Баткен областы.Лейлек району
Самат атындагы орто мектеби.
“Өзүн-өзү тарбиялоо-улуу инсандык сапат”
8-класс (тарбиялык саат)
Математика мугалими: Койчубаева Тазагул Назаровна
Сабактын темасы: Өзүн-өзү тарбиялоо-улуу инсандык сапат
Сабактын максаты: | Көрсөткүчтөр: Максатка жетти дейбиз |
1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар “Өзүн-өзү тарбиялоо деген эмне ?” деген тема жөнундө билишет жана маалымат алышат. | Эгер окуучулар Акыл эмгегинин маданияты сабагында “: Өзүн-өзү тарбиялоо” дегенди билишсе, маани беришсе жана маалыматы бар болсо; |
2.Өнүктүрүүчүлүк: Өздөрунө оң жана терс сапаттарды ажыратып, керектүүсун калыптандырат. | Адамзат өзүнүн жашоосундагы оң жана терс сапаттарды ажырата билсе,өзүн-өзү тарбиялап, өстүрүүнүн жолдорун калыптандырса |
3.Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды Акыл эмгеги маданияты сабагынын негизинде билим сапатын жогорулатуу жана өзүн-өзү тарбиялоо, колдонуу, инсандын асыл сапаттарын калыптандыруу,изилдөө аркылуу терең билим алуунун жолун үйрөнүүгө тарбияланат. | Окуучуларды Акыл эмгеги маданияты сабагынын негизинде билим сапатын жогорулатуу жана өзүн-өзү тарбиялоо, колдонуу, инсандын асыл сапаттарын калыптандыруу,изилдөө аркылуу терең билим алуунун жолун үйрөнүшсө |
| |
Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү
Сабактын жабдылышы: проектр, батман,маркер.
Сабактын жүрүшү:1.Уюштуруу
Саламатсыңарбы балдар!Маанайынар кандай.
Эң алгач эле окуучулар жагымдуу маанай тартуулап алалы.
Сабакты баштаардан мурда мен силерге логикалык суроо бергим келип жатат..
Күндө бир эле суроону беребиз, аны бергенде ар башка жооп алабыз.Ал кандай суроо?
Эмне тоого барат, тоодон келет, бирок ордунда калат? (ордунан жылбайт).Бул эмне?
Үй тапшырмасын суроо
Өтүлгөн теманы кайталоо
АЭМ д.э?
Убакытты туура бөлүштурүү д.э? ж.б
Жаңы тема
План:
1.Өзүн-өзү тарбиялоо д.э?
2. Өзүн-өзү тарбиялоо качан жана эмнеден башталат?
3. Өзүн-өзү тарбиялоонун айрым ыкмалары
4.Көңүл бурууга зарыл болгон багыттар
5.Анын ичинен көңүл буруу зарылдары
6. Өзүн-өзү тарбиялап өстүрүүнүн жолдору
7. Өзүн-өзү тарбиялоону уюштуруу жолдору
1.-ситуация «Бул жашоонун толук кандуу мазмуну эмнеде?»
Банка, таш, буурчак, кум, суу
-Банкага ташты салат. Банканын ичи толдубу?
-Буурчакты салат.. Толдубу? -ооба
-кумду салат.Толдубу? Ооба
-Сууну куят.Суу кумга сиңип кетет.
-Менин айтайын дегеним, силердин жашоонор да мына ушул банкага окшош.Муштай чондуктагы таштар силердин жашоонордогу чон маанилуу нерселер : Ден-соолук, эрк, мүнөз, тарбия, жөндөмдүүлүк ж.б
Буурчак –жеке өзүңөр учун кызыктуу болгон жашоонор.(телефон,буюм-тайым,
Кум- калган бардык майда барат нерселер.(күнүмдук жашоо) Эгер башынан эле кумду толтурсанар, анда буурчак менен ташка орун калбай калат.Турмушта деле энергиянарды бут майда-барат нерсеге жумшасанар маанилүү нерселерге орун калбай калат.Ошондуктан адегенде таштарды топтогонго аракет кылып, маани беруу керек.
Суу –жашоонун негизги булагы.Суу –жашоодо кандай олуттуу иштер менен алек болбо, ар дайым кумга сиңген суу сымал, өзүңдөгү асыл сапаттарды сиңирип алсан, жашоодо кыйналбайсын.
Окуучулардын 5-6 саат партада бекер отуруп, убактысын өткөрүү-өтө коркунучтуу көрүнүш б.с.
Бул эмнеден келип чыгат.? Бул- ойдун кара күчтүн жалкоолугу.Жалкоолуктун алдын алуунун кубаттуу каражаты-бул каалоону чектөө, кызыгууну арттыруу.
2-ситуация
-Станканга суу куюп, көтөрүп туруу, окуучуларга суроо узатуу
-бул стаканда канча суу бар деп ойлойсуңар?
200 мл, 500 мл, 300 мл деп айта баштайт.
Мен так канча экенин билбейм, бирок, бул азыр маанилүү эмес, мен силерге башка нерсе айткым келип турат.Эгерде мен стаканды бир нече мүнөт кармап турсам эмне болот?
-эч нерсе болбойт
-ооба, эч нерсе болбойт, 2 саат кармап турсам эмне болот?
-колунуз ооруп калат
-бир күн кечке кармап турсамчы?
-колунуз ооруп,булчундарынызга күч келип паралич болуп калышыныз мүмкүн.
-Мен кечке кармап тура бергенден суунун көлөмү өзгөрөбү?
-жок,
-эмне кылуу керек,анда?
-Жон эле стаканды жерге коюп коюңуз.
-Муну менен мен силерге эмне айтмакчымын, бир маселе проблема болгондо аны бир нече мунөт, 2 саат же бир күн кармап тура бергенден маселе чечилбейт.Аны жайына коюп чечимин издеш керек.
Андыктан, өзүн-өзү тарбиялоону кечиктирбестен, азыр баштоо керек.
Ким бийиктикке чыгууну кааласа…тепкичти ойлоп тапсын.
Өзүн-өзү тарбиялоодогу меселелерди чечип жатканда, туу чокусуна жетүү үчүн тепкичтерди басып өтүү керектигин ойлонуу керек. 1.Жеңил нерседен баштоо керек.
2.Убакыт жана күчтү туура бөлүштүрүү (режим, график тузу)
3.Күнүмдүк график түзүү
4.Натыйжа алуу (машыгуу)
5.Асыл сапаттарга ээ болуу
1-тепкич «Өзүн-өзү тарбиялоо д.э?»
1. Өзүн-өзү тарбиялоо-бул адамдын калыптанган идеал, ынанууларга ылайык, аң-сезимдүү коюлган максатка карата өз личностун өзгөртүүгө багытталган ишмердүүлүгү.
- Өзүн-өзү тарбиялоо учун алгач личность белгилуу даражада өсүшү, өнүгүшү, өзүн-өзү аңдап, сындап билүүсү керек.
-Өз кемчилик, артыкчылык жана мүмкүнчүлүктөрүн көрө билүүсү-бул анын жетиктигинин көрсөткүчү жана өзүн-өзү тарбиялоосунун өбөлгөсү.
2.Ар адамда жакшы болууга табигый умтулуу бар.
2-тепкич «Өзүн-өзү тарбиялоо качан жана эмнеден башталат?»
Адам эс тартып, өзүнүн мендигин сезип, билим-тарбиянын зарылдыгы жана баалуулугун түшүнүп, сезген кезден өзүн-өзү тарбиялоо зарылчылыгын туюп, анын жолдорун издеп таап, билген кезден башталат.
Өзүн-өзү тарбиялоо адамдын өмүрүндөгү жашоо максатын аныктап ага жетүүнүн жолдорун, планын түзүүдөн башталат.
-Эмгектенуу, аракеттенүү, изденүү өзүн ошого ар тараптуу даярдоодон башталат.
3-тепкич «Өзүн-өзү тарбиялоонун айрым ыкмалары»
1. Өзүн-өзү милдеттенме алуу(өзүн өрк үндөтүү, эрктуулук, эстеп калуу,китепти тез окуу, эркин сүйлөө, тартынбастык)
2. Өзүн-өзү отчет берүү (белгилуу убакытта аткарылган иштер)
3.Өз ишмердүүлүгү жана жүрүш-турушу жөнүндө ой жүгүртүү (ийгилик, утулуштардын себебин аныктоо)
4.Өзүн-өзү күзөтүү (ой-сезим, маанай, кызыгуу,каалоо)
5.Өзүн-өзү контролдоо (өзүнүн абалы, жүрүш-турушу, көнүлсүзз акыбеттин алдын алуу)
4-тепкич «Өзүн-өзү тарбиялоодо көңүл бурууга зарыл болгон негизги багыттар»
1.Дене-бой тарбиясына өзгөчө көңүл бөлүү( системалуу чуркоо, машыгуу, сымбаттуулук, шамдагайлык)
2.Акыл-эс тарбиясы (АЭМ өздөштүрүү, ойлоо,окуу, түшүнүү, жазуу, сүйлөө,эсептөө)
3.Адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо ( кулк-мүнөзү, адеп-ахлагы)
4.Эстетикалык тарбия (сулуулукка суктануу,аны издеп таап, сактай билуу, көркөм табит, сезимди ойготуу)
5.Башка адамдар, айлана-чөйрө менен туура, он жакшы мамиледе болуу
6.Эрктүүлүккө тарбиялоо (чыдамкайлык, туруктуулук)
7.Өз ишмердүүлүгүн уюштура билүү (максат, план, режим менен иштөө, окуу)
8.Өзүн-өзү башкара билүү
9.Адамгерчилик, гумандуулукка тарбиялоо(адамды сыйлоо, барктай билүү, көмөк көрсөтүү)
10.Жан дүйнөсү, рухий байлыгын өстүрүү кенейтүү
11.Психологиялык, эмоциялык тарбиялоо(жакшы мүнөз, токтоолук, сабырдуулук)
12.Бекем ар тараптуу, өсүп туруучу билим алуу
13.Максатка, милдетке жетүү учун зарыл мүнөз, сапаттарды өзүндө тарбиялоо
14.Асыл инсандык сапаттарды калыптандыруу
5-тепкич «Анын ичинен көңүл буруу зарылдары»
1.Айрыкча ак ниеттуулук 13.Тырышчаактык
2.Айкөлдүк 14.Чанкоолук, зиректик
3.Чынчылдык 15.Жакшы каалоодо атаандаша, тиреше, тартыша билуу
4.Адилеттуулук 16.Ички жана тышкы кыйынчылык, тоскоолдук-н ото билу, корпоо
5.Мээримдүүлүк 17.Көп варианттуу ойлоо жана иштөө
6.Эрктүүлүк 18.Эмгектене да эс ала да билүү
7.Эр жүрөктүүлүк 19.Сынды да, сыйды да көтөрө билүү
8.Туруктуулук 20.Ийгиликти да, утулууну да көтөрө билүү
9.Чыдамдуулук 21.Чен-өлчөм сезимин ар дайым сактоо
10.Максатка умтулуу 22.Билүүгө , үйрөнүүгө, үйрөтүүгө даярдык
11.Өз сөзүнө ээ болуу 23.Изденип уйрөнүп, окууга түбөлүктүү чанкоолук
12Жоопкерчилик 24.Терең ички маданиятка жетүү
25.Ток пейилдик
6-тепкич Өзүн-өзү тарбиялап өстүрүүнүн жолдору»
1.Айлананы, турмушту сезип, күзөтүү
2.Китеп окуу
3.Адамдардан уйрөнүү
4.Телевизор көрүү, радио угуу
5.Идеал (улгу) болгон адам м-н жолугушуу
6.Ата-эне, мугалим, илимий жетекчилерден сурап билүү
7.Ойлонуп корутунду чыгаруу
8.Улуу адамдардын өмүр жолун үйрөнүү
9.Саякат, экскурсияга чыгуу
10.Адамдар менен баарлашуу
11.Өзүнүн коркуу, тартынуусунан кесип өтө билүү
7-тепкич «Өзүн-өзү тарбиялоону уюштуруу жолдору(формалары)
1.Окуп, өзүн-өзү тарбиялоо 13.Уялып өзүн-өзү тарбиялоо
2.Көрүп өзүн-өзү тарбиялоо 14.Изденип өзүн-өзү тарбиялоо
3.Үйрөнүп өзүн-өзү тарбиялоо 15.Пландуу максаттуу өзүн-өзү тарбиялоо
4.Ойлонуп өзүн-өзү тарбиялоо 16.Системалуу турдо өзүн-өзү тарбиялоо
5.Турмушту күзөтүп өзүн-өзү тарбиялоо 17.Кыйынчылыктарды женип өзүн-өзү тарбиялоо
6.Сурап өзүн-өзү тарбиялоо 18.Чыгармачылык менен өзүн-өзү тарбиялоо
7.Жасап өзүн-өзү тарбиялоо 19.Ожорлонуп өзүн-өзү тарбиялоо
8.Машыгып өзүн-өзү тарбиялоо 20.Сындап өзүн-өзү тарбиялоо
9.Пикир алышып, өзүн-өзү тарбиялоо 21.Башкаларга салыштырып өзүн-өзү тарбиялоо
10.Иштеп өзүн-өзү тарбиялоо 22.Анализдеп, баалап, өзүн-өзү тарбиялоо
11.Кызыгып өзүн-өзү тарбиялоо 23.Максат, милдет коюп өзүн-өзү тарбиялоо
12.Мажбур кылып өзүн-өзү тарбиялоо 24.Сабаттуу өзүн-өзү тарбиялоо
Мына ушул тепкичтердин баарын билип, басып чыкканыбызда гана мыкты инсан чыгат деп ойлойбуз.
Бышыктоо Суроо-жооп
Көрүү | Угуу | Кайтарым байланыш |
| | |
Баалоо Окуучулардын билимине карап бааланат
Үйгө тапшырма :«Өзүн-өзү тарбиялоонун жолдорун үйрөнүп, изилдеп келүү»
Пайдаланылган адабияттар: Г.Мадаминовдун “Акыл эмгегинин маданияты” китеби
Лейлек району Самат атындагы орто мектебинин математика мугалими Койчубаева Тазагул Назаровна
Кл____ Ф.А____________________________________
Көрүү | Угуу | Кайтарым байланыш |
| | |