Апам жана мен ( апалар менен бирдикте чогуу конкурс)
Аял-эне, аял жашоо, аял-жар деген сөздөр бир гана сиздерге татыктуу апалар. “Бейиш эненин таманынын астында”-деген кеп бар. Бүгүнкү чоңойтуп жаткан уул-кыздарыңар, силердин ишеничти актаган, биздин мээнетти жактаган балдар болуп чоңоюшуна тилектешмин. Бул балдар силер менен мактанып, силер менен даңктанып жүрө турган үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайт деп ишенем. Эне үйдүн-куту! Ошондуктан бүгүнкү кечеге жалаң энелерди чакырып отурам. Жүзүнөн нур төгүлгөн энелер дайыма бар болушсун! Эч качан оорубасын, балдарынын сый-урматын көрүп бактылуу өмүр кечиришсин! Жаздын жагымдуу майрамы куттуу болсун! Бар болгула апалар!
Энесиз үйдүн куту жанып турган,
Атага орун басар болуп турган.
Ааламга сизге окшогон аялзаты,
Агылып келе берсин бакыт сунган.
Аял деп жашооңузда көкөлөткөн,
Аталар жаныңарда бирге болсун!
Аярлап таене деп бөпөлөткөн,
Апакай неберелер үйгө толсун!
Сиз энесиз улуу ойлорду ойлогон,
Умай эне, Теңир өзү колдогон.
Суудай таза дилиңизге керемет,
Бар болгула төрүбүздө тойлогон.
Балдарыңды баштап жолго жаңыча,
Сезилесиз бизге ыйык Падыша.
Уул-кыз менен келечекке умтулган,
Сиз биз үчүн касиеттүү Ханыша.
Апаларга миң таазим! Апа жөнүндө айта берсек не бир гигант ойлор пайда болот.анда эмесе бүгүнкү “Апам жана мен” деген конкурсубузду ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер!
Апа бизге ар дайым дем берет. Апанын улуулугун, сулуулугун, ар адам даңазалайт.бүгүнкү конкурсубуздун максаты: Эне менен баланын байланышын, эненин балага болгон камкордугун ачып көрсөтөбүз.
Анда эмесе конкурсубуздун катышуучулары менен тааныштырабыз
Жакыпбекова Уулжан апасы Койчиева Асийма менен.
Токтомушев Нарбото апасы Асилбекова Рысгүл менен,
Бекназарова Аяна апасы Кулмирзаева Атиргүл менен,
Акышов Нурэл апасы Жузупова Гүлшан менен
1 (окуучулар саламдашат)
Апам мага күндөй жылуу мээрими,
Апам назик боорукердик сезими.
Апа сизди урматтаймын сыйлаймын,
Апакелер бийиктин да бийиги.
Салам айтам апаларга,
Таазим этем аларга.
Бизди өстүрүп чоңойткон,
Тарбия берет балага.
Апа деген ыйык сөзгө багынам,
Апа сизди көрбөй калсам сагынам.
Жардамдашам кыйналбасын сизди деп.
Жакшы сүйлөп өзүңүзгө жагынам.
Апа сизди жакшы көрөм баарынан.
Артык көрөм акактан да алтындан.
Салам айтам апаларга ийилип,
Куттуу болсун келе жаткан мартыңар!
Чогуу:
ЭНЕ БИЗГЕ ӨМҮР ОТУН УЛАГАН,
ҮЗҮЛГӨНДҮ БИЛДИРБЕСТЕН КУРАГАН.
ЭНЕ ДЕГЕН ЫЙЫК ДАЙЫМ БИЛЕБИЗ.
КӨП ЖАШАСЫН ЖАРАТКАНДАН СУРАНАМ.
Апалар саламдашат.
2. Анда эмесе апаларды урматтап “апа” деген ырды хор ырдайбыз.
Биз энелерге ар дайым ыраазыбыз! Бирок ошол ыраазычылыкты күндө айта бербейбиз. Бүгүн учурдан пайдаланып, ыраазычылык айтып өтөлү:
3.
1. Апа менин айымсыз. Мен сизди жакшы көрөм.
2. Апа сизди капа кылсам кечириңиз. Сизди баарынан артык көрөм.
3. дүйнөдө теңдеши жок бир сизсиз апа. Рахмат сизге.
4. апа сизге өмүр бою ыраазымын! Таазим этем.
Рахмат апалар! Биз сиздерди өзгөчө жакшы көрөбүз! Бар болуңуздар!
4 суроо-жооп
Уулуңуз мектепке келе жатканда, эмне деп, кантип жөнөтөсүз?
(апасы жазат. Уулу оозеки)
Карточка менен иштөө. Окуучулардын математикалык жөндөмү текшерилет.
Апаларга логикалык сурооолор.
Беш бир тууган ага-инилердин ар биринин бирден эжеси бар. ошондо алар канча бир тууган?(6)
Эки кун катарынан жамгыр жаашы мумкунбу? (жок ортосунда бир тун бар)
Кандай идиштен тамак иче албайбыз?(бош идиштен)
Адамдар менен унаалар басып отуучу жаныбар эмне деп аталат?(зебра)
Кайсы суроого ооба деп жооп берууго болбойт?(сиз уктап жатасызбы?)
Эмне учун адам аркасын карай берет (себеби козу жок)
Эмне учун алманын данеги курон, банандыкы сары?
Быйылдан кийин алма, орук болбойт экен. Эмнеге?
Анкета толтуруу. (апалар жазат. Уулу оозеки)
Балаңыздын туулган күнү
Үйдө кимге жакын? Апага атага
Кайсы тамакты жакшы көрөт?
Кайсы сабакка кызыгат?
Жакында эмне сатып бердиңиз?
Китеп окуп бердиңизби? Эмне жөнүндө.
Чоңойгондо ким болом деп ойлойт?
(Апалар жооп жазгандан кийин, кагазын колго алып, баласына ушул эле суроолорду берип салыштырылат)
балдардан оозеки жооп алынат.
Апа китеп окуйт. Бала түшүнүгүн айтат.
Балаңызды кантип эркелетесиз? Апалар жазат. Жазып болгондон кийин, кагазды колго алып, уулу оозеки айтат, салыштырылат.
Кызыктуу оюн апа менен балага.
Мен апам менен көргөзмө уюштурдум.
11 . жыйынтык чыгаруу