СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алымбек Датканын 225 жылдыгы

Категория: Истоки

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алымбек Датканын 225 жылдыгы»

(1799-1862)










Алымбек Датка- Асан бий уулу (1799-1862)- кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, ХІХ кылымдын 30-60-жылдарынын башында Фергана жана аркалык кыргыздардын арасында айтып бүткүс эмгеги менен жакшы таанылган, зор кадыр-баркка ээ болуп, улуттун сыймыгына айланган улуу инсан.Алымбек датка Алай өрөөнүндөгү адыгине уруу бирикмесинин манабы Асан бийдин уулу болгон. Жеринен эле ата-бабасы өзө заманынын белгилүү инсандары болуу менен бирге кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн, аттары алыска таанымал эрендерден болушканын тарыхий булактар жана элдин эсинде айтылган оозеки айтымдар далилдейт. Алымбек датканын чоң атасы Ажы бий жөнүндө төмөндөгүдөй тарыхий маалыматты учуратабыз: «XVIII-кылымдын экинчи жарымында кокондуктарга каршы көз каранды эместик үчүн күрөштө эл башында туруп, даңкы далайга жеткен кыргыз мыктыларынын бири Ажы бий болгон. Кытайлык маалыматтарга караганда адыгине уруусунун чыгааны Ажы бийге Бухарадан күн чыгышты көздөй кеңири аймакты жердеген 200 миң кыргыз баш ийчү. Алай жана Ош аймагындагы бардык кыргыз уруулары анын карамагында болгон. Ажы бий коңшу мамлекетке көз каранды эмес эркин элдин улугу катары Цин дөөлөтү менен өз бетинче алака кылган. Ал өзүнүн, а түгүл, кокондук Ирдана бийдин атынан Кытай төрөлөрүнө кат жиберип турган. Эгерде кыргыз мыр-заларынын ич ара чатактары болбосо, балким, ал кыргыз урууларын саясий жактан бириктирип, бийликти өз колуна топтомок. 60-жылдардын башында Ажы бийдин жетекчилиги астында адыгине, ичкилик, моңолдор уруулары Ирдана бийдин баскынчылык аракеттерине катуу каршылык көрсөткөн

Чындыгында эле Фергана өрөөнүндө өзбектердин миң уруусунан чыккан Шахрух бий 1709-жылы Кокон хандыгын негиздеген. Тез эле Орто Азия аймагындагы Хива жана Бухара мамлекеттери менен теңтайлашууга жетишкен бул хандык алгач кыргыздар менен жакшы мамиледе болгон, кийинчерек мамиле сууп кеткен. Кыргыз жеринин кооздугуна сугун арткан Кокон хандыгы Ала-Тоо аймагын өз эн-чисине кошуп алуу аракетин күчөткөн.

1762-жылы Ирдана кыргыздарга тиешелүү Ош, Өзгөн аймактарына жортуул жасаган. Ошондо айтылуу Ажы бий кокондуктарга катуу

каршылык көрсөткөн. Бирок, күч бирдей эмес болгондуктан, бир нече жолку уруштан кийин, Ажы бий тоо тарапка чегинген. Ошол кырдаалды окумуштуу Д.Сапаралиев төмөндөгүдөй баяндайт: «Ажы бий Ирданага каршы биргелешип каршылык көрсөтүү үчүн түндүк кыргыздардын башчысы Маматкул көбүрөөк күч топтоо үчүн сарбагыш бийлери Черикчи менен Темиржанды да үндөйт».

Бирок тарыхий маалыматтарга караганда, кыргыз урууларынын ич ара чатактары ырбап, ынтымакка келе алышпай, сарыбагыштар Кокондуктарга каршы күрөшкө катышпай коюшат.


Кыргыздардын ырксыздыгын эптүүлүк менен пайдаланган Ирдана Ош, Өзгөн аймактарын каратып, андан ары 1764-жылы Кожентти багындыруу үчүн аттанат. Мындай оңтойлуу учурду колунан чыгаргысы келбеген Ажы бий кыргыздардан кол курап, Ошту Кокондуктардан тартып алууну көздөп, чабуулга өтөт. Бул кабарды угары менен Ирдана жолдон кайра артка кайтып, кыргыздар менен согушат.

Урушта кыргыз колу жеңилүүгө учурайт, 1780-жылдары Кокон хандыгы Ферганалык кыргыздардын көпчүлүк бөлүгүн каратып алууга үлгүрөт. Бирок тоо этектеген жердеген кыргыз уруулары менен Памир-Алай кыргыздары өз алдынчалыгын сактап кала беришет. Мында Алымбектин ата-бабаларынын зор саясий, аскердик иштеринин салымы бар.

«Аккан арыктан суу агат» дегендей, Алымбек чоң аталарынын жолун жолдоп, чыгаан инсан катары калыптанат. Ал эми Алымбектин атасы Асан бий Шамырза уулу көптү көргөн, оомалуу-төкмөлүү замандын тез өзгөрмөлүү талаптарына жараша иш кылган,

кыйынчылыктарга моюн сунбай, кысталышта калкына караан болгон чарбачыл, ишкер инчан катары эл ичинде урмат-сыйга арзыган.

Нарктуу, тектүү жерден чыккан, көргөн өскөнү жакшы Алымбектин балалык чагы, жигиттик курагы Чоң-Алай, Кичи-Алай өрөөндөрүндө өткөн. Ал жашынан эле чапчаң, чыйрак, тың, кылычтай өткүр, зээндүү чыгып, 15-17 жаш курагында эле адыгине уруусунун баргы уругуна баш-көз болуп, уюштургуч, март бий катары тааныла баштайт.

ХІХ кылымдын 30-жылдарында Кокон ханы Мадалы Алай-Памир жерлерин кошуп алуу үчүн баскынчылык аракеттерди күчөтүп, салык жыйноого сарбаздарын жөнөтөт. Ошондо Асан бийдин балдары сарбаздардын сазайын беришет. Өзгөчө Алымбек Кокон ханынын буйругун укмак түгүл, ата конушуна жакын жолотпой, хандын жигиттерин кууп чыгат.

Тарыхий тактыктарга таянып, академик Б.Жамгырчинов мындай деп жазат: «1831-жылы Мадалы хан түндүк кыргыздарды чабуу аракетин жасаганда, Алай кыргыздарынын үстүнөн хан бийлигинин орнотулушуна Алымбек каршылык көрсөткөн. Памир-Алай кыргыздарынын башкаруучусу катары Алымбек кыргыздардын өз алдынчалыгын сактап калууну көздөп, бир нече жолу Кокон хандыгына каршы чыккан».

Жеңишке дайым эле күч колдонуу менен жете бербесине көзү жеткен Мадалы хан жергиликтүү төбөлдөрдү өз тарабына имерүү үчүн, аларга ар түрдүү наамдарды (датка, миңбашы, паңсат ж.б.) ыйгарып, бийликке аралаштыра баштаган.

Алымбектин калк ичиндеги кадырын, арстандай айбатын эске алып, 1831-жылы Мадалы хан ага датка наамын берген. «Мына ушундан баштап Орто Азия чөлкөмүндө теңтайлаша доорун сүргөн үч мамлекеттин бири, ээлеген аймагы, калкынын саны жана улуттук курамы жагынан коңшуларынан эч кем калбаган ири Кокон хандыгынын саясий турмушуна дээрлик 35 жыл бою активдүү аралашып, өмүрүнүн акырында вазир мансап-мартабасына арзып, ханга тете бийликти өз колуна топтоого жетишкен»- деп жазат тарыхчы Т.Өмүрбеков.

Өткүрлүгү, адамгерчилиги, калыстыгы, эл бийлөөгө шыктуулугу менен тез эле хандыктын калкына таанылган 32 жашта-гы Алымбек датканы 1832-жылы Мадали хан Анжиян вилаетинин беги кылып дайындайт. Аталган вилаетке Алай, Ош, Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо, Куртка, Анжиян аймактары толук кирген.

Ага чейин Алайлык кыргыздарды гана бийлеп келген Алымбек ошондон тартып бүткүл Анжиян аймагын башкарып, Кокон хандыгынын мамлекеттик саясатына активдүү аралашып, мамлекеттик түзүлүштүн маани-маңызын акырындык менен түшүнө баштайт. Ал Кокон хандыгынын коомдук-саясий, чарбалык турмушундагы кыргыздардын татыктуу ордун табууга, хандын ордосундагы ролун көтөрүүгө көп күч жумшайт. Эң башкысы ыңгайы келгенде, кыргыздардын азаттыгын камсыз кылууга, өз алдынча бирдиктүү жана түптүү мамлекетин түзүүгө жол издейт.

Анжиянда эле эмес, бүткүл Фергана өрөөнүндө кадыр-баркы арткан жаш датканын таасири 1842-жылдан баштап ордодогу хандарды тактан түшүрүп жана такка коюп, хан көтөрүү сыяктуу саясий окуялардан айкын көрүнүп турат.

Ал хандыктын оош-кыйыштуу турмушуна өктөм аралашып, көптөгөн орчундуу окуяларга түздөн-түз катышып, ордонун кооптуу иштерин, саясий сырларын, түпкү максатын тереңирээк түшүнгөн.

Алымбек датканы бир кезде, мамлекеттик бийликке тарткан Мухаммед Алихандын (Мадалы хан) акыркы мезгилдеги коңшулары менен болгон согушу, оор салыктары элдин нараазычылыгын кү-чөткөн, мунун натыйжасында ага каршы козголоң уюштурула баштаган. Кыргыз, кыпчак төбөлдөрү да хандык такка өз адамын отургузууга ынтызар болушкан. 1842-жылы ордодо көтөрүлүш чыгат. Буга Мадалы хандын Бухара эмирине каршы урушта жеңилип калышы жана ага вассал болуп, Кожент шаарын берилиши шылтоо болот. «Бул кабарды уккан эмир Насурулла көп аскери менен келип Коконду басып алат. Натыйжада Кокон хандыгы Бухара эмирлигинин карамагына өтөт. Эмир Мадалы ханды жана анын бир туугандарын, ири аскер башчыларын өлүмгө буюрат. Кокондун башчылыгына бухаралык маңгыттар династиясынан чыккан Ибрагим Хаялды дайындайт»,-деп жазат тарыхчы Өмүрбеков.

Жаңы хан бийликке келери менен алык-салыкты көбөйтөт, ал эми бухаралык аскерлер шаардыктарды талоонго алышат. Бул абал жаңы элдик көтөрүлүштүн чыгышын шарттайт.

Мадалы хан өлгөндөн кийин, кыргыз-кыпчак төбөлдөрү, айрыкча Аксы, Чаткал, Таласка таасири чоң Ажыбек датка менен Нүсүп бий хан династиясынын тукумдарынан болгон, кыйла жыл кыргыздар арасында жүргөн Шералыны хан көтөрүүнү көздөшөт. Алымбек датка да булардын оюн кубаттайт. 1842-жылы жайында жер жайнаган колду Нүсүпкө баштатып, Шералы Коконго аттанат. Кокондун эли Шералыны колдоп чыгат. Ибрагим Хаял Бухарага качат. Ошентип, бийлик Шералыга өтөт. Жаш кезинде Таластык Ажыбек датканын айылында жүрүп эр жеткен Шералы такка отургандан кийин кыргыздарга ар тараптан колдоо көрсөтүп, кыргыз төбөлдөрүн жанына көбүрөөк топтойт. Кыргыздар хандыктагы көп маселени чече турган болушат. Алымбек датка хан ордосуна жубайы Курманжанды өзү менен кошо алып келип, Шералы ханга куттук айтат.

Аңгыча Кокон хандыгында, бөтөнчө хан ордосунда кыпчак ак сөөктөрүнүн таасири күчөп, эң жогорку мансап мартабалар алардын колуна өтөт да, кыргыздар мамлекеттик бийликтен сүрүлө баштайт.

Кезектеги ич ара тирешүүлөр кыпчак төбөлү Мусулманкулду бийликке алып келет. Шералы хандык бийлигин сактап калганы менен, саясий бийлик толук бойдон Мусулманкулдун колуна өтөт.

Кыргыз төбөлдөрү, анын ичинде Алымбек датка да бийликтен четтетилет. Мусулманкул бийликте турган жылдары өлкөдө зордук-зомбулук күчөп, алык-салыктар күчөп, элди эзмей күч алат. Бул Мусулманкулга каршы элдик кыймылдын тутанышын шарттайт.Тарыхий булактарда ошол мезгил мындайча баяндалат: «Мусулманкулдун зомбулугуна каршы болгон Кокони хандыгынын чыгыш жагындагы Ош жана Алай тоолорундагы кыргыздар көтөрүлүшкө чыгышты. Алар ого эле көп санда Мады чебинин жанында чогулушту жана Ошко жана анын айланасына кол салышты. Бул кыймылга баргы уруусунан чыккан Алымбек датка башчылык кылдыБул окуя 1845-жылы болгон. Мамлекеттин келечегине чоң коркунуч туулганын баамдаган Мусулманкул ошко Кокон аскерлерин баштап келип, көтөрүшчүлөрдү аёосуз басат. Алдын ала кабар алган Алымбек датка Алайга качып кетип, ажалдан аман калат. Ошто тартип орнотуу үчүн Мусулманкул миңбашы көпкө кармалып калат. Ошол убакта Кокондо дагы бир кутум уюшулуп, Шералы хан өлтүрүлүп, кутумчулар Алимхандын уулу Мурад-бекти хан көтөрүп жиберишет.

Мурад-бек такка отургандан кийин, Мусулманкул шашылыш кайтып келет да, ордону ээлеп, Шералы хандын 14 жашар уулу Кудаярды хан көтөрөт. Эртеңки күнү эмне болорун ойлоп тынчсызданган Мусулманкул өзүнө каршылык көрсөтөр киши калтырбоо максатында, ханзаадалардын көзүн тазалап, өлкөнү башкарууга укук берген аталык мансабын колуна алат. Мусулманкулдун торунан Кудаяр хандын аталаш агасы Малабек гана качып кутулат. Мусулманкул буга чейин кыргызга жээн Малабекти бооруна тартып жүргөн Алымбек даткага каршы Алайга көп кол жөнөтөрү тууралуу кабарды угуп, кырсыктан оолак болуш үчүн, Алымбек Көгарт ашуусу аркылуу Нарындын төрүндөгү Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Ат-Башыга келет. Алымбек датканы аркалык туугандары кучак жайып тосуп алышат.

Кокон ордосундагы так талашуу Кудаяр хан Мусурманкулду өлтүрткөндөн кийин деле тынчыган эмес. Бийлик талашуу эми Кудаяр хан менен аталаш агасы Малабектин ортосунда күч алат. Малабек такка жетүү үчүн алайлык кыргыздардан колдоо издейт. Ал Алымбек датка менен жолугуп сүйлөшөт. Натыйжада Алымбек датка Кудаяр ханга каршы козголоңду уюштурууга жетекчилик кылат. 1858-жылы Саманчыга жакыгн жерде Кудаяр хан менен Малабектин ортосунда чечүүчү уруш болот. Кудаяр хан жеңилип, Бухарага качып кутулат. Хандык такка Малабек отурат.Ошентип ХІХ кылымдын 50-жылдарында Кокон хандыгынын саясий турмушунда олуттук роль ойногон Алымбек датка, ордодогу эң жогорку бийликкевазирдик мансапка жетип, дээрлик 4 жыл бою (1858-1862) хандыктын тагдырын чечип турган. Кокон хандыгынын ортосундагы жогорку бийликтин ээси болгон Алымбек датка өз элинин түпкү кызыкчылыгын эстен чыгарбай, кыргыздардын мыкты уулдарын жогорку бийликке тарткан.

«Баш вазир Алымбек датканын сунуш-талабына ылайык, Малабек хан кыргыздардын чыгаан кол башчылары: Сейитбек датканы Ходжентке, Молдо Касымды Нау чебине бийликке койгон.Исфананын акими Сатыбалды датка ж.б.ордо кишилери да кыргыздар эле»- деп жазат тарыхчы К.Молдокасымов өзүнүн изилдөөлөрүндө.

Алымбек датканын акылман, кыракы саясатчы экендиги 60-жылдардын башында даана көрүнгөн. Бул мезгилде Россия империясы менен Кокон хандыгынын тирешүүсү күч алган эле. 1860-жылы Узун Агачта орустар менен согушуу үчүн, Алымбек датка Мала хан тарабынан аскер башчысы катары жөнөтүлөт. Чүй өрөөнүндө Алымбек датка Ташкент беги Канат шаа жетектеген Кокон аскерлери менен жолугушат. Бул жерде бири бирне баш ийгиси келбеген эки төбөл башкы кол башчылыкты талашышат. Алымбек датка үчүн бул тирешүү шылтоо болот да, өңчөй кыргыз аскерлерин ээрчитип, согушка катыштырбай бөөдө өлүмдөн сактап, кан майдандан алып чыгып кетет.

Алымбек датканын ошондогу өзүм билемдиги, Канат шааны тоготпой, 12 миң кишилик аскерин согушка киргизбей, согуш талаасынан чыгып кеткендиги ал үчүн кыргыз элинин кызыкчылыгы биринчи орунда турганын, эгер ордонун саясий багыты өз элинин мүдөөсүнө каршы келсе, ал токтолбостон Кокон ханына каршы курал көтөрүп чыкмагын далилдейтАнжияндын акими, Намангандын парваначысы, ордодогу баш вазир кызматын ээлеген Алымбек» өз бийлигинен ажырап калуудан коркпой, эртең Мала хан анын башын сылабастыгын эң сонун түшүнсө да, өмүрүн кылычтын мизине коюп, башын канжыгага байлап, ошол учурдагы көз ирмемдей өтүп жаткан тарыхий кырдаалга чечкиндүү кадам таштайт. Аны капсалаңдуу чечимдерге баргызып жаткан күч, атуулдук парзжалпы кыргыз журтчулугунун келечек тагдырыкыргыз мамлекеттүлүгүн түптөө идеясы болгондугун тарыхчы Т.Өмүрбеков таамай жазган.

Кандай болгон күндө да Алымбек датка менен ала хандын ортосундагы мамиле сууган. 1861-жылы Мала хан орустарга каршы жүрүшкө чыкмак болот. Бирок, кыргыздар ага катышуудан баш тартышат. Ошондо Мала хан Алымбекти камакка алуу жөнүндө буйрук берет. Бирок, ал Гүлчөдөн ары, аркалык кыргыздарга качып кетүүгө үлгүрөт. Арадан көп өтпөй, ордодогу кыргыз Кыдыр, түрк Кудайназар, кыргыз кыпчак Алымкул Мала ханга каршы кутум уюштурушат, ыңгайлуу кырдаалды колдон чыгарбаган Алымбек датка аларга келип кошулат. Ошол тушта, Кокон тарыхчылары жазгандай, 1862-жылы 24-февралда Мала хан өлтүрүлүп, балтыр эти толо элек Шах Мурад такка отурат. Хан жаш болгондуктан, Алымбек датка аталык милдетти аткарууга киришет. Алымкул Анжиянга, Кыдыр Маргаланга, Кудайназар Наманганга бек болуп дайындалышат.

Бул кезде Алымбек датканын кадыр баркы болуп көрбөгөндөй жогурлап, Кокон хандыгынын эки тизгин, бир чылбырын колуна алып калган эле. Бирок, кутумчулар арасындагы ырк жарым жылга жетпей бузулат да, кезектеги кутумда Алымбек датка атаандашы, кыргыз кыпчак Алымкул тарабынан өлтүрүлөт. Бул окуя 1862-жылдын жай мезгилинде болгон. Алымбек датка ошондо 63 жашта эле.