СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аксы аймагы-Аталар Ордосу

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргызстандагы Аксы өрөөнү өзүнүн жаратылыш кооздугу гана эмес бай тарыхы менен  да белгилүү. “Аксы аймагын –Аталардын ордосу” деп атасак болот, себеби “Ата” деген ат менен бир нече жерлер, ыйык мазарлар, булактар аталат. Булардын баары азыркы күндө, эл сыйынган зыярат жерлер болуп эсептелет. Ар биринин өзүнүн тарыхы, өзүнүн сыйкыры, өзүнүн элге кылган жакшы иштери бар, алардын баары жөнүндө уламыштар сакталган.

Просмотр содержимого документа
«Аксы аймагы-Аталар Ордосу»



Аксы аймагы-Аталардын ордосу

Кыргызстандагы Аксы өрөөнү өзүнүн жаратылыш кооздугу гана эмес бай тарыхы менен да белгилүү. “Аксы аймагын –Аталардын ордосу” деп атасак болот, себеби “Ата” деген ат менен бир нече жерлер, ыйык мазарлар, булактар аталат. Булардын баары азыркы күндө, эл сыйынган зыярат жерлер болуп эсептелет. Ар биринин өзүнүн тарыхы, өзүнүн сыйкыры, өзүнүн элге кылган жакшы иштери бар, алардын баары жөнүндө уламыштар сакталган.

Уламыштардын башы Сафед-Буландагы “Кыргын мечит”, “Шах-Фазил” тарыхый-архитектуралык комплексинин тарыхы менен байланыштуу. Ал жердеги окуялар, тарыхый реалдуу окуя менен байланышканын орус окумуштууларынын жана кыргыздын белгилүү окумуштууларынын эмгегинен тапсак болот. Ага өз учурунда В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам сыяктуу советтик белгилүү илимпоздор изилдөөлөрдү жүргүзүп келген.

Сафед-Булан Кыргызстанда исламдын таралышында административдик алгачкы борбор болгондугун тарых илиминин доктору, профессор Таштанбек Кененсариев өзүнүн эмгектеринде далилдеп көрсөткөн.

Эгер Сафед-Буландын тарыхына келсек, Араб халифатынын үчүнчү халифи Осмондун мезгилинде ислам динин таратуу үчүн болочок халиф Азрети Аалынын жээни Мухаммад ибн-абдуллох Жарирди 20 мин кол менен жөнөтөт. Жергиликтүү эл күчтөрү жетпей турганын билип, сөз жүзүндө ислам динин кабыл алып, Унгардын башчысы Кербенн-Баш кызы Бубү Убайданы Мухаммед Жарирге турмушка берет. Бүбү Убайда атасына төркүлөп келип, атасы Кербен-Баш менен Ихшид жума намаз күнү арабдарга кол сала турганын угуп калып, күйөөсүнө айтат. Бирок бул кабарга маани бербеген Жарир жума намазын бузбоону чечет, капыстан кол салган Кербен-Баштын жоокерлери мусулмандарды намаз окуп жаткан жерден баштарын алып баштайт, натыйжада 2772 араб жоокери каза болот. Кыргындан аман калган жоокерлерди жана аялы Бүбү Убайданы алып, Мухаммед Жарир өз мекенине кайтат.

Кара жанын алып качкан пайгамбардын сахабалары Сарычелектин кире беришиндеги пайгамбарлардын жайы деген жерге келип, чогуу жашашып, кийин ар кимиси ар тарапка кетишет экен. Ошондо качып чыккан пайгамбарлардын аттары жашаган жерлерге берилген, уламыштар эл арасында бар. Аларды санап өтсөк: Падыша-Ата, Тосту-Аталар Кашка-Суу айылында, Тоскоол-Ата Сары-Челек айылында, Имаш-Ата Ак-Суу айылында, Кожо-Ата Кызыл-Суу айылында, Шумкар-Ата Жаңы-Жол айылында, Шүдүгүр-Ата Афлатун айылында, Бозбу тоосунун ичинде Бай-Булак-Ата, Баба-Устун-Аста, Шарап-Ата, Кайып-Ата. Имам-Ата, Бозбу-Ата , Авлетим жайлоосунун башында Ак-Тайлак-Ата , Баба-Ата Мукур айылында , Тамчы-Ата Иринжит айылында, Сампа-Ата Кызылбейит айылында болушкан. Ошондой эле “Айгине” маданий-изилдөө борборунун Жалал-Абаддагы ыйык жерлердин жыйноодогу материалдарына таянсак, Арсланбап-Ата, Имам-Ата, Падыш-Ата, Бозбу-Ата, Шумкар-Ата, Шүкүр-Ата, Камбар-Ата, Чолпон-Аталар бир туугандар болушкан.

Ар бир аталардын өзүнүн эл оозунда айтылган тарыхы бар. Алардын айрымдарына токтолсок болот. Эң кызыгы ар биринде булактар бар. Бозбу тоо бир гана алтын кендерге эле бай болбостон бул тоо ыйык мазарлары менен маанилүү. Тоону айлана эл-журтум деген ата бабаларыбыз баш паанек кылып келгени көрүнүп турат. Эң башкысы бул Бай-Булак-Ата мазарындагы булак. Бул булактын суусу эрте жазда чыгып, күзгө жуук же буудай орок аяктаган мезгилде токтоп калат. Булактын суусу Авлетим жайлоосунун башында Ак-Тайлак-Ата мазарындагы суу менен көлөмү да бирдей, бул эки булак бир мезгилде токтоп, бир мезгилде чыгат. Эрте жазда чыгып, күзгө жуук токтоп калат.

Ал эми Баба-Устун-Атанын аскасынын боорунан чыккан суусу да өзүнчө бир минаралдарга бай касиеттүү суу десек жанылышкандык болбойт. Үнкүрдүн ичинде асканы тиреп турган таш устун бар, ошол устун аркылуу үнкүрдүн төбөсүнөн суу атырылып чыгып агып турат. Илгери каапырлар Пайгамбарыбыз Мухаммед (Саллалоху аллейки фассалоомдун) сахабаларын кыргынга учуратып кууганда алардан туш тарапка качып, ар ким бекинер жер издейт, ошондо Баба-Устун мына ушул жерге Бозбу тоосунун түштүк тарабына келип такалат. Суу жок, үнкүрдүн үстүн жараткандан суу тилеп чапканда кылычтын мизи кескен таштан суу чыгып кеткен деген легендасы бар.

Ал эми бул жердеги үнкүр тура эле Мекке шаарына алып барат деген сөздүн да негизинде кандайдыр бир чындык бар. Анткени илгери мына ушул жерди жердеген бир бай өзүнүн койчуманын чакырып алып, мен Меккеге зыяратка баратам, мен келгече койду чыгаша кылбай жакшы бак, мен да сага Алладан жакшылык тилеп келем дейт. Койчунун да максаты мына ушул Меккеге зыярат кылып келсем дегенде эки көзү төрт болот. Бирок колунда жок үчүн бара албай жүрөт. Бай Меккеге кеткенден кийин бир айча убакыт өткөн мезгилде Меккеде зыярат кылчу күн жакындышып калганда коюн жайып мына ушул Баба-Устун-Атанын оозуна келип өзү «Ээ, жараткан кулум десең мени да бир зыярат кылып келгенге жеткир деп» зар какшап ыйлап, мына ушул Баба-Устун-Атанын батыш тарабындагы үнкүрдүн оозуна келсе үнкүрдүн ичинен бир нур чачырап койчу ошол нурду ээрчип баса баштайт, нур койчуну жетелеп жүрүп олтурат, кыйла басканда эле айлана жарк дей түшөт караса койчу Меккеге барып калган болот.

Үч күн зыярат кылып, эртеси кайта турган убакыт болгондо койчуга бай жолугуп калып, «Ой койчуман сен да келип калдыңбы, кетесиңби дейт, кетем бай жараткан Алла жол берсе дейт. Кетсең жакшы болуптур мына бул менин ичигим менен суусар тебетейимди ала кет, бул жакта күн ысык экен, мен дагы он-он беш күн туруп анан барамын» деп койчудан кийимдерин берип жиберет. Койчу дагы зарлай баштайт «Ээ жараткан тилегиме жеткиргениңе чексиз ыраазымын, эми мени байдын каарына калтырбай элиме, кой жайган жериме жеткире көр деп жалдырайт». Ошол учурда баягы нур пайда болуп койчуну келген жолу менен жетелеп Баба-Устун-Атанын үнкүрүнөн сыртка чыгарып коет. Караса койлору жайылып жаткан болот.

Айылына койлорун айдап барса айылда тополоң койчу жоголду деп. Айылдагылар көрүп «Ой, шорун каткан койчу кайда жүрөсүн, биз сени издебеген жерибиз калбадыго, кой түгөл бекен дешсе, кой түгөл, эмнеге издейсиңер мен Меккеге зыяратка барып келдим дейт».
Ой Кудай урган койчуман, кудайга карап жалган сүйлө, байдын эшигинде эптеп тирилик кылып жүрүп кайдан сен Меккеге барып келесин дешет. Анда койчуман байдын кийимдерин көрсөткөндө баары этегине жыгылып, зыярат кылып келиптир деп калышат».
Баба-Устун-Атанын мазары мына ушундай касиеттүү жер. Бул жерге дүйнөнүн туш тарабынан зыяратчылар келип турушат. Бозбу тоосунун этегинде Ак-Суу айылында Имам-Атанын мазары бар. Азыркы Ала-Бука районунун аймагындагы Кыргын мечитте каапырлар менен мусулмандардын ортосунда салгылашшуулар болуп турган. Бул сахабаларды ажыратып жардам берүүгө Кыргыздан Мачак баатыры кырк жигити менен келип согушуп, көп сахабаларды бошотуп алат. Ошондо Падыша Шах-Жарир сурайт Эми баатырым сиздин жакшылыгыңызга эмне берип ыраазы кылам дегенде Мачак Баатыр айтат «Мага эч нерсенин кереги жок, биз мусулмандар бир тууганбыз, бизге Имам –Атаны бериңиз айгып кетсе имам кылып алабыз, көзү өтүп кетсе мазар кылып алабыз» дейт. Ошондо ыраазы болуп жарадар Имамды берет. Ошол замат чабыш кайрадан башталат, Кыргыздар имамды күн чыгыш тарапты көздөй алып качышат. Мына ушул Ак-Сууга келгенде Имам жаракатынан улам кайтыш болот. Имам-Атаны Ак-Сууга коюшат. Ошол азыркы мазар турган жерге коюлат.
Ал эми Шарап-Ата менен Кайып-Ата болсо азыркы Бозпиек айылындагы капчыгайга качып кирип, асканын боорундагы үнкүргө жашынып калат. Кийин үнкүрдүн оозун бышкан кирпич менен тосуп, Жан сактап туруп кайтыш болот. Ошол кирпич менен тосулган жери азыр да сакталып турат.
Дагы бир элдик айтымда Аксы Атанын тогуз баласы болот. Алардын эң кичүүсү бул Арсланбап-Ата болгон дешет. Бозбу Ата тоодогу бир булактын ээси менен айтышып кетип таарынышып калганда Булак сенин өңүрүңдү бузуп, кейпиңди кетирем деп калат, кетире албайсын дейт, кетиремин дейт, ошентип суу Бозбуну бузам деп сайдан атырылып чыгып бууракандап жөнөгөндө Аксы Ата Аллага жалынат Тоскоол уулума бир касиет бер Бозбуну сактап калсын деп тилек кылып, Тоскоол-Атага айтат, тос уулум дегенде Тоскоол –Ата сайдын оозун дуба менен тосуп, сууну токтотуп калат. Ошол жер Тоскоол-Ата көлү. Азыркылар айтып жүргөн Сары –Челек көлү. Чындыгында эле азыркы Аркыт айылы турган жерде тоонун топурагын алып сайдын оозун тосуп калган элесин жакшылап байкаган адам көрсө болот. Бул маалыматтарды Абдымомун Кабаевдин “Бозбу Тоосу жана Бозбу-Ата жөнүндө” жазган макаласынан алдым.

Бир айтымда Бозбу-Ата да мына ушул пайгамбарыбыздын сахабаларынын бири болгон дейт. Каапырлардан качып тоонун башына чыккан мезгилде душман артынан жете турган болуп калат, ошондо көлдүн айланасындагы жапыз арчалардын арасына кирип кетип, таба албай кайтып кетишет. Ошондо турак кылып ушул жерге сөөгү коюлган деген да сөз бар. Ал эми Бозбу-Атанын мазары болсо бир кездерде таш менен короолонгон экен, азыр ал таш короонун урандылары калган. Бозбу-Атанын мазарынын айланасында көп сандаган кабырлар бар.

Мукур айылында Баба-Ата бар. Өзүмдүн атам Ажыбаев Эргешбайдын айтуусу боюнча Баба-Атага үч жол менен барса болот: 1) Мукур; 2) Авлетим; 3) Пача-Ата аркылуу тоону ашып. Пача-Ата Көк-Сарай тоосунун батышында жайгашкан. Ал жагынан барганда, машина менен Көк-Сарайга чейин 5-6 чакырым жол жүрүп, андан ары жөө, тоону ашып түшө койсо болот. Ыйык жердин түрү – булак. Анын тегерегинде кайыңдар бар. Көбүнчө жаңгактар жана алмалар өсөт. Жергиликтүү эл бул жемиштерди терип

Эгер бул тарыхты андан ары уласак, качкан сахабалардын ичинен эң улуусу Пача-Ата болгон, кийин советтик доордо Падыша-Ата деп атала баштаган. Падыша-Ата Сафед-Буланда 20 км аралыкта жайгашкан. Атам Ажыбаев Эргешбай (82жаш) айткан уламышка караганда, Падыша-Ата каза болоорго жакын өзүнүн сахабаларына “мен өлсөм, сөөгүмдү Сафед-Буланга шейит кеткен сахабалардын жанына койгула, бирок менин сөөгүмдү жерге тийгизбей көтөрүп баргыла. Эгер жерге менин денем тийсе эле, кайра ордунан көтөрө албай каласыңар”-деп керээзин калтырат. Падыш-Атабыз каза болгондон кийин анын сөөгүн Сафед-Булонду көздөй көтөрүп жөнөшөт, алардын алдынан кекилик балдары менен чыга калганда, Падыша-Атанын айткан сөзүн унутуп койушуп, сөөктү жерге койуп, кекиликтерди кууп жөнөшөт. Азыр дагы Падыша-Атанын коругунда кекиликтер көп. Кайра келишип, сөөктү көтөрөйүн деп көтөрө алышпайт, ошондо гана чоң катачылык кылганын түшүнүшүп, кудайдын буйругу ушундай го дешип, ошол жерге койушат. Ал жерде күмбөзү бар.

Азыр бул жер Сафед-Булон сыяктуу элдер сыйынуучу жерге айланган. “Байлык менен бийлик” кааласаң Падыша-Атага зыяратка бар деген сөз азыркы күнгө чейин бар. Азыркы күндө Падыш-Ата күмбөзү Кыргызстандагы Падыша-Ата коругунун ичинде жайгашкан, ага ΙΧ кылымдан баштап Борбордук Азиядан элднр келип зыярат жайга айланган.

Падыша-Ата коругу 2016-жылы Сары-Челек, Беш-Арал коруктары менен ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирди. Бул тууралуу ЮНЕСКонун Кыргызстандагы Улуттук комиссиясы Би-Би-Сиге билдирди. Бул Дүйнөлүк статуска ээ болуу үчүн көп өлкөлөр бул тизмеге аракет жасашат, себеби туристтерге маалымат иретинде чоң жардамын тийгизет. Ошондой эле ЮНЕСКОнун тизмесине кирген коруктар коргоого алынат, демек аларды сактап калууда жана аларды кийинки урпактарга өткөрүүдө анын орду зор.

Баба-Ата, Шүдүгүр- Ата, Падыша-Ата, Баба-Устун-Ата, Тосту-Ата, Имам-Ата, Шарап-Ата, Кайып-Ата, Ыйман-Ата жөнүндөгү уламыштардын баары Сафед-Буландагы “Кыргын мечиттин” окуясына барып такалат. Демек, Аксы өрөөндөгү “Аталар” пайгамбардын сахабаларынан болгондугунан кабар берет, ал жерлердин баарында булактардын болушу да таң каларлык. “Суу өмүрдүн булагы” дегендей, мүмкүн жергиликтүү эл алардын эмгектерине карата ошол жерлерди алардын аттары менен атай баштагандыр. Булактардын баарында минералдык таштар болгондонбу көп ооруларга дары.

Ошентип, сөзүбүздү жыйынтыктасак, чындыгында Аксы өрөөнүндө 20дай жердин аты “Ата” деген ат менен аталганын көрдүк. Алардын ар биринин өзүнчө тарыхы бар, алардын кээ биринин гана тарыхына кайрылдык. “Эл ичи -өнөр кенчи” дегендей ал уламыштар эл оозунда гана айтылып келинүүдө. Биздин милдет аларды жыйнап, кагаз бетине түшурүп, ыйык жерлерге ыйыктай мамиле жасап, аларды илимий түрдө изилдеп, архитектуралык казууларды жүргүзүп, дүйнөгө белгилүү кылып жана бизден калган урпатарга алардын тарыхын калтырсак деген ойдомун.


Түзгөн: Ажыбаев Нурила



1