СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адептүүлүк адам көркү (Тарбиялык саат)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат, Башталгыч класстар.

Просмотр содержимого документа
«Адептүүлүк адам көркү (Тарбиялык саат)»

Адептүүлүк – адам көркү.

Сабактын максаты:

Саламдашуу, көчөдө жүрүү адептерин үйрөнүп аларды өз турмушунда пайдалана алышат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, таркатмалар.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Окуучулар 3 топко бөлүнүшөт. Ар бир топко текст таркатылат.

1-топко:

Саламдашуу адеби.

Тааныш же бейтааныш адамга жолугуп калсаң сөзсүз түрдө салам берип көрүш. Бул сенин адептүүлүгүңдүн белгиси. Тааныш адам менен саламдашып туруп калбай, пл-акыбалын сура.

Бирөө сага салам берсе дароо алик алып, саламына жооп бер. Саламды толук түрдө “Ассалоому алейкум” деп айт. Саламдын жообу “Воалейкумусалам” болот.

“Ассалоому алейкум” – араб сөздөрү. Кыргызча мааниси “Сизге тынчтык болсун”. “Волалейкумусалам” – дегени – “Сизге дагы тынчтык болсун”.

Башыңды ийкеп койбой, колдоруңду көкүрөкө коюп салам бер. Көпчүлүк менен учурашып жатканда алардын ар бирине айрым-айрым салам бербей, баардыгына, жалпы бир гана салам айтсаң жетиштүү болот. Өзүңдөн жашы улууга, басып барп жатсаң олтурган кишиге, атчан болсоң жөө кишиге биринчи салам беришиң шарт. Кемсинтип, шылдыңдагансып ыржайып салам берүү адепсиздик. Саламды шыбырап койбой угуза айт. Бир таанышыңды алыстан көрүп калсаң, колуңду көкүрөгүңө койуп салам ишарасын кыл.

Кол берип учурашкан чакта колуңдун учун берип саламдашпа. Бул-адепсиздик, адамды тоготпогондук.

2-топко:

Тамактануу адеби.

Эң биринчи колду таза жууп анан тамакка отуруу керек. Тамакты өз убагы менен, керектүү өлчөмдө жешке көнүккүн. Ашыкча эле жей берсең, сиңире албай көп түйшүк тартасың.

Ачуу, кычкыл нерселерди, этти сүт менен жебегин. Жыттанып калган жана ачып калган тамактан да этият болгун. Кыргыз элинин өзгөчө сапаттарынын бири, кичүүлөр улуулардан мурун тамакка кол салган эмес, ата-энең дасторконго кол узатмайынча, сен кол узатпагын. Тамакты өз алдыңан гана алып жегин. Нанды дайыма кош колдоп сындыргын. Оозуңдагы тамакты шашпай акырын чайнап жуткун. Тамак жеп жаткан учурда сүйлөп, башкаларга жолтоо болбой, эгер суюк тамак болсо аны шорулдатпай ичүү керек. Оозго тамак салып алып сүйлөө же күлүү адепсиздик.

Оозуңдагы тамакты жеп бүтмөйүнчө, колуңду кайра тамакка узатпагын. Оозуңа тийгизген тамакты кайра табакка салбагын. Тазалыкты сактап этият тамактан. Суяк жанаа коюу тамактар дасторконго же кийимдериңе төгүлбөсүн.

Дасторконго коюлган мөмө-жемиштерди жешти кааласаң, жеген мөмөлөрүңдүн кабыгын жана данегин желбеген мөмөлөрдүн, дасторкондун үстүнө таштаба. Өзүнчө бир бош идишке ташта.

Тамактанып бүткөн соң дасторконго бата тилеп, тургандан кийин колуңду жуу абзел.

3-топко:

Көчөдө жүрүү адеби.

Окуучум, көчөдө жүргөндө этияттык менен жүр, кийимдериңди ыпылас нерсеге булгап алуудан сактанганга аракет кыл. Оозуңду ачып ар нерсеге элеңдеп карай бербе. Базарда жана эл көп жыйылган жайларда өтө этияттык менен абайлап жүр. Элебестик менен кадам шилтеп, адамдардын бутун басып кетип, же түртүп өтүп, ушул сыяктуу бейжай аракеттер аркылуу башкаларга азар бербе. Эгер эки адам сүйлөшүп турган болсо, алардын ортосунан жарып өтүү адепсиздик.

Эгер жолдо карыя адам учурап калса, четирээк басып, түртүп өтүп кетпей, акырын алдыга өтүү керек.

Адамдар өтүп турган жол үстүндө сүйлөшүп туруу, өтүүчүлөргө жолтоо болуу туура эмес, четирээк жагында туруп сүйлөшкөн оң. Жол үстүндө жаткан таш, тикен сыяктуу нерселерди көрсөң, аларды четирээк алып ташта сооп табасың, башка жолоочуларга пайдасы тиет. Жолго түкүрүү, ыпылас нерселерди ыргытуу адепсиздик. Жолдо карыларды, алсыз адамдарды же жаш балдарды учуратып калсаң аларга жардам колун сун. Алардын жүктөрү болсо аны колунан ала коюп, жардам берсең өз өмүрүңдө эң мээриидүү иш жасаган болосуң.

Жолдон өтүп бара жаткан кыздарга тийишүү да адепсиздикке жатат. Бир адам тайып жыгылып кеткенин көрсөң дароо ага жардам бер.

2-кадам:Ар бир топ өздөрүнө бөдүнгөн текстти окушат жана топто талкуулашат. Белгиленген убакыттан соң презентацияга чыгышат.

Суроолор жана тапшырмплар:

  1. Саламдашуу адебин кандайча түшүндүң?

  2. Саламдашуунун эрежелерин айтып бер?

  3. Тамактануунун эрежелерине сен макулсуңбу жана аларды аткара аласыңбы?

  4. Көчөдө жүрүү адеби жөнүндө сен эмнелерди билесиң? Билгендериңди жолдошторуңа айтып бер