Ооба, жок категориясы
Декабрь айы кыштын эӊ акыркы айыбы? (жок)
Диаметр эки радиуска барабарбы? (ооба)
Нѳл саны натуралдык санбы? (жок)
Белгисиз санды камтыган барабардык теӊдемеби? (ооба)
Бүткүл дүйнөлүк желе бул интернетпи? (ооба)
Үч бурчтуктун төрт жагы барбы? (жок)
Тѳрт бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы 1800пу? (жок)
Экинин кубу 8 би? (ооба)
Арифметикалык 10 амал барбы? (жок)
9 санынын квадраты 82 болобу? (жок)
Бир тоннада 1000кг барбы? (ооба)
Оӊ жана терс сандардын ортосунда турган сан нөл саныбы? (ооба)
Ылдамдыктын бирдиги саатпы ? (жок)
999 санын 9га бөлгөндө 110 болобу? (жок)
Геометрия 2 бѳлүктѳн турат? (ооба)
Математикада 9 цифра бар? (жок)
Саноо үчүн колдонулган сандар терс сандарбы? (жок)
0,5 менен ½ барабарбы? (ооба)
«П» тамгасы категориясы
Компьютердин борбордук түзүлүшү эмне деп аталат? (Процессор)
Жүздөн бир бөлүк? (Процент)
Программа түзүү үчүн кайсы сөздөн баштайбыз? (Программ)
Геометриядагы тегиздиктеги фигураларды үйрөтүү бөлүгү? (Планиметрия)
Азыркы учурда эӊ кеӊири программа түзүүдө колдонулган тил? (Паскаль)
Эс алуу бакчасы? (Парк)
Бир тегиздикте жаткан, бирок кесилишпеген эки түз сызык? (Параллель)
Эки катыштын барабардыгы? (Пропорция)
Көп бурчтуктун жактарынын суммасы? (Периметр)
Дуйнөдөгү жети кереметтин бири? (Пирамида)
Геометрия илимин негиздеген окумуштуу? (Пифагор)
Ар бир граждандын өздүгүн тастыктаган документ? (Паспорт)
Окуу китебиндеги темалардын бөлүнүшү? (Параграф)
Карама-каршы жактары барабар жана параллел болгон төрт бурчтук? (параллелограмм)
Өлкө башкаруучу? (президент)
Тик бурчтуу үч бурчтукка карата теорема? (Пифагордун теоремасы)
Тик бурч боюнча кесилишкен эки түз сызык? (перпендикуляр)
Мектепте биз колубузду коюп отурабыз? (парта)
Макал-лакаптар
Кыздын? 40 чачы улуу
Жигитке? 70 өнөр аздык кылат
Жакшыга 1 сөз? жаманга 1000 сөз
Жаман деген бир ат бар жууса кеткис? Жакшы деген бир ат бар кууса жеткис
Баатыр бир өлөт? Коркок миӊ болот
Бир уйдун мүйүзү сынса? Миӊ уйдун мүйүзү зыркырайт
Аталаштан алтоо болгуча? Энелештен экөө болсун
Эки жакшы тоого чыкча кудалашып түшөт? Эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт
Жакшы атка 1 камчы? Жаман атка миӊ камчы
Атадан алтоо болсо да? Ар жалгыздык башта бар
Балалык адамга эки келет, бири жашында? Экинчиси карыганда
Билем десеӊ миӊ сөз? Билбейм десеӊ бир сөз
Бир кумалак? Бир карын майды чиритет
Бир уйдун жарыгы? Экинчи уйго тийбейт.
Бирге журмок бар? Бирге алмак жок.
Бирди аяган? Минди убакына.
Бироого кор бала? Бироого зар бала.
Бироонун озу баатыр? Бироонун созу баатыр.
«Т» тамгасы категориясы
Экинин квадраты? (Тѳрт)
90 градустагы бурч (тик бурч)
90 градустан кичине бурч (тар бурч)
Тамгалуу барабардык бул - ...(теӊдеме)
Аныкталбаган алгачкы түшүнүктѳрдүн бири (түз сызык)
Сандардын амалдар, кашалар жана тамгалар аркылуу жазылышы (туюнтма)
Чындыгы далилденүүчү сүйлѳм (теорема)
Тегиздиктин айлана менен чектелген бѳлүгү (тегерек )
Экиге так бѳлүнбѳгѳн сандар (так сандар)
9ду 10го кѳбѳйтсѳк канча (токсон)
-белгиси (тамыр)
суроо (тест)
Нѳлдѳн кичине сандар (терс)
Кѳбѳйтүндүсү 1 ге барабар болгон сандар (тескери)
Бѳлүүнүн натыйдасы (тийинди)
Кошуу, кѳбѳйтүүдѳ колдонулган закон (топтоштуруу)
Айлана кандай сызык (туюк)
П кандай сан? (турактуу)
Биринчи категория:
Биринчи мугалим ким чыгармадагы? ( Дүйшөн )
Биринчи орунду алган адам эмне деп аталат? (Женүүчү )
Биринчи байлык (Ден соолук)
Биринчи июнь кандай күн? (Балдарды коргоо күнү)
Биринчи космоско учкан жаныбар? (Ит)
Биринчи азык эмне? (Сүт)
“Биринчи мугалим” повести кимге таандык? (Ч.Айтматов )
Биринчи сентябрь кандай күн? (билим күнү)
Биринчи датка аял (Курманжан датка )
Биринчи кыргыздын космонавты (Салижан Шарипов )
Биринчи демократ акын (Токтогул Сатылганов )
Биринчи январь (жаӊы жыл)
Биринчи күндүн кыргызча аталышы (Дүйшѳмбү)
Биринчи манасчы (Саякбай Каралаев )
Биринчи май - кайсы майрам (эмгекчилердин)
Биринчи газета (Эркин Тоо)
Биринчи башкарган биздин аял президент (Р. Отунбаева)
Биринчи К.Р президенти (А. Акаев )
Кызыктуу суроолор категориясы
Канча күн бар? (1)
Эӊ кичинекей ай? (Май)
2 көз канча адамга таандык? (1)
Пилге окшош бирок кичинекей жаныбар кайсы? (пилдин баласы)
Кайсы айда 28 күн бар? (бардык)
Деӊизде кандай таш жок? (кургак)
Бир жумуртка 10 мин.бышат, анда 5 жумуртка канча минутада бышат? (10)
Кимдер отуруп жүрөт? (шахматисттер)
Суур ийининен чыкканда биринчи кайсы жакты карайт? (каалаган)
2 жерде 2 кайсы убакта 5 болот? ( болбойт)
Өрт өчүргүчтөр 3 секундада шым кийүүгө үйрөнүшөт. Бир минутада канча шым кийе алышат? (20)
Алма менен алча биригип 45 кг. Алма алчасыз 20кг. Алманын салмагы канча? (20)
Кайсы жерде асманды жерден ылдый көрө алат? (суунун бетинен)
Эки ноль биригип канча болот? ( 8)
Эки сегиз бир тогуз? (2819)
Бул жол асманда жайгашкан, анын атынан жазылган чыгарма дагы бар? (саманчынын жолу)
Доӊуз менен 2019 тун кандай тиешеси бар? (мүчөлүү жылы)
Эмне себептен турналар учканда 3 бурчтук формасында болуп учушат?
(абанын каршылыгын азайтыш үчүн)
Чен бирдиктер категориясы
Км/саат кайсы чоӊдуктун бирдиги? (ылдамдык)
Узундуктун бирдигин ата (см, дм, м, км ж.б)
Убакыттын бирдиги кадай? (секунд, минут, саат)
Кѳлѳмдүн чен бирдиги (см3, м3, км3)
Массанын бирдиги (г, кг, ц, т)
м2, км2 булар кайсы чоӊдукка тиешелүү (аянт)
Литр кайсы чоӊдукка тиешелүү (кѳлѳмгѳ)
Сутка кайсы чоӊдуктун бирдиги (убакыт)
Секунда эмненин бирдиги болуп саналат? (убакыт)
1дм де канча мм бар? (100)
1ц де канча кг бар (100)
1 жумада канча сутка бар? (7)
1км канча метр бар? (1000)
10 минутада канча секунда бар? (600)
Жарым кг да канча грамм бар? (500)
1 жарым тонна канча кг болот? (1500кг)
Сутканын 1/3 бѳлүгү канча саатты түзѳт? (8)
Кг дын 50% канчага барабар? (500г)
Геометрия категориясы
Тегиздикте жаткан эки түз сызык бир чекитте кесилишет же? (кесилишпейт)
Каалагандай эки чекит аркылуу канча түз сызык ѳтѳт?(бир)
Тик бурчтан кичине бурч (тар бурч)
Түз сызыкта жаткан чекит ал түз сызыкты канчага бѳлѳт? (2ге)
Жарым түз сызык эмне деп аталат? (шоола)
Айлананын каалаган эки чекитин туташтыруучу түз сызык (хорда)
Айлананын каалаган эки чекитин туташтыруучу кесинди. (хорда)
Айлананын борборунан анын каалаган чекитине чейинки аралык. (радиус)
Радиус кайсы тамга менен белгиленет? (r)
Жайылган бурчтун жарымы кандай бурч? (тик)
Айлананын борбору аркылуу ѳтүүчү хорда анын (диаметри)
О чекити анын эмнеси деп аталат? (борбору)
Жактары бир түз сызыкты түзүүчү бурч кандай бурч (жайылган)
Кѳп бурчтукка сырттан жана ичтен айлана сызууга болобу? (болот)
Айлананын узундугун табуунун формуласы ( С=2пr )
Координаталар тегиздигин ким негиздеген (Декарт)
Бардык жагы барабар болгон тѳрт бурчтук (квадрат)
Жер планетасына кайсы геометриялык фигураны окшоштурабыз (шар)
_____________________________
1 | |
2 | |
3 | |
4 | |
5 | |
6 | |
7 | |
8 | |
9 | |
10 | |
11 | |
12 | |
13 | |
14 | |
15 | |