Просмотр содержимого документа
«Айыл чарбасынын географиясы»
География
10-класс
Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы
№ 1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернаты
Мугалим: Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна
Дүйнө жүзүндө айыл чарбасынын түзүмү,"Жашыл революция" түшүнүгү, дүйнөдөгү негизги айыл чарба аймактары менен таанышасыӊар жана дүйнөлүк айыл чарбасы жөнүндө билимиӊерди тереңдетип, дүйнө жүзүндө айыл чарбасынын адистешүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн бөлүп көрсөтөсүӊөр.
.
Айыл чарбасы - материалдык өндүрүштүн экинчи жетектөөчү тармагы. Айыл чарбасы байыркы гана тармак эмес, материалдык өндүрүштүн маанилүү тармактарынын бири.
Айыл чарбасын окумуштуулар 50 түргө бөлөт.
Бирок, аларды 2 гана топко топко бөлүп коюууга болот.
.
- Биринчиден товардык айыл чарба. Бул ургалдуу дыйканчылык, жерди которуштуруп айдоо менен, ургалдуу мал чарбачылыгы, тоют даярдоо жана багбанчылык, жашылча өстүрүү о.э экстенсивдүү дыйканчылык тоӊдурма айдоо менен, жайыт мал чарбачылыгы.
- Экинчиден, өз керектөөлөрүн камсыздаган айыл чарбасы. Мында дыйканчылык артта калган, көчмөн мал чарбачылыгы өкүм сүргөн талаадан табигый азыктарды чогулткан, балык уулоо менен кылган чарба .
.
«Жашыл революция» жөнүндө түшүнүк
- Бул термин өткөн кылымдын 60-жылдарында « жашыл революция» өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө башталгандан тартып кеӊири таралган.
- Ал ИТРдин таасиринин бир формасы. Жашыл революция-3 негизги компоненти камтыйт. Бул дан өсүмдүктөрүнүн жаӊы бат жетилегн сортун таап, түшүмдү жогрулатуу мүмкүнчүлүгү үчүн экинчи, үчүнчү, төртүнчү жолу себүүгө пайдалануу.
- Бул ирригацияны кеӊейтүү эмне үчүн дегенде жаӊы сорттор өзүнүн мыкты сапаттарын жасалма сугарууда көрсөтөт.
- Бул, азыркы техниканы, жер семирткичтерди ж.б.химикаттарды кеӊири колдонуу.
- Жашыл революция-эӊ маанилүү кубулуш. Анын аркасында өнүгүп келе жаткан өлкөлөр данга болгон керектөөлөрүн өзүлөрү камсыз кылып калышты. Дан өсумдүктөрүнүн түшүмү эки-үч эсеге өстү. Машинага жана жер семирткичке болгон муктаждык артты. Ошондой болсо да, «жашыл революция» ага болгон үмүттү толук актай алган жок.
- Дан өсүмдүктөрү-дүйнөлүк айыл чарбасынын негизи.
- Иштетилген жерлердин дээрлик ½ ин дан өсүмдүктөрү ээлейт.
- Дан чарбасы негизинен өсүмдүктөрдүн 3 түрүнө буудай, күрүч, жүгөрүгө таянып, жалпы түшүмдү 4/5 үн жана калктын азыгынын ½ ин камсыз кылат.
- Буудай - дүйнөнүн калкынын жарымынын негизги азыгы.
- Академик Н.И.Вавилов тактагандай буудайдын мекени Алдыӊкы Азия жана Жер Ортолук деӊиздин жээги. Бул жактан ал акырындап бүткүл дүйнөгө тараган.
- Буудай чарбасына адистешкен райондор-АКШда, Канадада, Австралияда, Францияда, Кытайда жана КМШ өлкөлөрүндө .
- Күрүч -дүйнөнүн калкынын жарымынын нанды алмаштырган негизги азыгы. Б.з.ч эле Кытайда эгилүүчү маданий өсүмдүк.
- Жүгөрү -Мекени Мексика, Америка ачылгандан кийин, дүйнөгө тараган. Негизинен буудай ээлеген аймактарда өстүрүлөт. Жүгөрү дан үчун гана эмес, жашыл массасы үчун өстүрүлөт. Негзги жүгөрү өндүрүүчү өлкөлөр АКШ, Кытай, Бразилия .
- Дүйнөлүк рынокко буудай менен жүгөрүнүн дүӊ жыйымынын 10-15% и түшөт.
- Негизги экспортоочулар дан чарбасы боюнча адистешкен өлкөлөр АКШ, Канада, Франция, Австралия, Аргентина.
Башка азык-түлүк өсүмдүктөрү.
Дан өсүмдүктөрүнөн башка калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн май берүүчү өсүмдүктөр, картошка, кант кызылча, жашылча жана мөмө –жемиш өстүрүлөт.
- Май чыгаруучу өсүмдүктөрдү эгүү дан өсүмдүктөрүнөн кийинки маанилүү орундуу ээлейт.
- Дүйнөдө колдонулган майдын 2/3 бөлүгү өсүмдүк майлары, алардын үлүшү, өзгочө Азиянын, Африканын , Латын Америкасынын өлкөлөрүндө жогору.
- Буурчак жыйноо боюнча 1-орунда АКШ, жер жаӊгагы боюнча - Индия, зайтун майы боюнча-Италия.
- Дүйнөдө кенири тараган маданий өсүмдүктөдүн бири- картошка.
- Анын мекени Түштүк Америка. Азыркы мезгилде Түндүк жарым шардын мээлүүн алкагынын негизги маданий өсүмдүгү.
- Алыӊкы орунда Кытай, Россия, Индия, АКШ жана Польша ээлейт.
- Калктын азыктануусуна кант берүүчү өсүмдүктөдүн мааниси зор.
- Дүйнөдө жылына 120-125 млн тонна кант өндүрүлөт, анын 2/3 си бал камыштан, 3/1 кант кызылчадан турат.
- Кант кызылча мелүүн алкактын өсүмдүгү. Алар Россия, Украина, Чет өлкөлүк Европада жана Түндүк Америкада өстүрүлөт.
- Жыттуу өсүмдүктөргө чай, кофе жана какао кирет. Булардын баардыгы тропиктик климатта өстүрүлөт.
- Чай мекени - Кытай,Европага 17-кылымда алынып келинип, эӊ популярдуу болуп, өзгөчө тез жүрүүчү 3 мачталуу кемелер, чай клиперлер менен ташылгандан баштап ташыла баштаган. Дүйнөдө чайдын 4/5 бөлүгүн Азия өлкөлөрү, өзгөчө Индия, Кытай жана Шри-Ланка кирет.
- Какао менен кофе биринчи мекенин которушту. Кофенин мекени Африка болсо, дүйнөлүк кофе жыйноонун 2/3 бөлүгүн Латын Америкасы, Бразилия жана Колумбия берет.
- Какаонун мекени Латын Америкасы, бирок дүйнөдө жыйноо боюнча Африканын Гвинея булуӊунун жээгиндеги өлкөлөр алдыда.
- Азык эмес маданий өсүмдүктөр . Булалуу өсүмдүктөрдүн эӊ маанилүүсу-пахта. Аны дүйнөлүк жыйымы 20 млн тоннага жетет. Пахта эгүү жана анын түшүмү боюнча Азия өлкөлөрү алдыда, экинчи орунда – Америка, үчүнчү орунда – Африка.
Мал чарбасы.
Бодо мал
Чочко чарбасы
Кой чарбасы
Кой чарбасында 1 млрдга жакын дүйнөдө ным жетиштүү жерлерде эт-жүн багытындагы, кургакчыл жерлерде уяӊ жана чала уяӊ жүндү койлор багылат.
Жылына дүйнөдө 220 млн т эт даярдалат, анын көбү чочко эти, анадан кийин уйдун, үй куштарынын жана койдун эти. Бул көрсөткүчтөр боюнча алдыӊкылар Кытай, АКШ, Бразилия, Франция, Германия, Россия.
М., экономикасы жакшы өнүккөн өлкөлөрдө киши башына жылына 80-100 кг эт туура келе, ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 15-20 кг. Этти керектөөнүн “рекордсмени” Жаӊы Зеландияда жылына –ар бир кишиге 400 кгдан эт туура келет.
Сүт багытындагы
Эт багытындагы
Чочкочулук дүйнөдө өндүрүлгөн эттин 2/5 бөлүгүн берет. Дүйнөдөгү чочконун жарымы Кытайда багылат .
Бодо малдан дүйнөдөгү сүттүн дээрлик баары жана эттин 1/3и алынат
Сүт жана сүт - эт багытындагы мал чарбачылыгы токой жана токойлуу-талаа зонасында өнүккөн. АКШнын, Канаданын, Аргентинанын, Австралиянын кээ бир жерлеринеде бодо мал багуучу чарбалар, эт фабрикасы уюшулган. Бодо малдые 1/3 и Индияда, бирок алар эт-сүт багытында эмес, ыйык жаныбарлар катары карашат .
Дүйнөдө жылына 500 млн т сүт өндүрүлөт. Алдыӊкылары -АКШ, Индия, Россия, Германия, Франция 700 млрд даана жумуртка Кытай, АКШ, Япония 2,5 млн т жүн Австралия, Кытай, Жаӊы Зеландия даярдайт.
.
- Балык уулоо эӊ байыркы кесиптердин бири. Азыркы мезгилде 100 млндой калкты азык-түлүк менен камсыздаган дүйнөлүк чарбанын маанилүү тармагы.
- Балык улоонун негизги аймагы-Түндүк Атлантика болуп, балык уулоочу өлкөлөр Норвегия,Дания, улу Британия, Германия, АКШ болсо, балык уулоонун “эпицентри” Тынч океандын түндүгүнө жана чыгышына, Түштүк Американын жээгине карай ооду.
- Баардык балык уулоонун 30 млн тоннасы жасалма жол менен балык өстүрүүгө же аквакультурага туура келет. Аквакультура мындан 4 миӊ жыл мурда Кытайда чыккан. Ушул убакка чейин өлкө биринчиликти бербей келет.
-