СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акындын мөлү - Алыкул

Нажмите, чтобы узнать подробности

Алыкулдун чыгармачылык жолу

Просмотр содержимого документа
«Акындын мөлү - Алыкул»

Сабактын темасы: Бир кылым карыткан Алыкулдун көзү менен.

Сабактын билим берүүлүк максаты: Окуучулар акындын өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө өз түшүнүктөрүн айта алат.

Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты: Үн кубултуп көркөм айтуу менен сөз байлыгын, чыгармадагы каармандарды эске тутуу менен ой чабытын өнкүтүрө алат.

Сабактын тарбия берүүчүлүк максаты: Окуучулар патриоттук сезимде жашоого, сүйүүнү сыйлап, кадырына жетүүгө, өз мекенин, тулуп өскөн айылын, унутпай кадырлоого тарбияланышат. 
Сабактын тиби: Бышыктоо.
Сабактын усулу: Интерактивдүү.
Сабактын байланышы: Кыргыз тили, музыка, сүрөт, кыргыз адабияты 
Сабактын жабдылышы: Слайд, буклет, китеп, ватман.
Сабактын жүрүшү: 1. Саламдашуу, катышууну текшерип, сабакка жагымдуу маанай түзүү.
2. Кыргыз тилинин гимнин ырдатуу.
3. Окуучуларды топторго бөлүштүрүп, алтын эреже менен тааныштыруу. 
Алтын эреже: 1. Сүйлөп жатканда бири-бириңердин сөзүңөрдү бөлбөгүлө. 
2. Колуңарды көтөрүп сүйлөгүлө. 
3. Айткан окуучуну эмес, анын идеяларын сындагыла. 
4. Өтө көп, маанисиз сүйлөбөгүлө. 
4. Слайд.
5. Мугалим: Алп акыныбыз А.Осмонов өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун ар бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Ал өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан бүгүнкү сабагыбызды поэзия менен баштасак. (ар бир топтон бирден окуучу ыр айтат)
1. Артур (Адамзат)
2. Фарида (Бөбөккө)
I. Тапшырма: Кроссворд.

1 А Л Ы К У Л
2 П А Н Ф И Л О В
3 К Ы З Ы Л Ж Ү К
4 О Н Э К И Н Ч И Т Ү Н
5 П У Ш К И Н Д И
6 Ж Ы Л Д Ы З Д У У Ж А Ш Т Ы К
7 Т О К М О К
8 О С М О Н О В
9 А Д А М З А Т
10 К О Ш Т О Ш У У
11 З Е Й Н Е П
12 К И М Б О Л Д У Э К Е Н
13 Ш О Т А Р У С Т А В Е Л И Г Е

Суроосу:
1. Таланты таш жарган акын ким?
2. Алыкул Осмонов кайсыл райондо туулган?
3. Алгачкы жолу кайсы ыры менен тушоосу кесилет?
4. Шекспирдин кайсы драмасын кыргыз тилине которгон?
5. Орус элинин кайсы акын жазуучусун кыргыз элине тааныштырат?
6. 1950-жылы кайсы ырлар жыйнагы жарык көрөт?
7. 1925-28-жылы кайсы шаарда балдар үйүндө тарбияланат?
8. 1950-жылы 12-декабрда кайсы акын дүйнөдөн кайткан?
9. Акындын кайсы ырында адам баласына болгон сүйүүсү берилген?
10. «Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы» — деген ыр саптары кайсы ырында камтылган?
11. Алыкулдун жубайынын аты ким?
12. «Баатырдын-баатырына тийсин»-деген ыр саптары кайсы поэмасында камтылган?
13. «Жолборс терисин жамынган баатыр» дастаны кимге таандык?

II. Тапшырма. Илим дарагы. 
1. Кыргыз тили бутагы. 
I-топ. суроо: Берилген сөздөн үндүү тыбыштарга фрнетикалык талдоо. 
Алыкул
а.- үндүү, жоон, эринсиз, кең
ы.- үндүү, жоон, эринсиз, кууш.

II-топ. Осмонов
с.- үнсүз, учкул, жылчыкчыл, каткалаң, түгөйлүү.
м.- үнсүз, кош эринчил, мурунчул, уяң, түгөйсүз.

2. Сүрөт бутагы.
I-топ. (Тоонун сүрөтү) 
II-топ. (Комуздун сүрөтү)

3. Музыка бутагы.
I-топ. Музыка. 
II-топ. Ата Журт.

4. Адабият бутагы 
I-топ. Акындын ырларын атап бер. 
II-топ. Акындын поэмаларын атап бер.

III. Тапшырма. Текстти тууралап жазуу.

А. Осмонов
Акындын жеке пенделик тагдыры өтө татаал, өйдө-төмөн: ата-энесинин мээримин көрбөй жетим чоңойду. жигит курагында сүйүүдөн жолу болбоо, бош кошкон жарынын чыгыштык кылышы, жанынан артык көргөн наристеси жыпарынын чарчап калышы, досторунун, санаалаштарынын оң-терс мамилелери, айыкпас дарт, чыгармачылыгынын өз мезгилинде өз баасын албашы-баары анын акындык арымына бут тосо албаган. 
жеке турмушундагы жоготуулар жакшы ырлардын жазылышына тоскоол боло албаган.
А.Осмонов жаш чагынан көп окуп, көп жазып, акындык өнөрдүн сырларын өздөштүрө баштаган. Ыр токуу ышкысына жан дилим менен берилип, көп эмгектенген. Ал «Курбума кат» деген ырында поэзия жөнүндө мындай дейт. 
Поэзия –бул адамдын жаны экен, 
Күн өтсө да, өчпөй турган шамы экен. 
Өмүр, турмуш картайса да аргасыз, 
Поэзия – улам кайра жаңы экен. 
Ал поэзияны жөн гана кесиби эмес, өз өмүрүнүн шериги, өз жашоосунун маани-маңызы деп эсептеген. 
А.Осмонов драматургияга да көңүл бөлүп, бир жана көп көшөгөлүү бир канча дрмаларды жараткан. Алардын ичинен «Экинчи бригада» деген комедиясы гана элеттик профессионал театрынын сахнасында коюлган. 
«Ак мөөр» пьесасы акындын драматургиялык иш-аракеттеринен чыккан дурусураак натыйжа деп айтылган.

IV. Тапшырма. Табышмак.
1. Чуңкур эмес, дөң эмес,
Түсү бардай өң эмес.
Дөргөйү кең тар эмес,
Эч нерсеге зар эмес.
Көпчүлүк анда жатышат,
Батпаган өйдө качышат. (Тегиздик).

2. Сапары бир жерден башталат,
Ар бири ар жакка аттанат.
Саат жебелери өңдөнүп,
Төрт түрдүү болуп түрдөнөт.
Муну тапкан окуучу,
Билимге карай күүлөнөт. (Бурч).

Окуучулардын билим баалоо.

Үй тапшырма: «А.Осмонов кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы» деген темада дилбаян жазуу.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!