СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ар намыс жана атуулдук ариет

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ар намыс жана атуулдук ариет

Просмотр содержимого документа
«Ар намыс жана атуулдук ариет»

Уяттуулук жана ар-намыстуулук Адеп – жакшы тарбия, жакшы мамиле, көркөм мүнөз, уяттуулук, назиктик, сыпайылык деген маанилерди билдирет. Мисалы, тарбиялуу бала адептүү бала дегенди билдирет. Хадис шарифте "Бала-чакаңарды адептүү, тарбиялуу кылып чоңойткула!” - деп айтылган. Динибиздин негизи - адеп. Адеп кул өзүн Аллаху Тааланын каалоосуна багындыруу, жакшы мүнөздүү болуу дегенди билдирет. Хадис шарифте "Араңарда эң жакшылар - эң көркөм мүнөздүү болгондор”, - деп билдирилген. Хазрети Омар: "Адеп илимден мурда келет”, - деген. Ал өтө айбаттуу болгонуна карабастан адептүүлүгүнөн, уяттуулугунан Расулуллахтын жанында өтө акырын сүйлөчү. Пайгамбарыбыз бир адамдын жанында тизесин бүгүп, ал адамга урмат көрсөтүү үчүн ыйык буттарын созуп отурчу эмес. Абу Саид Худри хазреттери "Расулуллахтын уяттуулугу күйөөгө чыга элек ислам кыздарынан да көп болчу”, - дечү. Ибн Мубарак хазреттери "Бардык илимдерди билген адамдын адебинде кемчилик бар болсо аны менен көрүшпөгөнүмө өкүнбөймүн, муну өзүмө зыяндуу деп билемин. Бирок, адептүү адам менен көрүшө албасам өкүнөмүн”, - дечү. Ар качан жана ар жерде уяттуу болууга аракет кылуу зарыл! Хадис шарифте "Уятсыздык адамды куфурга түшүрөт”, - деп айтылган. Уяттуулук имаратты кармап турган тирек сыяктуу. Тирексиз имараттын туруусу кыйын болгондой уятсыз адамдын ыйманын коргоосу дагы кыйын болот. Хадис шарифте мындай делген "Аллаху Тааладан уялгыла! Аллахтан уялган адам жаман ойдон узак турат, ашказанына кирчү нерселерге көңүл бурат, өлүмдү эстейт.” (Тирмизи) "Уяттуулук – баштан аяк жакшылык.”(Муслим) "Ар диндин бир ахлагы бар. Исламдын ахлагы - уяттуулук.”(Ибн Мажа) "Уятсыз адам аманатка кыянат кылат, кыянатчыл болот, мээримдүүлүк сезими калбайт, динден алыстайт, лаанатка учурайт, шайтан сыяктуу болот ” (Дайлами) "Уяттуулук менен ыйман эгиз бир тууган сыяктуу. Бири кетсе экинчиси да кетет.” (Абу Нуайм) "Момун айыптабайт, каргабайт, жаман сөз айтпайт жана уятсыз эмес.” (Тирмизи) "Уяттуулук ыймандын түзүлүшү. Бир нерсенин түзүлүшү бузулган кезде бөлүктөрү да бузулат.” (И. Маварди) "Уяттуулук ыймандан. Уятсыздын ыйманы жок деген сөз.” (Ибн Хиббан) "Адам салих эки кошунасынан уялгандай күнү-түнү өзү менен бирге болгон жанындагы эки периштеден да уялууга тийиш.” (Байхаки) "Уятсыздын дини болбойт жана уятсыз Бейишке кире албайт ” (Дайлами) "Ыйман жылаңач, кооздук буюмдары - уяттуулук, кийими - такыбаа, казнасы - фыкых, жемиши - амалдар ” (Дайлами) "Уяттуулук эгер адам болгондо жакшы адам болмок. Арсыздык (уятсыздык) адам болгондо жаман адам болмок.” (Табарани) "Уяттуулук менен ыйман бир жерде. Бири кетсе экинчиси да кетет.” (Хаким) Динибизде уяттуулуктун орду өтө маанилүү. Аллаху Тааладан уялуу ыймандын кубаттуу экендигинин, ал эми уятсыздык ыймандын алсыз экендигинин белгиси. Хадис шарифте "Уяттуулуктун аздыгы куфурдан”, - делген. Уятсыз адам убакыт өтүп куфурга да кирип калышы мүмкүн (б.а., ыйманын жоготуп алышы мүмкүн). Уяттуулук ыймандын негизинен болуп саналат. Уяты бар адам Аллахтан уялганынан күнөөдөн тартынат. Адамдардан уялбаган адам Аллахтан да уялбайт. Адамдардан уялып күнөөсүн жашыруу да уяттуулуктан болуп саналат. Адамдардан уялган адамдын Аллаху Тааладан да уяла тургандыгы түшүнүлөт. Анткени, хадиси шарифте "Аллахтан уялган адам адамдардан да уялат”, - делген. Уятсыз адамдын адамкерчилиги калбайт. Хазрети Абу Бакр "Уятсыз адам адамдардын арасында жылаңач отурган адам сыяктуу”, - деген. Курани каримде "Ыйман келтиргендердин арасында жамандыктын, уятсыздыктын таркалуусун каалагандарга жана жактыргандарга дүнүйө менен акыретте оор азап бар”, - делген. (Нур сүрөсү, 19) Аял менен эркектин мамилесинде жана ажаткана үчүн колдонулган сөздөрдү дал ошондой колдонуу адамкерчиликке туура келбейт, уяттуулукту (ар-намысты) жоёт жана жакшыларга жабыр тарттырган болот. Андай сөздөрдү айтуу керек болгон кезде ачык сөздөр менен эмес, белги менен, каймана сөздөр менен айтылат. Аллаху Тааланын нематында нематты бергенди көрүү керек, ар дайым Анын алдында экенин ойлоо керек, мисалы, отурганда, жатканда адепке маани берүү зарыл. Жегенде, ичкенде, сүйлөгөндө, окуганда, жазганда жана ар бир иште ушулардын баары Аллаху Тааланын кудурети менен болуп жатканын, бардык иш-аракеттерде Анын буйругуна моюн сунуп, тыюуларынан сактанууну ойлоо керек. Ушинтип ойлоо абдан чоң ибадат болуп саналат





Уяттуулук жана ар-намыстуулук


Адеп – жакшы тарбия, жакшы мамиле, көркөм мүнөз, уяттуулук, назиктик, сыпайылык деген маанилерди билдирет. Мисалы, тарбиялуу бала адептүү бала дегенди билдирет. Хадис шарифте: "Бала-чакаңарды адептүү, тарбиялуу кылып чоңойткула!” - деп айтылган. Динибиздин негизи - адеп. Адеп кул өзүн Аллаху тааланын каалоосуна багындыруу, жакшы мүнөздүү болуу дегенди билдирет. Хадис шарифте: "Араңарда эң жакшылар - эң көркөм мүнөздүү болгондор”, - деп билдирилген.

Хазрети Омар: "Адеп илимден мурда келет”, - деген. Ал өтө айбаттуу болгонуна карабастан адептүүлүгүнөн, уяттуулугунан Расулуллахтын жанында өтө акырын сүйлөчү. Пайгамбарыбыз бир адамдын жанында тизесин бүгүп, ал адамга урмат көрсөтүү үчүн ыйык буттарын созуп отурчу эмес. Абу Саид Худри хазреттери: "Расулуллахтын уяттуулугу күйөөгө чыга элек ислам кыздарынан да көп болчу”, - дечү.

Ибн Мубарак хазреттери: "Бардык илимдерди билген адамдын адебинде кемчилик бар болсо аны менен көрүшпөгөнүмө өкүнбөймүн, муну өзүмө зыяндуу деп билемин. Бирок, адептүү адам менен көрүшө албасам өкүнөмүн”, - дечү.

Ар качан жана ар жерде уяттуу болууга аракет кылуу зарыл! Хадис шарифте: "Уятсыздык адамды куфурга түшүрөт”, - деп айтылган. Уяттуулук имаратты кармап турган тирек сыяктуу. Тирексиз имараттын туруусу кыйын болгондой уятсыз адамдын ыйманын коргоосу дагы кыйын болот.

Хадис шарифте мындай делген:

"Аллаху тааладан уялгыла! Аллахтан уялган адам жаман ойдон узак турат, ашказанына кирчү нерселерге көңүл бурат, өлүмдү эстейт.” (Тирмизи)

"Уяттуулук – баштан аяк жакшылык.”(Муслим)

"Ар диндин бир ахлагы бар. Исламдын ахлагы - уяттуулук.”(Ибн Мажа)

"Уятсыз адам аманатка кыянат кылат, кыянатчыл болот, мээримдүүлүк сезими калбайт, динден алыстайт, лаанатка учурайт, шайтан сыяктуу болот.” (Дайлами)

"Уяттуулук менен ыйман эгиз бир тууган сыяктуу. Бири кетсе экинчиси да кетет.” (Абу Нуайм)

"Момун айыптабайт, каргабайт, жаман сөз айтпайт жана уятсыз эмес.” (Тирмизи)

"Уяттуулук ыймандын түзүлүшү. Бир нерсенин түзүлүшү бузулган кезде бөлүктөрү да бузулат.” (И. Маварди)

"Уяттуулук ыймандан. Уятсыздын ыйманы жок деген сөз.” (Ибн Хиббан)

"Адам салих эки кошунасынан уялгандай күнү-түнү өзү менен бирге болгон жанындагы эки периштеден да уялууга тийиш.” (Байхаки)

"Уятсыздын дини болбойт жана уятсыз Бейишке кире албайт.” (Дайлами)

"Ыйман жылаңач, кооздук буюмдары - уяттуулук, кийими - такыбаа, казнасы - фыкых, жемиши - амалдар.” (Дайлами)

"Уяттуулук эгер адам болгондо жакшы адам болмок. Арсыздык (уятсыздык) адам болгондо жаман адам болмок.” (Табарани)

"Уяттуулук менен ыйман бир жерде. Бири кетсе экинчиси да кетет.” (Хаким)

Динибизде уяттуулуктун орду өтө маанилүү. Аллаху тааладан уялуу ыймандын кубаттуу экендигинин, ал эми уятсыздык ыймандын алсыз экендигинин белгиси. Хадис шарифте: "Уяттуулуктун аздыгы куфурдан”, - делген. Уятсыз адам убакыт өтүп куфурга да кирип калышы мүмкүн (б.а., ыйманын жоготуп алышы мүмкүн). Уяттуулук ыймандын негизинен болуп саналат. Уяты бар адам Аллахтан уялганынан күнөөдөн тартынат. Адамдардан уялбаган адам Аллахтан да уялбайт. Адамдардан уялып күнөөсүн жашыруу да уяттуулуктан болуп саналат. Адамдардан уялган адамдын Аллаху тааладан да уяла тургандыгы түшүнүлөт. Анткени, хадиси шарифте: "Аллахтан уялган адам адамдардан да уялат”, - делген. Уятсыз адамдын адамкерчилиги калбайт. Хазрети Абу Бакр: "Уятсыз адам адамдардын арасында жылаңач отурган адам сыяктуу”, - деген.

Курани каримде: "Ыйман келтиргендердин арасында жамандыктын, уятсыздыктын таркалуусун каалагандарга жана жактыргандарга дүнүйө менен акыретте оор азап бар”, - делген. (Нур сүрөсү, 19)

Аял менен эркектин мамилесинде жана ажаткана үчүн колдонулган сөздөрдү дал ошондой колдонуу адамкерчиликке туура келбейт, уяттуулукту (ар-намысты) жоёт жана жакшыларга жабыр тарттырган болот. Андай сөздөрдү айтуу керек болгон кезде ачык сөздөр менен эмес, белги менен, каймана сөздөр менен айтылат.

Аллаху тааланын нематында нематты бергенди көрүү керек, ар дайым Анын алдында экенин ойлоо керек, мисалы, отурганда, жатканда адепке маани берүү зарыл. Жегенде, ичкенде, сүйлөгөндө, окуганда, жазганда жана ар бир иште ушулардын баары Аллаху тааланын кудурети менен болуп жатканын, бардык иш-аракеттерде Анын буйругуна моюн сунуп, тыюуларынан сактанууну ойлоо керек. Ушинтип ойлоо абдан чоң ибадат болуп саналат.

 





20. АР-НАМЫС ЖАНА УЯТТУУЛУК

Ар-намыс адамзааданы ар кандай арзуу, кумар жана ышкы азгырыгына жетеленип кетүүдөн сактайт. Ар-намыс жана абийир инсанга гана таандың өзгөчөлүк. Башкача айтканда инсанды башка макулуктардан айырмалап турган артыкчылык. Ар-намыстын жоголушу-инсандык касиеттин зыян тартышына жана айбандын деңгээлге түшүшүнө апкелет.

Ар-намыс менен абийир жаамы изги ахлактын күрөө тамыры десек жаңылышпайбыз.

Ар-намыс жана абийирдүүлүк жаатынан эң бийик даражага жеткен эки инсанды Жараткан Өзү мактоого алып, момун мусулмандарга өрнөк катары тааныткан. Алар «икаялардын эң мыктысында» баяны айтылган Жусуп пайгамбар менен көп жерлерде мактоо менен эскерилген Азирети Марям.

«Ал (Марям) өз абийирин намыстуулук менен сактаган эле. Биз ага Өз рухубуздан үйлөдүк, аны жана уулун бүткүл аалам үчүн ибарат кылдык» (Анбия, 91).

Абийирин сактаган эркектер жана аялдар Кудай Тааланын чалкыган кечиримине жана теңдешсиз сыйга жетишет73. Абийирдүү пенделерин Алла Таала минтип мактайт:

« Алар (ийгилик табышкан момундар) жубайлары менен күңдөрүнөн башкалардан уяттуу жерлерин сакташат. (Булар менен болгон мамилеси себептүү) аларга кинээ коюлбайт.Ким мындан артыкты издесе, алар чектен чыккандар» (Муминуун, 5-7).

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) үммөтүнө ыйман менен ибадат негиздеринин жанында ариеттүүлүк, ар-намыстуулук, абийирдүүлүк жана тууган-урукка арка-жөлөк болуу өңдүү ахлактык негиздерди да үйрөткөн. Маселен, Византиянын өкүмдары Хараклиус «Алла Элчисинин эмнелерди буйруганын» сураганда Ислам душманы Абу Суфян: «Тууралыкты жана ар-намыстуу болууну, тууган-урукка көмөк көрсөтүүнү» буйруганын айткан (Бухари, Бадул-Вахий 6, Салат 1; Муслим, Жихат 74).

Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) бул маселеге катуу басым жасагандыктан, абийирди сактоо боюнча аялдардан убада алган74. Асыресе, жалпы момун мусулмандарга:

«Кимде ким мага тилин, абийирин жана ар намысын сактаганга сөз берсе, мен ага бейишти убада кылам!» (Бухари, Рикак, 23) деп кайрылган.

Башка өңүттөн караганда, эркек менен аялдын ортосундагы абийирдүүлүк, адептүүлүк жана ийменүү өтө олуттуу жадай. Анткени дин Ислам бардык жаман иштерди, уят-сыйытсыздыкты, абийирсиздикти арам деп санайт.

Эркек менен аялдын ортосундагы алака жана сүйүү «тиктешүүдөн» башталат. Ошо себептен мусулман эркек менен мусулман аялдардын бири бирине кумарлуу караш менен карабашы, сүйлөшүү учурунда беймарал тиктешпей башты жерге салган абала сүйлөшүү буйрулган:

«(Эй Мухаммад!) Момундарга айткын: Көздөрүн арамдан сакташсын жана намысын коргосун. Анткени, бул өздөрү үчүн дагы да таза жобо.Чындыгында Алла алардын жалпы иш-аркетинен кабардар!

Момун аялдарга айт: Көздөрүн (эркектерди кумарлуу карагандан, арамдан) сактасын, ар-намыс жана абийиррин коргосун. Көрүнүп тургандан башка сулуулугун көрсөтпөсүн. Жоолукту көкүрөккө чейин жаба салынсын. Өз күйөөсүнөн, аталарынан, кайын аталарынан, өз уулдарынан, өгөй балдарынан, (бир тууган) ага-инилеринен, алардын уулдарынан, эже-сиңдилеринин уулдарынан, мусулман аялдардан, кол астындагы күңдөрдөн, аялга муктаждыгы (кумарлануусу) жок кызматкелерден же болбосо аялдардын уяттуу жерлерин билбеген наристелерден башкаларга сулуулугун көрсөтпөсүн. Анан да, көмүскө сулуулуктарын башкаларга көрсөтпүү максатында бутту катуу уруп басышпасын. Эй момундар! Баарыңар Аллага гана тооба кылгыла! Балким (азаптан) кутуларсыңар» (Нур, 30-31).

Береги аят энелерге кайрылуу менен бирге башка аялдар үчүн да зарыл болгон жагдайлар тууралуу өкүмдү билдирет:

«Пайгамбардын жубайлары! Силер катардагы аялдардан эмессиңер. Эгер (Алладан) коркор болсоңор, (бөтөн эркектерди) тартып ала тургандай назданып сүйлөбөгүлө. Жүрөгүндө дарты барлар силерге кызыгып калышы мүмкүн. Андыктан изги сөздөн сүйлөгүлө. Үйүңөрдө отургула. Наадандык доорундагыда (кооз жасалгаларды тагынып) ачык жүрбөгүлө. Намаз окуп, зекет берип, Аллага жана Анын Элчисине моюн сунгула. (Пайгамбар) бүлөсү! Алла болгону күнөөнү силерди оолактатып, силерди тазалагысы келет» (Ахзаб, 32-33).

«Эй Пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын: Үстүнө кенен кийим үстүнө кийишсин. Бул алардын (абийирдүү аял катары) таанылышын жана тынчтыгын камсыз кылат. Алла шексиз Кечиримдүү жана Мээримдүү!» (Ахзаб, 59).

Аятта айтылгандай сыңары бири бирине жакындыгы же туугандыгы жок аял менен эркек сүйлөшүү учурунда мүмкүнчүлүккө жараша парда же каалга артынан сүйлөшкөнү дурус75.Башкалардын үйүнө уруксатсыз кирбеши керек. Жадагалса бир үйбүлө мүчөлөрү биринин бөлмөсүнө бири кирерде уруксат алышы жана белги берип келгенин билдириши абзел. Анткени Жараткан Алла кай учура болбосун намыстуулукка, абийирдүүлүккө жанашуунун жакшылык апкелерин билдирген76.

Кудай Таала пенделеринин абийирдүү болушуна абдан маани берип, бул жагдайга көп аят аркылуу басым жасаган77. Ошол себептен күнөөсүз адамдын абийирине шек келтирип, жалаа жабуу оор күнөө катары эсептелип, жалаа жапкан адамга балак урулган.

«Акыйкатта, абийирдүү, акниеттүү момун аялдарга жалаа жапкандар - будүйнөдө да, акыретте да каргышка калышат. Албетте, алар үчүн чоң азап бар» (Нур, 23).

«... Абийирдүү аялга шуркуялык жалаасын жаппагыла!» деген Азирети Пайгамбарыбыз (Тирмизи, Истизан, 33/2733).

Ар-намыс, абийир-аял кишинин аялуу касиети. Жогорудагы жоболор абийирге шек келтирүү, жалаа жабуу чоң күнөө экенин тастыктап турат. Андыктан жалган күбөлүккө өтүү, бирөөнү куру дооматка калтыруу жана инсандын ар-намысына шек келтире турган жалган жалаалар, чындыгы жок ушак-айыңдар оор күнөөлөрдөн болуп эсептелет.

Мунун тышындагы жагдайларда, асыресе бирөөдөн бир нерсени талап кылууда ариеттүү болуу зарыл. Алла Таала намыстуу пенделерин мындайча мактайт:

«(Жасала турган жакшылыгыңар) өзүн Алла жолуна атагандыгы себептүү пайда үчүн жер кезбеген кембагалдарга болсун. Алар каниеттүү болгондуктан, билбеген адам аларды бай деп эсептейт. Сен аларды жүзүнөн тааныйсың. Анткени алар бетижоктукка салып адамдардан бир нерселерди талап кылышпайт. Жакшылыктан эмнени сарптабагыла, чындыгында Алла-Билүүчү!» (Бакара, 273).

Эми Азирети Пайгамбарыбыздын хадисине көз чаптыралы:

«Бир-эки курма же болбосо бир-эки тиштем нан менен кубаланган (тилемчи) кембагал эмес. Муктаждыктан мукурап турса да, ар-намыстуулугу себептүү бирөөдөн бир нерсе сурабаган адам нагыз кембагал. Кааласаңар: «...Анткени алар бети жоктукка салып адамдардан бир нерселерди талап кылышпайт...» (Бакара, 273) деген аятты окугула!» (Муслим, Закат, 102).

«Бейишке барчулар үч түр: Адилеттүү, кайырымдуу адам жана ийгиликтүү өлкө башчысы; жакындарына жана мусулмандарга мээр төгүп, жүрөктөн жанган адам; көп балалуу болгонуна карабай арам пайдадан сактанып, бирөөдөн бир нерсе сурабаган абийирдүү мусулман» (Муслим, Жаннат, 63).

«Тилемчиликтен качкан жанды Алла намыстуу кылат. Калайыкка токпейил көрүнгүсү келгендерди Алла Таала муктаждыктан куткарат» (Бухари, Закат, 18).

Ыймандын бир бөлүгү саналган уяттуулук жаман, жексур көрүнгөн нерселерден оолактоо, жүрүм-турумда абийирсиз, калпыс көрүнүштөн сактануу, кандай иш болбосун чектен чыкпоо деген маанилерди туюнтат. Уяттуулук сезими барча жакшылыктын негизи. Уят менен абийир тууралуу Азирети Пайгамбарыбыздын мындай хадистери бар:

«Уят-бул ыймандан!» (Бухари, Иман, 3).

«Уят менен ыйман ар дайым чогуу. Бири кетсе, экинчиси да кетет!» (Суюти, I, 53).

«Уят жакшылыкка гана жеткирет» (Бухари, Адаб, 77).

«Уяттын баары жакшылык» (Муслим, Иман, 61).

«Орой сөз айыптан башка нерсе алып келбейт! Уят менен адеп болсо, жайгашкан жерине көрк берет» (Муслим, Бирр, 78).

«Аллахым! Сенден ак жол, такыбаалык, ар-намыс жана жандүйнө байлыгын сурайм!» (Муслим, Зикир, 72).

Адеп-ахлакка терс келген ар кандай жамандыктардан жана азгырык ойдон адамзааданы уяттуулук менен ар-намыс гана сактай алат. Адеп менен уяттуулуктун таарисири жүздөгөн мыйзам жана тартип жоболорунан дагы кубаттуу. Мындай инсандарга «Уялбайсыңбы?» деп айтуу жетиштүү.

Ариет менен уяттуулук өңүтүнөн сахабалардын арасынан Азирети Осмон (Алла ага ыраазы болсун) өрнөк болала турган жогорку сапатка ээ болгон экен. Периштелер да андан уялганын Азирети Пайгамбарыбыз маалымдаптыр78.

Уят-сыйытсыздарды жана бул жексур иштин жайылышын каалагандарды Жараткан Алла азаптайт: 

«Ырасында, ушундай момундардын ичинде чагымчылык, жалаа таркалуусун жактыргандарга эки дүйнөдө тең жан чыдагыс азап бар...» (Нур, 19).

Абийирсиздик, уятсыздыктын коомчулукка жайылышын каалагандар өз өлкөсүнө, өз улутуна каршы чыккынчылыкты каалаган болуп эсептелет. Мындайлардын өзү да чоң балээге кабылары айдан ачык. Анткени абийирсиздик Алла Элчисинин билдиргенине караганда жок болуунун башкы себеби:

«Улуу Алла бир пендесин жок кылууну көздөсө, оболу андан абийирди алат. Абийирди алган соң, ал азапка калгандардын бирине айланат. Азапка кириптер болду дегиче, андан ишеним кетет. Ишеним кетти дегиче, ал кыянатчы болот. Кыянатчы болгон соң андан ырайым кетет. Ырайым алынган соң наалатка калат да, жек көрүмчүгө айланат. Каргышка калып, жек көрүмчү болгон соң Ислам менен болгон байланышы үзүлөт!» (Ибн-и Мажа, Фитан, 27).

Изгилик элестери

Абу Саид ал-Худри (Алла ага ыраазы болсун) мындайча эскерет:

«Кутман Элчи бойго жеткен жаш кыздан да уяттуу эле. Жагымсыз нерсе көрдү дегиче нурдуу жүзүнөн дароо байкалып турчу» (Бухари, Манакыб, 23; Абу Давуд, Хараж, 34-36).

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз эч убакта кыйкырып же үнүн катуу чыгарып сүйлөбөптүр. Адамдардын жанынан өтүп баратып жылмаю менен салам берип өтчү. Жай басчу. Көңүлгө тийген орой сөз укса, каршыдагы адамдын жүзүнө карабай, унчукпай басып кетчү. Оюндагысы жүзүнөн байкалып тургандыктан айланасындагы сахабалары сөз сүйлөөдө болсун, башка иш жасоодо болсун өтө кылдат мамиле кылышчу. Адептүүлүктүн сересин багынткандыктан, эч убакта каткырып күлбөптүр. Тек гана жылмайып койчу экен. Бир хадисинде мындай дейт:

«Ыйбаа кылуу-ыймандан. Уяттуу адам бейиште болот! Ыйбаасыздык-жүрөктүн катуулугунан. Жүрөгү катып калган адам тозоку!..» (Бухари, Иман, 16).

***

Ыйбаа жана уялуу сезими ушунчалык назик, нары аруу болгондуктан, ал эч бир адамдын жүзүнө көпкө тигиле карачу эмес экен (Мунави, V, 224). 

Бахз бин Хакимдин чоң атасынын уяттуу жерди жабуу тууралуу соболуна:

«Уяттуу жериңди аялыңдан жана өзүңдүн күңдөрүңдөн башка эч кимге көсөтпө!» деп жооп узатат. Ошол эле адамдын ээн жерде же ээн бөлмөдө кийим кийбей койсо кандай болот маанисиндеги суроосуна:

«Адамдарга караганда уялууга Алла чындап татыктуу» деп жооп берет (Абу Давуд, Хаммам, 2/4017).

Башка бир хадисте минтип айтылат:

«Жылаңачтануудан сактангыла! Жаныңарда силерден бөлүнбөгөн периштелер бар. Булар даарат ушатуу жана жубайына жакындоо учурунда гана кишиден бөлүнөт. Алардан ийменгиле жана аларга жакшы мамиле кылгыла» (Тирмизи, Адаб, 42/2800).

***

Азирети Мухаммаддын жаамы адамбаласынын ичинен эң уяттуу, эң абийирдүү экенинде кыпындай да шек жок. Пайгамбарлыгынан мурда, ахлаксыздык ааламды каптап турган учурда да адепти сактаган.

Каабаны оңдоп-түзөө иши жүрүп жаткан. Жаратылыш Нуру абасы Азирети Аббаска таш ташышат. Ошондо Азирети Аббас:

«-Ичкийимиңди ийиниңе коюп ал, таш өтүп кетпесин!» дейт. Ичкийимин ийинине коюп жаткан маалда мүдүрүлүп жыгылат да асманга таңыркоо менен карап:

«-Абаке! Мага кийимимди алып бер!» дейт аянычтуу. Абасы жердеги кийимин алып дароо кийиндирип койот (Бухари, Хаж, 42). 

***

Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) күндөрдүн биринде жылаңачтанып сыртта жуунуп жаткан адамды көрүп калат. Убакыт өткөрбөй жамаат топтолгон маалда:

«-Кудай Таала абдан абийирдүү жана өтө жашыруун. Ошол себептен уяттуулукту жана кийинүүнү жактырат. Гусул алып-жуунуп жаткан маалда жамынчыңар болсун» (Абу Давуд, Хаммам, 1/4012).

***

Ибн Масуддун (Алла ага ыраазы болсун) айтуусуна караганда Азирети Пайгамбарыбыз сахабаларына насаат айтат:

«-Алладан чындап уялгыла!» 

«-Ардактуу Пайгамбар! Миң мертебе шүгүр, биз Алладан албетте уялабыз!» дешет сахабалар.

Жогорудагы нуска хадисин мындайча чечмелеген:

«-Мен айтып жаткан нерсе силер билген уялуу эмес. Алладан чындап уялуу-башты жана андагы көз-кулакты, денени жана андагы мүчөлөрдү сактоо, өлүмдү жана топуракта чирип кетүүнү эстөө. Акыретти самаган адам дүнүйөнүн убактылуу кооздугун таштап, акыретти бул жашоого алмашышы керек. Мына ушул айтылгандарды ким орундатса, Алладан чындап уялган болуп саналат» (Тирмизи, Кыямат, 24/2458).

***

Жунайд Багдади мындай деген:

«Уялуу-Улуу Алланын сансыз нематтарын көрө билүү жана бул нематтар үчүн канчалык түркөй экенибизди аңдоо абалы».

***

Мисир баш болгон бир топ шаар жана аймактар фараондор білөсі тарабынан башкарылып турчу. Фараондун падышалыгы өкім жіргізчі. Бул аймактардын элбашыларында да, аскеринде да ыйман - ынсап деген нерсе ныпым жок эле. Шаарга жат элден чырайлуу жаш аял кирип калды дегиче эл ичиндеги иригендер алтын тапкансып фараондун алдына шыбырап барчу. Эгер чырайлуу аялдын кійөсі болуп калса, дароо кійөсінін башын шыпырып салышчу. Эгер биртууганы жанында болуп калса, аялды андан талап кылышчу. Макул болбой койду дегиче, зордоп тартып алууну көнімішкө айлантып алышкан. 

Ибрахим (алейхиссалам) менен Сара эне шаарга кирип барышат. Аларды көргөн падышанын тыңчылары заматта сарайга кабар жөнөтішөт. Өзілөрі өміріндө адам көрбөгөнсіп кишинин жірөк ішін алчудай аларды курал жаракчан курчап алып, кээ бири шылдыңдаса, кээлери каарданат. 

«Бул аял кимиң болот?» деген таризде алардын берген суроосуна Ибрахим пайгамбар «диндеш тууганым» дегендин ордуна:

«Биртууганым болот!» деп жооп узата салды. Алар мындай жоопту уккан соң Ибрахимге (алейхиссалам) кол тийгизген жок. Сараны сурап олтурбай эле падышанын сарайына алып жөнөшті. 

Бул жагдай тууралуу мындай хадис айтылат:

«Сара сарайга кеткен соң алардын арам оюн айттырбай сезди. Падышадан уруксат сурап, даарат алып, эки ирекет намаз окуду. Намазында Жараткан Аллага мунажат кыла жалбарды. Намазы аяктаган соң Фараон Сарага жакын баруу ічін ордунан турду. Мына ошол жерде Алланын жардамы келди. Фараондун денеси кысылып, колу буту шал болуп, бул абалга тішінбөй нестейген бойдон катып калды».

Бир топ убакыт өткөн соң ал кайра мурунку абалына келди. Жірөгі чоң коркунучту сезип, Сараны бошотууну чечти. Аны жөнөтіп жатып Хажар аттуу кіңді белекке тартуу кылды. Жанындагы акмактардын таңданган тірін көргөн фараон:

«-Бул аял жин болушу мімкін. Эгер мен максатыма жетііні көздөгөнімдө мени аз жерден жок кылып жибериши деле мімкін болчу. Анын зыянынан кутулуу ічін Хажарды садага кылып бердим!» (Муслим, Фадаил, 154) 

Алла Таала аятта:

«Эй, момундар! Сабыр кылуу жана намаз окуу менен (Менден) жардам сурагыла!» (Бакара, 153) деп буйурат. 

***

Абу Шахм (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:

Жанымдан бир жаш кыз өтүп бараткан. Тийишким келип жакасынан тарткылап, тарткылап коюп жибердим. Эртеси таң эрте Алла Элчиси мусулмандардан убада алып жаткан жерге барып калдым. Ал менден убада албады. Тек гана:

«-Эми жакага жабышкак келдиби?» деп какшыктап койду. Бул сөздү угуп жерге кирип кетким келди. Мындай адепсиз ишке экинчи барбоого сөз берген соң менден мусулмандыкка бек болууга убада алды (Ахмад, V, 294).

***

Жөөттөр эң жакын досу экижүздүүлөрдүн башы атанган Абдуллах бин Убай менен бирге жөөт базарын мусулмандарга каршы тузак катары колдонуунун жолдорун ойлоп чыгышат. Аларда мусулмандар тууралуу кыпындай да жакшы ой болгон эмес. Алар мүмкүнчүлүк болсо, Алланын акыркы Элчисинин өмүрүнө кол салууну да көздөшкөн. 

Күндөрдүн биринде базарда бир зергерден мусулман аял өзүнө керектүү буюм-тайымын сатып алып жаткан болот. Бузукулукту өтө мыкты өздөштүргөн жөөттөр тиги мусулман аялды келекелеп, оозго келген жаман сөздөр менен акаарат айтышат. Бул кезде базардын кыйырынан өтүп бараткан мусулман адам аялдын кыйкырыгын угуп, дин боордошун коргоо үчүн зергер жөөткө карай бет алат. Ошентип, коога башталып кетет. Диндешине жардам берүү ниети менен жетип келген мусулман ымылага келбеген зергер жөөттү өлтүрүп койотт. Чымындай ызылдап каптап келген жөөттөр жардамга келген мусулманды ошол жерден тындым кылышат. Кыйырда чуу башталат. Мекендештик келишими эми чындап бузулган өңдүү. Ошентип, Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) жөөттөр менен жолугат:

-Эй, жөөттөр! Алладан корккула! Кудай Таала Курайштын башына түшүргөн алааматты силерге да түшүрөрү толук ыктымал. Андыктан азыртан сактанып, ыйманга келип мусулман болгула! Анткени силер менин акыркы Пайгамбар экенимди (айкын) билесиңер. Бу акыйкаттын колуңардагы китебиңерде, Алланын силерге берген убадасында (бакыйып) жазылганын көрүп турасыңар. 

-Эй, Мухаммед! Сен эмне бизди чабыштын жол-жобосунан кабары жок, тажрыйбасыз Курайш деп ойлоп жатасыңбы? Биз алардан өткөн баатыр, тайманбас эржүрөкпүз! Биз менен чабыш майданында жолукканыңда биздин ким экенибизди ошондо билесиң! дешет.

Кепке келбеген жөөттөрдүн демин өчүрүү үчүн мусулмандар жамааты бани Кайнука уруусуна согуш жарыялоого мажбур болгон79.

Мусулман аялдын намысы, ариети ушунчалык аяр, ушунчалык пакиза...

***

Азирети Айшага (Алла ага ыраазы болсун) Дамасктан бир топ аял келет. Андан аялдарга тиешелүү маселелерди сурайт. 

«-Бирок мен Алла Элчисинин: «Үйүнөн сырт кайсы бир жерде кийимин чечкен аялзаты Алла менен өзүнүн ортосундагы көшөгөнү жырткан болуп эсептелет» дегенин уккам» (Абу Давуд, Хаммам, 1/4010; Тирмизи, Адаб, 43/2804) дейт даанышман эне.

Демек, мындай абалдагы аял адеп-ахлак жана абийир кийимин дагы чечет дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. Анткени Жараткан Алла такыбаалык кийим менен коргонууну жалпы адампендеге буйруган эмеспи. 

***

Амавилер (Умаяттар) доорунун үч белгилүү сатирик акынынын бири Фараздактын кемпири көз жумат. Жерге жашыруу ырасмына Хасан Басри дагы катышат.Ырлары менен айрым адамдардын ар-намысына шек келирип, кара көө шыбаган бул акынга Хасан Басри мүрзөнү нускап суроо узатат:

-Акырет үчүн эмне даярдадың?

-Жетимиш жылдан бери шахадат келмесин даярдап жүрөм.

-Кандай сонун даярдык. Бирок Шахадат келмесинин шарттары бар. Ошондуктан ар-намысы таза аялдарга жалаа жаппа!

Чогуу тургандардын бири дин көсөмүнөн таңыркап сурайт:

«-Лаа илааха иллаллах» келмеси бейиштин ачкычы эмеспи, мырзам?

-Ооба, бейиштин ачкычы. Бирок тишсиз ачкыч болушу мүмкүнбү? Кулпу өзүнүн тиштери бар ачкычына гана ачылат, болбосо жок (Бухари, Жанаиз, 1) дейт Хасан Басри.

Демек, анык диндин ачкычынын тиштери-жакшылык, кайрымдуулук жана барча жарамдуу амалдар.

***

Осмон мамлекетинде инсандардын ар-намысынын корголушу камсыз кылынган. Маселен, Босния Осмон мамлекетине каратылгандан кийин Фатих падыша берегидей буйрук чыгарган:

«Серб кыздары сууга келген маалда аскерлерим ал жайдан чыгып турсун!» 

Фатих пааша бул буйругу менен өз аскерлеринин да, кол астындагы христиан калктын да ар-намысын сактап калган. 

***

Кануни Султан пааша доорунда Осмон дөөлөтүнө кошунасы Францияда бий жаңыдан гана эл арасына тарай баштайт. Бул шойкомду кулагы чалган Кануни дароо Франциянын королуна берегидей мазмунда кат жазат:

«... Угушума караганда мамлекетиңерде аял менен эркекти бири бирине жабыштырып, эл алдыда тайраңдаткан адеп-ахлакка жат бий аттуу сайран башталыптыр! Чектеш болгондугубуз себептүү бул шерменделик менин өлкөмө да кесепетин тийгизбей койбойт деп айтуу кыйын. Андыктан мөөрүм басылган кат колго тиери менен бул шерменделикке чекит койгула! Болбосо, киши жиберип бул ахлаксыздыкты жоюга кудуретим жетиштүү!»

Тарыхчы Хаммердин айтуусуна караганда ушул каттын арты менен Францияда жүз жыл бою бийлөөгө тыю салынган.

***

Жыйынтыктап айтканда, момун мусулман ар-намыстуу, абийирдүү болушу керек. Напсилик кумарлануу, куштарлануу сезимдер кол салууга даяр турган душмандай тооруп ар дайым даяр тургандыктан, ариетти, абийирди, намысты сактоо жана напсини чүлүктөп, жүрөктү изги сезимдер менен, акыл-эсти нары бийик, нары аруу ой, кыялдар менен алек кылуу кажет. Айрыкча бул нарктуулукту сактоо үчүн жүрүм -туруму, сүйлөгөн сөзү калпыс жоро-жолдоштон оолак болуу зор мааниге ээ.

Азирети Пайгамбарыбыздан бир хадис:

«Өз аялыңар абийирдүү болсун үчүн башка аялдардын алдында абийирдүү болгула (адеп сактагыла). Перзенттериңер силерге жакшылык кылсын үчүн ата-энеңерге жакшылык кылгыла. Мейли акылуу, мейли акысыз болсун, кечирим сурап келген мусулман туугандын кечиримин кабылдагыла. Болбосо бейиште кавсар булак башында мага жакын келе албайт» (Хаким, IV, 170/7258).

Адампенденин көркү-касиети саналган уяттуулук сезим жана ар-намыс адамды ар кандай жаман жорук-жосундан, балээ-кырсыктан сактай турган руханий калкан. Бул изги сапаттар Алланын алдындагы жана башка көптөгөн милдет, озуйпаларыбызды так орундатуубузду камсыз кылат. Уяттуулуктун таасирин жана маанилүүлүгүн белгилөө иретинде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз мындайча буйруган:

«Алгачкы пайгамбарлардан тарта «Уялбаган соң каалагаңыңды кыл!» деп эл арасында айтылып келген накыл кеп бар!» (Бухари, Анбия, 54, Адаб, 7