Уюштуруу учуру(3 мүн) | Окуучулар менен саламдашып, аларды тактоо. Класстын тазалыгына көңүл буруу!! Жагымдуу маанай: Мугалим: “А” тамгасы менен ырды обонго салгыла? “О” тамгасы менен “Х” тамгасы менен Азаматсыңар!! Ушул тамгаларды көп колдонуу менен ден соолуктарыбызга пайда алабыз. “А”-тамгасы, дем алуу органдарынын жакшы иштешине “О”-тамгасы,жүрөктүн жакшы иштешине “Х”-тамгасы,көңүл көтөрүүчү гормондордун иштелип чыгышына жардам берет. | Окуучулар өздөрүнө жаккан ырдын обонун айтышат. М: “Бишкегим” А_АА_АА-А АААА,ААААААА ОО_ОООО_ОООО_ОООООООО ХХ-ХХХХ-ХХХХ-ХХХ | НК2 | |
Өтүлгөн теманы кайталоо. (12 мүн) | Эки топто үй тапшырмалар талкууланат. 1-тапшырма: Терминдерди чечмелөө (6 мүн) Кан айлануу (1 балл) Аорта (1 балл) Перикард ( 1 балл) Эпикард(1 балл) Вена (2 балл) Артерия (2 балл) Донор (1 балл) Плазма (1 балл) Гемоглобин (2 балл) Капилляр (2 балл) Артериялык пульс (2 балл) Систолалык басым (2 балл) 2-тапшырма: Схемалар менен иштөө(6 мүн). Кан айлануунун чоң жана кичине тегеректери экрандан көрсөтүлөт. Туура схемасын ватмандарга түшүрүп, презентациялоо. | Кан тамырларда кандын тынымсыз агышы- кан айлануу деп аталат. Эң ири артериялык кан тамыр. Нык тутумдаштыргыч ткандан түзүлгөн, жүрөк кабыкчасы. Жүрөк керегесинин сырткы чели. Жүрөккө канды алып келүүчү тамырлар,керегелеринде булчуң аз,айчыктуу клапандары бар, артерияныкына салыштырмалуу жука жана серпилгичтиги төмөн. Жүрөктөн чыккан канды алып жүрүүчү тамырлар,керегелери чың, солкулдак, чоюлгуч болгон соң, чоң басым менен келген канга чыдайт. Кан куюуда кан берген киши-донор. Кандын түссүз, тунук суюктугу. Эритроциттерге кызыл түс берүүчү, гем- темирден жана глобин- белоктон турган кошулма. Транспорттук кызмат аткарат. Эң майда артериялар бөлүнүп өтө ичке түтүкчөлөрдү –капиллярларды түзөт.Керегелери бир катмарлуу, жалпак эпителий ткандарынан түзүлгөн,мембранасында көптөгөн жылчыктар бар. Жүрөктүн ритмдүү жыйрылышынан келип чыккан артериялык кан тамырлардын керегесинин термелүүсү-артериялык пульс деп аталат. Карынчалар жыйрылган учурдагы артериялардагы кан басымы-эң жогорку же систолалык басым деп аталат. 1-топ: Кан айлануунун чоң тегерегин туура көргөзүү. 2-топ: Кан айлануунун кичине тегеректерин туура көргөзүү. | НК1,2 | ПК1,2 |
Жаны теманы түшүндүрүү (15мүн.) | №75 презентация,видео. Оорунун түрлөрү: Окуучулар даярдаган маалыматтарга көңүл бурабыз: презентация. 1-топ: “Атеросклероз оорусу”(5 мүн) 2-топ: “Миокарддын инфаркты”(5-мүн) | Окуучулар жаңы теманы түшүнүүдө өздөрүндө пайда болгон суроолорун беришип, жоопторун алышат жана тема түшүндүрүлүп жаткан учурда кез келген жаңы чоочун терминдерди дептерлерине жазып отурушат. 1-топ: “Атеросклероз оорусу” АТЕРОСКЛЕРОЗ — өнөкөт жүрөк -кан тамыр оорусу. Артерия кан тамырларынын капталдарында бириктиргич ткандын өсүшүнөн калыңданып, кан тамыр тарыйт, натыйжада органдарды, ткандарды кан менен камсыз кылуу начарлайт. Артерия кан тамырларынын капталдарынын өзгөрүшү (бузулушу), анда холестериндин топтолушу А -го алып келет. А -дун пайда болушунда липид майынын алмашуусунун бузулушу чечүүчү мааниге ээ. Артерия кан басымынын көтөрүлүшү, ички секреция бездеринин, кандын уюшунун бузулушу (мисалы, кан диабети), ошондой эле социалдык -коомдук факторлор, илим менен техниканын өөрчүшү, кайгыруу, стресс абалдары А -дун пайда болушуна түрткү берет. Семиз адамдар жана кара күч жумушу менен аз иштегендер А. менен көбүрөөк оорушат. Андан тышкары тукум куума бул ооруга жакындык, улуттук өзгөчөлүктөр да А - дун өөрчүшүнө таасир тийгизет. Артерия кан тамырынын ички бетинде майлуу так, фиброздуу төмпөкчөлөр (төмпөкчөлөрдүн ичинде липид майлары көп топтолот), берчтенген төмпөкчөлөр, кальциноз же атерокальциноз пайда болот. А -догу өзгөрүүлөр эң алды чоң күрөө тамырлардан башталат. А -дун өөрчүшү 2 мезгилге бөлүнөт: башталышы — оор белгилери али билине элек убагы; күчөшү — оору белгилери ачык билинген кези. А -дун башталышын билүү өтө кыйын. Ошентсе да артерия кан тамырынын реакциясынын күчөшү, кан да холестерин, фосфолипид, липопротеид майларыңын көбөйүшүн оорунун башталышы десек болот. Айрыкча мээнин, жүрөктүн, бөйрөк түн, буттун кан тамырлары жабыркайт. Мээнин кан тамырларынын А -унда адамдын ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, унутчаак болуп, бат чарчайт. Оорулуунун башы айланып салмактанат, дүңгүрөп, уйкусу качат. Күчөп кетсе психикалык бузулууга алып келиши мүмкүн; себепсиз кыжырланат, урушчаак болот жана башка; жүрүш -турушу өзгөрүп, кем акыл болуп калышы мүмкүн; оорунун эң оор кабылдоосу мээге кан куюлуу болуп эсептелет (к. Инсульт). Жүрөк -кан тамырларынын А -унда алардын тарышынан жүрөк булчуңдарын кан менен камсыздоо жетишсиз болуп калат. Натыйжада, көкүрөк же жүрөк тушу катуу ооруйт. Оору өтө чарчаганда же өтө капаланганда, кийин жайчылыкта деле сол колго, далыга же моюндун сол тарабына тарайт (к. 2-топ: “Миокарддын инфаркты” МИОКАРДДЫН ИНФАРКТЫ — жүрөктүн айрым бөлүгүнө кандын аз келишинен же келбей калышынан жүрөк булчуңунда өлүү ткандардын (некроз) пайда болушу. М. и. көбүнчө жүрөктүн таажы сымал артериясы атеросклероздон жабыркаганда болот; атеросклероз процессине көп учурда кан тамырдын бүктөлүп калышы (тромбоз) кошумча болот. М. и -нын пайда болушуна гипертония оорусу, кант диабети, семирүү, нервдик -психикалык күч келүү, тамеки тартуу түрткү берет. Демейде стенокардиянын тез -тез кармашынан жана күчөшүнөн улам өөрчүп, нитроглицерин да жакшы таасир этпей калат. Бул мезгил инфаркт кармардагы абал деп аталат. Врачка тезинен кайрылуу М. и -нын алдын ала турган чараларды өз убагында көрүүгө мүмкүндүк берет. М. и. көбүнчө жүрөк же көкүрөк туш көпкө катуу ооруп, оору сол колго, сол далыга өтүү менен башталат; айрым учурда көкүрөк бүт ооруйт. Нитроглицерин ичкенден кийин деле ооруганы басылбайт. Адатта ал бир нече саатка же күнгө созулат; өлүм коркунучун сезүү, өтө начарлоо, ошондой эле деми кыстыгуу жана жүрөк ишинин башка бузулуулары байкалат. М. и. менен ооруганда медициналык тез жардам керек. Ошондуктан жүрөк ооруп, приступ кармаса (оору валидолду жана нитроглицеринди ичкенден кийин да басаңдабаса) токтоосуз тез жардам чакыруу зарыл. Врач келгенче оорулууну тынч жаткырып, мүмкүн болушунча тынчтандыруу керек. Нитроглицерин ооруну басаңдатпаса бир нече жолу кайталап ичүү талапка ылайык. Алаксытуучу процедуралар: көкүрөккө горчичник коюу, бутка жылыткыч басуу, колду жылытуу ооруну кыйла жеңилдетет. М. и. менен ооруган оорулууну ооруканада гана толук дарылоого мүмкүн. Ооруканадан чыккандан кийин да дарылоо үйдө улантыла берет. Эмгекке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү жана М. и. кайрадан кайталанышын алдын алуу көбүнесе оорулуунун өзүн кароосуна байланыштуу. Врачка үзгүлтүксүз көрүнүп, ал белгилеген дарылоону жана күн тартибин дыкаттык менен аткарып, инфаркт болгон адам бир катар эрежелерди сактоосу зарыл. Баарыдан мурда ал тамеки тартпай, спирт ичкиликтерин ичпей, күн тартибин сактап, 7 сааттан кем эмес уктоосу керек. Врач белгилеген дене тарбия көнүгүүлөрү: эртең мененки гимнастика жана күндүз, түнкү уйку алдында жөө басып сейилдөө пайдалуу. Дем алыш күндөрү таза абада көбүрөөк болуп, отпусканы көнгөн климаттык шартта өткөрүү оң. Тамакты түрдүүлөп, витаминдүү, бирок мүнөздөп (суткасына 2500 ккалдан ашык эмес), 4 маал ичүүгө тийиш. Кечки тамакты жатарга 2 —3 саат калганда ичүү керек. Кечкисин организм оңой сиңирүүчү быштак, айран жана башкалар азыктар менен тамактануу сунуш кылынат. Жатарда нерв системасын козгоочу чай же кофе ичүү жарабайт. М. и. менен ооруган адам бир кыйла убакытка чейин аз кыймылдоого мажбур болгондуктан, толуп кетет. Ошондуктан ага ашыкча тамактанууга болбойт. Суюктукту (сорпону, компотту, киселди, сүттү кошкондо) 1,2 —1,5 литрге чейин азайтуу зарыл. Түнкү сменада, ысык цехте дагы ушундай сыяктуу жерде жана күчтү талап кылуучу жана нервге күч келтирүүчү иштерди иштөөгө тыюу салынат. Нервге күч келтирүү стенокардияны күчөтүүгө түздөн -түз себеп болгондуктан, оорулуу өзү жана анын айланасындагылар үй -бүлөдө жана эмгек коллективинде жагымдуу шарт түзүүгө көмөктөшүүлөрү тийиш. | НК1,2,3 | ПК2,3 |