СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ак Терек,Көк Терек.Интеллектуалдык таймаш.

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ак Терек,Көк Терек.Интеллектуалдык таймаш.»

Тема; Ак терек,көк терек.(интеллектуалдык таймаш)

Сабактын максаты; Окуучулар өтүлгөн темалар боюнча алган билимдерин бышыкташат.

Тез ойлонуп,тез жооп берүүгө,топ менен иштөөгө,өз ойлорун тайманбай

айтууга көнүгүшөт.

Тапкычтык жөндөмдүүлүктөрү калыптанат,таанып билүүсүн өнуктүрүү.

Окуучулар кыргыздын улуттук оюндарын,таанып билүү менен мекенди

сүйүүгө тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: карточка,сүрөттөр,сандар.

Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу.

Саламатсыңарбы? Кымбаттуу интеллектуалдык таймаштын катышуучулары жана көрүүчүлөр.Бүгүнкү таймаш 8 класстын окуучулары арасында болмокчу.Таймашка “Ак терек” жана “Көк терек”тобу катышып жатат.Билим алуу ийне менен кудук казгандай,”Баарын билүү аздык кылат,аны колдоно билүү керек,ниет кылып гана тим болбостон,аны ишке ашыруу да керек” демекчи,бүгүн биз алган билимдерибизди бышыктайбыз.

Таймаш аты бөлүмдөн турат;

1.”К” тамгасынан башталган жооп.

2.Тамгадан төгүлгөн ырлар.

3.Сүрөткө карап сөзтап.

4.Сандар сүйлөйт.

5.Таппасаң сыйпалап кал.

6.Улак тартыш.

Анда эмесе биз баштадык биринчи таймаш “К” тамгасынан башталган жооп.

1.Кыргызстанды Кытайдан бөлгөн кырка тоо?

2. Көкөтөйдүн ашы өткөн жайлоо?

3 Кыргызстандын эң ири алтын кени?

4 Багытты аныктоочу курал?

5 Аба ырайынын көп жылдык режими кандай аталат?

6.Күйүүчү кен байлык?

7.Кыргызстандын деңиз деңгээлинен эң төмөн жери?

8.Кыргызстан түндүгүнөн жана түндук чыгышынан кайсы өлкө менен чектешет?

9. Күңгөй Ала Тоосунун Боом капчыгайынан батышка кеткен уландысы кайсы кырка тоо?

10.Тескей Ала Тоосунун эң бийик чокусу?

2 Тапшырма; Тамгадан төгүлгөн ырлар,географиялык обьектилер жөнүндө ырдоо.

Мисалы:шаар,көл,суу,токой,тоо, ашуу. А,К,Б,Д,Ж,Т.Ш.

3 тапшырма; Сүрөткө карап сөз куроо.Төрт сүрөттөн бир сүрөт чыгат.

Сары-Челек,Ысык-Көл,Чатыр-Көл,Ак-Буура.

4 тапшырма;Сандар сүйлөйт.

  1. 1113 км

  2. 925 км.

  3. 6925 км.

  4. 4771м

  5. 4,92км/2

  6. 1049км

  7. 459 км

  8. 4503м

  9. 278км/2

  10. 4875м

5 тапшырма; Таппасаң сыйпалап кал.

Топтон бир окуучу чыгып,мугалимден карточка алат.Карточкада кызыл китепке кирген жаныбар жазылган.Ал жаныбар жөнүндө сүйлөбөй тобуна кайсы жаныбар экенин сүрөттөп берүү.

Илбирс, Суур.

6.тапшырма; Улак тартыш деп аталган кыргыздын улуттук оюну.

Карточкада ашуу,кырка тоо,көл, суу сактагыч жана чоку катылган.Картадан таап көрсөтө алса,каршылаш топко улак ташталат.

1.Бедел ашуусу.

2.Какшаал тоо.

3. Кулун көлү.

4 Орто токой суу сактагычы.

5.Ленин чокусу.





1.Фергана кырка тоосу.

2. Долон ашуусу.

3.Мерцбахер көлү.

4 Папан суу сактагычы.

5.Манас чокусу.

Бышыктоо; Топтордун упайлары эсептелип жеңүүчү аныкталат.

Билим гана адамды бийик жана эркин кылат демекчи,ар дайым билим алууга,көптү билүүгө ынтызар болгула.