СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алтымыш Нарматов атындагы "Өрнөк" орто мектеби

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ачык сабак

Просмотр содержимого документа
«Алтымыш Нарматов атындагы "Өрнөк" орто мектеби»

6-класс

Сабактын темасы: № 3-лабораториялык иш: Уруктун курамын аныктоо. Сабактын максаты:а) Билим берүүчүлүк: Окуучулар уруктун курамы жана анын ички кубаты жөнүндө маалымат алышат,таблицаларды толтурушат. б)Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар уруктун курамындагы органикалык жана органикалык эмес заттарды аныктоо менен,лабораториялык ишти аткаруу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшөт. в) Тарбия берүүчүлүк : Бири-бирин угууга, топто иштөөдө өз ойлорун эркин айтууга, алган билимдерин турмушта колдонууга тарбияланышат. Сабактын тиби: Жаңы билимдин негиздерин өздөштүрүү Сабактын методу: SEA методу Сабактын жабдылыш: уруктун түрлөрү, пробирка, шам, ун, суу, марли, чыпка кагаз,йод, батмандар, маркерлер, ак кагаздар. Сабактын жүрүшү.Уюштуруу. Саламдашуу,класстын тазалыгына көңүл буруу,окуучуларды сабакка даярдоо,тактоо.Жагымдуу маанай түзүү:Ысымдарынын баш тамгасына өсүмдүктөрдөн таап айтуу.Мисалы: Жазгүл-жүгөрү,Айжаркын-алма жана башка. Өтүлгөн теманы кайталоо: “Ооба” же “жок” аркылуу. 1.Урук үлүшү-бул түйүлдүкпү? (Ооба) 2.Запас азык заттар сабакчада жайгашканбы? (Жок) 3.Уруктун кабыгы коргоо кызматын аткарабы? (Ооба) 4.Эки үлүштүүлөр классындагы өсүмдүктөрдүн бир урук үлүшү болобу? (Жок) 5.Урук кабыгы-бул түйүлдүктүн бир бөлүгүбү? (Ооба)

Жаңы тема:Мээге чабуул. -Балдар курсагыңар ачканда эмне жейсиңер? Апаңар жасаган нан кантип пайда болот? Кайсы өсүмдүктөн ун алынат?Кимдер эмгектенетэкен?



1.Старттык эксперимент:

а) Колдонулуучу материалдар: шам кармагыч, күкүрт , пробирка, буудайдын, күн караманын уругу, идиш,кагаз,ун, суу, картошка.

б) Старттык экспериментти мугалим жүргүзөт. Мында мугалим сүйлөбөйт. Ар бир окуучуга тажрыйбаны көрсөтөт. Балдар тажрыйбадан көргөн байкоолорун жазышат.

2.Байкоо:

Окуучулардын ар бири эксперименттеги болгон байкоолорун жазышат.

3.Тандалган байкоолор:

Экспериментти аткарып өз алдыларынча байкоолор боюнча текшерүүдө негизгилерин тандап алышат.

4.Суроо

Мында тандалган байкоолордун негизинде суроо түзүлөт.

5.Божомол (гипотеза):

Суроонун негизинде окуучулар өз гипотезаларын башкача айтканда божомолдорун жазып беришет.

6.Эмне изилденет?

Изилдөө бөлүмү эмне изилденет экендигин тактап алабыз.

7.Эксперимент:

Топко бөлүнөт. Эксперимент жасашат, ар бир топ өз иштерин презентациялашат.

8.Концепция (латын. Conception “система понимания “ жаңы түшүнүк). Ар бир окуучу тажрыйбадан кийин жаңы түшүнүктөрүн жазышат.

9.Тема аныкталат: Окуучулар божомолдуу темаларды айтышат жана такташат.

10.Колдонулушу: Уруктардын колдонулушу жөнүндө айтышат.

М: буудайдан ун, май алынат, дары-дармек жасоодо, тамак-аш даярдоодо ж.б.

11.Жыйынтыктоо: Суроо-жооп.

12. Окуучулардын билимин баалоо.

13.Үйгө тапшырма: Өтүлгөн теманы окуп келүү. Сүрөт тартуу.

Эскертүү: Презентацияда төмөнкү иреттүүлүктү сактоо керек.

  1. Байкоолор.

  2. Суроо.

  3. Божомол.

  4. Эмне изилденет.

  5. Эксперимент (мында изилденип жаткан нерсенин түзүлүшү, өзгөчөлүгү сүрөт менен көрсөтүлүшү керек). Тажрыйба жүргүзүү үчүн керектелүүчү материалдар.

  6. Жыйынтык (концепция).

















































Сабактын темасы:Жалбырак жана өсүмдүк тиричилиги.


Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк: Жалбырактын өсүмдүк тиричилигиндеги мааниси жөнүндөгү маалыматтарга ээ болушат. б)Өнүктүрүүчүлүк: Жалбырактын сырткы түзүлүшү, тарамыштанышын ажырата алышат,билимдерин өнүктөрүшөт. в)Тарбия берүүчүлүк:Жалбырактын клеткалык түзүлүшүн талдап, окуп үйрөнүшөт


Жалбырак –татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн вегетация органдарынын бири, өркүндүн бөлүгү. Анын жашыл болуусунун себеби анда хлорофилл пигменти бар

Орус табият таануучусу Климент Аркадьевич Тимирязев өсүмдүктөрдүн азыктанышы, б.а. жалбыракта жарык нурунун таасири астында органикалык эмес заттардан органикалык заттардын пайда болушун изилдеген Жандуу организмдер, анын ичинде өсүмдүктөрдүн өзү үчүн да зарыл болгон органикалык зат жашыл жалбыракта түзүлөт (фотосинтез). Ошондой эле суунун бууланышы дагы көбүнчө жалбырак аркылуу жүрөт. Мындан сырткары жалбырак кошумча кызматтарды да аткарат, мисалы белен заттарды топтоо, вегетативдик көбөйүү ж.б.

Климент Аркадьевич Тимирязев (1843-1920)


Жалбырак – өркүндүн каптал вегетативдик органы.

Жалбырак төмөндөгү функцияларды ишке ашырат:

-фотосинтез,

-суу буулантуу – транспирация,

-газ алмашуу

жана вегетативдик көбөйүүгө кызмат кылат.


Жалбырактын сырткы түзүлүшү

Жалбырак , негизинен , эки бөлүктөн : жалбырак пластинкасы жана жалбырак сабынан түзүлгөн . Кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырак сабынын ылдыйкы бөлүгүндө каптал жалбыракчалары да болот . Жалбырактар сабакка же өркүнгө , адатта , жалбырак сабы менен биригет . Кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырагы сапсыз болот . Мындай жалбырактар сапсыз жалбырак делет . Сапсыз жалбырактар сабакка пластинкасынын ылдый кы бөлүгү менен биригет. Алма , өрүк , алмурут , терек , жаңгак , анжир , жүзүм , бадыраң , коон сыяктуу мөмөлүү жана бакча эгиндери , кооздук өсүмдүктөрдүн жалбырагы саптуу ; жоогазын , пияз , чырыч , чекилдек , буудай , жүгөрү , арпа , шалы сыяктуу өсүмдүктөрдүн жалбырагы сапсыз болот .

Амазонка викториясы

Жалбырактын тарамыштанышы. Жалбырактар ар түрдүү багытта тарамыштан турганын көрүп жүрөсүңөр. Мисалы, канат сыяктуу (ак чечек), манжа сыяктуу (каштан) болуп тордолгон болот. Буларды торчо сыяктуу тарамыштануу деп аташат. Мындай тарамыштануу эки үлүштүүлөргө тиешелүү. Ал эми бир үлүштүүлөргө көбүнчө жарыш тарамыштануу мүнөздүү . Мисалы, жүгөрүдө, буудайда ж.б.

Айрым өсүмдүктөрдө негизги тарамыштануусу түз эмес, жалбырактын негизинен учуна карай ийилип, дого сымал абалда болот.

Мындай тарамыштанууну дого сымал деп атоого болот. Мисалы, бака жалбыракта, май мончокто. Ошондой эле ачаланып тарамыштануу деген бар. Мында жалбырактын бир тарамышы келип учу ачаланып кетет. Мисалы, гинго деген өсүмдүктө. Тарамыштар аркылуу азык заттар жалбырактын бардык жерине таралат. Себеби алар өткөрүүчү ткандан турат.

Сабактын максаты:

Жалбырактын клеткалык түзүлүшү

Жалбырактын эң сырткы катмары – кабыгы « эпидермис » (териче) деп аталат. Анын астында жалбырактын ичин бүт ээлеген жумшак негизги тканы жайгашкан. Ал катмар-катмар клеткалардан турат. Негизги ткандын ар бир клеткасынын жука чел кабыгы болот, ал башка клеткалардай эле цитоплазма менен толгон, ядросу, вакуолу бар. Башкалардан айырмасы – аларда хлоропласт болот. Жалбырактын үстүнкү бетине жакын жаткан негизги ткандын клеткалары узунунан, бири-бирине тыгыз жатат. Анын сырткы көрүнүшү ат байлаган мамыга окшош болгондуктан, мамыча ткань делет. Мамыча сыяктуу клеткалардан турган ткандын негизги кызматы өсүмдүккө керектүү азык-заттарын синтездөө болуп саналат. Анткени мамыча клеткада жалбыракка жашыл түс берген хлорофилл пигменти бар хлоропласттар болот.

Жалбырактын астында жана үстүнкү бетиндеги эпидермистин же териченин клеткалары мом сыяктуу зат менен капталган. Териченин клеткалары бири-бирине тыгыз жаткандыктан, ал жалбырактын сырт жагын куурап жана кургап калуудан сактайт. Жалбырактын астынкы бетинин теричесинде үт деп аталган оозчолорду пайда кылуучу клеткалар болот. Үт аркылуу жалбырактын ичине аба кирип, иштелген аба чыгып турат. Үттүн клеткалары ачылып, жабылып турушат да, газдын, абанын алмашышын жөнгө салат

Жалбырак тарамышы – бул өткөрүүчү ткань. Ал була жана сөңгөк ткандан турат. Буланын элек сыяктуу түтүгү аркылуу органикалык заттардын, мисалы, канттын, суудагы эритмеси жылат. Элек сыяктуу түтүкчөлөрдүн түзүлүшү органикалык заттарды өткөрүүгө ылайыкталган.

Буланын курамына элек сыяктуу түтүктөн башка дагы сөңгөктүү ткань кирет. Ал аркылуу тамырдан келген суу жана анда эриген минералдык заттар жылат .

Өсүмдүктөрдө заттардын транспорттолушу

Бышыктоо

  • Жалбырак эмне себептен жашыл түстө жана ал өсүмдүк үчүн кандай кызмат аткарат?

  • Аткарган кызматына жараша жалбырактын түзүлүш формасы кандай болот?

  • Мамыча жана борпоң ткань жана алар кандай түзүлүштө?

  • Өткөрүүчү ткань кандай түзүлүштө? Ал эмне кызмат аткарат?


Үй тапшырма

Таблицага тарамыштануу боюнча жалбырактын сүрөттөрүн тартуу

Жарыш тарамыштануу

Дого сымал тарамыштануу

Торчо тарамыштануу

Ачаланып тарамыштануу

  Окуу китебинин §27. 78-81-беттерин окуу. Жумушчу дептер тапшырмасын аткаруу.



Күнү: Сабактын темасы: Жалбырак жана өсүмдүк тиричилиги Сабактын максаты: а)Билим берүүчүлүк: Окуучулар жалбырактын өсүмдүк тиричилигиндеги мааниси жөнүндөгү маалыматтарга ээ болушат б)Өнүктүрүүчүлүк: Жалбыракты ким изилдегенин жана кызматын билишет; жалбырактын сырткы түзүлүшү; тарамыштанышын ажырата алышат; жалбырактын клеткалык түзүлүшүн талдап, окуп билимдерин өнүктүрүшөт. в) Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар бири-бирин сыйлоого,өз ойлорун кеңири айтууга тарбияланышат. Сабактын тиби:Жаңы теманы түшүндүрүү. Сабактын жабдылышы: Окуу китеби,өсүмдүктөрдүн жалбырактары, гербарийлер. Сабактын жүрүшү: Уюштуруу Саламдашуу,класстын тазалыгына көңүл буруу,окуучуларды тактоо,сабакка даярдоо. Өтүлгөн теманы кайталоо: 1.Өркүндүн кандай түрлөрү бар? 2.Өркүндүн ар түрдүү болушунун себеби эмнеде? 3.Анын өсүмдүк тиричилиги үчүн кандай мааниси бар? 4.Жер астындагы сабак,тамырдан кандай айырмаланат жана ал кандай кызмат аткарат? 5.Түймөк жана тамыр-сабак деген эмне жана анын столондон айырмасы кандай? 6.Пияз түп кандай түзүлүштө болот? Жаңы тема: Жалбырак –татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн вегетация органдарынын бири, өркүндүн бөлүгү. Анын жашыл болуусунун себеби анда хлорофилл пигменти бар

Жалбырактын кызматы

Орус табият таануучусу Климент Аркадьевич Тимирязев өсүмдүктөрдүн азыктанышы, б.а. жалбыракта жарык нурунун таасири астында органикалык эмес заттардан органикалык заттардын пайда болушун изилдеген.

Бардык жандуу организмдер,анын ичинде өсумдуктөр да өзү үчүн зарыл болгон органикалык зат жалбырактын клеткасындагы хлоропластта хлорофилл данекчесинде түзүлөт.

Жалбырактын сырткы бети аркылуу суунун бууланышы менен осмос басымы пайда болот.





Жалбырактын сырткы түзүлүшү

Жалбырак сабынан,пластинкасынан,негизинен жана кошумча жалбыракчалардан турат.Жалбырак пластинкасынын жазы бөлүгү ичкерип,жалбырак сабын пайда кылат да,сабакка бекийт.Ал жерди негизи дейбиз.

Жабырактын тарамыштанышы 1.Жарыш тарамыштануу 2.Дого сымал тарамыштануу 3.Торчо тарамыштануу 4.Манжа сымал тарамыштануу 5.Ача сымал тарамыштануу

Жалбырактын формалары

Жалбырак формасына карай да айырмаланышат:тегерек жалбырак(топчу гулдө),суйру тегерек (чалканда),узунча(камыш,жугөру,ажырыкта)






Жалбырактын эн сырткы катмары-кабыгы «эпидермис» деп аталат.Анын астында жалбырактын ичин б үт ээлеген жумшак негизги ткань же мамыча ткань д.а.Мамыча клеткаларда жалбыракка жашыл түс берген хлорофилл пигменти бар.Жалбыракта клетка аралык боштуктар бар. Аларды клетка аралык зат жана аба ээлеп турат да ал борпон ткань д.а. Жалбырак тарамышы –бул өткөрүүчү ткань.

Сабакты бышыктоо: 1.Кайсы окумуштуу өсүмдүктөрдүн азыктанышын, жалбыракта органикалык заттардын пайда болушун изилдеген? 2.Өсүмдүк үчүн жалбырак кандай кызмат аткарат? 3.Эмне үчүн жалбырактын өңү жашыл? 4.Жалбырактын тарамыштанышынын себеби эмнеде? 5.Жалбырактын клеткалык түзүлүшү жөнүндө эмнени билдиңер? Баалоо: Ар бир окуучунун аракетине карап баалоо Үй тапшырмасы : § 27. БББК деген инсерт технологиясын пайдаланып,үй тапшырманы аткарып келүү. Билем Билдим Билгим келет








































Биология 6-класс Сабактын темасы: Клетканын курамы. Ткань жөнүндө түшүнүк

Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк: Клетканын курамы,ткань жөнүндө кенири маалыматка ээ болушат

б) Өнүктүрүүчүлүк: Өсүмдүк ткандарын түрлөрүн , түзүлүшүн жана кызматын окуп үйрөнүп, ткандардын өсүмдүк организминдеги маанисин билишет


Клетканын химиялык курамы

Өсүмдүк клеткасынын түзүлүшү жана тиричилиги. Бардык жандуу организмдер клеткадан турат. Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын клеткасынын химиялык курамы боюнча жалпы бирдейлиги бар. Өсүмдүктөрүн клеткасындагы химиялык элементтер жансыз жаратылышта да кездешет. Бул элементтер клетка ичиндеги химиялык реакцияларга катышат. Химиялык элементтер, бири- бири менен кошулуп, органикалык эмес жана органикалык заттарды пайда кылышат. Ал эми, бизге белгилүү болгондой органикалык заттар жандуу организмдердин, ошондой эле өсүмдүктөрдүн дагы негизги структуралык компоненти болуп эсептелет .


Клетканын химиялык курамы

  • Өсумдуктөрдун курамы органикалык жана органикалык эмес заттардан турат.

  • Органикалык заттарга белок, май, крахмал ж.б. турат.

  • Клетка сыртынан чел кабык менен курчалып анын ичи ядро хромосома вакуоль бар.

  • Өсүмдүктүн ар бир түрүндө бөлүктөр бирдей клеткадан турат. Клеткалар бири бирине клетка менен байланыш аркылуу бириккен .



Клетканын химиялык курамы

Органикалык эмес заттар

Органикалык заттар

Белоктор

Суу

Майлар

Туз

Углеводдор

Бул заттардын бардыгы клетка аралыгы аркылуу бири-бирине өтүп, өсүмдүк денесинин бир бүтүндүгүн камсыз кылат. Клеткалар бири-бири менен клетка аралык заттар аркылуу биригет жана байланышат.

Клетка аралык байланыш бекем, борпоң же бош болушу мүмкүн.


Ткандар

Т үзүлүштөрү, формалары жана аткарган кызматтары окшош клеткалар тканды пайда кылат.

Мисалы:

Пияздын чел кабыгынын клеткалары бир түрдүү төрт бурчтук формада болуп, бири-бирине жакын жатат. Ткань түрдүү таасирлерге туруштук бере алат. Себеби клетка аралыгы тыгыз жана бекем болгондуктан мындай клеткалар өсүмдүктү сыртынан жаап турат да, коргоо кызматын аткарат. Алар жабуучу ткань деп аталат.

Ал эми кээ бир клеткалар бат-баттан көбөйүүгө жөндөмдүү болот. Мындай клеткалардан турган ткань – пайда кылуучу ткань . Ал эми азык заттарды өзүндө топтоочу клеткалар белендөөчү тканды түзөт .


Механикалык ткань – клеткаларынын кабыгы калың, катууланган ткань. Мисалы, жаңгактын, өрүктүн, чиенин сөөктүү мөмөсү бүтүндөй катуу ткандан турат. Анда клетканын тирүү бөлүктөрү мөмө жетиле электе гана болот, кийин ал коргоо кызматына байланыштуу толук катууланып кетет.

Бул ткань өсүмдүккө бекемдикти, катуулукту берет. Мындан сырткары узарган, тешикчелүү клеткалардан турган өткөрүүчү ткандар бар. Алар аркылуу суу жана анда эриген минералдык туздар, органикалык заттар өтөт.


Өсүмдүк ткандарынын түрлөрү жана кызматы

Ткань

Пайда кылуучу

Кайсыл жерде орун алган

Туруктуу

Өсүү точкаларын-да

Клеткалардын өзгөчөлүгү

Жабуучу

Функция

Сырткы чөйрө менен чектешкен жерде

Механикалык

Майда, тез бөлүнөт

Өсүмдүктөрдүн бардык бөлүктөрүндө

Бири-бирине тыгыз байланышкан

Өткөрүүчү

Өсүмдүктөр-дүн өсүүсү

Калың капталдуу клеткалар

Өсүмдүктөр-дүн бардык бөлүктөрүндө

Микроор-ганизмдерди бузулуу-дан, буулануу-дан сактайт

Негизги

Тамырларды жана элек сымал түтүктөрдү пайда кылат.

Коргоо, таяныч

Тамыр, мөмө, бутак, жалбы-рак

Азык заттарды өткөрүү

Чоң клетка-лар, жука каптал-дары менен

Азыкта-нуу, бөлүп чыгаруу, камдоо, сиңирүү.


Бышыктоо

  • Клеткалардын курамында кандай заттар болот?

  • Клеткаларбири-бири менен кантип биригет?

  • Ткань деп эмнени айтабыз жана кандай түрлөрү бар?


Тапшырма

  • Клетканын курамы боюнча таблица толтуруу:

Клеткадагы органикалык заттар

Аттары

Биологиялык ролу

Клеткадагы органикалык эмес заттар

Аттары

Биологиялык ролу

12-параграф . 34-35 беттерди окуу. Жумушчу дептер тапшырмаларын аткаруу