СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ак жолтой бол жаны жыл

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ак жолтой бол жаны жыл»



Сабактын темасы: Ак жолтой бол, Жаңы жыл.

Сабактын максаты: Жаңы жыл майрамы жөнүндө маалымат алат. Ыр куплеттерди үн кубулжутуп коркөм айтууга сахнада өздөрүн маданияттуу алып жүрүүгө тарбияланышат.

  1. Уюштуруу:

Саламдашуу

Мугалимдин сөзү: Саламатсыздарбы урматтуу ата- энелер, коноктор, биздин эже- агайлар жана 5 классынын окуучулары! Сиздерди келе жаткан 2020- жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Ошону менен бирге сиздерге чын ден соолук, узун өмүр, ар бириңиздердин үй-бүлөнүздөргө бакыт- таалай, ачык маанай, албан – албан ийгиликтерди, ал эми менин окуучуларга ак кардай тазалыкты, бактылуу балалыкты, таттуу көңүл каалап кетмекчимин. Бул кетип жаткан 2019- жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылыда эң жакшы жылдардан болду десем жаңылышпайм. Эски жылды таарынтпай, каман жылын узатып, жаңы кирип келе жаткан 2020-жылды С. Жээнбеков Кыргызстанда Россия менен кызматташуу жылы деп жарыяланат деп өз сөзүндө айта кеткен. Жаңы жылын жаркырап жакшы маанай менен тосуп алалы.



Кубанычтуу жыл болсун

Корооңорго мал толсун

Кыйшык жорук түзөлүп.

Калк жашоосу оңолсун.



Дасторкондо нан турсун

Элибиз шаттык шаң курсун

Бөбөктөрдүн күлкүсү

Ар бир үйдө угулсун.



Айтунук: Жыл жанырыгы ар адамга жашоонун жаңы барагынан кабар салат. Анткени, ар бир адам, ар бир үй-бүлө жаңы жылга жаңы максаттарды коюшат эмеспи. Анда ошол жакшы тилектердин жарчысы болуп кирип келе жаткан Жаны жылыбыз кут болсун. Жаңы жылда эл арасы тынч болуп, Жер-Эне берекеге толсун. Уул үйлөп кубанган аталар аман болсун, кыз узатып сүйүнгөн апалар бар болсун!

Анда эмесе 5 –б классынын саламдашуусуна кезек берсек.



Айжаркын: Зал ичинде олтурган, замандаштар аманбы?

Жалпыңарга айтам саламды.

Кирүүгө келген ашыгып.

Көрармандар аманбы?

Тоо койнунда кулпуруп.

Гүлдөп турган Көк-Сайым!

Кыргызымдын жеринде

Өсүп турган Көк-Сайым.

Канымет: Кыргыздын бир жеринде

Өсүп турган Көк-Сайым.

Айлана теребел шаңданат.

Биздин кечебиз башталат.

Илимге жаңыдан кол сунуп,

Бактылуу жаштарбыз жаш канат.



Аймүрөк: Тоо койнунда кулпуруп,

Гүлдөп турган Көк-Сайым!

Кырыгызымдын жеринде,

Өсүп турган Көк-Сайым.

Ырысберди : Салам айтам жаны жылда жалпына
Берсин жылым жакшылыгын баарына.
Аман болсун кыргыз элим,
Жылып келген, шашып келген жылымда.
-
Гаухар: Салам айтам кирип келген жылыма
Салам айтам жылып келген жылыма
Куттуу болсун жаны жылым ушунда
Кут тартуулап жалпыбызга, журтума

Кадырбек: Айтпайт деп бизге саламды,
Кирип келген жаны жыл.
Жаман ойдо калбагын,
Оор түйүшүккө салбагын.
Сага салам өзгөчө
Таарынып бизге калбагын.


Элнура: Салам айтам ушул келген жылымда
Баарынарга ак ниеттен, жаркырап.
Келип калды жаны жылым жалтырап
Жакшы маанай, ак үмүттү тартуулап.

Байтур:

Ак каар чүмкөп Ала- Тоонун сересин,

Жыл жаңырды берип бакыт элесин.

Жаңы өмүрдүн тык- тык соккон мүнөтү,

Анда балдар бүгүнкү кеченин негизги каармандарын ортобузга чакырып алсак.

Аяз ата, аяз кызды чакыруу.

Мугалим: Саламатсызбы Аяз ата! Биздин балдар сизди абдан кубануу, сүйүнүч менен күтүп жатышкан. Сизге сөз берели.(Аяз атанын каалоо тилектери.)

Ыр куплеттер:



Хор : “Жаңы жыл”

Нурислам: Амансыңбы, жаңы жылым, аруу бол!
Сени тостум жетимиш жол, берчи кол!
Эми он эки ай насиптешсиң биз менен
Ата-Журтка берерибиз болсун мол!

Демекчи кезекти окуучулардын жаңы жылга арналган ыр саптарына берсек.


Айгерим: Жаңы жылда жаңы гүлдөр жайнасын,
Элим көрсүн бул турмуштун пайдасын.
Бирге жүрүп бакыт бүткөн эл менен
Эмгектенсин, эч ким артта калбасын



Апсамат: Айланып жыл мезгилдери
Ак бубактуу кыш келди.
Көп узабай жаңы жыл да 
Көңүл ача тез келди.

Оюн:





Алымбек : Жаңы жылым, сенде дем бар ажайып,
Жаркып маанай жакындашып жашайлык.
Эскиртишпей салттуу, аруу достуктун,
Эшиктерин кененирээк ачалык.

Алтынай: Жаны жыл кирип келет жакында,
Жаны бакыт алып келсин баарына.
Баарын жандан эч ким карап олтурба, 
Мындай майрам бир күн эле бир жылда.


Алишер: Жаны жылым баарыбызга бакыт берсин ,
Ак карга кошуп бакыт себелесин. 
Токчулук,молчулуктун жылы болуп,
Ар бир уйго ырыскы алып келсин!

Баязет: Кел, жаны жыл алыс жолду арытып
Кел жаны жыл тозон уруп кар учуп
Жаш бөбөктү да бир жашка чонойтуп
Карыяны да бир жашка карытып

Кырыгз бийи:


Шаркыраган дарыядай агып кел
Шанга толуп адам затка жагып кел
Баарыбыздын кутконубуз топ келсин
Бак таалайды ар бир жанга алып кел

Жаны жылда жылма жылда
Биз ёлканы тосуп алган
Кыргызымдын уул-кызы
Биз жаштарбыз кубанган 


Рахмат сага жаңы жыл,
Кубанычка, шаттыкка.

Бириктирдин сен баарын,
Адамдарды кубанттың.


Вальс бийи ( кыздар, балдар)

Ыдап, бийлеп жыргадык,

Табышмак айтып сындадык,

Ада эмесе кезекти балдарга,

Ата- энелерге оюн куралык.- деп

Оюн: ата- энелер балдар менен


Бий:

Мугалим: Көп иштеди тынбастан,
Кетүү мезгил келди эми.
Рахмат сага эски жыл.
Натыйжалуу жыл болдун

: Жаңы жыл келе жатат алыста,
Мына-мына жетип калды биз жакка.
Жаңы жыл күчтүү, шайыр, таптаза.
Алып кел безге бейкутту.


Жаны жыл : Өлөкөм менин бай болсо,
Тунук асман таң болсо.
Шаркыраган шаң менен,
Ак куу, турна мол болсо.
Алтыныңды талатпай,
Арманың такыр жок болсо.
Ыпластык жоголуп,
Байлык, бакыт колдосо.
Кыргыз деген кымбатым,
Өнүп, өскөн эл болсо.
Тегиз тийген күнүндөй,
Улугуң калыс жан болсо.
Болсо такыр түгөнбөйт,
Ишке аша турган ой болсо.
Орундалсын кыялдар,
Орундалсын жакшы ойлор.
Сыйкырдуу болсун жаңы жыл.

Жалпы бий