СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алиппе менен коштошуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алиппе менен коштошуу»

Урматтуу ата-энелер жана окуучуларым!

“Алиппе майрамыңыздар” менен чын дилимден куттуктайм.

Гүл өстүрдүм 24 шагыма.

Күндө келет мотурайып,эркелешип жаныма.

Г улдөрүмдү көрүшсүн деп сиздерди.

Чакырамын бугүнкү майрамга...

Билим кени мектепке.

Шаттанабыз баарыбыз,

Ушул кунго жеткенге.

Он ай мурун балдарынар ,

Жол чанытып журушкон

Бугун болсо эске кирип,

Алиппени бутургон 1Б- классынын окуучулары.


Алтын балам зирек балам Багдадым

Айттырбастан сабактарын аткарган.

Манас айтып ,китепти шар окуса

Уккан жандар ыраазылык айтышкан.


Отличнигим мамалагым Бегимай

Мунозун бар ото жумшак,


Көп суйлөөк Арзыгүл сулуу сен дагы

Жузунор жарык коктогу кун нурундай

Келечекте мыкты дизайнер болор деп

Ойлоп журом ишеничим акталаар


Бакыран коз кулуп турган ар качан,

Тапшырманы так аткарып талбастан

Келечекте банк кызматкери боломун дейт

Эркетайлар Элдана менен Жуманай


Назбийке кызым кулмундогон козундон

Оку десе бут дилинен берилген

Кээде апасы калгын десе сабактан

Ыйлап журуп качып келет мектепке


Келечекте умутум зор садагам

Нурисламым да ото чыйрак тыкылдап

Мугалимдин айтканын так аткарат




Уюштургуч класстагы активдуу

Боло коргун келечекте бактылуу

Фатима сылык муноз,

Мунарбегим элпегим


сабакты сен талбай окуп келесин

Салымы чон чон эненди билемин

Актаарсын сен ата-энендин тилегин

Милиция болом деген ниетин

Орундалсын тилеп кетет эжекен

Камчыбегим жана Автандил.


Нурэл менен Нурислам болгула эсен

Чоноюп эр жеткенде эртен сен

Мекенимди коргойм деген тилегинер

Ишке ашуусун тилеп кетет эжекенер.


Шыпылдаган эркетайым Жусуп менен Нурислам

Актаарсын сен ата-энендин тилегин.

Врач болуп жарагын керегине элиндин

Каалаймын ниетине жетишинди.


Келечекте Мугалим болуу дасыккан

Тилеги бар Нурмат менен Малика

Боло коргун келечекте бактылуу.


Сылык муноз Кубатжаным Динислам

Сабакты сен талбай окуп келесин

Врач болом деген ниетин

Орундалсын тилеп кетет эжейин.


Жумшак муноз Асемам Чозулган

Жузун жарык коктогу кун нурундай

Келечекте мыкты врач болоор деп

Ойлоп журом ишеничим акталаар.


Умутум чон Исхак менен Аалиден

Келечектин ээси болгун жылдызым

Чонойгондо орт очургуч болом дейт

Орундалсын каалап кетет эжекен.


Ырчы болуу максаты Элдар менен Даниэл

Ишке ашуусун каалап кетем мен дагы.

Мотурайган садагалар эркелер,

Баарын тен келечектин ээсинер.

Тын чыксанар оз олкосун башкарган.

Картайганда эжекенер кубанаар.

Тилегеним эсен болгун жалпынар.

Ачылса экен баарынардын бактынар.


Гимн ырдалат.


Анда эмес е биздин сабатыбызды ачып “А” тамгасын таанытып, билимдин чексиз мейкиндигине жетелеп алып бараар “Алиппе” майрамынын журүшүнө көнүл бурунуздар.

1.Саламдашуу.

1-окуучу. Ассалоому алейкум, меймандарым аманбы?

2-окуучу. Арыбагыла калайык, мен да айтам саламды.

1-окуучу. Салтты билип башында, саламдашып алалы.

2-окуучу. Амандыкты сурашкан, айткылачы жаманбы?


1-окуучу. Айдай сулуу апаларга!

2-окуучу. Аска зоодой аталарга!

3-окуучу. Мээримдүү мугалимдерге!

Чогуу: Баш ийип, салам айтабыз. (баардык окуучулар башын ийип колдорун көкүрөгүнө коюп, салам айтышат).

2.Алиппеге арналган бөлүм.

Кош Алиппе! Алым сабак ыры. (жалпы кыздар балдар аткарат).

Балдар: Тамгаларды үйрөткөн, сөздү кошуп сүйлөткөн.

Мыкты китеп эмине, муну айтчы ким билет?

Кыздар: Билем аны “Алиппе” билим берген алгачкы.

Тизмектетип окуткан, Айнура эжекем жардамчы.

Балдар: Тыным албай окутуп, бизге окутуп билгенин.

Айткылачы, канчалык эжебиздин эмгеги.

Кыздар: Эрке ойноок бала элек, тарбиялап үйрөткөн.

Жыл ичинде өзгөрткөн, ал Айнура эжекем.

Балдар: Алиппени колго алып, барактасак барагын.

Эмнелер бар ичинде, бизге кндай талабы?

Кыздар: Отуз алты тамга бар, түркүн сүрөт тартылган.

Муундаган сөздөр бар, баары жогун камтыган.


Анан дагы эмне бар. Эмнелерди үйрөндүк?

Окубасак алиппе, эмне кылып журмөксүнөр?


Жалпы: Андан ары сөздөр бар, сөздөн сүйлөм куралган.

Аңгеме бар, ырлар бар, окугандар таң калган.


Дагы эмне үйрөндүк, тарбиясы канчалык?

Жыйынтыктап жатканда, муну ачык айталы.

Жалпы: Акыл – насаат сөздөр бар, табышынан бар макал бар.

Журүм – турум эрежеси, андан дагы атам – апам бар.

Бизди окутуп үйрөтушкөн, агай эжей сөзү бар.

Бизди окутуп үйрөткөн, агай - эжей сөзү бар.

Мектеп, парта, доска да бар, мунун баарын билип ал.

Алиппени окуп бүттүк, коштошобуз аргасыз.

Ачык айтсак баарыбыз, мыкты көрдүк пайдасын.

  1. Кош Алиппе! Менин досум.

  2. Кош айтышаар кез келди.

  3. Кош деп айтыш кыйын болду.

  4. Жаап салып дептерди.

  5. Барагын айрыбастан.

  6. Бөбөктөргө өткөрдүк.

Чогуу: Ыраазы бол, ак Алиппем,

Сени уят кылбайбыз.

Дайым мактап, сени айтып,

Сен жөнүндө ырдайбыз.


3. Тамгалар.

“А” деген ундүү тамгамын.

Ачкычы менмин тамганын.

Адегенде үйрөнуп.

Анан билет калганын.


“Б”тамга менмин экинчи.

Билгинер келсе унсузмун.

Баарысын окуп үйрөндүк.

Билебиз ундүү, унсүзүн.


“В”тамга менмин үчүнчү.

Билгинер келсе унсүзмун.

Баарысын окуп үйрөндүк.

Вертолёт болуп кубалап.


“Г” менмин төртунчү.

Газета болуп окулат.

Гул турмушта окуйлу.

Генийлерге кошулам.


“Д” дегенде достук туусун.

Дайым бийик көтөрөм.

Далайлар бар.

Досум деп жургөн.


“Е” тамга жазат Егор деп.

Егор деген досум бар.

Эч урушпай журөбуз.

Бири-бирибизге үйрөтуп.



“Ё” тамга деген менмин.

Ёлка, коён жазылат.

Йоттошкон тамга деп.

Биз үйрөндүк муну атап.


“Ж” жылдыздай жарк этип.

Ж тамгасы жымыңдайт.

Жыпар жыттуу жыты бар.

Жылаажындай шыңгырайт.


“И” – Илимге абдан берилген.

И тамгамын ийилген.

Илбирс сындуу булуттар.

Ийилишет томөндөйт.


“К” китеп, класс, карандаш.

К тамгадан башталат.

Кундуз менен Карачач.

Кетти койду кубалап.


“Л” лилия гулү эн сулуу

Л тамгадан башталат.

Лидер болуп умтулса.

Ал дайыма алдыда.


“М” Манас баатыр бабабыз.

М тамгадан башталат.

Жети осуятын үйрөнуп.

Мектебиме салтанат.



“Н” Ниети ак, пейли ак.

Наркы бийик катарда.

Нан улук, нан жашоо.

Нан болсо, ыр да болот.


“О” деген тыбыш тегерек.

Ойлосом окуу эң керек.

Осуят берип бабалар.

Окугун билим ал деген.


“Ө” тыбыш жалкоо болбостон.

Өзгөчө ишмер элемин.

Өнөрлүү болуп чонойсом.

Өлкөмө тийсин керегим.


Р - р тамгасын айта албай.

Роза көпкө кыйналды.

Р тамгасын үйрөнүү

Абдан оңой турбайбы.


С – с тамгасын сыйласан.

Сууну сыйла – суу өмур.

Сулуу кылып адамды.

Суу өстүрөт өмурдү.


У – у тыбышын үйрөтуп.

Улуу ата-бабаны.

Урматтайбыз- сыйлайбыз.

Умтулабыз алдыга.



Ф - тамгасы каткалан.

Фны билгин катарын.

Фабрика, фудболго.

Ф келерин билип ал.


Ш – деген тамга.

Шахтёр деп элди караткан.

Шахтадан казып көмүрдү.

Шаар кыштакка тараткан.


Э – эжекебиз окутуп.

Э тыбышын үйрөндум

Эне деген ыйык сөз.

Эркелеткен эсимде.


Ю – Юрий агам космонавт.

Ю тамгадан башталат.

Юмор айтып кулдурдүм.

Юнга кеме башкарат.


Ү – Үйрөнөм да китептен,

Үйрөтөмун бөбөкө.

Үлгү болом ар дайым.

Үйдө тышта бөлөккө.


(Тамгалар парады бийи)






Муг, Азаматтар, баарын сонун айттынар, Тамгалардын ички сырын ачтынар.

Аракетти жумшаганын байкалды,Билим учун чын дилдерден баарынар.

Муг:Балдар айткылачы силер мектепке эмне учун келесинер

Х ор:Билим алып кетейин деп ,келем дайым мектепке.

Кайсы сабактарды окуп уйрондунор?

Аяна:Алиппе:Тамгалабай муундап,шар окуу керек ,окуу керек. Коп нерсени билуу учун окуу керек.



Бий кыздар бийлешет


4. математика

Математика сабагынан эмнелерди үйрөндунөр?

Хор: сандарды, цифраларды жазганды, кошконду, кемиткенди үйрөндүк.

Дагы эмнелерди үйрөндүнөр?

Салыштырууну үйрөндүк.

Азаматсынар балдар сандар боюнча айтып бергилечи.


0 өз алдынча 0 болом.

Көрүнбөгөн көзүнө.

Мени нөл деп аташат

Окшойм Онун озунө


1 – мен бирмин.

Таяк дебе жасалма.

Турам дайым койкоюп.

Эн биринчи катарда


2 – узун моюн экимин.

Эске тутуп койгула.

Жалкоо тентек балдардын.

Ороломун мойнуна.


3 – алдыман да коркомун.

Артыман да коркомун.

Жакшы эмес, жаман эмес.

Бар болгону ортомун.


4 – билип койсун бөбөктөр.

Бирдей карайм баарына

Жакшы окуган балдардын

Сурөйм дайым алдыга.


5 – мен беш болом.

Жалкоолорго өч болом.

Жакшыларга эш болом.


6 – жөн турганда алтымын.

Көп сандардын алпымын.

Айландыырсан тогузмун.

Арык эмес толукмун.


7 – байкап турсаң абайлап.

Өтүк тумшук жетимин.

Бирок баарын билип кой.

Бир жжумада жети кун.


8 – мен ийилчээк сегизмин.

Жипке окшоп байланам.

Бөлүп койсон дароо эле.

Эки көлгө айланам.


9 – өнөрүм бар өзгөчө.

Балдар билип коюшсун.

Айландырсаң алтымын.

Жөн турганда тогузмун.


10 – 1 менен 0 ал эми.

Бирге турса он болот.

Бир орундуу сандардан.

Баарынан чон болот.





5. Мугалим – мөмөлүү дарак.

Мугалим ким?

  1. Каткырабы күлөбү, элге окшоп аш тойлордо журөбү?

  2. Кулгөнунөн ой басканы көбүрөөк,аш тойлордо анда-санда көрүнөт.

  3. Чарчабайбы ызы-чуудан баладан, үйгө барса иш кылабы ал адам?

  4. Мектепти да үйдү дагы ардактайт, Мекен жүгү аны эч качан чарчатпайт.

  5. Эмгеги көп экен деп угам, айтчы канча ал адамдын айлыгы?

  6. Мен жооп берсем жалган айткан боломбу, Өкмөт акем жооп берсин бул соболго.

  7. Неге алар сөздү жакшы көрүшөт, бош болсо эле ушакташа беришет.

  8. Бири-биринен тажрыйба бөлушөт, суйлөсө эле окуучуну кеп кылат.

  9. Неге алардан мээрим нуру төгүлөт, улгайса да жапжаш бойдон көрүнөт.

  10. Окуучудан таап алат бактысын, ошондуктан сактап калат жаштыгын.

  11. Агайлар жок мектеп азап чекпейби, агай деген сөз жоголуп кетпейби?

  12. Азырынча бар агайдын кабары, математика, география, дене тарбия сабагы.

М – Мээримдүү

У – убактысын окуучуларга арнаган

Г – гумандуу

А – ардактуу кесип ээси

Л – лидер болууга ундөгөн

И – илим-билимдүү бол деген

М - маданияттуу

БУЛ МУГАЛИМ.


Күндөй тунук.

Айтканын угуп.

Тартиптүү сылык өстүк биз

Билимин берген мугалим эжем.


Жаркылдаган кабагы.

Эжеке берет сабагын.

Жакшы оку деп айтат.

Жаркын маанай ардагы.



Мугалим:

Ак шейшепке ороп сени,

Кичиненден баккан ким?

Уйку көрбөй узун тундө,

Таптап сени жаткан ким?


Азаматсынар балдарым анда эмесе апабыз жөнүндө ыр ырдайлычы?!

Мени төрөп чоңойткон.

Жакшы көрөм апамды.

Сүйуктүү менин апамды.

Алпештеген балдарың


Апа деген сөз айтсам.

Асыл болуп угулат.

От жагылып очокко.

Аппак камыр жуурулат.


Айга күнгө теңеймин.

Алтыным менин апакем.

Ай ааламдын сулуусу.

Асылым менин апакем.



6.Апабызга оюн

Ребус

Жузум – 100 үм

Кыркын – 40 ын

Мончок – м 10 чок

Алтын – 6 н

Тон - т 10

Күч – к 3

Күрүч – күр 3


Бий Вальс


Мугалим: Балдар ушул сабактардын баарын кайсы куралдардын жардамы менен окуп үйрөндүк

Классымда колдонуп,

Кооз сурөт тартамын.

Окуу курал мен үчүн,

Жөлөй турган аспабым.

Китеп:

Акыл менен кеңешти.

Окусанар беремин.

Билбегенди үйрөтуп.

Тийип турат керегеим.

Дептер:

Жакшы барактап алганын.

Бирок таза кармагын.

Бат жазам деп кирдетип.

Өкүнүчтө калбагын.

Ручка:

Сыяны эзип ичирем.

Сыр кылып сөздү тиземин.

Ариптерди сүрөттөп.

Жарыштыра билемин.

Карандаш:

Тоону тоодой түрдөйбүз.

Сүрөт ишин бил дейбиз.

Китептерди кирдеткен.

Окуучуну сүйбөйбуз.

Китепкап:

Батырам баарын ичине.

Сакташ үчүн жакшылап.

Китеп менен дептерлер.

Мен жок болсом тытылат.


Хор: Китеп

Билбегенди билгизген.

Мээге сезим киргизген.

Ак булуттун үстүнө.

Айга жакын жүргүзгөн.

Китеп менин акылым.

Китеп менин жакыным.


Турмуш сырын үйрөткөн.

Көркөм чечен сүйлөткөн.

Көкөлөтуп көнүлдү.

Табиятты бийлеген.

Китеп менин акылым.

Китеп менин жакыным.


Апаларга оюн. Эки ата-эне чыгышат.

Эки бала апаларын эмнеге тенээрин сурот аркылуу көргөзүп беришет


Бий кыргыз бийи

Бий мамалак

Хор “КОШ АЛИППЕ”

Бугүн биздин мектепте.

“Алиппенин” майрамы.

Окуп бүттүк бүт таанып.

Отуз алты тамганы


Алгач журсөк апкаарып.

Анан көнө баштадык.

Жанылмачка тил көнүп

Жакшы ырларды жаттадык.

Көптү билдик көп окуп.

Алиппе менен достошуп.

Сезимдерди ойготту.

Оюбузга ой кошуп.


Сүйүктүү ушул алиппе.

Китептердин төл башы.

Жолуктурган дөөлөргө.

Жомогу бар көп жакш












Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Садык Эшматов атындагы №38 орто мектеби












Алиппе менен коштошуу аземине арналган класстан тышкаркы иш чаранын сценарийи




Мугалим: Абдылаева Айнура