СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акыл ордо. Мелдеш сабак

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Акыл ордо. Мелдеш сабак»



« Акыл ордо » интеллектуалдык оюн сабагы

11-класстын окуучулары үчүн

Саламдашуу :

Дайым жарык маанайың ,

Ар дайым ачык сабагың .

Саламаттык айтамын ,

Саламатсыңарбы балдарым !

Бүгүн биз силер менен “Акыл ордо” интелектуалдык оюнун ойнойбуз , анда эмесе сабагыбыздын максаттары :

1. Билим берүүчүлүк : Алган билимдерди жалпылоо , текшерүү .

2. Өнүктүрүүчүлүк : Логикалык ой жүгүртүү өсөт , тапкычтыкка жана тез жооп берүүгө үйрөнөбүз .

3. Тарбия берүүчүлүк : Ойлорубузду жыйынтыктап , тез чечим чыгара билүүгө , бири-бирин сыйлоого тарбияланабыз .

4. Жабдылышы : компьютер , проектор , экран , плакаттар .

5. Сабактын методу : Интерактивдүү

6. Оюндун шарттары менен тааныштыруу : Оюн 4 раунд менен өтөт . 1-раунд “Тесттик суроолор” деп аталат да 12 суроо түзүлүп , класстагы бардык окуучу катышат . Эң төмөнкү упай алган окуучу оюндан четтетилет .2-раундга 10 окуучу катышат . Мында “Ар кандай категориядагы суроолор” деп аталат . Ар бир категория боюнча 6 дан суроолор берилет .Көп жооп берген 4 окуучу калат . 3-раундда “Финалдык оюнда” таймашышат . 4-раундга 2 окуучу калып, таймашат. Женүүчү аныкталат. Ар бир туура жоопко бир упай берилет жана ар бир раунддагы топтолгон упайлар эсептөө комиссиясы тарабынан эсептелинип , турнирдик таблицада көрсөтүлүп турат . Анда оюндун 1-раундун баштайлы


Категориялар


у

п

а

й

л

а

р






Тесттик суроо

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

Фигуралар

1

1

1

1

1

1







2

Жаныбарлар дүйнөсү

1

1

1

1

1

1







3

Физикалык куралдар

1

1

1

1

1

1







4

Кыргыз адабияты

1

1

1

1

1

1







5

Математика жана цифра

1

1

1

1

1

1







6

География

1

1

1

1

1

1







7

Логикалык суроолор

1

1

1

1

1

1







8

Кыргыз тили

1

1

1

1

1

1







9

Информатика

1

1

1

1

1

1







10

«К» категориясы

1

1

1

1

1

1






















Финал

1

1

1

1

1

1









7. Оюндун жүрушү :

1-раунд . Тесттик суроолор . «Акыл ордо» интеллектуалдык оюн сабагы

Кахут . Тест.

1. Фигуралар

1. Карама-каршы жактары параллель болгон төрт бурчтук? (параллелограмм)

2. Бардык жактары барабар болгон параллелограмм? (ромб)

3. Шарды чектеп турган бет? (сфера)

4. Тик бурч боюнча кесилишүүчү эки түз сызык? ( перпендикуляр)

5. Египеттеги жети кереметтин бири?

6. Эки жагы гана параллель болгон томпок төрт бурчтук? (трапеция)

2. Жаныбарлар дүйнөсү

1. Дүйнөдөгү эӊ чоӊ жаныбар? (көк кит)

2. Пингвиндердин эӊ чоӊу кайсы пингвин? (Император)

3. Жумуртка туучу сүт эмүүчү жаныбар? (өрдөк тумшук)

4. Организмдин чөйрөгө, жашоого ыӊгайлануушусу эмне деп аталат? (адаптация)

5. Кыргызстандын кызыл китеби качан жарык көргөн? ( 1985-ж)

6. Сөөлжан кандай курттардын тибине кирет? (Муунак курттар)

3. Физикалык куралдар .

1. Күчтү өлчөгөндө колдонобуз ? (динамометр)

2. Эң алгач Галилео Галилей ойлоп тапкан . Алысты жакындатып көрсөтүүчү курал . (дүрбү,телескоп)

3. Ал жок болсо нерселердин массаларын өлчөй албайбыз . (тараза)

4. Көздүн кемчилигин оңдоочу курал . (көз айнек)

5. Температураны өлчөөчү курал . (термометр)

6. Электр заряддарын байкоого арналган курал . (электраскоп)





4. Кыргыз адабияты

1.Жамактатып ырдоо өнөрү кайсы элге тиешелуу көрүнүш? (кыргыздарга)

2.Эпостор көлөмү жагынан канчага бөлүнөт? (экиге)

3.Ири эпосторго кайсы эпостор кирет? (“Манас”,”Семетей”,”Сейтек”)

4.Манас эпосунун негизги идеясы? (Ата Мекен үчүн күрөш)

5.Манастын каза болушуна ким себепкер болгон? (Коңурбай)

6.Семетей кайда төрөлүп,кимдин колунда тарбияланган?

(Таласта,таякесинин колунда)



5.Математика жана цифра

1. Катя жана Маша экөө чогуу 50 м чуркаган. Ар бир кыз канча метр чуркаган?(50м)

2. Бокс аянтчасынын формасы кандай? (төрт бурчтук)

3. Шахмат талаасында канча фигура бар? (32)

4. Айгүлгө чоӊ апасы 2 түгөй байпак токуп берди.Айгүлгө чоӊ апасы канча байпак токуп берди? (4 байпак)

5. Мегаком компаниясынын логотиби канча бурчтук? (Алты бурчтук)

6. Боз үйдүн түндүгүнүн формасы кандай? (Тегерек)

6.География

1. Эӊ чоӊ материк? (Евразия)

2. Суу менен курчалган жер? (арал)

3. Эверест тоолору жайгашкан жер? (Гималай)

4.Жер жүзүндөгү эӊ чоӊ аралды атагыла? (Гренландия)

5. Кыздын атынан коюлган шаар? (Аргентина)

6. Аянты боюнча 2-орунда турган материк? (Африка)







7. Логикалык суроолор.

1. Дүйнөдө бардык нерсенин аты бар, бирок бир эле нерсенин аты жок? (Манжа, аты жок)

2. Ысык-Көлдүн ортосунда эмне бар? (тире)

3.Дүйнөдө канча тамга бар? (5)

4. Эки төрөлөт бир өлөт? (жумуртка)

5. Бул нерсе биологияда, математикада жана стоматологияда кездешет? (тамыр)

6. туюнтмасында кайсы шаардын аты жашырылган? (Куба)



8. Кыргыз тил

1. Мамлекеттик тил качан кабыл алынган? (1998-ж.23-сентябрь)

2. Тамгалардын катар жайгашуусун эмне дейбиз? (алфавит)

3. Муундун турлору? (ачык,жабык,туюк)

4. Тыбышты билдирбеген тамгалар? (ь,ъ)

5. Йоттошкон тамгалар канча? (4)

6. Баш мучолордон тузулгон суйлом? (жайылма суйлом)



9. Информатика

1.Бир байт канча биттен турат? (8)

2. Информатика предметинин техникалык каражаты? (компьютер)

3. Алгоритм термини кайсы ойчулдун ысымы менен байланышкан? (Аль-Хорезми)

4. Компьютер термини англис тилинен келип чыккан. Эмне дегенди түшүндүрөт? (эсептөө)

5. Интернет сөзүнүн мааниси? (бүткүл дүйнөлүк желе)

6. Компьютер канчанчы кылымда ойлонуп табылган? (19 –кылымдын аягында)




10. «К» категориясы

1. Бардык жагы бирдей болгон тик бурчтук? (Квадрат)

2. Салыштырма атомдук массасы 12 ге барабар болгон химиялык элемент? (көмүртек)

3. Заттын абалынын бири? (катуу)

4. Табигый жарык булагы (Күн)

5. Кайсы газ менен дем алабыз? (Кычкылтек)

6. Кыймылдаганда кандай энергияга ээ болобуз? (кинетикалык)

Финал . Кахут тест. Слайд.

Сабакты жыйынтыктоо. Балдар, анда эмесе жеӊүүчүлөрдү аныктайбыз. Мен ишенем, бүгүнкү сабакта силер көп билим алдыӊар. Математика көп кырдуу, ары кызыктуу жана табышмактуу сабак экенине ынандыӊар.

Баарыӊарга рахмат, сабакка катышып бергениӊерге. Ийгиликтерди каалайм!