Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги
2-класс
Ачык сабак
Тема: “Күз мезгили”
Мугалим: ____________________________________
2023-ж.
Сабак: Кыргыз тили жана окуу 2-класс
Сабактын темасы: Алтын күз.
Сабактын тиби: жаңы билимдерди жана билгичтерди өздөштүрүү сабагы.
Сабактын усулу: интерактивдүү окутуунун элементтери ж.б.
Сабак өтүүнүн формасы: суроо жооп, аңгемелешүү оюн ж.б.
Сабактын жабдылышы: түстүү сүрөттөр, көрсөтмө куралдар, окуу китеби ж.б.
№ | Сабактын максаты: |
1 | Билим берүүчүлүк: Окуучулардын күз мезгили боюнча билимин жалпылап, созулма жана кыска (э-ээ) үндүүлөр катышкан сөздөрдү туура жазып жана кандай? Деген суроо боюнча билимдерин бышыктоо |
2 | Өнүктүрүүчүлүк: Сабактан алган билимдерине байкоо жүргүзүү, жыйынтык чыгаруу, сүйлөө кебинде колдонуу жөндөмүн өнүктүрүү |
3 | Тарбия берүүчүлүк: Мектеп эрежелерин сактоого, айлана чөйрөгө аяр мамиле кылууга, туулган жер менен сыймыктанууга үйрөтүү |
Негизги компетенттүүлүк
Маалыматтык;
Социалдык – коммуникативдик:
Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү
№ | Предметтик компетенттүүлүк |
ПК1 | Э-ээ тыбышы катышкан сөздөр бар сүйлөмдөрдү туура жазат. |
ПК2 | Окуу китебинде берилген тексти окуп, ыр айта алышат |
ПК3 | Сүрөттөргө сүйлөм түзүү менен сөз байлыгын өстүрүшөт |
ПК4 | кандай? деген суроолу сүйлөмгө жооп беришет. |
ПК5 | Сүйлөм, сөз айкаш толуктап айта алышат |
Күтүлүүчү натыйжалар:
-созулма үндүүлөр катышкан сөздөрдү туура жазат; - сүрөт эмне тууралуу экендигин айта алат; -сүрөткө карата берилген суроолорго жооп бере алат; – табышмактын жообун таба алат; - сүйлөмдөрдү толуктай алат; сөз айкашын толуктай алышат; --сүрөт боюнча сүйлөм түзө алат; - кандай? деген суроого жооп бере алат. |
Сабактын жүрүшү:
Сабактын этаптары
1.Окуучуларды сабакка уюштуруу
Мугалимдин ишмердүүлүгү:
Саламдашуу, окуучуларды журнал боюнча жоктоо. Мотивация берүү
Саламатсыңарбы балдар!
Күн нурундай жаркырап,
Биз көңүлдүү, биз кунак.
Биздин максат, биздин иш,
Окуп, жазып жыргамак.
Окуучулар. саламдашуу, сабакка көңүл буруу, бири -бирине жагымдуу маанай каалоо
2. Актуалдуу маселелер
Мугалим: Жалбырактар бактардан түшө баштайт, Канаттуулар жылуу жака бет алышат.
“Кана эми айттасаңар, жылдын бул кайсы мезгили?”
Окуучулардын жооптору (күз мезгили)
Балдар, айткылачы, күз эмне үчүн алтын деп аталат?
Күз кандай түстөрдү жакшы көрөт? (сары)
Сыртта аба ырайы кандай? (салкын, суук)
Кандай шамал согуп жатат? (суук шамал)
Курт-кумурскалар кайда барат? (жалбырактын астына сууктан жашынат)
Кээ бир канаттуулар кайда учушат? (жылуу жакка)
Талаалардан, бакчалардан эмне жыйналат? (жашылча-жемиш)
Балдар күзүндө кайда барышат? (мектепке)
Күз менен учурашып баарыбыз: «Салам, алтын күз!» деп айталы.
Окуучулар суроолорго жооп беришет
М
угалим: Алтын күз жөнүндө эмнелерди билүүнү каалайсыңар?
Окуучулар өз ойлорун айтышат
3. Жаңы теманы түшүндүрүү
Мугалим: Күз – эң сонун мезгил. Күзүндө жалбырактар саргарып, алтынга айланат. Күз адамдын маанайы сыяктуу эле өзгөрүп турат. Бир күнү жамгыр жаап жатса, бир күнү чайыттай ачык. Канаттуулар жылуу жерлерге учуп кетишет. Күн кыскарып, түн узарат. Күзүндө күн муздайт, бардык жаныбарлар менен курт -кумурскалар кышкы уйкуга кетет. Дыйкандар жашылча-жемиш жыйнап, талаа иштери кызуу жүрөт. “Күз -күрөш, жаз -жарыш” деп бекеринен айтылган эмес. (видео көрсөтүлөт)
Мугалим: Эми, дептериңерди ачып. Сөздүк жат жазууну жазгыла.
Эр – ээр, ме – мээ, кечээ.
2- көнүгүүнү карап, сөз айкаштарын толуктап жазгыла.
М: Жалбырактар саргайды, күн суук., түшүм мол болду.
Окуучулар көнүгүүлөрдү аткарышат.
Мугалим: Кана балдар ким күз жөнүндө ыр билет?
1-окуучу: Алтын күздө сапсары,
Араласам бакчаны.
Айлана бүт шаңданып,
Капыстан ырдай баштады.
2-окуучу: Жалбырактын түрү көп,
Бири жашыл, бири көк.
Күз келгенде саргайып.
Сабагынан күбүлөт.
3-окуучу: Берекелүү күз келди,
Айыл алма жыттанып.
Ак буудай данына,
Кампа толду шыкалап
4-окуучу: Күз мезгили эң сонун
Сары кызыл жалбырак
Бакча ичи алтындай
Жүр баралы батырак
5-окуучу: Ар мезгилдин өз, өзүнчө кооздугу бар,
Жаз келсе жашылданат, а кышта кар.
Жайында жер жемиштин баары бышып,
Күзүндө учуп түшөт жалбырактар.
Окуучулар ыр айтышат
4. Физминутка
Мугалим окуучуларды эс алдыруу максатында ыр ырдашат.
Мугалим: Азаматсыңар! Балдар келгиле анда чогу “Түшүм “ырын ырдайбыз.
Биз азамат балдарбыз, Түшүм жыйнай баштайбыз, Алманы, алчаны, коон жана дарбызды Ой-ой келгиле, бизге жардам бергиле | Мы корзиночки несём, Хором песинку поём. Уражай, собирай, и на зиму запасай! Ой-да собирай, и на зиму запасай! |
Окуучулар обондуу ыр ырдашат андан ары сабактарын улантышат.
5.. Жаны теманы бышыктоо
Интерактивдүү оюндар
ТАБЫШМАКТАР
Ак болуп гүлдөйт, Жашыл болуп салаңдайт, Кызыл болуп түшөт. (алма) | Тап-тап, тап жорго, Таба албасаң боз жорго, Желип кетсе жеткирбейт, Жерге түшсө көрүнбөйт. (жамгыр) |
Колу жок, буту жок, Дарбаза жок. (шамал) Чоң ата отурат тонун кийип, Тонун чечсе баары ылайт. (пияз) | Жерге түшсө буландай, Көккө чыкса буландай. Боору бүтүн теңи жок, Эч биринде жаны жок. (туман) |
КӨНҮҮГҮЛӨР
Сөз айкашын толукта Сүйлөмдү толукта
Күн .... (суук) Күздө 3 ... (мезгил) бар.
Жалбырактар ... (саргайды) 1-сентябрь -... .... (билим күнү)
Талаада түшүм .... (жыйналат)
МУЗЫКА
Музыканы тап.
1. КРнын Гимнни
2. Жамгырдын үнү
3. “Жан апам”
4. “Туулган күн”
5. “Мамалак”
“ООБА ЖЕ ЖОК”
Суроолорго ооба же жок деп жооп бергиле
Гүлдөр күзүндө гүлдөйбү? Козу карындар күзүндө өсөбү? Күндү булуттар каптайбы? Суук шамал келип жатабы? Канаттуулар уя жасайбы? Курт-кумурскалар учабы? Жаныбарлар жакынбы? | Канаттуулар түштүккө учабы? Көбүнчө жамгыр жаайтбы? Биз бут кийим кийебизби? Күн абдан ысыкпы? Балдар күнгө күйсө болобу? Мөндүр жаайбы? Куртка, баш кийим кийеби? |
КҮЗГҮ КУБУЛУШ
Сүрөткө карап сүйлөм түз.
Күзүндө аба ырайы суук | Күзүндө мөмө-жемиш бышат | Күзүндө тез-тез жамгыр жаайт | Жалбырактар саргаят, түшөт | Талаады түшүм жыйналат |
Окуучулар берилген тапшырмаларды аткарышат
6. Сабакты жыйынтыктоо
Бүгүн класста эмне жөнүндө сүйлөштүк?
Жаңы эмнени үйрөндүңөр?
Силерге эң көп эмнеси жакты?
- Бүгүн силер кунт коюп, активдүү болдуңар, жакшы иштедиңер, көнүгүүлөрдү туура аткардыңар. Баарыңар Мыктысыңар!
7. Үйгө тапшырма берүү Күзүндө аба ырайы кандай болорун жазуу.
8. Баа коюу Окуучулардын билими, катышуу жөндөмдүүлүгүнө карап бааланат.