СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айлана-чөйрө менен таанышуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Айлана-чөйрө менен таанышуу сабагынын конспекти

Тема: “Кыш мезгилиндеги коопсуздук эрежелери”

2сабак ( декабрь айы)

              Жогорку топ (5-6 жаш)

Просмотр содержимого документа
«Айлана-чөйрө менен таанышуу»

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы


Ленин районуна караштуу

43МЧББУ





Айлана-чөйрө менен таанышуу сабагынын конспекти

Тема: “Кыш мезгилиндеги коопсуздук эрежелери”

2сабак ( декабрь айы)

Жогорку топ (5-6 жаш)

















Түзгөн тарбиячы:

Сыйдалиева Б.Т.

Бишкек 2020 –ж.

Тема: “Кыш мезгилиндеги коопсуздук эрежелери”

Программалык мазмуну: кыш мезгилине мүнөздүү өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берүү; балдардын кыш мезгилиндеги коопсуздук эрежелери жөнүндөгү билимин бекемдөө; божомолдоо жана тыянак чыгаруу жөндөмүн калыптандыруу; майда моторикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү.

Ой жүгүртүү, ырааттуу сүйлөө, көңүл буруу, эс тутум, кабылдоо, чыгармачыл кыялдануусун өстүрүү,

Балдарды коопсуз жүрүм-турумга, бири-бирин сыйлоого, жакшы сапаттарга, сезимтал болууга тарбиялоо.

Усулдук ыкмалар:

Уюштуруу учуру, жагымдуу маанай тартуулоо, аңгемелешүү, күтүлбөгөн окуя, табышмак айтуу,тыныгуу көнүгүүсү, баалоо, сабактын жыйынтыгы.

Колдонулуучу каражаттар:сюжеттүү сүрөттөр

Сөздүк иш: бурганак, бороон, көк жылгаяк, күмүш түстүү, аяздуу.

Сабактын жүрүшү:

Таң эртеден жылмайып,

Күндү күлүп тоскула.

Күн да тиет нурданып

Ден соолукта болгула! (1-слайд)

Тарбиячы: Коңгуроо гүл шыңгырап, балдарды мында чакырат! (2-слайд)



Саламатсыңарбы балдар! Кутмандуу күнүңөр менен!

Асмандан жаап ак бубак

Ак чапан кийип алышты

Жолдор дагы, үйлөр да.

Апакай болуп калышты

Бул кайсы мезгил? (кыш)

Суроо-жооп:

-Кыш мезгили кандай?

-Аяздуу, суук, көк жылгаяк, күмүш түстүү, сыйкырдуу.

(3-слайд)


-Кышында күндүн узактыгы кандай болот?

-Кышында күн кыскарат, түн узарат.

(4-слайд)


-Бак-дарактарда кандай өзгөрүүлөр болот?

-Бак-дарактардын ​​жалбырагы түшүп, аяздуу аба-ырайы менен алар тоңуп калышат.

(5-слайд)


-Кышкы катуу шамалды кантип аташат?

-Бороон, бурганак.

(6-слайд)



Азаматсыңар баарын туура айттыңар. Ар кандай кырсыкка кабылбоо үчүн, кышында коопсуздук эрежелерин сактоо керек:

-Ар дайым таман астына карап басыш керек. Тоңгон көлчүктөрдү айланып өткүлө! (7-слайд)



- Айрыкча, чоң жолдон өткөндө шашпа, чуркаба! Тайгак жолдогу унаа заматта токтой албайт. (8-слайд)

- Музду басаарда этият болуп, текшерип, анан гана толугу менен басып өткүлө. (9-слайд)

-Тоңгон дарыялар менен көлдөргө секирип, муздун күчүн тепкилеп текшерүү туура эмес. Конькини, чананы муз аянтчада тебүү керек. (10-слайд)

-Үйлөрдүн, имараттардын чатырына тоңгон муздарды четтеп өтүш керек! (11-слайд)

Физикалык тыныгуу:

Кол кап кийсем колума

Манжаларым жоголду.

Бекитем деп аларды

Беш манжасыз боломбу?

Карасаңар бөбөктөр

Мындай кызык болобу.

Чечип салсам кол капты

Кайра колум оңолду. (12-слайд)

Балдар биз бүгүн кыш мезгили, кыш мезгилиндеги коопсуздук эрежелери тууралуу билдик.

Силерге тапшырма: үйдөн стаканга суу алып, ага каалаган түстөгү боекту кошобуз. Аны формаларга куябыз да, жиптен илмекти кошо тоңдурабыз. Балаты үчүн оюнчук даяр. (13-слайд)

Ал эми кыш мезгилиндеги коопсуздук дайыма эсиңерде болсун! Саламатта калгыла!