СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Анатай Өмүрканов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Анатай Өмүркановдун чыгармалары

Просмотр содержимого документа
«Анатай Өмүрканов»



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ – АБАД ОБЛУСУ

ЧАТКАЛ РАЙОНУ БАШКЫ – ТЕРЕК АЙЫЛЫ

САТЫЛГАН ДОЗОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ







КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНАН ӨТҮЛҮҮЧҮ 

АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВДУН «ЭНЕКЕМ», «ТАҢКЫ ТООЛОР», «АЙЫЛЫМ» 

АТТУУ ЫРЛАРЫ БОЮНЧА

САБАКТЫН ИШТЕЛМЕСИ







МУГАЛИМ: АБДЫКЕРИМОВА ГҮЛНАРА НАРЫМБАЕВНА





















Сабактын темасы: АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВДУН «ЭНЕКЕМ», «ТАҢКЫ ТООЛОР», «АЙЫЛЫМ»



САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ:



БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ

ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ

Анатай Өмүркановдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу кыскача маалыматка ээ болушат. Анын ырларынын мазмуну, бүгүнкү күндөгү орду тууралуу кошумча маалыматтарды билишет.

Акындын ыр саптарын көркөм окуу аркылуу текстти көркөм окуунун техникасын үйрөнүп, обон жаратылган ырларын жандуу ырдоо аркылуу чыгармачылык шык-жөндөмдөрү өнүгөт.

Кылым кезип кыргыз эли байырлаган Ата журтту, ак сүтүн берген энени, туулуп өскөн жерди кадырлап-сыйлоого, урматтап-барктоого тарбияланышат.



Сабактын тиби: аралаш сабак

Сабактын формасы: топ менен, жуп менен иштөө

Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү

Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз тили, искусство, адеп, сүрөт ж.б.

Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, видео ролик, ар кандай көрсөтмө куралдар, буклеттер, китептер ж. б.



САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ

ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ

УБАГЫ

1

Уюштуруу

Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо системасы менен тааныштыруу.

Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо системалары менен таанышышат.

3 мүнөт

2

Жаңы темага киришүү

Урматуу окуучулар, силер бүгүнкү күнгө чейин жазган ырларына обон жаратылган кыргыз адабиятындагы кайсы акындардын ырларын билесиңер? Алар тууралуу айтып бергиле?

Мугалимдин берген суроосуна өздөрүнүн жоопторун узатышат.

3 мүнөт

3

Жаңы теманы өтүү:



Анатай Өмүрканов тууралуу маалымат





Акындын жазган ырларынын мазмуну







Окуучуларга слайд аркылуу жазуучу жөнүндө маалымат берет.







Акындын ыр саптарын көркөм окутуп, алардын мазумун боюнча түрдүү суроолорду узатып, түшүнбөгөн саптарын талкуулап берет







Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат;





Ыр саптарды көркөм окушат. Түшүнбөгөн саптары боюлсо мугалимге кайрылышат







21 мүнөт

4

Бышыктоо№1

Эки топко бир-бирден обондуу ырларын бөлүштүрүп берет. Аларга ырларды обондуу аткарып, ырдын текстине дал келген айрым көрүнүштқөр менен коштоп туруусун айтат.

Окуучулардын бир тобу «Энекем» аттуу ырды обондуу аткаруу менен бирге белгилүү көрүнүштөрдү аткарышат. Ал эми экинчи топ «Айылым» аттуу ырды обону менен аткарышып, ага тиешелүү болгон көрүнүштөр менен коштошот.

9 мүнөт

5

Бышыктоо №2

Бир топко «Эне», экинчи топко «Айылым» деген сөз жазылган ватмандарды узатат. Ал сөздөргө тиешелүү блогон жагымдуу тарабын класстер аркылуу жазып, аларды чечмелеп берүүсүн айтат.

Мугалим тараптан берилген тапшырмаларды аткарышат.


5 мүнөт

6

Баалоо жана кайтарым байланыш

Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу;

Окуучулар бири – бирин баалашат;

2 мүнөт

7

Үй тапшырмасын берүү

Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү;

Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет;

2 мүнөт



Уюштуруу 3 мүнөт: - Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын эң алгач бүгүнкү сабагыбыздагы алтын эрежелерменен таанышып алалы.

Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:

  • Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;

  • Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;

  • Дептерлерибизге жазабыз;

  • Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!

  • Бири – бирибизди сыйлап, бири – бирибизге тоскоолдук жаратпаганга аракеттенебиз.

Бүгүнкү сабакта мен мыкты катышкан окуучулар үчүн атайын түрдүү баалоо карточкаларын даярдап келгенмин. Колумдагы 5 жылдыздуу кагаз «5» деген баа, ал эми төрт бурчтуктуу кагаз «4» деген баа, үч бурчтук кагаз «3» деген бааны билдирет. Сабактын жыйынтыгында бул баракчаларды ким көп топтогон болсо, анда упайларга карап жеңүүчүлөр аныкталмакчы.

Жаңы темага киришүү 18 мүнөт: Келгиле, азыр биз слайд аркылуу Анатай Өмүрканов тууралуу маалымат алабыз жана анын айрым обондуу ырларына кулак төшөйбүз.

ПЛАН №1. Анатай Өмүрканов тууралуу слайд аркылуу маалымат беришет.

ПЛАН №2. Анын ырлары окуучулар тараптан көркөм окулуп, ар бир ыр саптарынын мазмуну боюнча окуучулар өз ойлорун айтышат.

Бышыктоо (№1) 9 мүнөт. Окуучулардын бир тобу «Энекем» аттуу ырды обондуу аткаруу менен бирге белгилүү көрүнүштөрдү аткарышат. Ал эми экинчи топ «Айылым» аттуу ырды обону менен аткарышып, ага тиешелүү болгон көрүнүштөр менен коштошот.

Бышыктоо (№2) 5 мүнөт. Окуучулар мугалим тараптан берилип, бирине «Эне», бирине «Айылым» деп жазылган ватмандарды алышат жана алардын жакшы тараптарын класстер аркылуу чагылдырып, атаандаш команданын алдында коргоп беришет. Эскертүү: атаандаш командалар бул командаларга презентация учурунда суроолорун берсе да болот.

Баалоо жана кайтарым баалоо 2 мүнөт: Азыр болсо мен силердин бүгүнкү сабакта топтогон түрдүү баалоо карточкаларындагы упайларды кошуу аркылуу жеңүүчү топту аныктаймын.

Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт: Ыр саптарынан жаттап, көркөм айтууга даярданып келүү.

Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!































































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!