Тема: “Ала-Тоодон ааламга үн салган Чынгыз Айтматов”
5-г класс
Мугалим: Амантурова Алтынай
2019-жыл
Сабактын максаты:
1. Ч.Айтматовдун дуйно мамлекеттеринин жана элдеринин арасында таанылышынын фактыларынан тушунук алышат.
2. Окуучулардын дуйно таануусун, суйлоо кондумдорун калыптандыруу, Ч.Айматовдун чыгармачылыгы боюнча маалыматтарды айтып бере алышат.
3. Оз элинин улуу инсандарынын омуруно, чыгармачылык ишмердуулугуно шыктануу сезимин ойготуу менен бирге алар тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун суроттору. Алдын ала заманды коро билген жазуучунун айткан учкул кептерин камтыган кыскача слайд-шоу.
Сабактын журушу:
1. Уюштуруу:
Сабакта колдонулуучу «Алтын эреже» (дидактикалык талап):
1.убакытты баалай билуу;
2.активдуу катышуу;
3.башкалардын пикирин угуу, созун болбоо;
4.жаны идея, тажрыйбаларды каалоо;
5.чыгармачыл тажрыйбаларды аткаруудан баш тартпоо ж.б.
2. Мугалимдин созу:
12-декабрда Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык мааракесин кыргыз эли эле эмес буткул дуйно жузу белгилегени турат. Анын омуру чыгармачылыгы боюнча соз кылып кетели.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) – кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.
Балалыгы
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды..
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт. 1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.
Чынгыз Айтматовго дүйнөлүк кадырбарк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган 60—70 – жылдарда жазылган «Бетме-Бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн» (1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995) аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду.
Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлду.
3. Топтордо иштоо:
Класска сары, кызыл, жашыл карточкалар таркатылып берилет. Карточкалардын тусуно жараша класс окуучулары уч топко болунушот. Ар бир топко тапшырмалар берилет. Алар чогуу талкуулап , жообун бир окуучу чыгып айтып берет.
1-тапшырма: Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кино тасмалардын атын атагыла.
Жооп: ”Жамилия”,”Эрте келген турналар”, “Ашуу”, “Кылым карытар бир кун”, “Гулсарат”, “Биринчи мугалим”, “ Кызыл алма”.
2-тапшырма:
1-топко: Жазуучу тузгон жаныбарлардын образдарын атагыла.
Жооп: Гулсарат, Акбара, Ташчайнар, Каранар, Бугу Эне, Жаабарс…
2-топко: Жазуучу тузгон балдардын образдарын атагыла.
Жооп: Самат, Авалбек, Даул, Анатай, Султанмурат, Мырзагул,…
3-топко: Жазуучу тузгон терс каармандарды атагыла.
Жооп: Кочкорбаев, Орозкул, Ысмайыл, Сегизбаев, Базарбай
4. Жыйынтыктоо:
Кылымдын залкар жазуучусу Ч.Айматов озу отсо да , экинчи омурун жашап жатат деп айта алабыз. Ага биз окуучулар, алтындан эстелик тургуза албасак да, чыгармаларын окуп омур бою аздектеп, алардан озубузго эн жакшы таалим -тарбия алып, келечегибизге жол тапсак болот.