СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алиппе майрамы "Билим алдык Алиппени барактай"

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучулардын алган билимдерин жыл жыйынтыгында жвйынтыктап крсөтүү

Просмотр содержимого документа
«Алиппе майрамы "Билим алдык Алиппени барактай"»

Тема:»БИЛИМ АЛДЫК АЛИППЕНИ

БАРАКТАЙ»

Максаты: Окуучулардын алган билим билгичтиктерин,ар тараптуу жондомдуулукторун жыйынтыктап корсотуу.

Майрамдын жүрүшү:

КР Гимни уктурулат



1-алып баруучу:

Салам,салам,салам айтам баарына,

Эжей-агай,ата-эне жалпына.

2-алып баруучу:

Конулдорду ачык кылган жайдары,

Бизде бугун алиппенин майрамы.

1-алып баруучу:

Кымбаттуу билим нурун чачыраткант эже-

агайлар,

2-алып баруучу: Кубанычыбызды тен болушкону

Келген ата-энелер бугунку биздин алиппе

майрамыбызга кош келиниздер.

1-окуучу:Бактылуу ушул кунубуз,

Ак мектеп биздин уйубуз.

Мээрими ысык энедей,

Арналат тунук суйуубуз.

2-окуучу:Шанга толгон мектебим,

Таалайымсын сен менин.

Гул кучактап толкунданып,

Самап сени келгенмин.





3-окуучу:Босогонду аттагандан,

Билим болду бергенин.

Жатка жазып, окуганды,

Эми озум билемин.

ХОР: « Мектебим»



1-АЛЫП БАРУУЧУ:Биздин мектепке келген алгачкы кундорубуз эсиндеби?

2-АЛЫП БАРУУЧУ:Албетте,бирибиз кубангандан толкунданып турсак,Бирибиз апаларыбыздан ажырагандан чочулаган кундору-буз эсимде.

1-АЛЫП БАРУУЧУ: Ооба ,ошол кундор артта ка- лып мына бугун биздин суйуктуу Алиппебиз менен коштошкону турабыз.

(Ангыча кыздын ыйлаган уну угулат)

1-А.Б. Ой,ыйлаган ун угулуп жатабы?

2-А.Б. Ооба,журу карайлычы.

1-А..Б. Сен кимсин?

Жооп: Мен Кызыл жоолукчан кызмын чон-энемкине бара жатып уктап калыптырмын турсам туйунчогум жок.(ыйлайт)

2-А.Б. Коп ыйлаба биз сенин туйунчогунду табууга жардам беребиз.Биздин «Алиппе майрамыбыз болуп жатты эле жур биз менен чогуу барып коруп кел.

КЫЗЫЛ ЖООЛУК: Алиппе, ал ким?

1-А.Б. Ой.сен Алиппенин эмне экенин билбейсинби? Деги мектепте окуйсунбу?

К.Ж. Жок.окуй элекмин.Мектепке барганда эмне пайда.

2-А.Б. Жанылышасын,мектепке барсан копту билип,копту уйроносун.

К.Ж. Мектеп силерге эмнени уйротту?

1-А.Б. Бул тууралуу биздин классташтарыбыздан сурап королу,жур эртерек баралы.

К.Ж. Саламатсынарбы достор.

(окуучулар саламдашат)

2-А.Б. Достор мектептен биз эмнени уйронгонубузду кызыл жоолукчан кызга айтып койгулачы.

4-окуучу: Ыр,табышмак айтканды,

Кем итууну,кошууну,

Кичипейил болууну,

Биз мектептен уйрондук.

5-окуучу: Акылмандар айтканын,

Жаратылыш сырларын.

Жакшы менен жаманды,

Талбай билим алганрды

Биз мектептен уйрондук.

К.Ж. Мен буларды мектеби жок эле билем.

А.Б. 1- Ошондойбу анда сени байкап королу.

2- Андай болсо биздин суроолорго жооп берчи,булар кайсы тамгалар?

(тамгалар корсотулот Кызыл жоолук кыз туура эмес жооп берет) Суроолор окуучулар тарабынан берилиши керек.



1-А.Б. Тамга тааныбаган сон,окуганда да билбейсин да.Бул жагы тушунуктуу…

Анда эсеп жагын байкап королучу.

(кошууга,кемитууго мисалдар берилет)

Суроолор окуучулар тарабынан берилиши керек.

К.Ж.кыз дагы туура эмес жооп берет.



2-А.Б. Сен эсепти да билбейт турбайсынбы? А биз болсо эсептоо менен бирге тиешелуу эрежелерди да билебиз.Угуп тур.

(Доскада математикалык корсотмолор илинет)



4+0=4 санга нолду кошсо,сан озу келип сыгат

4-0=4 сандан нолду кемитсе,сан озу келип чыгат.

4+1=5 санга бирди кошсо кийинки сан келип чыгат

4-1=3 сандан бирди кемитсе,мурунку сан келип чыгат

4-4=0 сандан сандын озун кемитсе,нол келип чыгат

3-4=? Кичине сандан чон сан кемитилбейт.



К.Ж.кыз ыйлай баштайт.



1.АБ. Кой ыйлаба,андан коро сен бизге кошулуп окусан ,мектеп сага коп нерсени уйротот.

2-АБ. Эмесе майрамыбызды уланталы.



6-окуучу:Бугун бизде чон майрам,

Алиппенин майрамы.

Илим менен билимдин,

Ушул китеп каймагы.

7-окуучу: Бажырайган тамгалар,

Баарыбызга жат болду.

Алиппебиз суйуктуу,

Ачып берди ак жолду.

8-окуучу: Алтын китеп Алиппем,

Ар кун окуп ачкамын.

Отуз алты тамганы.

Ойдрогудай жаттадым.



Хор менен: Кана эмесе бир бирден,

Тамгаларды айталы.



А тамгасы Акылман

Б тамгасы Билимдуу

В тамгасы

Г тамгасы Гумандуу

Д тамгасы Даанышман

Е тамгасы идеалдуу

Ё тамгасы бае

Ж тамгасы Жагымдуу

З тамгасы Зээндуу

И тамгасы Ийгиликтуу

Й тамгасы Ийкемдүү

К тамгасы Кадырлуу

Л тамгасы лирикалуу

М тамгасы Мээримдуу

Н тамгасы Намыстуу

Н тамгасы Назик

О тамгасы Ойчул

П тамгасы Пайдалуу

Р тамгасы Райымдуу

С тамгасы Сабырдуу

Т таммгасы Таланттуу

У тамгасы Урматтуу

Ү тамгасы Үмүттүү

Ф тамгасы фантазиялуу

Х тамгасы

Ц тамгасы

Ч тамгасы Чынчыл

Ш тамгасы Шайыр

Щ тамгасы

Ъ белгиси

Ь белгиси

Э тамгасы Эрктуу

Ю тамгасы

Я тамгасы купуялуу





ХОР: « АЛИППЕМ »



АЛИППЕ китеби келет.



Саламатсынсарбы менин суйуктуу досторум!

«Билеги кучтуу бирди жыгат,

Билими кучтуу минди жыгат.»-дешет.Андыктан бул майрам силердин алгачкы майрамынар,эмесе ийгилигинер кут болсун.Мени уятка калтырбай жакшы окуп билимдин туу чокусуна жеткиле.

Коштошор алдында силерди дагы бир ирет сынап коройунчу. Даярсынарбы?

- Даярбыз

Кана эмесе тамгалар ордунарды табынар.

Кыргыз тилинде канча тамга,канча тыбыш бар?

- 36 тамга,39 тыбыш бар.



Ундуу,унсуз жана йоттошконунар кайсылар?



Кызыл менен жазылган ундуу тамгалар чыгат.

А,О,У,Ы, О,У,Э,И

Муун тузуучу тыбышпыз,

Бизди айтышат ундуу деп.

Сегиз ундуу тыбышты,

Эске сакта бекемдеп.



Кокко боелгон унсуздор чыгат.

Унсуздор жалпы атыбыз,

Бирибиз жумшак кээ бирибиз катуубуз.



Каткалан унсуздор чыгат (кокко боелгон т)

К,П,С,Т,Ф,Х,Ч,Ш,Щ,Ц

Унсуздордун катуусу,

Биз болобуз билип ал.

Катакалан унсуз деп коет,

Эсине бекем туйуп ал.



Жумшак унсуздор чыгат.(жашыл боекко боел)

Б,В,Г,Д,Ж,З,Й,Л,М,Н,Н,Р



Жумшак унсуз атыбыз.

Он эки биздин саныбыз.

Каткаланга тугойлош,

Арабызда алтыбыз.



Тугойлош унсуздор чыгат

Б-п, в-ф, г-к, д-т, ж-ш, з-с



Йоттошкон тамгалар чыгат

Я,Ю,Е,Е

Ундуу менен унсуздун,

Айкалышынан чыкканбыз.

Баарына «Й» кошулган,

Биз йоттошкон тамгабыз



Ъ,Ь белгилери чыгат

Ажыратуу ,ичкертуу,

Белги биздин атыбыз.

Коп создорду окууда,

Тиет биздин пайдабыз.



Хор менен:

Арипте катар тизилген,

36 тамгабыз.

Достошкондун биз менен,

Билимге жолун ачабыз.



АЛИППЕ: Азаматсынар балдар,силер коп нерсени билип алган турбайсынарбы.Эми бир аз тыныгып алалы силердин мукам ырларынардан да угалы.



Обондуу ыр,бий аткарылат.



АЛИППЕ: Эмки кезекти жомокко берели,досторунарга улгу болгудай жомокторунар бар беле?

Чамгыр жомогу

(жомок аткарылат)



АЛИППЕ: Азаматсынар достор.Мен силерге абдан ыраазымын,эми айткылачы

Жомок ырды уйротуп,

Сабатынды ачкан ким?

Тарбия берип балдарга,

Экинчи эне болгон ким?



Хор менен. М У Г А Л И М



Мугалиминерге арналган кандай каалоолорунар бар?



9-окуучу: Окутуп копту уйроткон,

Ойлонтуп корком суйлоткон,

Адептуу бол деп ар убак,

Мугалим эжем уйроткон.

10-окуучу: Сылык болсо бала дейт,

Мен кубанам ага дейт.

Таза жуунуп,тыкан журуп,

Оз боюна кара дейт.

11-окуучу: 36 тамганын,

Ачып берип сырларын.

Жомок,ырды окууну,

Мугалим эжем уйроткон.

12-окуучу: Алуу,кошуу амалын,

Ар бир сандын сырларын.

Сулуу жазып,окуганды

Мугалим эжем уйроткон



Мугалим жонундо ыр :

Бий:



13-окуучу: Урматтуу Алиппе биз мектептен экинчи эне тилибиз болгон орус тилин да уйронуп жатабыз.

(орус тилинен уйронгон ырларды айтышат)



АЛИППЕ: Достор силерди ушул даражага жеткирип омур бою кам коргон асыл адамдарыбызга да таазим этели.



Ак шейшепке ороп сени,

Кичиненден баккан ким?

Уйку корбой узун тундо,

Таптап сени жаткан ким?

-АПАМ МЕНЕН АТАКЕМ



14-окуучу:Апа бизди торогон

Ал Кун! -Тийген тободон

Ашкан камкор боорукер,

Мээримирнпе бологон.

15-окуучу: Апабызды суйобуз,

Ал тендешсиз билебиз.

Кайгы мун аз эркелеп

Каткырабыз кулобуз.

16-окуучу: Кугдур тундур которуп,

Мээрим тогуп остургон

Апам мени бапестеп,

Эрезеге жеткирген.

17-окуучу: Омур бою карызмын,

Омур бою суйомун.

Апакемдин ак сутун,

Актоо менин тилегим

18-окуучу: Айтат дайым акылын,

Ай кунго кол серметип.

Актайбызак сутун,

Кучко толсок эр жетип.

19-окуучу:





Бапестеген балапандай кезимден,

Бой жеткенче журоктору эзилген.

Акыл эстуу чонойсун деп энсеген,

Булар менин эн суйуктуу ата-энем.



Обондуу ырлар ( Ата-энелерге арналган.)

Бий:



1-А.Б. Достор Кызыл жоолукчандын туйунчогун табууга жардам береличи.(издеп жоношот)



К.Ж. Бакаларга барат.Бакалар,бакалар.Менин туйунчогумду кордунорбу?



БАКАЛАР: Ал эмне туйунчок эле?



К.Ж. Ал кок туйунчок болчу,анда жун бар эле. Чон энем мага байпак туйуп бермек.



БАКАЛАР: Жок, коргон жокпуз. Биз сага ырдап берели.

Ыр « Бакалар ыры»



К.Ж. Кополокторго барат. Кополоктор,кополоктор. Менин туйунчогумду кордунорбу?



КОПОЛОКТОР: Ал эмне туйунчок эле?



К.Ж. Ал кок туйунчок болчу,анда жун бар эле. Чон энем мага байпак туйуп бермек.



КОПОЛОКТОР: Жок , коргон жокпуз. Биз сага бийлеп берели.

(кополоктор бийлешет)



К.Ж. Балдарга келет.Балдар.балдар.Менин туйунчогумду кордунорбу?



БАЛДАР: Ооба,кордук,тээтиги козу карындын устундо турат.



К.Ж. (козукарындын устундо турган туйунчогун алып) ой иий бул козу карын жамгырдан сон ушунча осуп кеткен тура.

Достор,силерге чон ырахмат.Бугундон баштап менин коз карашым озгорду.Чынында эле силер коп нерсени билип алыпсынар.Мен дагы келерки жылы силерге окшоп мектепке келип билим алам.

Кетеримде мен силерге ырдап берейин .

(Кызыл жоолукчан кыздын ыры)



АЛИППЕ: Достор мен силерге абдан ыразымын. Эми мага уруксат берсенер силердей болгон кичинекей досторума барайын.

Менин силерге арнап келген белегимди кабыл алып койгула.



Силерге берер белегим,

Адабий окуу китеби.

Кир кылбай окуп билим ал,

Баарына тиет кереги.



20-окуучу:Тамгаларды билсек да,

Тааныш болуп журсок да.

Жардамын менен Алиппе,

Ачтык билим эшигин,

Терметтик илим бешигин.

МУГАЛИМ:

: Кош бол менин Алиппем кош болгунун

Кайда болсо ачык болсун сенин жолун.

Нечендеген жаш муундарга эшик ачып,

Балдардын кубанычына толсун койнун.



Хор менен: Кош АЛИППЕ (3жолу)