СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айлана-чөйрө менен таанышуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Айлана-чөйрө менен таанышуу сабагынын конспекти

Тема: “Жаңы жылдык майрам”

4сабак ( декабрь айы)

              Жогорку топ (5-6 жаш)

Просмотр содержимого документа
«Айлана-чөйрө менен таанышуу»

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы


Ленин районуна караштуу

43МЧББУ





Айлана-чөйрө менен таанышуу сабагынын конспекти

Тема: “Жаңы жылдык майрам”

4сабак ( декабрь айы)

Жогорку топ (5-6 жаш)











Түзгөн тарбиячы:

Сыйдалиева Б.Т.

Бишкек 2020 -ж

Тема: “Жаңы жылдык майрам”

Программанын мазмуну: Кыргызстанда Жаңы жылды майрамдоо жөнүндө балдардын түшүнүгүн кеңейтүү. Элдин жашоосунда, майрамдык жөрөлгөлөрдө болуп жаткан окуяларга кызыгууну арттыруу. Жакындарга жана досторго белек берүү каалоосун ойготуу.

Усулдук ыкмалар:

Уюштуруу учуру, аңгемелешүү, табышмак айтуу, манжа көнүгүү, тыныгуу көнүгүүсү, баалоо, сабактын жыйынтыгы.

Колдонулуучу каражаттар: сюжеттүү сүрөттөр

Сөздүк иш: гирлянда, шам.

Сабактын жүрүшү:

Саламатсыңарбы балдар!

Бөлмөдө татына,

Жапжашыл балаты.

Ар түркүн оюнчук,

Жымыңдайт карачы. (1-слайд)

Балдар Жаңы жыл да кирип келди. Силер Жаңы жылды үй-бүлөңөр менен кантип майрамдайсыңар?

Адамдар көчөлөрдү жана үйлөрдү кооздоп, майрамдык куттуктоолорду даярдап, куттукташат, белектерди беришет. Балатыга шамдар жагылып, гирляндалар менен кооздолуп, майрамдык дасторкон жайылып, даамдуу тамактарды, салаттарды даярдашат. Түнкү саат 12 чамасында өлкө башчысынын куттуктоосун угушат.

Манжа көнүгүүсү:

-Үйүңөрдө ким жашайт?

Кана бөбөк ыкчам айт.

-Санап берем бардыгын

Кимдер жашагандыгын.

Атам, апам, эжекем

Иним, агам жана мен.

1,2,3,4,

5,6 болдук биз

Санап болдум эми мен

Булар менин үй бүлөм. (2-слайд)

(3,4-слайд)

Жаңы жыл - сыйкырдуу майрам. Эл аны ар дайым жакшы маанай, шаң менен тосуп алат. Балдар, келгиле, эми физикалык тыныгуу жасап алалы.

Балаты, балаты

Карагайдын баласы.

Оң кол, сол кол канакей

Чабабыз алаканды. (5-слайд)

Балдар Аяз Ата Жаңы жылдык майрамдын башкы каарманы, негизги коногу.Ал өзүнүн белек-бечкегин артынып келет да, ыр ырдап, бий бийлеп өнөрүн тартуулаган балдарга берет. Жаңы жылга белектерди берүү салты бардык жакта бар. Чоңдор да, балдар да белек алганды жакшы көрүшөт. А силер Жаңы жылга кандай белектерди алгыңар келет? (6-слайд)

Мнемотаблица менен иштөө «Кичине балаты» ыры. (7-слайд)

Кичине балаты

Үшүдү кышта.

Токойдон алып келдик,

Калтырбай тышка.

Азаматсыңар балдар, абдан жакшы ырдадыңар.

Бышыктоо: Жаңы жылдык майрамдын кандай жөрөлгөлөрү эсиңерде калды?

Балдар үйдөн ата-энеңерге ушундай куттуктоо баракчасын белекке өз колуңар менен жасап берсеңер болот.