Алгачкы тарыхчылар жана агартуучулар
- Белек Солтоноев
- Осмонаалы Сыдык уулу
Белек Солтоноев1878-жылы Сарыөзөнчүйдүн төрүндөгү Чоң Кеминдин Тегирменти айлында төрөлүп, жаштайынан тил үйрөнүп сабатсыздыгын жоюп кыргыз тарыхын иликтөөгө башоту менен киришкен. Белек Солтонгелди уулу Солтоноев мезгил шартына жараша кол жазмаларынын көчүрмөлөрүн жасап, эмгектерине аяр мамиле кылбаса бүгүнкү анын таберик мурастарындагы далилдүү баяндар тек гана санжыралык маалматтардын катарындагы жомок менен чындыктын ортосундагы айтымдар болуп калмак.
Атасынын «Кызыл кыргыз тарыхы» деп аталган эмгегин жана башка тарыхый мурастарын кызы Зайнакан эже сактап жүрүп, көзү өтөөрдө сиңдиси Нурия эжеге калтырып, натыйжада өткөн жылы жарык көргөн «Кыргыз тарыхы» тууралуу Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ага илимий кызматкери Омор Сооронов: - «Кызыл кыргыз тарыхы» мурда дагы чыккан эки китеп болуп. Бирок анын ичинде ондон ашык тема, ошондой эле орусча жазылган материалдар, канчалаган фактылар кирбей калган экен. Кийинки кол жазманын өзүнөн тамгасына чейин такталып которулуп чыгарылды. Бул толугу болуп эсетелет. Белек Солтоноев кыргыз тарыхын жөн эле санжырачылардай мындай-тигиндей окуя болгон дебестен, орус окумуштууларын окуп, конспектилеп, тактап жазууга аракет кылган. Бул китеп профессионалдык чыныгы кыргыз тарыхы болуп эсептелет -
- Белек Солтоноев тарых жазуу менен бирге ыр да жазган. Анын көптөгөн ырлары гезиттерге да басылган экен. Андан башка кол жазмалары бар, аны мага тапшырган китеп кылып чыгаруу жөнүндө. Ал китеп болуп чыгып калышы мүмкүн. Кол жазмаларынын ичинде санжыралары бар, орус окумуштууларынын окуган китептеринин конспектилери бар, ырларынын бардыгы экинчи китепте бар. Айрыкча ушул китепке 16-жылкы көтөрүлүш мезгилиндеги окуя бар. Өзү катышкан 16-жылкы көтөрүлүштүн алдында үч ай болуш болуп турган. Ал ошого карабастан эли көтөрүлүшкө чыкканда, эли менен кошо Кытайга чейин барып, кайтып келген. Көтөрүлүш башталган себептерин, көтөрүлүш бүтүп өз жерине келгенге чейинки окуяларды көзү менен көргөндөй кылып жазып кеткен. «16 жылдык көтөрүлүш» деген эмгеги чыныгы тарыхты изилдөөчүлөргө эң сонун материал болуп берет. Себеби көзү менен көргөн, тарыхчынын колу менен жазылган эмгек болуп эсептелет
Омар Сооронов
Кыргыздын тарыхына гана эмес тил илимине, сөздүк түзүүгө, улуттук оюндар, каада-салт, жашоо-тиричилигиндеги башка элдерге окшобогон өзгөчөлүктөрүн тактоого батыл киришип майнаптуу жыйынтык калтырган Белек Солтоноев 1937-жылы капилет чагымдан кармалып, эл душманы катары бейити белгисиз шейит өлүмүнө учураган.
Осмонаалы Сыдык уулу
Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун Кызыл-Дөбө айылында туулган.
Анын аталаш агасы Канат дубанга таанымал сабаттуу (молдо) киши болгон. Осмонаалы да өз айылында мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн. "Алаш" партиясынын мүчөсү.
Бир катар жылдары Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Совет доорунда Пишпектеги (азыркы Бишкек) окуу жайларында, бир катар мектептерде сабак берген.
1920-жылдардын акыркы - 30-жылдардын башында Сталиндик куугунтуктоолор доору башталганда Кытайга кетип калган.
Чыгыш Теңир-Тоодо (Текесте) бозгунда жүрүп каза болгон. (Соңку такталган үй-бүлөлүк маалыматтарга караганда, ал 1940-жылы эмес, 1942-жылы кайтыш болгон экен).
1913-жылы Башкортостандын Уфа (Өфө) шаарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), ал эми 1914-жылы болсо - “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан.
Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында (Кытай) араб ариби менен кыргызча кайра жарыяланган.
Китептин айрым бөлүктөрүн жазуучу Кеңеш Жусупов айтылуу “Ала-Тоо” журналында жана “Кыргыздар” көп томдук эмгегинде жарыялаган.
Кыргызстандын пост-советтик эгемендик доорунда Осмонаалынын бул китептери кеңири калайыкка таанымал болду.
1930-жылы аны эл душманы катары камакка алышып, бир жылдан кийин, 1931-жылы атууга өкүм чыккан.
Жаза аткарылганга чейин аны Ташкент түрмөсүнө которушкан.
Мына ошол жолдо абактан абакка баратканда, Осмонаалы Сыдыков кайтарып алып бараткан аскер кызматкери менен кармаша кетип, куралчан аскер бычагын пайдаланган. Ошол бычактан экөө тең жаракат алып, кансырап жатышкан. Натыйжада аскер кызматкери курман болгон.
Осмонаалы Сыдыков болсо, ошол жердегилердин жардамы менен (колунун манжалары кесилген) аман калып, андан ары жол улап Жаныбек казыга барып баш калкалап, ал аркылуу Кытайга кирип кеткен.
Ал 1942-жылы Чыгыш Теңир-Тоодо (азыркы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районунун аймагында) Текес жергесиндеги кыргыз айылында безгек оорусунан каза болгон.
Эмгектери:
- “ Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), Уфа (Өфө) шаары, 1913.
Ал тууралуу иликтегендер
Осмонаалы тууралуу кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур , кыргызстандык тарыхчылар Арслан Капай уулу Койчиев , Тынчтыкбек Чоротегин , Мурат Кожобеков , жазуучу, публицист Кеңеш Жусупов жана башка изилдөөчүлөр макалалар жана башка изилдөө эмгектерин жазышты.
Осмонаалы тууралуу кызы Шарифа Садыкова, Бүбүш Осмонаалы кызы калтырган макалалар да маанилүү.
Ф
Э
И
Л
Т
У
С
Д
Р
Ч
О
Ы
О
П
У
Ш
Т
Н
С
Э
Ш
Ц
И
М
К
И
Г
К
О
А
Г
Д
У
Е
Ы
Б
М
Н
В
Н
Л
Н
М
Т
Б
А
Л
А
К
И
Ц
Ы
Н
Р
Й
Е
А
Ы
Н
Д
Л
З
К
А
М
Е
Ы
Б
О
И
Л
З
О
К
Д
К
Ы
Ы
Г
Р
СОЗДОРДУ ТУУРАЛАП ЖАЗ !
- Кыргыз тарыхын жоюп ,тил уйронуп сабатсыздыгын жаштайынан иликтоого Солтоноев
Тегирменти 1878-торундогу жылы Сарыозон Чуйдун Белек торолуп,башоту
менен Чон Кеминдин айылында киришкен.
ТУУРА ЖООП!
Белек Солтоноев 1878-жылы Сарыозон Чуйдун торундогу Чон Кеминдин Тегирменти айылында
торолуп ,жаштайынан тил уйронуп сабатсыздыгын жоюп,Кыргыз тарыхын
иликтоого башоту менен киришкен
2.Зайнакан «Кызыл Кыргыз тарыхы» деп аталган тарыхый мурастарын
башка эже атасынын козу отоордо эмгегин кызы жана синдиси сактап журуп
калтырат Нурия эжеге.
ТУУРА ЖООП!
Атасынын «Кызыл Кыргыз тарыхы» деп аталган эмгегин жана башка тарыхый
мурастарын кызы Зайнакан эже сактап журуп козу отоордо синдиси
Нурия эжеге калтырат.
3. Аскер кызматкери кайтарып кетип , Осмонаалы Сыдыков алып
бараткан ,куралчан аскер менен кармаша бычагын пайдаланган.
ТУУРА ЖООП !
Осмонаалы Сыдыков кайтарып алып бараткан аскер кызматкери менен
кармаша кетип ,куралчан аскер бычагын пайдаланган .
4. Осмонаалы Бухарадагы жогорку диний мектепте окуп,кийин
оз айылында окуу жайын (медресени) да бутургон.
ТУУРА ЖООП !
Осмонаалы да оз айылында мектепте окуп ,кийин Бухарадагы диний
жогорку окуу жайын (медресени ) бутургон.