Алиппе майрамынын сценарийи
5-класс окуучусу : Өнөрлөрүн көрөлү -деп балдардын ,
Ата-энелер келишти.
Бирок балдар кыргыздын салты илгертен,
Унутпайлы салам беришти.
5- класс окуучусу: Окусун,билсин балам деп,
Шарт түзүп берген биздерге.
Ардактуу асыл ата-эне.
Беребиз салам сиздерге.
5- класс окуучусу: Ата-энелер ,эжекелер ,меймандар,
Амандыгын сураганга биз даяр.
Асмандагы күндөй жаркып дайыма,
Бактыбызга бар болгула дайыма.
Саламатсыздарбы ?Урматтуу ата-энелер,агай-эжейлер,окуучулар.
5-класс окуучусу: Мына майрам салтанат.
Көңүлдүү бүгүн чар тарап.
Баарынар көңүл бургула.
Майрамыбыз башталат.
Бүгүнкү биздин көптөн бери күткөн салтанаттуу алиппе майрамыбызга куш келипсиздер.1-а класстын окуучуларын эжекеси менен чогуу тосуп алалы.
5-класс окуучусу: Өстү мына бойлору.
Өстү акыл ойлору.
Кубанычка ортокпуз.
Куттуу болсун тойлору.
5-класс окуучусу: Алиппени бүтүрдүңөр бардыгыңар
Куттуу болсун майрамыңар
Алиппеёер билим жарчыңар.
Эми өзүнөр окуп,жазасыңар.Келгиле алиппени чакырып алалы.(чогуу «Алиппени»чакырышат)
Алиппе: Менин атым Алиппе
Ичим толо арипке.
Балдар жакшы билишет.
Колдорунан түшүрбөй .
Дайым окуп жүрүшөт.
5-класс окуучусу: Кел Алиппе балдардын ,
Сөзүнө көңүл бөлөлү.
Сенден алар үйрөнгөнүн,
Өнөрлөрүн көрөлү.
Алиппе: Алиппени билсеңер.
Мени урматтап жүрсөңөр.
Айткылачы угайын
Ар бир тамга ырларын .
Ар биринин сырларын.
Хадича : Майрамы деп Алиппенин ыр алып келдик баарыбыз.
Али: Тамганы окуп ,үйрөнүп, «Алиппе» майрам баштадык.
Хадича Ар бир тамга бирден ыр ,ырдап берет,аткарып.
Окуучулар :(чогуу) Ынтымактуу баарыбыз,36 тамгабыз.
Алфавиттте тизилип,Катар орун алабыз.
Мугалим: Кана тып-тынч туралы,
Тамгалардын «Ак терек-көк терек»
Оюнуна көңүл буралы.
үндүүлөр: Ак терек ,көк терек.
Бизден сизге ким керек?
үнсүздөр: үнсүздөн үнүн өчүргөн ,
үндүү тамга эң керек.
үндүүлөр: «А» Ата,апа,алмага,
«А» тамгасын жазабыз,
Алгач жолу билимди,
Алиппеден алабыз.
«И» Ийне , илгич, ийнелик.
«И» тамгасын билелик.
Илим кудук казгандай.
Ийне менен изденип.
«О» Тоголонгон топ окшош,
«О» тамгасы тоголок.
Окуу,отун, орокко,
«О» тамгасын колдонот.
«Ө» «Ө»тамгасы тегерек,
Өрдөк десең «ө» керек.
Өтөгөнгө саначы,
Канча тамга «ө» келет.
«У» Улуу тоодо жашаган,
Уккулуктуу сайраган.
Ушул кайсы канатттуу,
«У» тамгадан башталган.
«Ү» үтүк,үкү, үпүпкө,
үстөл, үкөк, үлүлгө.
Жазылат “ү” тамгасы.
Жана дагы күчүккө.
«Ы» Ышкырыкка «Ы» келет.
Ырысбекке «Ы» керек.
«Ы» тамгасы колдонгон
Кайсы сөздү ким билет?
«Э» Эшик,элик,эмерек,
«Э» тамгасы эң керек.
Эё бир ыйык адамыё,
Эне десең «Э» келет.
үнсүздөр : Ак терек,көк терек
Бизден сизге ким керек?
үндүүлөр: Түгөйлөр бизге эң керек.
«Б» Бала, балык, балкага,
«Б» жазылат баш тамга.
Балдар туруп эртелеп,
Баратышат бакчага.
«П» Пахта,пилге,партага,
«П» жазылат баш тамга.
«П» тамгасы болбосо,
Парча айланат арчага.
«В» Велосипед,вертолет,
«В» тамгадан башталат.
Вокзал жакка паровоз,
Вагон сүйрөп баратат.
«Ф» Фартук жана фонарга,
«Ф» жазылат баш тамга
Фломастер эң керек,
Кооздоп сүрөт тартканга
«Г» Гимн, гербди жазганда,
Керек дайым «Г» тамга.
Гүлай,Гүлзат баратат,
Гүл тергени талаага.
«К» Кийим кийип калыңдап.
Канат кайда камынат?
Карасаңар баарына.
«К» тамгасы жазылат.
«Д» Данек,дарак,дарбызга,
«Д» жазыла дайыма.
Дамир ,Дөөлөт эки дос,
Жардам берди Дайырга.
«Т» Темир ,тырмоок окшогон.
«Т» тамгасы мен болом.
«Т» тамгасын жазбасаң,
Топ болбостон, оп болом.
«З» «З» тамгасы ийилген ,
Зор жаңылык кийирген.
Заманама кубанам.
Залкар иштер бүтүргөн.
«С» Сабыр сабиз сугарат,
Сайра сайдан суу алат.
«С» тамгадан башталып,
Сүйлөм сөздөн куралат.
«Ж» Желек,жебе,жарганат.
«Ж» тамгадан башталат.
Жоо келтирбей жерине ,
Жоокер жерин кайтарат.
«Ш» Шыпылдата колдорун,
Шырдак шырыйт Шарипа.
Шабдалыны үзөм деп,
Шакир чыкты шатыга.
үнсүздөр : Ак терек,көк терек
Бизден сизге ким керек?
үндүүлөр: үндүүлөр бизге эң керек.
«Л» Лампочка, лыжага,
«Л» жазылат башына.
Лейла кооздоп алыптыр ,
Лента тагып чачына.
«М» Мадыл, маймыл,мамалак,
«М» тамгасы жазылат.
Майрам эне мышыгын,
Мый- мый мый деп чакырат.
«Н» Мен «Н» деген тамгамын,
Нанды ,нарды жазамын
Нандан ыйык байлык жок,
Нанды дайым барктагын.
«Ё» Дөңгөлөлөнөт дөңгөлөк,
Дөңгөлөккө «Ё» келет.
Дагы кайсы сөздөргө,
«Ё» тамгасы эң керек?
«Р» Ракета,Рысбек
Съз башына «Р» келген.
Компьютерлер башкарса.
Роботтор иштеген.
«Х» Халат,Хасан,халвага
«Х» тамгасын жазабыз.
Кък тирген чокуну
Хан –Теңир деп айтабыз.
«Ч» Чабалекей , чагылган,
«Ч» тамгасы жазылган .
Чынчыл болуп чоңойгун ,
Чындык ыйык баарынан.
«Щ» Бул «Щ» тамга аталат
Щетка кийим тазалайт.
Шатырата күн жааса,
Плащ жаандан калкалайт.
«Й» Йогурт менен йодду,
«Й» тамгадан баштайбыз.
«Й» башына бөлөк сөз,
Издесек да таппайбыз.
үнсүздөр : Ак терек,көк терек
Бизден сизге ким керек?
Йоттошкон тамгалар: Жаза албай балдар кыйналган ,
йоттошкон тамгалар бизге эң керек.
«Е» Жашайт экен токойдо
Енот деген жаныбар.
Кудум мышык окшогон.
Куйругунда чары бар.
«Е» Й менен О биригип,
Е тамга деп аталат.
Жашыл елка балаты,
Жаңы жылда жасанат.
«Ю» Й менен У биригип
Ю тамга деп аталат.
Юла деген оюнчук .
Чимирилип айланат.
«Я» Й менен А кошулса,
Я тамга деп аталат.
Якорь, Ялта, январь.
Я тамгадан башталат.
Оюн: Муундарды коюп,сөз табуу.
1.Муунду коюп сөз табуу.
2.Сүйлөмдү окуп бер.
3.Ким шар окуйт.
Мугалим: Жакшы сөз укса ,кулак ыраазы.
Жакшы нерсе көрсө ,көз ыраазы.
Жакшы иш жасаса ,кол ыраазы.
Жетерине жетсе,бут ыраазы.
Мунун баарына адам өзү ыраазы дегендей «улап айт» оюну.
1.Баатыр элден чыгат…..
2.Тарбия башаты……….
3.Билимиң менен минди….
4.Малдан жарды болсоң…
5.Кыздуу үйдө…………
Табышмак,жаңылмач айтуу.
Концерттик программа:
Алиппеге ыразычылык айтуу: Алгач күндөн алиппем,
Сүрөтүңө уңүлдүм.
Жакшы ырыңды жат кылып,
Жаным калбай сүйүндүм.
Аппак кылып дилимди,
Так сүйлөтүп тилимди.
Алгач уузуң ичирип,
Тартууладың билимди.
Билимдин бийик баскычы ,
Көрсөткөн туңгуч жарчысың.
Көрсөтүп берген тъл башы,
«Алиппем» менин ачкычым.
Китептердин башкысын,
Китептердин жакшысын.
Айткын десе кээ бирөө,
Мен «Алиппе» дээр элем.
Көптү билдим өзүңдөн ,
Жүрдүк ынак достошуп.
Түгөл окуп бүтсөм да,
Кыйбай турам достошуп.
Миң ырахмат «Алиппем»
Сен билимге кандырдың.
Жаш балапан жүрөккө,
Максат отун жандырдың.
Ата- энедей досубуз,
Алиппебиз кошуңуз.
Эмки жылы инимди,
Кучак жайып тосуңуз!
Алиппе: Балдарга мен кубанам,
Көптү үйрөнгөн карасам,
Шашып турам кетсем деп,
Эмдиги 1-класска.
Даярданып мен дагы ,
Сентябрда жетсем деп.Мындан ары дагы жакшы окугула .Кошкула.
Балдар :Рахмат сага «Алиппе»
Мугалим : Тегиз байкап койдуң бекер отурбай,
Биздин балдар баары дилгир ушундай.
Эл кызматын актайм муну туу кылып,
Өсүп барат,келечегин утурлай.
Мына ушул бөбөктөрдөн
Келечекте илимпоз,учкул ойчулдар.
Кыргызстанды гүлдөткөн инсандар,
Атагын ааламга дүңгүрөткөн ,
Улуу инсандарды күтөбүз.