СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Англиядагы буржуазиялык революция

Нажмите, чтобы узнать подробности

Англияда болуп өткөн буржуазиялык революциялар тууралуу кызыктуу маалыматтарды камтыган презентация. Окуучуларга жана студенттер сунушталат. 

Просмотр содержимого документа
«Англиядагы буржуазиялык революция»

Англиядагы буржуазиялык революция Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген Текшерген: Бакеева. Б. З.

Англиядагы буржуазиялык революция

Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген

Текшерген: Бакеева. Б. З.

План: 1. Англиядагы революция 2. Революциянын башталышынын себептери 3. Революциянын этаптары 4. Оливер Кромвелдин протектораты 5. Стюарттардын реставрациясы « Даңктуу революция» Буржуазиялык революциянын натыйжасы

План:

  • 1. Англиядагы революция
  • 2. Революциянын башталышынын себептери
  • 3. Революциянын этаптары
  • 4. Оливер Кромвелдин протектораты
  • 5. Стюарттардын реставрациясы « Даңктуу революция»
  • Буржуазиялык революциянын натыйжасы

Англиядагы революция 17-кылымда Англиядагы революция коомдук мамилелердин жана башкаруу формасынын радикалдуу өзгөрүүсүнө алып келген диний-саясий жана социалдык конфликт. Англиядагы революция жаңы буржуазиялык коомдун саясий принциптерин жарыялаган жалпы европалык масштабдагы социалдык революция болгон. Анын жүрүшүндө оор социалдык-экономикалык, саясий кризисти башынан өткөрүү менен Англия жаңы цивилизацияга кадам койгон.

Англиядагы революция

  • 17-кылымда Англиядагы революция коомдук мамилелердин жана башкаруу формасынын радикалдуу өзгөрүүсүнө алып келген диний-саясий жана социалдык конфликт. Англиядагы революция жаңы буржуазиялык коомдун саясий принциптерин жарыялаган жалпы европалык масштабдагы социалдык революция болгон. Анын жүрүшүндө оор социалдык-экономикалык, саясий кризисти башынан өткөрүү менен Англия жаңы цивилизацияга кадам койгон.

Революциянын башталышынын себептери Революциянын башталышына король Карл I Стюарттын мамлекетти парламентсиз башкаруусу  Өзүнүн жакын аристократтарына монополиялык укуктарды ыйгаруусу Француздарга жана испандыктарга каршы жүргүзүлгөн согуштун ийгиликсиз аякташы Шотландияда протестанттык чиркөөнү англикан чиркөөсү менен алмаштыруу үчүн жүргүзүлгөн согушта королдук аскерлердин жеңилиши  Каражатсыз жана дээрлик аскерлеринен айрылган Карл I «Узак парламент» (1640-42, 1660) деген атка конгон жаңы парламентти чакырууга аргасыз болот. Англиядагы революция аталган парламент менен королдун ортосундагы каршылашуу формасында жүргөн. 

Революциянын башталышынын себептери

  • Революциянын башталышына король Карл I Стюарттын мамлекетти парламентсиз башкаруусу
  • Өзүнүн жакын аристократтарына монополиялык укуктарды ыйгаруусу
  • Француздарга жана испандыктарга каршы жүргүзүлгөн согуштун ийгиликсиз аякташы
  • Шотландияда протестанттык чиркөөнү англикан чиркөөсү менен алмаштыруу үчүн жүргүзүлгөн согушта королдук аскерлердин жеңилиши
  • Каражатсыз жана дээрлик аскерлеринен айрылган Карл I «Узак парламент» (1640-42, 1660) деген атка конгон жаңы парламентти чакырууга аргасыз болот. Англиядагы революция аталган парламент менен королдун ортосундагы каршылашуу формасында жүргөн. 

Революциянын этаптары Англиядагы революциянын I этабы (1640-42) конституциялык мезгил деп аталган. Бул мезгил ичинде парламент кайрадан чакырылып (Узак парламент), элдин нааразычылыгын пайда кылган королдук министрлердин (граф Страффорд, архиепископ Лод) кызматтан алынышы жана соттолушу, саясий куугунтукталгандарды бошотуу жана сот процессин ачык жүргүзүүнү кийирүү, монополияларды жоюу сыяктуу иш-чаралар жүргүзүлгөн. 

Революциянын этаптары

  • Англиядагы революциянын I этабы (1640-42) конституциялык мезгил деп аталган. Бул мезгил ичинде парламент кайрадан чакырылып (Узак парламент), элдин нааразычылыгын пайда кылган королдук министрлердин (граф Страффорд, архиепископ Лод) кызматтан алынышы жана соттолушу, саясий куугунтукталгандарды бошотуу жана сот процессин ачык жүргүзүүнү кийирүү, монополияларды жоюу сыяктуу иш-чаралар жүргүзүлгөн. 

Англиядагы революциянын II этабы (1642-47) революциянын жогорку чегине жетиши жана биринчи граждандык согуш менен мүнөздөлөт. 1642-жылы январда Карл I «Улуу Ремонстрациянын» (бул документ парламент тарабынан 1641-жылы декабрда кабыл алынып, буржуазиялык-дворяндык оппозициянын программасы болгон. Анда епископтукту жоюу, жарандардын керт башынын кол тийбестигин жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыздоо, монополияларды жоюу талабы коюлган.

Англиядагы революциянын II этабы (1642-47) революциянын жогорку чегине жетиши жана биринчи граждандык согуш менен мүнөздөлөт. 1642-жылы январда Карл I «Улуу Ремонстрациянын» (бул документ парламент тарабынан 1641-жылы декабрда кабыл алынып, буржуазиялык-дворяндык оппозициянын программасы болгон. Анда епископтукту жоюу, жарандардын керт башынын кол тийбестигин жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыздоо, монополияларды жоюу талабы коюлган.

Жеңилүүгө аргасыз болгон Карл I 1642-жылы Лондонду таштап, өлкөнүн түндүгүнө кеткен жана августта парламентке каршы согуш жарыялаган. Граждандык согуштун башталышында общиналар палатасынын мүчөсү Оливер Кромвелъ парламенттик аскерлерди жетектеген. Кромвель регулярдуу парламенттик армияны түзүүгө жетишип, 1645-жылы 14-июнда королдук аскерлерди Нейзбинин алдындагы салгылашууда толук талкалайт. Карл I түндүккө качып, шотландиялыктарга багынып берген.
  • Жеңилүүгө аргасыз болгон Карл I 1642-жылы Лондонду таштап, өлкөнүн түндүгүнө кеткен жана августта парламентке каршы согуш жарыялаган. Граждандык согуштун башталышында общиналар палатасынын мүчөсү Оливер Кромвелъ парламенттик аскерлерди жетектеген. Кромвель регулярдуу парламенттик армияны түзүүгө жетишип, 1645-жылы 14-июнда королдук аскерлерди Нейзбинин алдындагы салгылашууда толук талкалайт. Карл I түндүккө качып, шотландиялыктарга багынып берген.

Англиядагы революциянын III этабында (1647-49) экинчи граждандык согуш башталып, революция демократиялык этапка өткөндүгү менен мүнөздөлөт. 1648-жылы экинчи граждандык согуш башталган. Королду жактаган роялисттердин аскерлери Кромвелдин мыкты уюшулган аскерлеринен бат эле жеңилген. 1648-жылы сентябрда согуш аяктаган. Кромвель чечкиндүү кадамдарды жасоо менен королду Херст түрмөсүнө камаган. Карл I Стюарттын кылмыштарын териштирүү үчүн Жогорку Сот түзүлүп, анын чечими менен 1649-жылы 30-январда королдун башы жалпы эл алдында алынган. Англияда республиканын түзүлгөндүгү жарыяланган. 1649-жылы 17-июнунда кабыл алынган мыйзам боюнча королдук бийлик жоюлган, парламент өлкөдөгү жогорку бийлик органы катары жарыяланган. 
  • Англиядагы революциянын III этабында (1647-49) экинчи граждандык согуш башталып, революция демократиялык этапка өткөндүгү менен мүнөздөлөт. 1648-жылы экинчи граждандык согуш башталган. Королду жактаган роялисттердин аскерлери Кромвелдин мыкты уюшулган аскерлеринен бат эле жеңилген. 1648-жылы сентябрда согуш аяктаган. Кромвель чечкиндүү кадамдарды жасоо менен королду Херст түрмөсүнө камаган. Карл I Стюарттын кылмыштарын териштирүү үчүн Жогорку Сот түзүлүп, анын чечими менен 1649-жылы 30-январда королдун башы жалпы эл алдында алынган. Англияда республиканын түзүлгөндүгү жарыяланган. 1649-жылы 17-июнунда кабыл алынган мыйзам боюнча королдук бийлик жоюлган, парламент өлкөдөгү жогорку бийлик органы катары жарыяланган. 

Карл 1 Стюартты өлүм жазасына тартуу
  • Карл 1 Стюартты өлүм жазасына тартуу

Оливер Кромвелдин протектораты 1653-жылы 20-декабрда Кромвель Узак парламенттин делегаттарын кууп таркатып, 1653-жылы Англияда жаңы Конституция «Башкаруу куралы» кабыл алынган. Ал боюнча Кромвель Англия, Ирландия жана Шотландиянын лорд-протектору кызматын алып, өлкөнү парламент менен чогуу башкарган. Англия протекторат мезгилинде полициялык мамлекетке айландырылып, жарандардын жеке турмушу да мамлекеттик көзөмөлгө алынган. 1658-жылы 3-сентябрда О. Кромвель дүйнөдөн кайтып, бийлик анын уулу Ричардга өткөн.

Оливер Кромвелдин протектораты

  • 1653-жылы 20-декабрда Кромвель Узак парламенттин делегаттарын кууп таркатып, 1653-жылы Англияда жаңы Конституция «Башкаруу куралы» кабыл алынган. Ал боюнча Кромвель Англия, Ирландия жана Шотландиянын лорд-протектору кызматын алып, өлкөнү парламент менен чогуу башкарган. Англия протекторат мезгилинде полициялык мамлекетке айландырылып, жарандардын жеке турмушу да мамлекеттик көзөмөлгө алынган. 1658-жылы 3-сентябрда О. Кромвель дүйнөдөн кайтып, бийлик анын уулу Ричардга өткөн.

Оливер Кромвель Англиядагы революциянын (17-кылым) ишмери. 1653-жылдан республиканын лорд-протектору; индепенденттер партиясынын жетекчиси. Буржуазиянын жана жаңы дворяндардын мүдөөсүн жактаган. Парламенттин мүчөсү (1628–29), «узак парламенттеги» королго каршы оппозициянын активдүү ишмери (1640-жылдан). Биринчи (1642–46) жана экинчи (1648) жарандык согушта парламенттин «жаңы үлгүдөгү» армиясын түзүп, королдун аскерин 2 жолу (1644, 1645) талкалап, жеңишке жетишкен.

Оливер Кромвель

  • Англиядагы революциянын (17-кылым) ишмери. 1653-жылдан республиканын лорд-протектору; индепенденттер партиясынын жетекчиси. Буржуазиянын жана жаңы дворяндардын мүдөөсүн жактаган. Парламенттин мүчөсү (1628–29), «узак парламенттеги» королго каршы оппозициянын активдүү ишмери (1640-жылдан). Биринчи (1642–46) жана экинчи (1648) жарандык согушта парламенттин «жаңы үлгүдөгү» армиясын түзүп, королдун аскерин 2 жолу (1644, 1645) талкалап, жеңишке жетишкен.

Стюарттардын реставрациясы 1660-жылы 26-майда Англияда кайрадан монархиялык башкаруу калыбына келтирилип, Бред декларациясынын шарттарынын негизинде Карл II такка отурушу менен Англияда Стюарттардын монархиясы калыбына келтирилген. 

Стюарттардын реставрациясы

  • 1660-жылы 26-майда Англияда кайрадан монархиялык башкаруу калыбына келтирилип, Бред декларациясынын шарттарынын негизинде Карл II такка отурушу менен Англияда Стюарттардын монархиясы калыбына келтирилген. 

Даңктуу революция Стюарттардын өлкөдө абсолюттук монархияны калыбына келтирүү аракетине жооп кылып, буржуазия жана джентри 1688-жылы «Даңктуу революцияны» ишке ашырышкан. Анын жыйынтыгында Англия конституциялык-парламенттик монархияга айланган. 

Даңктуу революция

  • Стюарттардын өлкөдө абсолюттук монархияны калыбына келтирүү аракетине жооп кылып, буржуазия жана джентри 1688-жылы «Даңктуу революцияны» ишке ашырышкан. Анын жыйынтыгында Англия конституциялык-парламенттик монархияга айланган. 

Буржуазиялык революциянын натыйжасы Англиядагы революция жаңы буржуазиялык коомдун саясий принциптерин жарыялаган европалык масштабдагы биринчи социалдык революция болгон. Монархия кулатылып, республикалык түзүлүштү жарыялоо менен, кийинчерээк монархиянын калыбына келтирилишине карабастан бул революциянын натыйжасында бүткүл Европада буржуазиялык коомдук-саясий түзүлүшкө өтүү процессине негиз салынган.

Буржуазиялык революциянын натыйжасы

  • Англиядагы революция жаңы буржуазиялык коомдун саясий принциптерин жарыялаган европалык масштабдагы биринчи социалдык революция болгон. Монархия кулатылып, республикалык түзүлүштү жарыялоо менен, кийинчерээк монархиянын калыбына келтирилишине карабастан бул революциянын натыйжасында бүткүл Европада буржуазиялык коомдук-саясий түзүлүшкө өтүү процессине негиз салынган.

Көңүл бурганыңызга  чоң рахмат !!!

Көңүл бурганыңызга чоң рахмат !!!