же кийимдерине тогулбосун.

Дасторконго коюлган момо-жемиштерди жешти кааласан, жеген момолорундун кабыгын жана данегин желбеген момолордун, дасторкондун устуно таштаба. Озунчо бир бош идишке ташта. Тамактанып буткон сон дасторконго бата тилеп, тургандан кийин колду жуу абзел.

3-топко: Кочодо журуу адеби

Окуучум,кочодо жургондо этияттык менен жур,кийимдеринди ыплас нерсеге булгап алуудан сакта. Оозунду ачып ар нерсеге караба. Базарда жана адамдар коп жыйылган жайларда ото этияттык менен абайлап жур. Элебестик менен кадам шилтеп,адамдардын бутун басып кетип же туртуп ушул сыяктуу бейжай аракеттерди жасаба.Эки адам суйлошуп турган болсо, алардын ортосунан отуу адепсиздик.

Жолдо карыя адам учурап калса,четирээк басып,туртуп отуп кетпей, акырын алдыга отуу керек. Адамдар отчу жолдун ортосунда суйлошуп туруу туура эмес, четирээк жагында суйлошкон он. Жолдун устундо таш,тикен сыяктуу нерселерди корсон четке ал, сооп табасын. Жолго тукуруу, ыплас нерселерди таштоо адепсиздик. Кары же алсыз адамдардын колунан жугун алып жардамдашсан мээримдуу иш жасаган болосун. Жолдон отуп бараткан адамдарга тийишуу да адепсиздик. Бироо жарым жыгылып калгынын корсон ага дароо жардам бер.

2-кадам: ар бир топ болунгон текстти окушат жана топто талкуулашат. Белгиленген убакыттан сон презентацияга чыгышат.

Суроолор жана тапшырмалар

1. Саламдашуу адедин кандайча тушундун? Саламдашуу эрежелерин айт.

2. Тамактануу эрежелерине макулсунбу жана аларды аткара аласынбы?

3. Кочодо журуу адеби боюнча сен эмнелерди билесин?