СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алгоритм түшүнүгү

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алгоритм түшүнүгү»

Предмет: Информатика

Сабактын темасы: Алгоритм түшүнүгү, алгоритмдин касиеттери


Сабактын максаттары


Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар:

Окуучулар алгоритм түшүнүгүнө жана алгоритмдердин касиеттери боюнча маалыматка ээ болушат. Турмуштан алынган сөз түрүндөгү алгоритмдерди түзүшөт.

Окуучулар алгоритм түшүнүгүнө жана алгоритмдердин касиеттери боюнча маалыматка ээ болуусу. Турмуштан алынган сөз түрүндөгү алгоритмдерди түзө алуусу.

Тарбиялык максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар:

Окуучулар топто жана жупта кызматташтыкта иштешет. Бири-бирине жардам беришет.

Алтын эрежелерди сактоосу

3. Баалоо критерийлери:

Суроолорго жооп беруусу-1 упай

Жаңы маалыматка ээ болуусу – 1 упай

Алгоритм түзүүсү – 1 упай

Топто жана жупта активдүүлүгү – 1 упай

Алтын эрежени сактоосу – 1 упай

4. Сабактын ресурстары:

Сүрөттөр, буклет, слайд, интеракивдүү доска ж.б.


Сабактын этаптары ______________________________________________ __________________________________________________________________


Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүгү

1.

Сабактын киришүү этабы:

А) Жагымдуу психологиялык чөйрөнү түзүү(саламдашуу, окуучуларды алдындагы ишмердүүлүккө мотивациялоо);

Б) Сабакта физикалык чөйрөнү түзүү (окуучулар менен түрдүү жумуштарды аткаруу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу,);

В) Окуучуларды сабактын темасы, максаты жана милдеттери менен тааныштыруу ;

Г) Алдын ала окуучулардын билимдерин жана тажрыйбаларын актуалдаштыруу ;

Д) Сабактын темасына ылайык жаңы түшунүктөрдү жана терминдерди киргизүү (презентация, демонстрация жана башка)

Cабактын башталышында окуучулар бири-бирин карап жылмаюу менен комплимент айтышат.










Окуучулар отулгон тема боюнча бири-бирине суроо беришет.


2.

Өтүлгөн материалды кайталоо этабы: сабакта жаңы теманы үйрөтүүнүн негизинде материалды кайталоону уюштуруу

Тесттик суроого жооп беришет.

3.

Жаңы билимди калыптандыруу этабы: Жаңы теманы үйрөнүүдө окуучуларды эки-экиден жана кичи топтордо иштөө ишмердүүлүгүн уюштуруу, материалды көрсөтүү, угуу, структуралык текстти окуу, жаңы түшүнүктөрдү бышыктоо жана машыктыруу , терминдер, лексикалык бирдик, изденип окуу жана алган маалыматты анализдөө, жаңы материалга тезис жазуу, сабакта жаңы материалды уйрөнүүдө жетишкендигинин кайтарым байланышы.

Теманы китептен окуп чыгышат же таркатма материал менен таанышышат.

Алгоритм- бул коздогон максатка жетууго жана коюлган маселени чечууго арналган аракеттердин удаалаштыгы

Алгоритмдин касиеттери боюнча жазылган текстти окуп чыгып теманын аягындагу суроолорго жооп беришет.


4.

Үйрөнгөн материалды бышыктоо: материалдарды жалпылаштыруу жана системалаштыруу, тема боюнча көндүмү жана тушүнүгун колдоно билүүсү,салыштыртыруу жана карама-каршы жактарын салыштыруу.практикалык жана чыгармачыл тапшырмаларды тандоо, тилди окутуунун балансын сактоо (угузуу, сүйлөө, окуу, жазуу).

А) Долбоорлоо методунун жардамында топко болунуп оз долбоорлорун тузушот. Ошондой эле долбоорун коргошот.

Б) турмуштан алып кандайдыр бир даам даярдоонун алгоритмин тузушот.

5.

Сабакты жыйынтыктоо: Сабактын натыйжасын коюлган максат менен салыштыруу, кайтарым байланыш – окуучулар жетишкен натыйжаны анализдөө, «Кызыктуу болду…», «Мен билдим…», «эсте калды…» и т.д.

Бугун сабакта эмне алгандыгы жонундо БББК схемасын толтурушат.

6.

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо этабы: кайтарым байланышты уюштуруу,сабактын максаты жана милдетинин аткарылышы боюнча окуучуларга маалымат берүү (канчалык деңгээлде маалыматты кабыл алды, жетишкендиктер жана көйгөйлөр жөнундө), көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу, баалоону окууга активдештирүү катары колдонуу. жетишкен натыйжаларды белгилөө, ийгиликке жетүүнун кийинки кадамдарын аныктоо .

Упайлар эсептелип баа коюлат

7.

Үй тапшырма: өтүлгөн материалды практикада колдоно билүүсү жана терең өздөштүрүүсү үчүн өз алдынча кайталап иштөөсүнө дал келген тапшырмаларды түзүү,чыгармачыл жөндөмдөрүнүн өнүгүүсү үчүн шарт түзүү. Өз алдынча, топтордо, чыгармачыл, дифференцияланган үй тапшырмаларды түзүү жана аткарууну уюштуруу.

Алгоритм боюнча жаңы маалымат таап келүү