АР БИР ҮЙ-БҮЛӨ, АР БИР АДАМ ҮЧҮН АСЫЛ ОЙЛОР
On 19.12.2017 By oshakir
Home
2017
Декабрь
19
Ар Бир Үй-Бүлө, Ар Бир Адам Үчүн Асыл Ойлор
Силердин эң жакшы ишиңер – үй-бүлөгө күйүмдүү болгонуңар
(Хадис)
Үй-бүлөсүн сүйгөн аял үчүн мизи майтарылбаган атаандаш жок.
(Азирети Али)
Үй-бүлө коомдун өзөгү. Коомду талкалоого жасалган аракет – үй-бүлөгү чабуул.
(Сэмюэл Батлер)
Үй-бүлө – падышалар да кире албаган чеп.
(Ральф Уолдо Эмерсон)
Бактылуу үй-бүлө – эртеңки бейиш.
(Жорж Бернард Шоу)
Бир үй-бүлө менен бир падышалыкты башкарууда эч кандай айырма жок.
(Мишель де Монтень)
Үй-бүлө жашоосунун бактысындай эч нерсе жок.
(Оскар Уайльд)
Ар бир үй-бүлө өзүнчө тарых. Окуганды билгенге дастан.
(Альфонс де Ламартин)
Бардык бактылуу үй-бүлөлөр бири-бирине окшош.
(Лев Толстой)
Унутпагыла, бул дүйнөдө аркаңарды ар дайым жөлөй турчу жалгыз нерсе, бул – үй-бүлөңөр.
(Вуди Аллен)
Үй-бүлө маанилүү нерсе эмес. Ал – бардыгы.
(Майкл Жей Фокс)
Төрөлгөн үй-бүлөң, өзүң түптөй турчу үй-бүлөдөй маанилүү эмес.
(Рингголд Уилмер Ларднер)
Эч бир адам жакшы тарбияланган үй-бүлөдөй мурас калтыра албайт.
(Томас Скотт)
Үй-бүлө – ар түрдүү жакшылык жана жамандык үйрөтүлгөн мектеп.
(Вильгельм Штекель)
Бир мамлекеттин өнүгүүсү – үй-бүлө сүйүүсүнөн башталат.
(Чарльз Диккенс)
Үй-бүлө – маданияттын тамыры.
(Уильям Дюрант)
Өлкөңөр үчүн кан, досуңар үчүн көз жаш; бирок үй-бүлөңөр үчүн тер төккүлө.
(Кристиан Флетчер)
Үй-бүлөсүнө күйүмдүү болгондор, өлкөсү үчүн да жанын берет.
(Бетховен)
Жакшы достор менен жакшы үй-бүлөнүн дасторконунда отурсаң эч качан карыбайсың.
(Италия макалы)
Үй-бүлө байламтасы ушунчалык оор, аны көтөрүп жүрүүгө эки киши керек же үч киши.
(Александр Дюма)
Чыныгы достор сиз тандаган үй-бүлө.
(Одри Хепбёрн)
Үй-бүлө – акылдардын бир чечимге келген жери. Эгер акылдар бири-бирин сүйсө, үй гүл бакчасына айланат. Бири-бирине каршы турса гүл бакчаны көккө сапырган куюн пайда болот.
(Будда)
Изилдөө жүргүзсөң маалыматка ээ болосуң; маалыматка ээ болгондо каалооң күч алат; каалооң күч алганда акылың өз жолун табат; акылың өз жолун тапканда жеке жашооң жакшырат; жеке жашооң жашырганда үй-бүлөң оңолот; үй-бүлөң оңолгондо өлкө тартип менен башкарылат. Өлкө тартип менен башкарылса дүйнөдө тынчтык өкүм сүрөт.
(Конфуций)
Бир эркекке тарбия берүү – бир адамды тарбиялоо, ал эми бир кызды тарбиялоо – бир үй-бүлөнү туура жолго салуу.
(Фанни Херст)
Үй-бүлөнүн бузулушу – жашоонун психологиялык жана материалдык шарттарына терс таасирин тийгизип, бейпилдиктен жаа бою качкан муундун жетилишине себеп болот.
(Алексис Каррель)
Качан гана жете албаган максаттарыбыз бардык жашообузга ээлик болуп алганда, үй-бүлөгө, досторго, динге кээде психотерапевттерге кайрылабыз.
(Ирвин Девид Ялом)
Кыргызчалаган Урматбек Нурсейит уулу
"Ыйык Ата Журт" Коомдук Жаштар Фонду
поделился(-ась) публикацией. 26 января в 18:57 ·
+18
Ыйык Ата Журт
26 января в 18:53
Мектеп жана ЖОЖдун мугалимдерине "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду, Эл аралык инновациялык технологиялар университети менен биргеликте семинар-тренинг уюштурду.
Семинар- тренинг «Мектепте окуучулар менен иштөөнүн психологиясы жана педагогикасы. Окутуунун интерактивдүү усулдары» атуу темада эки күн өткөрүлдү.
Тренерлер: Айтиева Айганыш жана педагогика илимдеринин доктору, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин “Философия, маданий аралык коммуникация жана психология” кафедрасынын башчысы, Сартбекова Нуржан Коодоевна болду. Семинарга Бишкек шаарынын жана айрым региондордогу мугалимдер катышты. Бардык мугалимдерге жыйнтыгында тастыктама тапшырылып, активдүү катышуучулурга белектер берилди. Өлкөбүздүн билим берүү сапаты ушундай аракетчил мугалимдерибиз менен жогорулап, көптөгөн бийиктиктерди багынтат деген ишеничтебиз!