Просмотр содержимого документа
«Ан сезим психология»
А ӊ- сезим
ФМОМ(б)1-20
- Аӊ –сезим — объективдүү чындыкты чагылтуунун жана кишинин айлана чөйрө менен түзгөн байланышын максатка ылайыктап жөнгө салуунун жогорку формасы, башкача айтканда материялык дүйнөнүн мээде чагылышы.
Аң-сезимдин ар кыл аныктамалары бар. Айрымдарын айта кетсек, төмөндөгүдөй:
– Аң-сезим – бул аңдалып-баамдалган бытие;
– Аң-сезим – бул обьективдүү дүйнөнүн субьективдүү образы;
– Аң-сезим – бул субьективдүү бытие ;
– Аң-сезим – бул идеялык дүйнө;
– Аң-сезим – бул адамдын дүйнөгө жасаган мамилеси .
- Биринчиден, аң-сезим адам баласына гана таандык, адамды адам кылып турган, башка жан-жаныбарлардан айрымалап-ажыраткан касиет-сапат.
Экинчиден, аң-сезим – бытиенин, дүйнөнүн чагылышы. Айлана-чөйрөдөгү нерселерди, кубулуш-окуяларды сыпаттап, сүрөттөп, копиялап, элесин, моделин өзүнө көчүрөт. Ой-түшүнүк, сезим-туюм аркылуу «экинчи дүйнө түзөт». Аң-сезим тышкы дүйнөнү күзгү сымал гана механикалык түрдө болгонун болгондой чагылта бербейт, жаңы ой, идеялар аркасында аны кайра жасайт, өзгөртүп түзөт.
Үчүнчүдөн, аң-сезим – өзүнчө бытие (реальность), өзүнчө дүйнө. Тоо-суу, бак-дарак, там-таш кандай реалдуу жашаса, ой-түшүнүк, идея-теория, кыял-максат, сезим-туюм да ошондой эле реалдуу жашайт. Аң-сезим дүйнөсүнүн өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү, мыйзам-ченемдери, эреже-талаптары, өнүгүш-өзгөрүш механизмдери болот.
- Аң-сезимди реалдуу турмуш белгилейт. К. Маркс мээни Аң-сезимдин органы, бирок мээнин ойлоо жөнщдөмдүүлүгү социалдык турмушта калыптанат дейт.
Адамдын аң-сезиминин келип чыгышынын маанилүү шарты — эмгек жана сүйлөө. Тил — аң-сезимдин материялык формасы, ал адамдардын өз ара катнашынан келип чыккан. Аң-сезим болгонду туура чагылтууга, келечекте эмне болорун алдын ала билүүгө жана булардын негизинде дүйнөгө таасир этүүгө мүмкүндүк берет.
- Аң-сезимди анализдөө, синхрондук планда алып карасак,
- аң-сезимде бүтүн рухий түзүлүш катары жакынкы
- изилдөөлөрдө жеткиликтүү так эки аспектини бөлүп көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет:
- Когнитивдик таанып билүү аң сезими
- Баалооаң-сезими
- Аң-сезимди мына ушундай көз карашта кароодо, төтөмөндөгүдөй бекемдесе болот: аң-сезим бул
- чындык жөнүндөгү билим жана ошол чындыкты баалоо. Башкача айтканда, адамдын аң-сезими
- чындыктын касиеттери жөнүндөгү берилиштер менен гана чектелбейт, андан ары кетет, субъектинин предметтерге жана чындыктын кубулуштарына болгон катнашын тактайт, анын керектөөсүнө жана кызыкчылыктарына карата баалоо бул аң-сезим дүйнөсү.
- Аң - сезим коомдук - тарыхый, коомдук - маданий табиятка ээ.
- «Адам баласынын аң-сезими кандайча жаралган?» - деген суроого кайрылсак, бул маселе өтө татаал, сырлуу экенин,
- аннш тегерегинде кызуу талаш-тартыштар жүрүп келгенин көрөбүз. Тарыхый жагын алганда аң-сезимдин жаралышын,
- генезисин таамай-таасьн аныкташ үчүн жетишпеген көп нерсе бар. Ошол эле кезде айрым илимдердин (археология,
- этнография, тарых, лингвистика, психология ж. б.) маалымат, тыянактарына таянсак, бул орчундуу маселенин
- аныкталган, тастыкталган жактары да бар экенине күбө болобуз. Аң-сезим адам катары калыптаныш, адам коому
- түптөлүп-курулуш проңессинде, адамзаттын чогуу, биргелешкен жашоо-тиричилигинин жүрүшүндө кальштанган. Бир
- заматта эле жарк этип күн тийгендей чыга калган эмес. Узак мөөнөттү, миңдеген жылдарды камтыйт
- Өздүк аң сезим–адамдын өзүн-өзү баалашы, өзүнүн билим деңгээлин, акыл дараметин, жүрүм турумун, кылык-жоругун, мүмкүнчүлүгүн, кызыкчылыгын ж. б. аңдай билиши. Өздүк аң-сезим адамга гана эмес, коомго, социалдык топторго да тиешелүү болот. Адамдын ар-кандай иш-аракети коомдук тажрыйбага таянат. Эмгектенүү учурунда адам өзүн аңдап билет.
- Аң-сезимдин калыптанышына тилдин тийгизген таасири зор. Өздүк аң сезим аң-сезимдин туундусу катары пайда болсо да, адамзат жогорку деңгээлде өнүккөндө гана ачык-айкын көрүнөт.Ал адегенде уруулук топко, жамаатка таандык мүнөздө болуп, бара-бара жеке адамдын аң-сезиминин калыптанышына таасир этет. Өздүк аң сезим жеке адамдын аң сезиминин текши өнүгүшүнө социалдык, маданий, моралдык жана материалдык шарт жеткиликтүү түзүлгөн коомдо жогору деңгээлге көтөрүлөт.