Просмотр содержимого документа
«Адептуулук деген эмне?»
ӨМҮР БИР КЕЛЕТ
В группе 112 782 участника
БАЛАНЫЗДЫ ЭМГЕККЕ УЙРОТУНУЗ!
Эмгекчилдик – адамга пайда гана алып келүүчү сапат. Мындай сапатка ээ болгон адам жашоодо эч качан кор болбойт. Андыктан, балаңызды эмгек кылууга үйрөтүңүз.
Балаңызды эмгекчил кылып тарбиялагыңыз келсе:
1. Балаңызга биринчиден өзүңүз үлгү болуңуз. Эгерде чачылган оюнчуктарын улам жыйнап турсаңыз, бала мындай иреттүүлүккө көнүп калат да, бара-бара муну кадимки көрүнүш катары кабыл ала баштайт. Кийин өзүн эмгекке үйрөтүү да оңой болот.
2. Бир аз чоңойгон балаңызга бара-бара оюнчуктарын өзүнө жыйнатып үйрөтүңүз. Баланы кызыктыруу үчүн бул жумушту оюнга айландырып жиберсеңиз болот. Мисалы, куурчактар өздөрүнүн керебетине жатып уктап калышсын, машиналар гаражга киришсин ж.б.
3. Кээде балдар ата-энесине жардам берүүнү өздөрү каалап калышат. Балаңыздын мындай сунуштарынан эч качан баш тартпаңыз. Эгерде бала сууну төгүп-чачып, чаңды таза сүрбөсө да мактап коюңуз. Ошондо чоңойгондо ал сиздин чыныгы жардамчыңыз болот.
4. Мектеп курагындагы балдарыңызды өзүнөн кичүү бөбөгүнө кам көрүүгө үйрөтүңүз.
5. Ишти туура эмес жасаганда аны эч качан урушпаңыз. Кантип туура жасаш керек экенин жай түшүндүрүңүз.
6. Тапшырган ишиңизди аягына чейин чыгаруусун көзөмөлдөңүз.
7. Жумушту эч качан жаза катары колдонбоңуз.
8. Балаңыз өзүн жакшы алып жүргөнү үчүн же мектептен жакшы баа алып келгени үчүн аны кайсы бир жумуштан бошотуп “сыйлык” тартуулайм десеңиз жаңылышасыз. Мындай ыкма тескерисинче баланын эмгекти сүйүүсүнө тоскоол болот, жалкоолукка чакырат.
Эмгек кылганга көнгөн бала:
– Мектептеги башка теңтуштарынан өз алдынчалуулугу менен айырмаланат;
– Уюштуруу иштерине жөндөмдүү болот;
– Активдүү, жоопкерчиликтүү болот;
– Өзүнө-өзү кам көрө билет;
– Физикалык жактан күчтүү болот;
– Ден соолугу чың болот;
– Так, ишенимдүү кыймыл-аракетке ээ болот;
– Эске сактоо жөндөмдүүлүгү жакшы өнүгөт;
– Ой жүгүртүүсү мыкты болот. Анткени, эмгектенүүдө балага буюмдарды бири-бири менен салыштырууга, карама-каршы коюуга туура келет.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь